Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Комендант: Нарындык дааватчы бир күндө кеминде төрт кишиге коронавирус жугузган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарындын Пакистанга дааватка барып келген тургуну бир күндө төрт адамга коронавирус жугузган. Бул тууралуу 16-апрелде брифингде Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев билдирди:

«Пакистандан Өзбекстанга учуп келип, ал жактан Бишкекке 15-мартта келген, - деди ал. - Бишкекте 19-мартка чейин болгон. 19-мартта такси менен Нарын шаарына келген. Таксинин ичинде чогуу келген төрт адам тең бул ооруну жугузуп алган».

Аалиевдин айтымында, бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү адамдын иши тергелип жатат.

16-апрелдеги маалымат боюнча соңку бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус аныкталган 17 адамдын 11и Нарын облусунда жашайт.

Республика боюнча бул илдет аныкталгандардын жалпы саны бүгүнкү күндө 466, алардын 45и Нарын облусунда.

Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен коронавируска байланыштуу 15-апрелден тартып 30-апрелге чейин Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагына да өзгөчө абал киргизилген.

Комендант болуп облустук милициянын башчысы Уланбек Аалиев дайындалган.

Ысык-Көлдө буга чейин Индияга дааватка барып келген эки адамдан да коронавирус табылып, коомчулук арасында «Таблиги жамаат» маселеси козголгон. (RK)

XS
SM
MD
LG