Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Байсалов: жапайы коомдо жашаган жокпуз


12-октябрда №50 абактан качкандардын үчөө Жаза аткаруу мекемелеринде өлдү. Адвокаттар жана укук коргоочулар муну айыптап, бийликти сынга алышты. Саясатчы жана укук коргоочу Эдил Байсалов мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдарды бузушун айыптап, бул мамлекеттүүлүккө доо кетирерин “Азаттыкка” курган маегинде ырастады.

"Азаттык": Сиз абактан качкандардын өлүмүн сынга алып, мамлекет ага жол бербеш керектигин айтып жатасыз. Бирок Жаза аткаруу мекемелеринин кызматкерлерин түшүнүүгө болобу? Алардын төрт шеригин ырайымсыздык менен өлтүрүп салышты да...

Байсалов: Жок, эч качан антип бир түрдүү түшүнүүгө болбойт. Анткени алар бир жапайы коомдо жашаган жок да. Алар бир көмүскө дүйнөнүн өкүлдөрү эмес. Алар мамлекеттик кызматкерлер, мамлекеттин, мыйзамдын кызматында тургандар. Ошондой өлтүрүүлөр болуп жатканы болуп көрбөгөндөй көрүнүш. Анткени мен кыргыз мамлекетинин жараны катары мамлекеттин өкүлдөрү мыйзамсыз, кылмыштуу жол менен биздин эле жарандарыбызды өлтүрүүсүн каалабайт элем. Муну түшүнүүгө болбойт. Бул - кылмыш.

"Азаттык": Бул өлтүрүүлөр мамлекеттин өзүнө бир доо кетирип, гумандуулукту талкалап жаткандай коркунуч пайда болууда. Мүмкүн мамлекет өлтүрүүнү чечсе, анда мыйзамдуу жол менен эле өлүм жазасын кайра киргизүү туура болот беле?

Байсалов: Муну талкуулаш керек. Талкуулайлы. Эл чечиш керек. Бирок биздин соттордун акыйкатсызыдыгын көрүп, билип туруп өлүм жазасын киргизүү канчалык туура? Бул маселе көптөн бери талкууланып келатат. Бирок бул гумандуулук гана эмес, жалпы мамлекеттин бекемдигине доо кетирүүдө.

Биз мамлекеттүүлүктү бекемдейбиз деп канчадан берип айтып келатабыз. Мамлекетти бекемдөөнүн жалгыз гана жолу - бул мыйзамдуулуктун бекемделиши. Мамлекет өзү жарыялаган мыйзамды аткара албагандан тарта легитимдүүлүктү жоготобуз. Ушундан улам Ооганстан жаралат. Ушундан улам жарандык согуштарга жол ачылат.

Өзү жарыялаган мыйзамды мамлекет жана анын кызматкерлери түздөн түз бузуп жаткан болсо, албетте, бул гуманизмге гана эмес, мамлекеттин өзүнүн негизине коркунуч туудурууда.

"Азаттык": Башкы прокуратура өлүмдөр иликтенерин билдирди. Үч кылмышкердин өлүмүнө жол бергендер жазаланыш керекпи? Кыргызстандын Жаза аткаруу мекемелерине кандай өзгөрүү керек?

Байсалов: Жалпы эл да качып жүргөн балдарды айыптап, алар кечиримсиз кылмыштарды жасады деп турган. Бирок ачыктан-ачык эле сопсоо кармалган адамдардын өлүп жатышына жалпы улуттук деңгээлдеги реакция болуш керек. Керек болсо качып жүргөндөргө боор ачууну жаратууда. Буга президент Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчы Темир Сариев реакция кылышын талап кылабыз. Бул окуялар реформаларды эле эмес, Жаза аткаруу системасын толук өзгөртүүнү талап кылат. Моралдык, саясий жактан да баа берилиш керек.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG