Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:23

«Муфтият даават саясатын өзгөртөт»


Муфтий Максатбек ажы Токтомушев.
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы – муфтият орозо учурунда диний жөрөлгөлөрдү үйдө гана өткөрүүнү сунуш кылды.

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев ушундай кайрылуу менен чыкты. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Бишкектин коменданты да исламды карманган адамдарга кайрылып ушул өңүттө билдирүү жасашты.

24-апрелде дүйнө мусулмандары үчүн ыйык саналган Орозо айы башталды. Бул жылы ал коронавирус пандемиясы каптап турган маалга туш келди. Көп мамлекеттерде мечиттер жабылып, жума намаздарга тыюу салынган. Ал тургай жамаатташып ооз ачууга да болбойт.

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев менен эксперт Канатбек Мурзахалилов менен маектешкен.

- Максатбек ажы, алгач Орозо айынын кирип келиши менен куттуктайм. Биздин маек мусулмандар ыйык санаган айдын башталышына туш келгендиктен, алгач элге каалооңузга орун берели.

- Урматтуу мекендештер, кадырлуу мусулман бир туугандар, баарыңыздарды ыйык Рамазан айы менен куттуктайм. Жараткан Алла Таала баарыбыздын туткан орозобузду, кылган ибадатыбызды, дубабызды кабыл кылсын. Бул ай сабырдуулуктун, кайрымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн айы. Ушундан улам Алла Таала бул айда күндүз орозо кармоону парз кылган.

Рамазан айында каалоом: жараткан Алла Таала баарыбызга кут берекесин берсин. Ар бир үй-бүлөдө сүйүнүч, бакыт, ырыскысы кең болсун. Ар кандай жаман оору-сыркоодон, бөөдө кырсыктардан жараткан Алла Таалам алыс кылсын.


- Максатбек ажы, дүйнөнү сестентип турган коронавирус Кыргызстанда 18-мартта аныкталып, алгачкы бейтаптар умра зыяратына барып келгендер экени кабарланган. Анын артынан эле чет өлкөлөргө дааватка чыккан мекендештерибизден вирус чыгып, коомдо талаш пикирлер жаралды. Көпчүлүгү бул маселеде муфтият өз саясатын өзгөртүшү керектигин айтып жатышат. Сиз буга кандай комментарий бересиз?

- Коронавирус пандемиясы бүткүл дүйнөнүн башына түшкөн чоң сыноо болуп турат. Бул учурда биз баарына бирдей, адилеттүү карашыбыз керек. Менмин деген, өнүккөн, техонологиялары өтө жетишкен Америка, Европа, Кытай, Жапония, Түшүк Корея сыяктуу мамлекеттерде кандай абал болуп турат? Буларда эч кандай умра, дааватка барбай, ошол жактан жуктурбай эле ушунча оорулар, өлүмдөр болду.

Бул оору “дааватчылардан, умрачылардан тарады” деген жүйөнү карманып, басынтуу туура эмес деп ойлойм. Себеби, жогорудагы өлкөлөрдө “менмин” деген министрлер, кыйын дарыгерлер ооруп калып жатат. Эч ким оорудан “камсыздалган” эмес да. Өлүмдө, ооруда биз бири-бирибизди айыптабастан, тескерисинче, ооруп калгандардын көңүлүн көтөрүп, жардам берүүнүн аракетинде болушубуз керек.

Коронавирусту пандемия деп жарыялаганга чейин Кыргыз Республикасынын жарандары бүткүл ааламда болчу. Биздин жарандардын укугу бар дүйнө жүзүн кыдырганга. Иш сапары менен барабы, эс алганы барабы, кээ бирлери саякатка, кээ бирлери саясатка, кээ бирлери зыяратка дегендей. Аларга эч ким тыюу салган эмес эле. Эч ким билген эмес оору ушундай масштабда болорун. Чет элден бир эле алар келген жок да. Дубайдан, Түркия, Италия, Орусия жана башка өлкөлөрдөн ошол учурда биздин мекендештер аба каттамы аркылуу учуп келип жатышкан. Ал эми, муфтияттын умра, дааватчылар боюнча саясаты өзгөртүлөт. Тартип, көзөмөл күчөтүлөт.


- Сауд Арабиясынын бийлиги пандемияга байланыштуу быйылкы ажылык амалдарына чектөөнү сунуш кылды. Ажылыкты уюштурууга жооптуу уюм катары муфтият бул маселени күн тартибине киргиздиби?

- Сауд Арабия Падышачылыгын Ажылык министрлиги 2020-жылдагы “тиешелүү төлөмдөрдү которууга шашылбай тургула” деп чакырган. Абалга жараша кошумча кабарларды беребиз деп айтышкан. Ошондуктан биз бүгүн күтүүдөбүз. Рамазан айынан кийин кошумча кабарларды элибизге жеткиребиз.

- Коомдун айрым катмарында орозо тутканын бетке кармануу менен башкаларды теңсинбеген аракеттерди байкайбыз. Кай бир маселеде талаш-тартыш жаралса, “мен орозомун” деп догурунгандар болуп калат. Негизи орозо деген эмне? Эртеден кечке эч нерсе жебей жүрүү менен эле “орозонун амалдарын аткардым” деген пикир туурабы?

- Таң аткандан күн батканга чейин ичкенден, жегенден жана ак никесиндеги аялына жакындагандан узак болуш керек. Мындан сырткары пайгамбарыбыз “Ким орозо тутуп, ушактан, жалаадан дагы эле токтобой турган болсо, анын ачкачылыгынан башка эч кандай пайдасы жок” деп айткан. Демек, ушунан биле турган болсок, орозо жалаң эле ашказандыкы эмес, бардык дененики экен. Көздөн, чачтан тартып тырмакка чейин. Бардык денебизди Алла тыйган нерседен токтотушубуз керек.

Эң негизгиси тилибизди жаман сүйлөөдөн, каргагандан, сөккөндөн, алдагандан, урушкандан, акарат кылгандан, жүрөгүбүздөгү текеберчиликтен, эки жүздүүлүктөн, көрө албастыктан сакташыбыз зарыл. Бардык күнөөлөрдөн сактанып, ушул шарттарды эске алышыбыз керек.

Бул нерсенин философиясы өтө чоң. Адеп-ахлак, жогорку баалуулуктарга жеткире турган касиеттүү Орозо айы башталды. Алла Таалам кабыл кылсын. Пайгамбарыбыз бир хадисте айткан: “Ким орозо туткан адам менен жаңжалдаша турган болсо, ал урушпасын, талашпасын, жаңжалдашпасын, жакалашпасын. Мен орозо туткам. Мен орозомун” деп айтып койсун деди. Болду. Ушул шарттарды аткара турган болсок, Кудай кааласа, бир айлык тарбиядан, анын касиети, нуру, берекеси аркылуу он бир ай Алладан коркуп, жаман иштерден, жаман жоруктардан, жаман адаттардан арылабыз деген үмүттөбүз.


- Орозодо садака - битир берилет эмеспи. Ушул жаатта да эки анжы пикирлер бар. Муфтият белгилеп берген өлчөмдөгү акчаны же азыкты айрымдар муктаждарга жардам кылуу керек десе, кээ бирлер мечиттин имамына берүу зарыл деп жүрүшөт. Быйыл бул жааттагы эсебиңиздер кандай?

- Быйыл Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өлкө боюнча садака – битирдин баасын ар аймактагы буудайдын баасына карап, өлчөп туруп баасын чыгарды. Буудайдан 35 сом болду. Мейизден 384, ундан 60, арпадан 54, курмадан болсо 512 сом болду. Мүмкүнчүлүгүнө жараша үй-бүлөдөгү ар бир кишинин эсебинен кембагалдарга пайдалуу экендигине карап туруп берсе болот.

Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллалаху алейхи васаллам): “Садака – битирди чоң-кичинесине, аял-эркегине карабастан, ар бир жанга берүү керек” деп айткан. Бул милдеттүү амал болуп эсептелет.

Рамазан айында ким орозо кармай турган болсо, өзү мусулман, акыл-эси жайында, балакатка толгон, мусапыр эмес, ден соолугу жакшы эркекке да, аялга да Алла Таалам парз кылган. Ыйман, Алланын өкүмү, буйругу деп, Жараткандан сооп үмүт кылып, орозо кармай турган болсо, анын мурдагы күнөөлөрүнүн баары кечирилет.

Муфтияттын сайтына кире турган болсо, отуз күндүк орозонун ар бир аймактардагы өзүнүн календары бар. Анда ооз ачуунун, ооз бекитүүнүн так убактылары көрсөтүлгөн. Мындан сырткары таң атканда ооз жабуу жана күн батканда ооз ачуу учурунда азан айтылат. Азандан кийин оозду ачып же жабып койсо болот.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG