Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-май, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Борбор Азиядагы дин эркиндиги талданды


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандык эксперттер Борбор Азия мамлекеттериндеги дин эркиндигинин абалына сереп салышты.

2020-жылдын 28-апрелинде АКШнын Эл аралык диний эркиндик боюнча комиссиясы (USCIRF) 2019-жылдагы дүйнөдөгү дин эркиндигинин абалы тууралуу баяндамасын жарыялады. Ага ылайык, уюм 29 мамлекетте өз изилдөөсүн жүргүзгөн.

Изилдөөдө көрсөтүлгөн өлкөлөр «өзгөчө тынчсызданууну жараткан» жана «өзгөчө байкоо салуу сунушталган» деп эки топко бөлүнгөн. Баяндамада Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасынан Тажикстан менен Түркмөнстан биринчи топко, ал эми Казакстан менен Өзбекстан экинчи топко киргизилген. Кыргызстан камтылган эмес.

«Азаттык» ушул баяндаманын алкагында Борбор Азия мамлекеттериндеги диний кырдаалды салыштырыш үчүн бир катар суроолор менен кыргызстандык серепчилерге кайрылды.

Маектештерибиз «Тажикстанда, Түркмөнстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда дин эркиндиги чындап эле тиешелүү деңгээлде сакталбай жатабы? Кыргыз жарандарынын динге болгон укуктары менен эркиндиги бузулган жокпу?» деген суроолорубузга өз ойлорун билдиришти.

Тарых илимдеринин доктору, профессор Назира Курбанова Борбор Азия мамлекеттериндеги диний кырдаалды статистикалык салыштыруу менен төмөнкүлөргө токтолду:

«Кыргызстанда кошуна мамлекеттер - Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан жана Тажикстан менен салыштырмалуу диний абалды жакшы деп айтса болот. Анын себебин биз статистикалык көрсөткүчтөр аркылуу карап көрө алабыз.

Мисалы, Казакстанда учурда калктын саны 19 миллион болсо, анын 70% жакыны ислам динин тутунгандар. Өзбекстанда 33 миллион элдин 93% мусулмандар түзөт. Тажикстанда калктын саны 9 миллионго жакын, анын 94% исламды карманышат. Түркмөнстанда болсо 6 миллионго жакын калктын 89% мусулмандар.

Ал эми Кыргызстанда 6 миллиондон ашуун жарандарыбыздын 90% ислам динине ишенет деп айтылат. Эми диний уюмдар менен адамдардын катышын салыштырып көрсөк болот. Алсак, Казакстанда бир диний уюмга 5 миң киши, Өзбекстанда 15 миң кишиге бир диний уюм, Тажикстанда 2 миң кишиге бир диний уюм туура келет. Түркмөнстанда динге аябай катуу тыюу салынгандыктан, бир диний уюмга 50 миң киши туура келет. Кыргызстанда болсо 1,5 миң кишиге бир диний уюм туура келет.

Ислам багытындагы диний окуу жайларын салыштыра турган болсок, кырдаал төмөнкүчө: Казакстанда болгону 13, Өзбекстанда 11, Тажикстанда 19, бирок бул өлкөдө медреселер 2016-жылы жабылып, диний билим бир гана Тажикстан ислам университетинде берилет. Учурда Кыргызстанда ислам багытында 110дон ашуун диний окуу жайы бар. Анын ичинен бир Ислам университети, 10 ислам институту, калганы медреселер.

Ажылыкты ала турган болсок, Казакстанда элдин саны көп болгону менен жыл сайын орто эсеп менен 3200 адам ажыга барат экен. Өзбекстанда жыл сайын 5 миң киши, Тажикстанда 6 миң киши, Кыргызстанда 5 миңден ашуун киши Мекке менен Мединага зыяратка барат. Ал эми Түркмөнстан бир жылда болгону бир эле учак менен 170 кишиге уруксат берген. Бул статистикалык маалыматтардан көрүнүп тургандай, биздин өлкөдө салыштырмалуу диний эркиндик берилген.

Кошуна мамлекеттер, ошол эле ЖККУга кирген мамлекеттер бизге айрым учурда нааразы экенин билебиз. Себеби, аларда тыюу салынган уюмдар бизде ачык иштеп жатат. Мен «Таблиги жаамат» жөнүндө сөз кылып жатам. Диний чөйрөдө Борбор Азиядагы ар бир мамлекеттин өзүнүн моделдери түзүлгөн. Эми бул кырдаалдан биз кандай жыйынтык чыгарышыбыз керек? Эркиндиктин да чеги болот. Эгерде кайсы бир деңгээлде дин мыйзамдары бузулса, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келсе, анда маселени карап чыгуу зарыл. Албетте маселелер көп, анын үстүнөн иштеш керек».

Саясат таануучу Марат Казакпаев:

«Дин жаатында Борбор Азия өлкөлөрүндө түрдүү тенденциялар бар. Аларда ар кандай кысым, басым да байкалууда. Кыргызстанда кандай болсо да демократиялык процесстер өнүгүп жатпайбы. Анын алкагында бизде диний чөйрөдө көп эркиндик бар. Алар сакталып жатат. Карап көрсөк, көп диний уюмдар ачык эле иштеп жатышат.

Негизинен аларды мамлекеттик каттоодо көп кыйынчылык жок. Мисалы, Орусияны, Кытайды угуп эле, башка кошуна өлкөлөрдө «Таблиги жаамат» жабылды. Бизде эркин иштеп жатышат. Өзбекстанда, Түркмөнстанда, Казакстанда жана Тажикстанда демократия жагынан, жарандардын укугу боюнча кысым бар. Аны көрүп эле жатабыз. Буга диний чөйрө да кирет.

Мен бул өлкөлөрдө динге толук эркиндик берилген деп айта албайм. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан өз жарандарына демократиялык жактан дин жаатында эркиндикти көп эле берген. Бирок маселелер бар».


Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин доценти Чолпонбек Сыдыкбаев:

«Айтылган өлкөлөр авторитардык болгондуктан дин тутуу, ишеним эркиндигине кандайдыр бир деңгээлде чектөөлөр коюлганын байкап жүрөбүз. Мисалы, Өзбекстанда 60 жаштан жогору жарандар гана мечитке барыш керек, мамлекеттик кызматкерлер, бюджеттик уюмдарда иштегендер такыр эле мечитке бара алышпайт.

Тажикстанда да ушул сыяктуу тыюулар бар. Мисалы, узун сакалчан кишилерди көчөдөн кармап, сакалын кырккан учурлар кездешет. Казакстанда да ушундай эле жазылбаган эрежелер киргизилген. Авторитардык системанын табияты ушундай. Баш мыйзамдарында «дин тутуу эркиндиги бар» деп жазылып турганы менен иш жүзүнө келгенде андай эркиндиктерге чек коюлган.

Кыргызстанда аларга салыштырмалуу демократиянын принциптери сакталат. Жашоодо идеалдуу эч нерсе жок. Ал салыштырмалуу бааланууга тийиш. Бизде жарандарга эркиндик берилген. Өзгөчө дин эркиндиги бар. Ага мисалды көп эле келтирсек болот. Ошол эле сакалды каалашынча коюп жатышат. Мечиттердин саны мектептердин санынан ашып кеткен. Андан кыргыз коому ыймандуу, сабырдуу, маданияттуу болуп кеткен жок.

Кайсы бир диндин агымдары радикалдашып, айрым убакта мамлекеттин, улуттун коопсуздугуна коркунуч туудурган учурлары да бар. Бирок бизде дин тутуу эркиндиги өкмөт, жалпы эле Баш мыйзам берген укуктардан кээ бирде аша чаап пайдаланылып кеткендей сезилет. Эгерде кайсы гана диний уюмдун ишмердүүлүгү болбосун улуттук коопсуздукка, өлкөнүн бүтүндүгүнө, анын кызыкчылыктарына карама-каршы келсе, анда биздин мамлекет да эртеби-кечпи айрым чектөөлөргө барышы мүмкүн. Бирок андай болбосун. Бардыгы чеги менен болгону туура деп эсептейм».

Диний кырдаалды изилдөө борборунун башкы адиси Акжол Оморов:

Акжол Оморов.
Акжол Оморов.

«Кыргызстандан башка Борбор Азиядагы мамлекеттердеги чектөөлөр негизи диний практиканын ишке ашуусуна байланыштуу. Биздин өлкөдө диний эркиндик берилиши менен бирге эң башкысы диний практиканын ишке ашуусуна да тоскоолдук жок. Анткени жарандарыбыз өзү ишенген диндерге мыйзам чегинде диний ибадаттарын, ар кандай диний ырасымдарын аткарууда. Эч кандай тоскоолдуксуз жарандар мечитке, чиркөөгө, синагога барып, өздөрүнүн ибадаттарын убагында жүргүзүп, сыйынып жатышат.

Биздин өлкө Борбор Азиядагы башка мамлекеттерден диний эркиндикти ишке ашыргандыгы менен үлгү же болбосо өзүнө гана тиешелүү моделинин үлгүсүн көрсөттү деп айтат элем.

Буга чейинки Интернет айдыңында же болбосо медиа каражаттарына чыккан маалыматтарга ылайык, Борбор Азия мамлекетеринде Тажикстанда же Түркмөнстанда болсун диний практиканын кээ бир учурда тыюу салынганын билебиз. Мисалы, эң жөнөкөй эле жоолук маселесинде же болбосо сакал коюуда, жаш курагына ылайык мечитке барууга тыюу салынганы айтылып жүрөт. Балким ушул себептен улам бул өлкөлөр эл аралык диний эркиндик боюнча комиссиянын тизмесине түшүп калышы мүмкүн».

Өзбекстанда жана Суданда жылыш бар

АКШнын Эл аралык диний эркиндик боюнча комиссиясынын 2019-жылдагы баяндамасына карата дин эркиндигин бузган эң начар өлкөлөрдүн тизмесинде Бирма, Кытай, Эритрея, Иран, Түндүк Корея, Пакистан, Сауд Арабиясы, Тажикстан, Түркмөнстан жана Индия бар. Ал эми Өзбекстанда жана Суданда жылыш бар экени айтылып, бул тизмеден чыгарылган.

Комиссиянын жыл сайын берген баяндамасында Кыргызстандагы диний жамааттардын басмырлоо фактылары, диний кастык жана алардын көңүл кош мамилеге учурашы уланып жаткандыгы айтылган.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков АКШнын Мамлекеттик департаментинин эл аралык диний эркиндик маселелери жана өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Сэмюэл Браунбэк менен жолугушканда элчи Кыргызстан дин эркиндиги боюнча Борбор Азияда лидер экендигин айтып, бул багытта өлкө өз өнүгүүсүн улантарына ишеним арткан. Жолугушуу 2019-жылдын 30-сентябрында АКШда болгон.

АКШ Конгресси тарабынан түзүлгөн Эл аралык диний эркиндик боюнча комиссия (USCIRF) - Америка өкмөтүнөн көз карандысыз орган. Ал 1998-жылдагы Эл аралык дин эркиндиги мыйзамына (IRFA) ылайык түзүлгөн. Аталган комиссия бүткүл дүйнөдөгү дин тутуу жана ишеним эркиндигине байланышкан универсалдуу укуктардын сакталышына мониторинг жүргүзөт. Анын натыйжасында жыл сайын баяндама жарыялайт. Комиссия дин эркиндигинин бузулушуна тиешелүү эл аралык стандарттарды колдонуу менен АКШнын президенти, мамлекеттик катчысы жана Конгресси үчүн саясий сунуштарды иштеп чыгат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (15)

XS
SM
MD
LG