Линктер

жекшемби, 16-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 23:59

Тойду чектеген долбоор колдоо таба элек


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте демилгечи топ "Кыргызстандагы той-топур менен үрп-адаттарды ыраатташтыруу жөнүндө" мыйзам долбоорун талкууга алып чыкты.

"Кыргызстандагы той-топурлар менен үрп-адаттарды ыраатташтыруу" долбоору мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын арасында үйлөнүү тойлорун, үй-бүлөлүк салтанаттарды, аза күтүү, дүйнөдөн көзү өткөндөрдү эскерүү жөрөлгөлөрүн өткөрүүдө ашыкча ысырапкорчулук, шаан-шөкөт, сылаңкороздук фактыларын жоюу максатында иштелип чыккан.

Бул боюнча мыйзам долбоору 2016-жылы “Салттарды, салтанаттарды жана каада-жөрөлгөлөрдү тартипке салуу жөнүндө” деген аталышта талкууга коюлган. Ал мыйзамга өзгөртүүлөр киргенин анын авторлорунун бири, мурдагы депутат Аида Салянова билдирди:

Аида Салянова.
Аида Салянова.

- Мурдагы мыйзам долбоорунда “100-150 кишиден ашпашы керек” деп тойлордун аталышына карата чектегенбиз. Эгерде орто эсеп менен мамлекеттик кызматкер 10-15 миң сом айлык ала турган болсо, демек ал той өткөрүү үчүн бир жылдан ашуун ичпей-жебей топтошу керек экен. Бул жолу чектөөнүн санын 200 кишиге чейин көрсөттүк, “эми балким дос-тууганы же ата-энеси жардам берип өткөрдү” деген нерсени эске алдык. Бул нерсени аткарбаган кызматкерди жумуштан алыш керек. Эгер өкмөт башчы же президент бир-эки кызматкерди эл көзүнчө жумуштан алса эле бул нерсе токтомок.

Азыркы мыйзам долбооруна ылайык, аза күтүү каадасында акча, буюм берүүгө да тыюу салынат. Зыяратка, ажыга баруучуларды узатуу, тосуп алуу иштери үй-бүлөлүк чөйрөдө, ашыкча шаан-шөкөтү жок өтүшү керек. Ар кандай жөрөлгөлөрдө акчаны себелеп чачууга, улак тартыш, күрөш сыяктуу спорттук мелдештерди өткөрүүгө болбойт.

Той же маараке дем алыш күндөрү же мамлекеттик кызматкердин ишине жолтоо болбогон убакта өткөрүлүшү керек. Долбоордо аткаминер кызматтык автоунаасын мындай мааракелерге барууга колдонууга болбосу да так көрсөтүлгөн. Башкы пункт катары мамлекеттик мекемеде спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салынары да белгиленген.

Мыйзам долбоору он мүчөдөн түзүлгөн демилгечи топ тараптан талкууга коюлду. Демилгечи топко саясатчылар, коомдук ишмерлер, тарыхчылар, публицисттер кирген. Авторлор мыйзамды өткөрүш үчүн “эл – демилгечи” механизмин тандап алышкан. Ага ылайык долбоор кеминде он миң кол топтолгондон кийин аны Жогорку Кеңештин кароосуна койсо болот.

2012-жылы той-аштарды чектөө боюнча демилге көтөргөн мурдагы депутат Каныбек Осмоналиев аталган мыйзам долбоорун эл өкүлдөрү, өкмөт сунуш кылса болмок деген оюн ортого салды:

Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

- Негизи мыйзам долбоорун өкмөт, эл өкүлдөрү жана эл өз демилгеси менен сунуш кыла алат. Эмне үчүн бул долбоорду өкмөт же депутаттар колдоп, сунуш кылган жок? Же ушунчалык тоскоолдуктар көп болуп жатабы? Алар колдоп, сунуш кылса иш батыраак жылмак.

Аида Салянова мыйзам долбоору айрым депутаттардын кызыкчылыгы үчүн колдоо таппай жатышы мүмкүн деп божомолдоду.

- Ишенимдүү түрдө айта албайм, бирок менин оюмча той өткөргүсү келгендер мамлекеттик кызматкерлер арасында, жогорку кызматтагыларда көп. Жогорку кызматтагылар дегеним депутаттар. Алардын өзүнүн кызыкчылыгы же тойканалар бизнеси болушу да мүмкүн. Ошон үчүн буга чейин бул долбоор 60 керектүү кол топтой алган эмес, - деди ал.

Жыйынга диний ишмерлер, жарандык коомдун өкүлдөрү, саясатчылар жана аймактардан келген активисттер катышты. Алар мыйзам долбоорунда айрым беренелер боюнча сунуштарын билдиришти.

"Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков мамлекеттик кызматкерлерге той-топурларга барууга таптакыр тыюу салыш керек деп эсептейт.

Нуржигит Кадырбеков.
Нуржигит Кадырбеков.

- Тыюу салынабы? Бул абдан маанилүү, - деди ал. - Эмне үчүн той өткөрүшөт? “Короткон акчамды кайтарып алайын” деп өткөрүшөт. Эгер булар өткөрбөсө, башкалар тойго чакырат. Аларга барыш керек. Тыюу салынса “мыйзам боюнча болбойт” деп жооп берүүгө да болмок. Көпчүлүк маараке, иш-чаралар, мисалы куран окутуу зыйнаты иш маалында болуп жатат. Түштөгү чакырууга барыш үчүн бир саат эрте чыгып, кайра бир саат ишке кечигип келесиң. Иш такыр үзгүлтүккө учурап жатат.

Ал эми саясий-укуктук иликтөөлөр борборунун юристи Кабылжан Мамажанов долбоор дагы иштелип чыгышы керек экенин айтты:

- Мамлекеттик кызматкердин укук-милдеттери так аныкталган. Аларды бир алкакка киргизип албаш үчүн тактап чыгыш керек. Анын экономикалык жагы да жазылышы зарыл. Ошондуктан дагы алымча-кошумчалар керек.

Айрым маалыматтарга караганда, кыргызстандыктар той-аштарга жыл сайын 2 миллиард доллардан ашык акча сарптайт. Кыргыз бийлигинин ашыкча ысырапкорчулукту азайтуу аракетинен көп майнап чыкпай келатат. Ал ортодо ушул тапта Маданият министрлиги той өткөрүүнүн жаңы үлгүсүнө конкурс жарыялады.

"Азаттыктын": архиви: 18-ноябрь, 2017-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG