Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:20

Мааракелерге мораторий киргизүү сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жаманкулов мамлекеттик бюджеттен каржылана турган маараке, иш-чараларга беш жыл мораторий киргизүү демилгесин көтөрдү.

Эл өкүлүнүн айтымында, Көчмөндөр оюндарынан кошпогондо да быйылкы маданий иш-чараларга мамлекеттик казынадан 3 миллион долларга жакын каражат жумшалат.

Мындан улам депутат Акылбек Жамангулов мамлекеттик бюджеттен каржылана турган маараке, иш-чараларга беш жылга мораторий киргизүүнү сунуштады.

13-сентябрда өткөн парламент жыйынында эл өкүлү 2018-жылы мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин бюджетинен каржылана турган 105 той, иш-чара планга киргизилгенин белгиледи:

- Орто эсеп менен алганда бир иш-чара же мааракеге 2 млн. сомдой сарпталса, жалпысынан өлкө боюнча 200 миллион сомдон ашык кетет экен. Бул акча боз үй тиккенге, мал сойгонго, аткаминерлерди сыйлаганга жумшалып, той ушинтип бүтүп калат. Тизменин негизги бөлүгүн шаар, район же айыл деңгээлинде иш-чаралар түзүп жатат. Шаардын 80 жылдыгы, айылдын 90 жылдыгы деген сыяктуу. Чиновниктерди шаардан "айдап" барышат, алар кызмат кылат. Ушинтип майрамдашат.

Эл өкүлү быйыл мамлекет үчүн маанилүү болгон Көчмөндөр оюндары менен Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынан башка маараке, ар кандай иш-чараларга мамлекеттик казынадан 3 млн. долларга жакын каражат жумшалганын белгилей кетти.

Акылбек Жамангулов ​бул каражатты ошол той өтө турган айылдын же шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн жумшоону сунуштап жатат:

- Той-топур же маараке өткөрүү үчүн акчаны адатта казынадан сырткары ар кандай демөөрчүлөрдөн алышат. Ошол акчаны социалдык мекемелерди куруу же оңдоо иштерине жумшаса болот. Мисалы, кайсы бир райондун 100 жылдыгы дейли. Ага бөлүнгөн акчага той өткөрбөй эле бала бакча куруп койсо эмнеге болбосун? Ушундай майда иш-чаралардан айыл өкмөт, акимдердин көбү тажап бүткөнүн айтып жатышат.

Ошол эле учурда айрым мааракелер элдин каалоосу менен өтүп жатканын мисал келтиргендер да жок эмес. Сузак районунун мурдагы акими Нурболот Мирзахмедов быйыл май айында райондо өткөн Көк-Жаңгак шаарынын 75 жылдыгын өткөрүү демилгесин эл өзү көтөргөнүн билдирди:

- Мен иштеп жаткан убакта Барпы акындын 130 жылдыгын өткөрүп берүүнү айыл тургундары суранышкан. Биз мааракени өткөрүүгө аргасыз болгонбуз. Кээде эл той-тамашага суусап калат. Мисалы, Көк-Жаңгак шаарынын мааракесине эл абдан көп келген. Борбордон алыс болсо, күнүмдүк тиричилик менен алышкан эл, жаштар бир күн болсо да чер жазып, спорттук оюндарга катышып, ыр уккусу келет экен.

Кыяс Молдокасымов
Кыяс Молдокасымов

Ал эми тарыхчы Кыяс Молдокасымов өлкөдө уюштурулуп жаткан иш-чаралардын баары эле мамлекеттик мааниге ээ эмес деп эсептейт. Андыктан анын баарын эле шаң менен белгилөөнүн кажети жок деген ойдо.

- Мамлекеттик мааниси бар, маанилүү иш-чаралар бар. Аларды майдалабай өз деңгээлинде өткөрүү керек. Бирок тизмени карасам өлкө үчүн маанилүү эмес иш-чаралар деле кирип калыптыр. Азыр райондор бири-бири менен маданий иш-чара, майрам өткөрүү боюнча атаандашып, жарышып калды. Мунун кереги жок. Алар той өткөрүү жагынан эмес, мыкты иш жагынан мактанышса жарашмак. Мисалы, жакында эле Нарын шаарынын 150 жылдыгы өттү. Тарыхый жагынан алганда бул туура эмес. Эптеп эле жабыштырып, маараке деп өткөрүп коюшту.


Экономист Искендер Шаршеевдин пикиринде, тышкы карызы ички дүң продукциянын 60% жакынын түзгөн Кыргызстанда бир жылда жүздөн ашык маараке өткөрүү казынага оор болот. Ал эл аралык тажрыйбага таянып мындай майрам, той-топураларды демөөрчүлөрдүн эсебинен өткөрүүнү сунуш кылууда:

Искендер Шаршеев.
Искендер Шаршеев.

- Мамлекеттик мааракелер, майрамдар боюнча дүйнө жүзүндө ар кандай системалар иштейт. Мисалы, Скандинавия өлкөлөрүндө мааракелерди өткөрүү үчүн каражатты бай адамдар бериши мүмкүн. Болбосо бизнес чөйрөнүн кызыкчылыгы менен өтөт. Мамлекеттик казынага кедергисин тийгизбейт. Европада өлкө казынасын той-топурга коротуу нааразылык жаратат. Биз да ушул тажрыйбаны колдонуп көрсөк болот. Казынанын акчасы элдин көйгөйүн чечүүгө жумшалышы керек. Анткени ал акча асмандан жаабайт. Биз аны маңдай терибиз менен таап, салыкка төгүп жатабыз.

Өкмөт эл өкүлүнүн сунушун эске алып, келерки жылы мааракелердин 80% кыскартууга убада берди.

Кыргызстан Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнун үч жолу өткөрдү. Быйыл аны уюштурууга өлкө казынасынан 4,5 миллион доллар сарпталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG