Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:15

Үлпөт тойду уюштуруу үлкөн бизнес


Иллюстрация
Иллюстрация

Үйлөнүү тоюн өткөрүү азыр Кыргызстанда кирешелүү бизнеске айланды. Колуктунун көйнөгүнөн тартып, ресторанды кооздоо, сүрөт, видео тартуу сыяктуу кызматтардын түрү ачылып, бул индустрияда миңдеген адамдар иш ордун тапты.

3 миң сомдон 300 миң сомго чейинки үлпөт көйнөктөрү

Кыргызстанда ижарага берилип жаткан жана сатыктагы үлпөт көйнөктөрүнүн дээрлик 80 пайызы Түркия, Кытай, Италия сыяктуу чет өлкөлөрдөн келет. Эгер сатып алууну кааласаңыз эң арзаны 200 доллардан башталып, эң кымбатына 5 миң долларга чейин баа коюлган.​

Кыргызстандык дизайнер Кымбат Эрнисова той көйнөктөрүн өзү тигет. Бул бизнести бир нече жыл мурда карызга акча алып, Каракол шаарында баштаган. Азыр анын Караколдо келинчектерди кийинтип, чачын, тырмагын, бети-башын жасап, тойго даярдаган атайын салону бар. Суроо-талаптын көптүгүнөн улам бир жыл мурда Бишкекте да чакан көйнөк тигүүчү цех ачкан.

Кымбат Эрнисова
Кымбат Эрнисова

Ондон ашык кыз-келинди иш менен камсыз кылган Кымбат Эрнисованын үлпөт көйнөктөрүн үч күнгө ижарага алгандар 10 миң сомдон 45 миң сомго чейин акча төлөшөт. ​

- Бул бизнести баштаганда карызга 10 миң сом алып, анан киришкен элем. Ал учурда көбүнчө кечелерге кийген көйнөктөрдү тикчүмүн. Анан жыл сайын тиккен көйнөктөрүмдүн түрү көбөйдү. Аларды мен ижарага берип, андан түшкөн акчага көйнөктүн санын улам көбөйтүп отуруп, азыр Караколдо чоң тигүү цехин ачкам. Азыр Бишкекте эле жүзгө жакын көйнөк бар. Жакында Оштон суроо-талап болуп, ал жакка да салон ачканы жатам.

Гүл соодасы да күчүндө

Кыргызстандагы ресторандарды кооздогон жасалма гүлдүн баары Кытайдан келсе, жандуу гүлдөр Кениядан, Колумбиядан, Эквадордон алынат. Албетте, импорттолгон гүлдүн баасы да кымбат.

Той өтүүчү жайды гүлдөр менен кооздоонун баасы 15 миң сомдон башталып, 300 миң, 400 миң сомго чыккан учурлар да болот.

Декоратор Алина Измаилова жаш жубайларга мындай чыгымды азайтып, өлкөгө да кирешелүү той өткөрүү үчүн апрелден октябрга чейинки тойлорду жергиликтүү гүлдөр менен кооздоону сунуш кылат:

Алина Измаилова
Алина Измаилова

- Апрелден октябрга чейин үйлөнүп жаткандарга ар дайым Кыргызстандын гүлүн декорацияга кошууну сунуш кылабыз. Себеби биздин гүлдөр арзан, жыты жакшы, көпкө чейин соолубайт. Биздин гүлдөр Голландиядан, Кытайдан же Африкадан келгендерге караганда кыйла арзан. Акчага да үнөм болот.

Видео, сүрөт тарткандар да кедей эмес

Тойду эсте калгыдай кылып видеого же сүрөткө тартып азыр миңдеген адамдар иштеп жатат. Алардын кызматы 12 миң сомдон башталып 250 миң сомго чейин жеткен учурлар да болот.

Бирок бул тармакта иштеген өнөрпоздор бизнести өнүктүрүүдө эң башкысы заманбап технологиядан артта калбай, техникалык базаны жаңылап туруш керек деп эсептешет.

Кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн ичинен коңшулаш Казакстанга, ал тургай алыскы Түркияга чейин барып, фотосессияларды, сүйүү баяндарын видеого тартып жүргөндөр да бар. Алардын бири Максат Курманбеков.

Максат Курманбеков
Максат Курманбеков

- Албетте, пайдалуу иш. Киреше алып келет. Эң негизгиси - өзүмө жаккан, чыгармачылык эргүү берген жумуш да. Анан акча таап, үй-бүлөнү баксаң да болот. Бул тармакта иштегениме жети жыл болуп калды. Башында жөнөкөй эле техника менен баштагам. Азыр абдан көп нерсеге жетиштик. Жеке өзүм видео тартам. Кыргызстанда алдыңкылардан болуш үчүн жылына заманбап техникага муктаждык бар. Тапкан кирешемдин басымдуу бөлүгүн видео жабдууну жаңылаганга жумшайм, - дейт ал.

Бишкекте үлпөт тойду уюштуруунун баасы аймактарга караганда кымбатыраак. Маселен ресторандар киши башына 900 сомдон башталып, 3500 сомго чейин алса, жаш жубайлардын машинесин ижарага алуу 3500 сомдон башталып, 38500 сомго чейин чыгат. Тамадалар 15 миң сомдон көп алышат. Тойдогу эң эле арзан кызмат - Бакыт өргөөсүндө никени каттоо экен. Мамлекеттик төлөм 1200 сом, никени каттоо салтанаты 800 сом.

Тойдун шаанисин торт чыгарат

Азыркы тойлордун дагы бир элементи - шөкөттөлгөн торт. Анын кооздугуна жараша баасы да өзгөрөт. Бир килограмм торт 1000 сомдон өйдө турат. "Куликовский" фирмасынын кызматкери Анастасия Куликова үч-төрт кабаттуу тортторду кооздоого кесипкөй айкелчилер тартыларын белгилейт:

Үлпөт тойдун торту. Казакстан
Үлпөт тойдун торту. Казакстан

- Торттун баасы тойго келген адамдын санына жараша болот. Бизде кооздугуна жараша торттор экстра, люкс, премиум деген топторго бөлүнөт. Баалар килограммына 600 сомдон 1350 сомго чейин. Бирок кардарлардын көбү килосу 1000 сомдук тортторду тандашат. Кооздолгон, жакшынакай, тойду көркүнө чыгарган 15-20 килограммдык тортторду жасайбыз. Адатта үч кабаттуу тортторду көп алышат. Эгерде чакырган коногуңуз 150 киши болсо, 15 килограмм жетет. Киши башына эсептейбиз. Эми кооздугуна келсек, биздин кондитерлердин дээрлик баары мурдагы айкелчилер. Көркөм өнөр боюнча жогорку билимдүү адамдар бизде кондитердик билимди кошумча алып, иштеп жатышат. Шекерден жасалган кооз фигуралардын баарын азыр бизде таланттуу айкелчи жасап жатат.

Уюштуруучулар көбөйдү

Адистер эгерде үлпөт тойду жубайлар өздөрү пландап, бардык ишке өздөрү чуркаса анда чыгым көп кетерин белгилешет. Азыркы тапта жубайлардын ишин жеңилдеткен агенттиктер четтен чыгат.

Тойдун координациясы агенттикке тапшырылса, анда 15 миң сомдон 35 миң сомго чейинки акчаны берип коюп, жубайлар ресторан, кийим-кече, автоунаа жалдоо, торт жасатуу сыяктуу бардык чуркай турган майда-барат иштерге башын оорутпай деле койсо болот.

Салкынай Воинова
Салкынай Воинова

Той өткөрүү жаатында эмгектенген, "Wedding Expo" көргөзмөсүнүн уюштуруучусу Салкынай Воинова тойдо акчаны үнөмдөп калыш үчүн агенттиктер менен иштөө майнаптуу деген пикирде:

- Эгерде тойду баштан-аяк өзүңүз уюштурсаңыз, чыгым да ошончо көп болот. Ал тургай азыр сиз көрүп жаткан көргөзмөнү мен өзүм жалгыз уюштурганда азыркыдай чоң эмес эле. Бирок чакан болсо да азыркы каражаттан көп акча коротком. Ошондуктан кесипкөй адистерге тойду тапшырып койсо, баары планы менен өтүп, акча да аз коройт. Бизди көбүнчө Оштон, Алматыдан чакырышат. Жылы бою эле той уюштуруп, саякаттап жүрөм. Албетте, бул бизнести өнүктүрүш үчүн чет жактагы курстарга да барып катышып турам.

Тойго кетчү бардык чыгымды эсептеп, дизайнерлер менен таанышып, сүрөтчү, операторлордун эмгегин элеш үчүн жаз, күз айларында Бишкекте атайын үлпөт тойдун көргөзмөсү алты жылдан бери уюштурулуп келет.

Быйылкы "Wedding Expo" иш-чарасына борбордон жана аймактардан алтымыштан ашуун жеке ишкерлер жана фирмалар катышты.

Ырыскысын тойдон тапкандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:10 0:00

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG