Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:33

Ат-Башы: дааватты чектөө маселеси козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарында коронавирус жугузгандар 68 кишиге жетти. Анын 50дөн ашыгы Ат-Башыда. Бул район учурда COVID-19 илдети тез жайылып жаткан аймактардын катарын толуктоодо. Облустук бийликтин маалыматына караганда, вирус Ат-Башыга эки дааватчыдан тараган.

Ат-Башы району 15-апрелден тартып өзгөчө абал режиминде жашап жатат. Бул режим районго COVID-19 илдети көп каттала баштаганда киргизилген. Ушул тапта жугуштуу илдет Ат-Башы районунун жети айылында катталды.

Тактап айтканда, коронавирус илдети менен Ат-Башы, Ача-Кайыңды, Бирлик, Казыбек, Ак-Жар, Биринчи Май жана Терек-Суу айылдарынын тургундары алышып жатат. 20-апрелге карата Ат-Башыда коронавирус жуккандардын саны 51 кишиге жетти.

Ат-Башы районунун тургуну Элмира Арыкова райондо илдеттин тарашы күчөп жаткан чакта көчөдөгү элдин аягы тыйылбай жатканын айтты:

«Өзгөчө абалды көп түшүнө албай жатам. Түнкүсүн текшерип жатышат. Вирус түн ичинде тарамак беле? Ат-Башыда түнкүсүн эс ала турган, бара турган жай деле жок. Эл түнкүсүн ансыз деле эс алып, үйүндө болот. Андан көрө күндүз карашса жакшы болмок. Эл жайылып эле жүрөт. Дүкөндөрдү «саат түшкү үчкө чейин иштейт» дешти эле, бирок андан кийин беткапчаны деле, анысы жок деле көчөдө жүрүшөт. Мындай кайдыгерлик менен Ат-Башыга бат эле жайылат. Эртең дагы 15-20 кишиден илдет табылды десе таң калбайм».

Бүгүнкү күндө Ат-Башы районуна баш калаадан кошумча аскердик күч тартылган жана башка аймактан келген дарыгерлердин тобу иштеп жатат.

Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаровдун айтымында, акыркы эки айда район аймагына киргендердин баарынын саламаттыгы жапырт текшерилип, карантинге алынган. Ал ушунун жыйынтыгы менен райондо COVID-19 илдети аныкталгандардын саны көп болду деп эсептейт. Ал ооруну мындай ары жайылтпоого аракет кылып жатканын айтты:

«Биз колубуздан келишинче илдеттин алдын-алуу жана аны жайылтпоо максатында иш жүргүзүп жатабыз. Медиктерди болушунча коргонуучу каражаттар менен камсыз кылып жатабыз. Керек болсо беткаптарды колго тиктирип бердик».

Сатаров «өзгөчө абалдын жыйынтыгы менен эл көчөгө чыкпай, илдетке олуттуу мамиле кылып жатат» деп билдирди.

Ат-Башыда COVID-19 илдети апрель айынын башында аныкталган. Алгачкы бейтаптар өлкө ичинде дааватка барып келгендер экени белгилүү болгон. Ал эми калгандары негизинен алар менен обсервацияда бир мезгилде жаткан. Ушундан улам айрым бейтаптар «ооруну обсервациядан жугузуп алышыбыз мүмкүн» деп айтып жатышат.

Ат-Башы райондук ооруканасынын дарыгери Жамиля Ашырбаева обсервацияда жаткандар өздөрү санитардык норманы так сактабагандыктан жугузуп алышы мүмкүн деп эсептейт.

«Мен Ат-Башыда вирус жаңы катталган учурда иштедим, - деди ал. - Андан кийин өзүм обсервацияда жатып чыктым. Биз ооруканада обсервацияда жаткандарды бөлүп жаткырганбыз. Дааваттан келгендерди өзүнчө, оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларын өзүнчө, дагы башка жактан келгендерди башка палаталарга жаткырдык. Балким алар бири-бири менен сүйлөшүп, антисептик колдонбой коюшкандыр. Санитардык нормаларды сактабагандыктан чалдыгышы мүмкүн».

Өкмөттүн Нарындагы өкүлү Эмилбек Алымкулов СOVID-19 илдети облуска беш кишиден тараганын билдирүүдө. Анын сөзүнө караганда, ал бешөө тең дааватчылар. Маселен, Ат-Башыдагы эки адам өлкө аймагына дааватка барып жугузса, Нарын шаарында катталган бир адам Пакистанга дааватка барып келген. Ал эми Жумгалдагы коронавирус илдети табылган эки адам Индияда диний үгүттө болгон.

Коронавирустун алгачкы учурлары дааватчылардан чыгышы социалдык тармактарда диний ишенимдеги адамдар менен ага каршы чыккандарды кайым айтыштырып жатат.

Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев өзгөчө кырдаал бүтүп, абал жөнгө салынгандан кийин даават маселесин кароо зарылдыгы келип чыкканын билдирди:

«Дааватчылыкты чектөө боюнча сунуш киргизип жатабыз. Анткени ушундай кырдаалда дааватта көйгөй бар экени көрүнүп калды. Дааватчылар өлкө аймагына чыкканда гана бизге каттоого турчу. Ал эми чет өлкөгө баргандар боюнча кабарыбыз болгон эмес. Алар турист катары гана барып келишчү экен. Булардын ишине чектөөлөр болчу эмес».

Муфтияттын даават бөлүмүнүн адистери «убакыт көрсөтөт» деп гана кыска жооп беришти.

«Таблиги жамаат» тууралуу маалымат

«Таблиги жамаат» боюнча Кыргызстанда кайчы пикирлер көп. Анын ишине көп мамлекеттерде тыюу салынганы утур-утур айтылып келет. Кыргызстандын кошуналары жана стратегиялык өнөктөштөрү болуп саналган Казакстанда, Орусияда, Өзбекстанда, Кытайда жана Тажикстанда анын ишмердиги сот аркылуу токтотулган. Бирок расмий Бишкек бул уюмга тыюу салууну колдобойт жана диний саясатын өз алдынча жүргүзүп келет.

Кыргызстанда дааватчылар деген ат менен белгилүү «Таблиги жамаат» уюмунун тамыры Пакистанга, Индияга жана Бангладешке барып такалат. Аны 1926-жылы Индияда Мухаммад Илияс аттуу адам негиздеген. Алар өздөрүн саясатка жана мамлекеттик башкаруу ишине аралашпаган, тынч, сабырдуу уюм катары мүнөздөшөт.

Айрым эксперттерди «Таблиги жамаат» кыймылынын ансыз да туруксуз, жакыр, диний-экстремисттик уюмдар арбын жана диний абалы жакшы көзөмөлдөнбөгөн Пакистан, Бангладеш сыяктуу мамлекеттер менен бекем алакасы кооптондурат.

Алар Пакистандагы, Индиядагы же Бангладештеги «Таблиги жамааттын» борборлорунан мамлекеттин кызыкчылыгына кайчы келген бүтүмдөр чыгып калышынан чочулашат. Маселен, Казакстан бул уюмга тыюу салып жаткан кезде ушул жагдай да көбүрөөк эске алынган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG