Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Камыт Савай: Тойлор боюнча министрлик ачалык!..


АКШда байырлап жаткан кыргызстандык Камыт Савай мырза. 2017.
АКШда байырлап жаткан кыргызстандык Камыт Савай мырза. 2017.

Азил аңгемелерди Фейсбук аркылуу жарыялап жаткан блогчу замандашыбыз Камыт Савай бул жолу кыргыз тойлорун “жиликтейт”.

Кыргызда тойдун түрлөрү көп: үй той, үйлөнүү тою, бешик той, жентек той, тушоо той, сүннөт той, юбилейлер (18 жаштан башталып, 25, 30, 50, 60, 70, 80 ж.б.), кээ бирөөлөр балдары 18ге чыкса бойго жеткенин белгилешет, башка жакка көчүп келсе - той, башка жакка көчүп атса - узатуу тою, ажыга барып-келсе - той, куда тосмой.

Жогоруда айтылган тойлор жакын туугандардыкы, начальниктики, классташтардыкы, курсташтардыкы, достордуку, аял тараптык (төркүн-төш) туугандардыкы, кесиптештердики, жоролордуку, кошуналардыкы, аяштардыкы, кудалардыкы да болот, аларга да сөзсүз баруу керек.

Булардан башка достор менен шеринелер, “кара касса” ("черная касса") ойногондордун чай ичүүсү, мектептеги балдарынын классындагы ата-энелердин отуруштары, институтка өткөнү, диплом алганы, жумушка орношкону, ишинен кеткени ж.б. ушул жана башка дагы тойлорду өткөрүш керек, башкалардын ушундай эле тойлоруна да куру кол барбаш керек...

Кээ бирөөлөр тойлорго деп жайлоодон жакага түшкөндө эки-үч кой да алып калышат. Аялдар ар кайсы тойдон келген калпак, чепкен, көйнөк ж.б. кийим-кече, материалдарды сары майдай сактап турушат. Той болуп калса, издеп олтурбай, колдон-колго өтө турган ошол белектерди эле алып жөнөшөт; белек-бечкектин кээ бирөөлөрү ошентип, эскирип да калат; беш-он жыл тегеренип атып, кээ бирөөлөргө өздөрү бир убакта сатып алган буюмдары кайра кайтып келет…

Кыргыздар тойлорду көбүнчө мөмө-жемиш бышкан, мал семирген күз айларында өткөрүшчү, азыр тойлор жылы бою эле өтө берет. Тойго союлган малы арык экен дебесин деп, эң биринчи малдын семиздигине көңүл бурушат.

Мурда шаардыктар эле тойлорду ресторан, кафелерде өткөрүшчү, азыр болсо айылдыктар деле шаарлардагы ресторан, кафелерде той беришип, шапар тээп калышты. Райондордун борборлорунда да тойкана-ресторандар көбөйдү. Көлдүктөр эс алуу жайларынын, курорт, пансионаттардын ресторандарын тойлогонго колдонуп калышты.

Ооба, каалайбызбы-жокпу, той өткөрүп келгенбиз, өткөрө беребиз, бул биздин каныбызга сиңип калган. Эл айткандай, "Той эле болуп турсун", бирок акыркы убакта көп тойлордо ысырапкерчилик болуп, жөн эле куру намыс үчүн айлап-жылдап жыйган акчасын бир тойго чачышат. Кээ бирлери той өткөрөм деп олчойгон пайыз менен насыя (кредит) же карыз алышып, аны айлап-жылдап башка өлкөлөрдө мигрант болуп иштеп болсо да, эптеп төлөп, кыйналышат.

Тойлор көбөйүп, шаарларда жамгырдан кийинки козу карынга окшогон тойканалар көбөйдү. Спорт сарайы менен филармонияга концерт көргөнү канча эл батса, тойканаларга андан да көп киши батып калды. Жакында концерттер деле тойканаларда болуп калат окшойт...

Той индустриясы жылдан-жылга көбөйүп эле баратат, ошондуктан эч кимге кереги жок айыл-чарба министрлигинин ордуна, тойлор боюнча министрлик ачыш зарыл болуп атат.
Камыт Савай.

Ошончо чоң тойканаларды толтуруш үчүн, эл көзүнө деп, той кылгандар тааныйбы-тааныбайбы, ага карабай өзү иштеген коллективдин мүчөлөрүнүн бардыгын, жашаган кабат үйдүн жашоочуларын же бир көчөнү бүт чакырышат.

Жакында чет элдик делегацияларды деле заңгыраган, жалтыраган тойканалардын залдарында тосуп калат окшойбуз, Ак үй, Көк үй, резиденциялар биякта эле калат.

Айылдыктар айрыкча биринен-бири өтүп жарышып той берип калышты. Эми мындай конкурстарды кылса деле болуп калды: “Ким тоюнда канча жылкы сойду?”, “Эң көп киши кимдин тоюнда болду?”, “Ким көп лимузин заказ берди?” ж.б. Азыр айылдыктар ресторан тандаганды да билишет, айылдан тойлорго элди ташычу унаа да дайым даяр.

Буюрса, жакында чоңураак айылдарда да тойканалар курулуп, шаарга убара болуп барбай калышат. И-и, анан, мурда тойлор көбүнчө ишемби, жекшемби күндөрү болсо, азыр каалаган күнү той кылсаң болот.

Той индустриясы жылдан-жылга көбөйүп эле баратат, ошондуктан эч кимге кереги жок айыл чарба министрлигинин ордуна, тойлор боюнча министрлик ачыш зарыл болуп атат. Бул жаңы министрлик тойлордун статистикасын чогултуп, анализ кылсын, конкурстарды уюштурсун, тойлордон өкмөткө салык чогултсун, тойго керектүү нерселерди камсыздоону колго алсын (унаа, тамада, артисттер, тамак, союш мал ж.б.).

Бирок, аша чаап кеткен тойлорго чектөө киргизүүгө аракеттер жасалып жатат, Жогорку Кеңеш бул маселе боюнча мыйзам, токтомдорду кабыл алабыз деп дайыма аракет кылып келет.

Ошого карабай токтомдорду кабыл алган депутаттардын өздөрү биринчи кезекте аша чаап кетип атышат. Мисалы, былтыр бир депутат той кылып, байгеге беш машине, төөлөргө чейин коюп, ондогон жылкы союп, 50 миңдей киши конокко келип, өлкөдө рекорд койду. Эми рекордду жаңылаганы башка бир депутат андан да дүңгүрөтүп той берем деп камынып атканын угабыз.

Албетте, жашоого бир келебиз, күнүгө эле той кылып жатыптырбызбы, биз деле той кылабыз, андыктан "той эле болуп турсун", "тойдо эле жолугушуп туралы", "тойлоп эле туралы"....

Бизде эмнеге тойлор дээрлик бирдей эле сценарий менен өтөт. Муну ким ойлоп тапты экен? 90 пайызы - тост сүйлөө, беш пайызы - ыр-бий, беш пайызы - тамак-аш менен бата, дагы тамада коюп алабыз…

Менимче, эми биз жаңы технологияларды колдонбосок болбой калды. Мейли, бата айтуу анда сакталып калсын.

Бирок тостторду алдын ала жазып, экранга чыгарып койбойлубу. Анан белектердин сүрөттөрүн да койсок болот. Конверт болсо, анда сумманы жазсак же эквивалентин... Эстеликке устукандардын кичинекей макеттерин жасап берип коёлу, жазуусу менен. Кийин баланчанын тоюнда момундай устукан же баш алгам деп мактанганга да, эстегенге да жакшы, ошол тойдо кандай устукан алдым эле деп.

Ошентип көп нерсе азаят, оюн-зоокко көп убакыт калат. “Кара жорго” бийлеп, этнодискотека, ыр кесе ж.б. оюндарды ойнойлу, тойлойлу...

Эх-х, келгиле тойлойбуз!!!

Камыт Савай.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG