Линктер

дүйшөмбү, 18-июнь, 2018 Бишкек убактысы 05:56

Эксперттер тобу тойлордун жаңы жол-жобосун сунуш кылууда.

Азыркы тойлордогу ысырапкорчулукту азайтуу жана улуттук баалуулуктарды эске алуу менен өткөрүү демилгеси көтөрүлүп жатат. Бул үчүн эксперттер тобу тойлордун жаңы форматын же эрежесин сунуш кылууда.

“Арай көз чарай” талкуусуна окумуштуу, филология илимдеринин доктору, профессор Үмүт Култаева, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат борборунун башчысы Жийде Зоотбекова, алып баруучу жана тамада Эркин Рыскулбеков катышты.

“Азаттык”: “Аш көп болсо каада көп” дегендей, азыр элдин жашоо деңгээли жогорулаган сайын аш-тойлор улам катуу дуулдап, чыгымы эселеп, жаңы ырым-жырым, салттар пайда болуп атат. Ал эми тойду өткөрүүнүн кандай эрежелери сунушталып жатат?

Үмүт Култаева
Үмүт Култаева

Үмүт Култаева: Той боюнча жалпы эле коомдук пикирди эске алуу зарылчылыгы келип турат. Ошондуктан бул эрежени иштөөдө жалпы эле элибиздин каада-салтты билген интеллектуалдары жандуу катышат деген ойдобуз.

Биринчиден, тойдун убактысын чектөө маселеси бар. Анткени ушул нерсе адамдын интеллектуалдык да, башка дагы мүмкүнчүлүктөрүнө зыянын тийгизип жатат. Көп тойлордо, өзгөчө кыргыздар саат 5ке чакырып, 6-7де баштайт. Айрым учурда бешбармагы бышпайт, дагы саат түнкү бирге чейин созулат. Эгер баш-аягын эсептей турган болсо бир сутканын 10 сааты ошого кетет экен. Мындан улам кийинки күндө пайдалуу иштин коэффициенти такыр нөлгө түшүп, бүтүндөй жумуш ордуна да зыянын келтирип жатат деген көз караштабыз.

Тажикстан: той азайса экономика оңолот

Тажик бийлиги тойлорду көзөмөлгө алган мыйзам ишке кирген он жылдан бери өлкө тургундары 18 млрд сомони үнөмдөшкөнүн айтып чыкты

Экинчиден, тойдун эң асыл максаты - бата берүү унутулуп, анын ордуна атаандаштык, байлыкты, байланышты көрсөтүү сыяктуу нерселерден арылуу жолун издеп жаткан учур.

Андан сырткары тамадалардын бардыгы эле талапка ылайык, элдин руханий дүйнөсүнө төп келген сөздөрдү сүйлөбөй турганы айтылып жатат. Элдик салтта болгон, элдин жакшылыгын белгилөөчү иш-чараны шоуга өткөрүп жиберүүнү токтотуу маселеси көтөрүлүп жатат.

Ошондуктан тойлордун жаңы форматын иштеп чыгыш үчүн сценарийлерге сынак жарыялоо зарыл деген чечимге келдик.

Башка өлкөлөрдө муну токтотуунун башка чаралары көрүлүп жатат. "Мыйзам" деп өтө катуу сөз колдонгондун кереги жок, балким "эреже" деген туура болот. Биздин кудагыйлардын бирөө “мурда тойго чакырбадың деп таарынчу элек, азыр кубанып калдык” деп айтты эле. Тойго чакырганда кандайдыр бир зааркануу пайда болуп калды. Тойдун саны көбөйдү. Мисалы, маараке деген кыргыздын дүйнө таанымында жок эле нерсе. Азыр ага өтө эле берилип кеттик.

“Азаттык”: Тамадаларга сын да арбын. Азыр тойду ар ким өз алына жараша, өздөрү каалагандай өткөрүп, алып барып жатышат. Эгер жаңы эреже, сценарий сунуш кылынса, аны той ээлери, тамадалар колдонобу?​

Эркин Рыскулбеков
Эркин Рыскулбеков

Эркин Рыскулбеков: Мен жогоруда айтылган көп пикирлерге кошулбайм. "Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса” дейт эмеспи. Кыргыз деген "бир жылда бир меймандарды чогултам, жыйнаганымды чачам" деп той кылат.

Албетте ыплас, туура эмес көрүнүштөр көп. Чакырып алып "мага майка, байпак алып келгиле" деген туура эмес оюндарды уюштуруп, өтө көп даамдардын баарын коюп ысырапкорчулук көрүнүп жатат. Бирок мунун баары эволюциялык жол менен оңдолушу керек деп ойлойм.

Төрт-беш жылдын ичинде убакыт өзү оңдоп кетет окшойт деп ойлойм. Анткени мындан үч-төрт жыл мурда чет мамлекеттен ырчыларды чакыруу өтө популярдуу эле.

Мисалы, мен алып барган тойлордо "Boney M", Батырхан Шукенов, Авраам Руссо жана башка ырчыларды көрүп калдым. Азыр алардын ордун жергиликтүү ырчылар басып, мурдагыдай 400-500 кишилик тойлор азайды. Ресторандар да ошого ылайыктап, отургучтардын санын азайтып, залдарды кичирейтип атат.

Бизде Жумгалда мурда киши кайтыш болгондо боз үйгө маркумдун кийимдерин илип коюшчу. Келгендер кийимдерди алып келип иле берчү. Адамдар ошол салттын керек эмес экенин, туура эмес экенин өздөрү түшүнүп, өздөрү эле чектеп коюшту. Аны мыйзам менен эч ким чектеген жок. Той да, андагы убакыт да ошол сыңары бара-бара кыскарышы ыктымал. Бирок "тойдон тажадым" деген кесир.

“Азаттык”: Жаңы сунушталган эрежелердин ичинде атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоп, жергиликтүү ишкерлер өндүргөн азыктарды сатып алуу, колдон-колго өткөн калпак, чепкенден баш тартуу, маданият ысырабынан качуу тууралуу да сунуштар бар экен. Маданият министри Султан Жумагулов да мунун ордуна агартуучу, билим берүүчү нерселерди тартуу кылуу сыяктуу демилгелерди көтөрүп жүрөт. Министрлик бул демилгелерди колдойбу?​

Жийде Зоотбекова
Жийде Зоотбекова

Жийде Зоотбекова: Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдыга койгон максаттарынын бири ушул деп айткыбыз келет. Министр Султан Жумагулов тойдогу ысырапкорчулукту, өздөрү деле көп кийбеген кийитти толугу менен жок кылып салбаса да азайтуу демилгесин көтөрүп жүрөт.

Бир жылда кийитке эле миллиондогон акча кетет экен. Ошолор кийилбей сандыкта катылып туруп, кайра кожойкеге кайткан учурлар болорун айтып жүрүшөт. Ошонун ордуна кыргыз экономикасына салым кошо турган белектерди, жергиликтүү кол өнөрчү, ишкерлердин колунан чыккан буюмдарды алып пайда келтирсек деген максат.

Министрлик түп-тамыры менен жок кылып, "мындай максатта тойду алып баргыла" дебей, социалдык роликтерден, үгүттөн баштоону туура көрүп жатат. Ошол эле учурда туура тамактануу зарыл, болбосо бешбармак жеп, артынан татуу жеп жатып алгандан кийин эртеси ооруп калган учурлар да бар.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:

Тойду жаңы эреже менен өткөрүңүз
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:31 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG