Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Нарында COVID-19ду жугузуп алгандар көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

16-апрелде коронавирус дагы 17 адамдан табылды, жаңы учурдун 11и Нарын облусунда экени белгилүү болду. Бул аймакта 15-апрелден тартып өзгөчө абал режими киргизилген.

Облустук бийликтин маалыматы боюнча илдет дааваттан келген беш кишиден тараган. Ал ортодо Кыргызстанда оору ушул аптада көп катталышы мүмкүн экендиги айтылууда.

Нарында вирус жаңы табылган 10 киши - обсервацияда жаткан жарандар. Дагы бири дарыгер экени белгилүү болду. Ошентип илдет жуккан адамдардын саны облуста 45 кишиге жетти.

Нарын облусунда бул илдет биринчи жолу 29-мартта Пакистанга дааватка барып келген бир кишиден аныкталган. Ушул тапта бул адамдар менен байланышта болгон 120дай киши обсервацияда жатат.

16-апрелде брифингде Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев Пакистанга дааватка барып келген Нарындын тургуну бир күндө төрт адамга коронавирус жугузганын айтты:

«Пакистандан Өзбекстанга учуп келип, ал жактан Бишкекке 15-мартта келген, - деди ал. - Бишкекте 19-мартка чейин болгон. 19-мартта такси менен Нарын шаарына келген. Таксинин ичинде чогуу келген төрт адам тең бул ооруну жугузуп алган»​.


Буга чейин коронавирустун алдын алуу жана дарылоо үчүн Ат-Башы районуна Бишкектен төрт дарыгерден турган бригада кеткен.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев облуска Бишкектен дарыгерлердин дагы кошумча тобу барарын билдирди:

«Бүгүнкү күндө Жумгал районунда дарыгерлерге муктаждык келип чыккан. Ал жерге да дарыгерлердин тобун топтоп, жөнөткөнгө аракет кылабыз».

16-апрелде Ички иштер министрлиги өзгөчө абал жарыяланган Нарын шаарына жакын төрт жерге блокпост, дагы төрт жерге фильтрациялык тосмо, ал эми Ат-Башы району боюнча беш жерге блокпост, 21 аймакка фильтрациялык тосмо коюлганын кабарлады. Президенттин жарлыгы менен коронавируска байланыштуу 15-апрелден тартып 30-апрелге чейин бул облуска өзгөчө абал киргизилген. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин жыйынында Нарын облусунда өзгөчө абал киргизүү аргасыз кадам экенин эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып билдирген:

Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

«Өзүңүздөр билесиздер, акыркы күндөрү Ат-Башы районунда 19 адамдан илдет табылды. Ошондуктан аймактагы дарыгерлердин суранычы, жергиликтүү элдин өтүнүчү менен өзгөчө абал киргизүүгө аргасыз болдук».

Мындан тышкары, облустун Жумгал, Кочкор райондорунда да оору жуккан учурлар катталган.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель болот деп божомолдоп жатат. Парламентте элди коронавируска жапырт текшерүү жана бул багытта жеке лабораторияларды иштетүү зарыл деген пикирлер айтылууда. Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов аны ишке ашырыш үчүн Кыргызстанда вирусологдор жетишсиз экенин билдирди:

«Болгону 22 адис бар. Тогуз лаборатория иштеп жатат. Айлык акынын аздыгынан жаштар бул жумушта иштегиси келбейт, негизинен орто жаштагы же пенсия курагындагы адамдар иштешет. Биз айла кеткенде медициналык билим берүүчү окуу жайларынын мугалимдерин, 6-курстун студенттерин тартууга аргасыз болдук»​.

Медицина тармагы боюнча адис Айбар Султангазиев саламаттык сактоо тармагы COVID-19 илдетинин жайылышынын туу чокусу туура келген учурга даярдык көрүшү керек экенин эскертти:

Айбар Султангазиев.
Айбар Султангазиев.

«Оорунун жайылышынын туу чокусу деген эмне? Биз бул учурду башка өлкөлөрдөн көрүп жатабыз. Ал кезде бейтаптар кескин көбөйүп, аларды жаткырган ооруканалар жетишпей калып жатат. Демек, биз да ошондой учурга даярдык көрүш үчүн лабораторияларды иштетип, кошумча орундарды түзүшүбүз керек. Күнүгө санын эле айтып койбой, изилдөө иштери жүргүзүп, эмнеге жайылып жатканын аныкташ керек. Айрымдары кайдан жугузуп алганын билишпейт. Мүмкүн буга өзгөчө абалдын эрежелерин сактабаган тургундар себеп болуп жаткандыр? Ал эми даярдык тууралуу айта турган болсок, министрлик январдан тартып оору менен күрөшүүгө даяр экенин билдирүүдө. Иш жүзүндө ал кандай болот? Канчалаган дарыгерлерге оору жукканын көрүп жатабыз».

Кыргызстанда 16-апрелге карата коронавирус жукканы аныкталган адамдардын саны 466 киши болду. Алардын ичинен бешөө көз жуумп, 91 адам айыгып чыкты. Ал эми бүгүнкү илдет аныкталган 5 дарыгерди кошкондо өлкөдө ооруга чалдыккан медицина кызматкерлеринин саны 104 киши болду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG