Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Казакча сүйлөгөн буддист кыргыздар


Чех тарыхчысы Петр Кокайсл "Азаттыктын" студиясында. Бишкек, 16-сентябрь, 2013.
Чех тарыхчысы Петр Кокайсл "Азаттыктын" студиясында. Бишкек, 16-сентябрь, 2013.

Петр Кокайсл - чехиялык тарыхчы жана "Кыргызстан тарыхы күбөлөрдүн көзү менен" аттуу китептин автору. Ал көптөгөн жылдар бою Кыргызстандын жана кыргыздардын тарыхын жана маданиятын изилдеп келатат. Тарыхчы өз китеби, Ооганстанды жана Кытайды байырлаган кыргыздар тууралуу "Азаттыкка" кеп салып берди.

“Азаттык”: "Азаттыктын" кабарчысы Амирбек Усманов менен биргеликте жазган "Кыргызстандын тарыхы күбөлөрдүн көзү менен" аталыштагы китебиңиз Кыргызстандагы ар кандай тарыхый окуялардын күбөлөрү, же катышуучулары болгон жайкын жарандардын айтып берүүлөрүнөн тургандыгы менен баалуу. Ушул эмгегиңиз тууралуу учкай айтып берсеңиз?

Петр Кокайсл: Мен Кыргызстандын тарыхын өзгөрткөн окуяларды камтыган илимий жана расмий фактыларды жана ошол эле учурда ал окуяларга башкача, адамдык көз карашты чагылдырууну каалагам. Мен ошол убактагы гезиттердин жана расмий булактардын жазгандары менен элдин айткандарын салыштырууну көздөгөм. Мунун баарына бир нече жыл кетти. Мен Кыргызстандын бардык облустарына барып, жергиликтүү калк менен баарлашып жүрдүм, алардын айылынын кантип пайда болгондугу тууралуу жана бул жерге кыргыздар, татарлар, немистер, дунгандар жана башкалардын кантип келип калгандыгы жана алардын таржымалдары тууралуу көптөгөн суроолорду берип жүрдүм. Алар бизди жергиликтүү тарыхчылар менен тааныштырып, жардам берип жатышты. Мен көптөгөн жылдардан бери эле Кыргызстанга жана анын ичинде жана сыртында жашаган кыргыздарга кызыгып келатам.

Маалымат чогултууга келсем, ХХ кылымдын башында Орусиядан бул жерге калктын кантип көчүп келгенинин түз күбөлөрү, албетте, арабыздан өтүп кеткен. Ошондуктан мен маалыматты эски гезит-журналдардан издедим. Ошол убакта жергиликтүү тарыхчылар ар кандай инсандардын биографияларын кагаз бетине түшүрүүгө үлгүрүп калышкан. Биз алардын балдарын жана неберелерин таап, көп маектештик. Кээ бир изилдөөчүлөр муну чыныгы тарых эмес жана бул булактар субъективдүү деп айтып жатышат. Бирок мен да айткым келет, тарыхый материал катары каралган ошол эле совет гезиттери деле объективдүү болгон эмес.

“Азаттык”: Ушундай изилдөөнү сиз Кыргызстандан тышкары башка постсоветтик өлкөлөрдө да жүргүздүңүзбү?

Петр Кокайсл: Жок, бир гана Кыргызстанды изилдедим, себеби, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө караганда бул жерде көбүрөөк болдум жана буга чейин Кытайда, Ооганстанда жана Тажикстанда жашаган кыргыздарды изилдеп келе жаткам. Мурунку Чехословакия менен Кыргызстандын тарыхындагы окуялар бири-бирине окшош. Мисалы, Чехословакиядагы өткөн кылымдын 50-жылдарында болгон окуялар Советтер Союзунун 30-жылдардагы окуяларына уйкаш: бийликтин эл душмандарын издегени жана бай-манаптарды куугунтукка алгандары 20 жыл айырма менен болду. Бул эки мамлекеттин идеологиялары бирдей болгон. Кыргызстанга ушунчалык куштар болгонума менин студенттерим таң калып, эмне үчүн дал ушул жерди тандадыңыз деп көп сурашат. Болгону гана мен Борбор Азияны чын жүрөгүм менен жакшы көрүп калдым.

“Азаттык”: Келечекте биздин өлкөбүз жана кыргыздар тууралуу изилдөөлөрүңүздү улантуу оюңузда барбы?

Петр Кокайсл: Ооба, ушул эле китептин уландысы катары экинчи томду чыгаргыбыз келет, себеби бул китепте биз тарыхты ХХ кылымдан баштап 30-жылдардагы сталиндик репрессияларга чейин гана чагылдырдык. Биз согушка чейинки, согуш маалындагы жана согуштан кийинки мезгилди Сталиндин өлүмүнө чейинки жылдарды дагы изилдегибиз келет. Акырындан маалымат топтоп баштадык. Менин университетим бул долбоорду каржылап, китеп Чехия Республикасынын грант берүү агенттигинин жардамы менен чыгарылды. Кыргызстанда китептин нускасы 1000 даана, Чехияда чех тилинде да чыгарылды. Китепти сатып алса да болот, Интернеттен бекер жүктөп алса да болот. Бул китеп студенттер үчүн өзгөчө пайдалуу деп ишенем. Анын бет ачары биринчи Ош университетинде, андан соң Бишкектеги Улуттук университетте өттү.

Тарыхты окуган студенттер анын бир тараптуу – расмий жагын гана билип келишкен, ал эми биздин китеп ошол эле расмий фактыларды жайкын жарандардын көз карашы аркылуу карап, салыштыруу мүмкүнчүлүгүн берет.

“Азаттык”: Ушул күбөлөр өз окуяларын айтып берип жатканда сизде кандайдыр бир күмөн саноо пайда болду беле?

Петр Кокайсл: Эгер бир адам өз айылында болгон окуяны бир четинен, ал эми башка адам ошол эле окуяны экинчи четинен айтып, биз алардын айткандарында чоң айырманы байкасак, анда биз сөзсүз аны башка адамдар аркылуу текшеребиз. Албетте, адамдар өз ата-энелери жөнүндө алар ууру же чыккынчы болгон деп айтышпай калсын. Бирок эгер бир нече адам окуяларды бирдей айтып берсе, ушул эле субъективдүү аңгемелерден бир объективдүү көрүнүштү түзүү мүмкүн. Алардын эстегендери расмий совет маалымат булактарынан кескин айырмаланып турат. Мисалы, совет бийлиги үчүн элдин баары большевиктерге жана эл душмандарына гана бөлүнчү, мындайча айтканда, ак жана кара түстө гана карашкан.

Большевиктерге кошулбагандар дароо эле эл душмандарына айланышчу. Бул китепте ошол накта большевиктер кантип эл душмандары болуп калгандары жөнүндө көптөгөн окуялар бар. Негизинен бул китеп дал ушундай болуп чыкканына мен кубанычтамын жана эми мындай “түстүү” тарыхтын экинчи жана үчүнчү томдорун чыгарууну эңсейм.

“Азаттык”: Сиз Ооганстан жана Кытайдын аймагында жашаган теги кыргыздар тууралуу кеп салдыңыз. Изилдөөлөрүңүзгө таянып айтып берсеңиз, алардын кандай окшоштуктары жана айырмачылыктары бар экен жана кыргыздардын баарын бириктирген жалпы феномен барбы?

Петр Кокайсл: Мен бир нече жылдардан бери илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп келатам. Негизинен Борбор Азияда гана эмес, Европада дагы жашаган улуттук азчылыктар мени катуу кызыктырат. Мен Кытайдагы тарбагатайлык кыргыздарды жана Кашкардын жанында жашаган кыргыздарды изилдеп келдим. Ооганстандын Вахан коридорунда көчмөн кыргыздар жана андан алыс эмес жакта отурукташкан кыргыздар жашашат. Ошондой эле Тажикстандын Мургаб районунда да кыргыздар көп.

Тарбагатайлык кыргыздарды мисалга алалы. Алардын дини – буддизм, сүйлөгөнү казакча, себеби алар Казак автоном облусунун аймагында турушат жана мектепте да жалаң казак тилинде окушат. Бирок ошол эле учурда алар ким кыргыз, ким казак экенин так айырмалай билишет. Мен кыргыздардын баарын Манас бириктирет деп ойлогом. Бирок кээ бир кыргыздар Манасты такыр билишпейт. Андан соң, мен кыргыздардын баарын балким, дин бириктирип турат деп ойлодум. Бирок кээ бир кыргыздар буддист болуп жатпайбы. Балким кыргыздардын баарынын бир жалпы улуттук тамактары барбы деген ой менен сураштырсам, түндүктө улуттук тамакты казактардай бешбармак дешсе, түштүктө болсо өзбектердей палоо дешет.

Ошондуктан, кыргызды кыргыз кылган эмне деген суроого жооп табыш өтө кыйын. Алар жөн гана өздөрүн кыргыз сезишет. Казакча сүйлөп, буддизмди тутунат, бирок өздөрүн абдан кыргыз сезишет, себеби алардын ата-бабалары кыргыз болгон. Эң кызыктуусу, ар кайсы жакта жашаган кыргыздардын бир жалпы салты бар экен – бул келин алганда калың берүү.

“Азаттык”: Алардын Кыргызстанга болгон мамилеси кандай экен, Кыргызстанды Ата Мекени эсептешеби?

Петр Кокайсл: Алар үчүн Ата Мекен – бул алардын ата-бабалары туулуп-өскөн жер. Тарбагатайлык кыргыздар азыр жашап жаткан жерин өз Ата Мекени деп эсептешет. Алар ал жакта кылымдар бою жашап, чоң аймакта ары-бери көчмөн болуп жүрүштү. Бирок Совет бийлиги жаралып, чек аралар жасалма түрдө картага түшүрүлүп, алар азыркы Кыргызстандын аймагынын “аркы бетинде” калып калышты. Совет доорунда Кыргыз ССРи алар үчүн бөтөн жер болуп, Кыргызстан эгемен мамлекет болгондо, алар бул жакка көңүл бура башташты. “Бул биздин тарыхый Ата Мекенибиз!” деп айтып калышат. Кыргызстандын желегин жакшы таанышат.

Оогандык кыргыздар, маселен, Оогандын тоолуу элетинде жашашат жана ал жерде улгайган ата-апалар ооган президентинин атын да билишпейт. Жада калса, өздөрүнүн жашын дагы так айта алышпайт. Алардын уруу башчысы кыргыздар менен мамлекеттин ортосунда ортомчу катары кызмат кылат. Спутник аркылуу кыргызстандык телеканалдарды көрүшөт. Мен ал жакка Бишкектен кыргыз тилмеч студент менен баргам. Ал баланын айтымында, оогандык кыргыздардын сөз байлыгы бир аз башкача болот экен. Алар тилмечтин айтканынын баарын түшүнүп жатышты, ал эми алар сүйлөгөндө студент кээ бир сөздөрдү биринчи угуп жатканын айтты. Оогандык кыргыздардын көпчүлүгү 1916-жылдагы Үркүндө ошол жактагы туугандарыныкына качып барып, калып калышкан. Ошол убактагы уруу башчысы Рахманкул хан азыркы Кыргызстандын территориясында жашачу экен.

Коллективдештирүү жана бай-манаптарды куугунтуктоо башталганда ал уруусу менен Кытайдагы туугандарыныкына, анан андан ары Ооганстанга көчүп кеткен. Оогандык кыргыздардын документтери жок, мектепке болсо эркек балдар гана барышат, себеби Ооганстандын мыйзамы ошону талап кылат экен. Кыздардын деле окууга укугу бар, бирок ал жактагы кыргыздар анын кажети жок деп эсептешет. Ошондуктан кыз-келиндер билимсиз. Эң жакынкы мектеп эки сааттык аралыкта жайгашкан. Жалпысынан алардын билимге мамилеси начар. Мектепти аяктаган балдар университетте окубастан, айылдарында кала беришет.

Кытайлык кыргыздар негизинен Кашкардын жанындагы Аксу деген жерде жашашат. Тарбагатайлык кыргыздар динди улут катары кабыл алышат. Мисалы, аларда мусулман жана буддист кыргыздар үйлөнө беришет, буга эч ким тоскоолдук кылбайт. Бирок алар эч убакта башка улуттардын өкүлдөрү менен үй-бүлө курууга макул болушпайт. Монгол же казактар кыргыздар менен бир динди тутса дагы, кыргыздар алар менен кудалашпайт. Эгер жаш буддист кыргыз бала буддист монгол кызына үйлөнөм десе, анын ата-энеси каршы чыгат. Ал жактагы кыргыздар өз улутуна абдан катуу берилген. Кыргыздардын өз көрүстөнү бар, ал жерде мусулман же буддистине карабастан, бардык кыргыздар көмүлгөн.

Мурун жергиликтүү монголдор кыргыздардын баарын буддист кылабыз деп келгенде, чыр-чатактар чыккан. Бирок азыр алар бири-бири менен ынтымакта турат. Оогандык кыргыздарга караганда алар жабык эмес жана билимге болгон көз карашы жакшы. Кыздар дагы, балдар дагы мектепте окуп, кээ бирлери Кытайдын чоң шаарларына жогорку окуу жайларына окууну көздөп, акырындап көчө башташты. Негизинен Үрүмчүгө барышат. Чоң шаарга бир барып алган соң, алар айылдарына кайткысы келбейт. Башка улуттардын өкүлдөрү менен баш кошушуп, акырындап алардын саны да азаюуда.

“Азаттык”: Кытайдагы жана Ооганстандагы кыргыздар жоголуп кетүү коркунучунда эмеспи?

Петр Кокайсл: Албетте, алардын шаарга агылышын токтото албайбыз. Эгер айылдарында шарттар ушундай эле начар боло берсе, алар жакшы жашоону көздөп шаарларга умтула беришет. Эгер элеттеги шарттар оңдолсо, балким алар ошол жакта эле калышып, саны да өсө бермек. Алардын баарын Кыргызстанга алып келүү да мүмкүн эмес, анткени азыр жашап жаткан жерин өз үйүндөй көрүшөт. Бирок бул артка кайткыс процесс, жаштар башка жакта жакшы мүмкүнчүлүктөр бар экенин билип, ошол тараптарды көздөй агыла башташат. Анан бир нече муун өткөндөн кийин башка улуттар менен аралашып, алар өз ата тектери кайда байырлаганын дагы билбей калышат.

“Азаттык”: Азыркы Кыргызстандын аймагында жашаган, Ооганстандагы, Кытайдагы жана Тажикстандагы кыргыздар жөнүндө изилдөөлөрүңүздү бирдиктүү кылып топтоо оюңузда барбы?

Петр Кокайсл: Биз “Кыргызстан жана кыргыздар” деген китеп чыгардык, бирок ошентсе дагы ушул аймактарды дагы бир жолу кыдырып келсек жакшы болот эле, себеби экинчи жолу барганда көз карашың өзгөрөт. Ошондой эле изилдөөлөрүбүздү кеңейтип, дагы керектүү маалымат менен толуктайлы деп жатабыз. Биз үчүн мамлекет кантип элдин маданиятына таасир этип жатканын изилдөө маанилүү. Маселен, советтик доордогу кыргыздар, Ооганстандагы кыргыздар жана Кытайдагы кыргыздар бири-биринен маданияты жагынан аябай айырмаланып турат. Себеби ондогон жылдар бою булар өз мамлекеттеринин таасирлери менен өзгөрүп кетишкен. Ошондуктан жакынкы жылдары биз “Кыргызстандын тарыхы күбөлөрдүн көзү менен” деген аталыштагы, этностук жана Кыргызстандан сырткары жайгашкан кыргыздар тууралуу китеп чыгарууну көздөп жатабыз.

XS
SM
MD
LG