Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-июнь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 12:49

Катаны моюнга алуу - ийгиликтин жарымы


Ирандан кайтып келаткан ооган качкындары. 17-март, 2020-жыл.

«Дос күйдүрүп, душман сүйдүрүп айтат». Кыргыз эл макалы.

«Эгерде мугалим туура эмес нерсени айтып жатса, аны угуп олтурган окуучулары мугалимине каршы чыкпаса, ал окуучулар адеп-ахлаксыз болуп эсептелет. Эгерде окуучулары мугалимдин катасын далилдеп берген учурда мугалим катасын моюнга албаса, анда мугалим адеп-ахлаксыз болуп эсептелет». Абу Ханифа (Имам Азам).

«Адамдар алдангысы келет. Анткени акыйкаттан, жашагандан коркушат. Аларга жалган сүйлөсөң, сени жактырышат, балким эң көп сени жактырышат. Бирок чындыкты айтсаң сенден алысташат, балким жийиркенишет». (Чарлз Буковски).

«Сын-пикирге орун жок жерде мактоо эч кандай баркка ээ эмес». (Пьер Бомарше).

«Туура сын-пикир акылдууларды күчкө толтурат, акмактарды ачуулантат». (Наполеон).

Диний чындыкка сынчыл ой жүгүртүү менен гана жетсе болот. Эч бир илимпоз, аалым, шейх жаңылбай турган адам эмес. Акыйкатка жетелеген эң ишеничтүү жол көрсөтүүчү - бул акыл. Бул усул, дин душмандары тарабынан эмес, Куран тарабынан пендеге сунушталган принцип экендигин кеп кылып эле келе жатам.

Эң кызыгы, мындай маңыздагы жазууларым адатта көп реакцияга кабылбаганы менен, конкреттүү бир окуяга байланыштырып, ушул эле принципти кайталаганымда аябай катуу, жек көрүүгө малынган, адептик чектен чыккан каршылыкка кабылдым. Демек дагы эле сын-пикир айтуу, аны кабыл алуу, эң маанилүүсү - андан сабак алуу маданияты отурукташа элек экенин дагы бир жолу аңдадым.

Негизи диний чөйрөдө иш алып баруу оор. Анткени диний маанидеги нерсенин туура же туура эмес экенин тажрыйбанын негизинде көрсөтүп бериш кыйын. Мисалы, «муну кылсаң бейишке киресиң, муну кылсаң мынча сооп болот же Курандагы тиги аятты минтип түшүнүү эң туура болот» деген диний принциптин натыйжасын акыретте гана текшерсе мүмкүн. Так ошондон улам кээ бир диний лидерлер адатта илимий негизге таянбай сүйлөсө да артынан жүз миңдеген же миллиондогон адамдарды ээрчите бериши мүмкүн. Кыскасы диний мааниде жыйынтык чыгаруунун туура же ката экендигин аныктоо акыретке калган. Бул болсо тарыхта диний лидерлердин жоопкерчиликсиз иш алып барышын шарттаган эң негизги себептердин бири болгон жана бүгүн да ошондой.

Мисалы, дарыгердин айтканы менен дарылоонун натыйжасы бири-бирине туура келбей калса дароо белгилүү болот. Оорукчан аркылуу дарыгердин дареметин текшерип көрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Же бир инженер чийип берген чийменин негизинде курулган үй күтүлгөн натыйжаны бербесе, инженердин деңгээли дароо белгилүү болот. Бирок адатта бул артыкчылык диний чөйрөгө туура келбейт.

Бирок соңку окуялар бул абалды бир аз өзгөрттү окшойт. Коронавирус илдети кээ бир катмарлар тарабынан алгач мусулман эмес коомдордо пайда болушун Кудайдын мусулман эместерге каарданышы, мусулмандарга зулумдук кылгандардан өч алышы, капырларга каршы чыгып, мусулмандарга жан тартышы катары сыпатталды. Бирок маселенин чын-төгүнү такыр эле андай эмес экендиги дароо маалым болуп калды. Тийиштүү илдетти мусулмандарга жукпайт деп катуу ишенип, табасы канып турган кезде өлкөбүзгө так ошол ыйык жерден, ыйык сапардан келгендер менен вирустун кирип келиши бизге сабак болушу керек го дейм.

Балээден сабак алуу

Өлкөдө илдеттен улам пайда болгон абал маалым. Илдет умра сапарынан кайтып келгендер менен кирип келгендиктен диний чөйрөгө көз караш өзгөрө баштагандай. Өтө абайлап туруш керек болгон кезде умра сапарын уюштуруунун албетте, жоопкерчилиги каралышы керек. Бирок бул катачылыктан улам умра сапарынан келгендерди ашыкча айыптоо, аларды бөлүп-жаруу туура эмес. Ооруп калган мекендештерибиздин тезинен айыгып кетишин үмүт кылабыз.

Бул балээ бардык тармакта болгондой эле диний чөйрөдө да акылга, логикага таянып иш алып барыш керек экенин дагы бир жолу көрсөттү. Даана көрүнүп калган бул натыйжа «динчилдер жана дин душмандары» деп жаатташууга эмес, катабыздан сабак алып келечекке карай туура кадамдар менен сапар улаганга өбөлгө болушу керек. Учурда умра сапарынан ушундай балекет менен кайтып келген боордошторду жек көрүү, аларга акаарат кылуу эч нерсе алып келбейт. Бул катабыздан сабак алып, диний багытта мындан ары акылга, логикага таянган иш-аракеттерге маани берүүнү сунуш кылгандарга дароо «дин душманы» деген мөөр басып, аларга акаарат айтуу да эч пайда алып келбейт. Менимче бул балээден пайда жана күчтөнүү менен чыгып кетүүнүн жолу - муфтият баш болуп, элге сөзү өткөн ажыкелер жана дин адистери катачылыкты моюнга алып, мындан ары акылга жана логикага туура келбеген диний сөздөрдөн оолак болууга чечкиндүү түрдө кадам таштоо.

Мусулман дүйнөсү бүгүнкү күнгө чейин илим-билимден алыстагандыктын, дин менен акылды эки башка нерсе катары көргөндүктүн азабын тартып эле келди. Бирок жогоруда айткандай, диний багыттагы катачылыктын кесепети дароо эле ачыкка чыкпагандыктан каталарыбыздан жетиштүү деңгээлде сабак алынбай келди. Мисалы туура эмес диний түшүнүктөн улам балдарын мектепке жөнөтпөй койгон ата-энелер өзү караңгы болгондуктан мунун кесепетин дароо сезе албайт. Балким жылдар өткөндөн кийин сезет же эч эле сезбей өтүп кете берет. Бирок качан гана ошол диний туура эмес түшүнүктөн улам баласы радикалдуу топко кошулуп кылмышка кабылганда гана катасын дароо сезгенге жол ачылчудай. Кудум ушундай эле маңызда мечитте «Кудай кытайларды жайлап жатат, кам санабагыла, бизди Кудай өзү коргойт» деген маанидеги сөздөрдү угуу балким кулака жагышы мүмкүн. Мындай учурда туура эмес диний үгүттү сындап коюу көпчүлүктүн уйкусун бузгандай сезилиши мүмкүн. Бирок туура эмес үгүттүн адам өмүрүнө коркунуч алып келиши мүмкүн экенин алдын-ала сезгенде гана!

Кудай менен ааламдын байланышы

Кудай-аалам байланышы - философиядагы эң маанилүү маселелердин бири болуп саналат. Бул жерде «Кудай жер бетиндеги нерселерге, абалдарга же кубулуштарга түздөн-түз кийлигишеби?» деген суроо эң негизги ролду ойнойт. Албетте, бул аябай чоң тема, кеңири сүйлөшүлүшү керек. Учурда биздин коомчулуктун «Ишенген молдоң сууга акса, алды-алдыңан тал карма» деген абалга түшүп калышынын эң негизги себеби - бул Кудай-аалам байланышы тууралуу туура маалыматка ээ болбошу десек болот. Кыскача айтканда туура эмес диний маалыматтан улам үмүтүн таш каап турган кези.

Адатта диний аң-сезим, соңку доордун мусулман философторунан Хасан Ханафи айткандай «бечарага болушкан, залимден өчүн алып берген, жыгылып калган мусулманды ордунан тургузган, ыйласа көз жашын аарчыган» Кудай түшүнүгүн сиңирип бүткөн. Бирок чындык андай эмес. Өзгөчө ислам теологиясынан Кудай-аалам байланышында Кудай адамга толук эркиндик бергенин, акыретке барганга чейин эч кимдин иш-аракетин чектебей тургандыгын, адамга акыл-эс тартуулап, толук жоопкерчиликти адамдын өзүнө жүктөгөнүн көрүүгө болот. Кыскасы бул дүйнөнү бейишке же тозоко айлантып жиберүү толугу менен адамдын эркинде. Кудай бардык адамга бирдей мүмкүнчүлүк берүү менен толук жоопкерчиликти да адамдын өзүнө гана жүктөгөн. Ошол себептүү бир аз абал оорлошуп кеткен учурларда Кудай өзү маал-маалы менен билекти түрүп, түз эле дүйнөнүн иштерине аралашуусун күтүү илимге эмес, куру кыялга гана такалат. Бүгүн мусулман дүйнөсү оор абалда жашап жатканынын эң башкы себеби - ислам цивилизациясы жаңыланбай, замандын талабы менен теңтайлашып жарыша албай калгандыгынын гана кесепети. Кыскача айтканда ислам цивилизациясын илим-билим менен айкалыштырып, андагы улуу баалуулуктарды адамзаттын пайдасына сунуш кылуу деген улуу миссияны аткаруунун ордуна илим-билимден алыстоонун, диний жөрөлгөлөр менен чектелип калуунун кесепети тийип жатканы мыйзам ченемдүү.

Демек, Кудай менен ааламдын, адамдын байланышы илимий, метафизикалык негиздерге таянбастан түшүндүрүлгөнү көп адамды сарсанаага салбайт. Тескерисинче, бул маселелерди апыртып, жомокко окшоштуруп түшүндүрүү көпчүлүккө жагат. Тилеке каршы, катачылыктын кесепетин качан гана «Кудай мусулмандардын өчүн алып берип жатат» деген ой-туюмга кабылып, башкаларды таба кылып жаткан кезде так ошол илдет каалгабызды каккылабастан эле ыйык жердин саламын айтып киргенде аңдадык.

Андыктан кесепет каалганы какканда эмес, ыраакта жүргөн кезде көрөгөчтүк кылып, ага чара көрүү зарыл. Толук мусулманга мына ушул жарашат деп ойлойм. Бул үчүн сын-пикирди туура кабыл алып, дин менен акылдын, философиянын катышын туура кабыл алыш керек. Сын-пикирден качуу коркунучтан, зыяндан качуу деген нерсе эмес экенин аңдоого мезгил келип жетти. Эгер азыр катабыздан сабак алып, туура жолго түшүүнүн ордуна сын-пикирди динге жабылган жалаа, аалымдарды көрө албастык, динге болгон душмандык катары сыпаттап жиктешүүгө түшө турган болсок, анда «Аллахым бул илдеттен бизди куткар!» деп бата кылуу эч кандай мааниге ээ болбой калат.

Элмурат Кочкор уулу, Түркия

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (48)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG