Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-июль, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Дин менен мыйзамдын кылдан ичке чеги


Айт намаз. 2018-жыл

2020-жылдын 10-июнунда АКШнын Мамлекеттик департаменти 2019-жылдагы дүйнө өлкөлөрүндөгү дин тутуу эркиндигинин абалы тууралуу баяндамасын жарыялады.

Мамлекеттик департаменттин жыл сайын жаңыртылган баяндамасында дүйнөнүн 200 өлкөсүндөгү дин тутуу эркиндигинин абалы иликтенип, диний демография, түрдүү диний ишенимдердин жана практикалардын социалдык абалы чагылдырылат.

Мындан тышкары, ар кандай диний ишенимдер менен диний топтордун, жеке адамдардын диний укугун бузган мамлекеттик саясаттын демилгелери талданат. Баяндамада АКШнын дүйнө жүзүндөгү дин тутуу эркиндигин жайылтууга жасаган аракеттери дагы айтылат.​

Дин тутуу эркиндиги деген эмне?

Дин тутуу эркиндиги адамдардын фундаменталдуу укуктарынын катарына кирет.

Ал инсандын жашоого, сүйлөөгө жана ишенимине негизделген өз алдынча иш алып баруу укугун коргойт. Дин эркиндиги адамдардын тек-жайын сактап, иденттүүлүгүн жоготпой, коомдо өз алдынча жашоого мүмкүнчүлүк түзөт.

Дүйнөбий принциптерди тутунган өлкөлөрдө дин эркиндиги мыйзам менен бекитилет. Аны коргоого кепилдик берет. Дин тутуу эркиндиги ар бир адамдын кайсы бир динди же көз карашты карманышына мамлекет же башка институттар кийлигишпөөсүнө кепилдик берет.

Дин тутуу эркиндиги көпчүлүктүн ишенимин башкаларга таңуулоодо мамлекеттин ресурсун колдонууга жол бербейт.

Көпчүлүк тутунган динди, ишенимди же көз карашты башкаларга таңуулоого, аны алмаштырууга үгүттөө, карманган дини боюнча кодулоо мүмкүн эместигин бул принцип ырастайт. Дин эркиндиги мамлекеттин өз жарандарына диний ишенимге негизделген басымын жана иш-аракетин дагы чектей алат.​

Кыргызстандагы дин эркиндигинин абалы баяндамада

АКШнын Мамлекеттик департаментинин баяндамасында Кыргызстандагы жагдай дагы талданган. Ага ылайык, диний азчылыкты түзгөн топтор кыйынчылыктарга дуушар болгонун, маркумду жерге берүүдө жана расмий каттоодон өтүүдө маселелер бар экендигин белгиленген.

Өлкөнүн чакан шаарлары менен айылдарында диний азчылыктарга кысым көрсөтүү дале бар экени көрсөтүлгөн.

Баяндаманын авторлору "Жахабанын күбөлөрү", теңирчилик ишениминин жактоочулары, Ахмадия мусулмандар жамааты расмий диний уюм макамын алуу үчүн каттоодон өтүүдө кыйынчылыктарга учурап жатканына көңүл бурушкан.

Былтыркы жылдын январь айында Ысык-Көлдүн Ананьево айылындагы православ көрүстөнүндөгү эстеликтерди белгисиз вандалдардын талкалашы, 2018-жылдын октябрь айында Тамчы айылында протестант ишениминдеги Элдос Сатар уулунун ур-токмокко кабылышы мисал келтирилген.

Мындан тышкары, катталган диний уюмдардын чогулуштарына тоскоолдуктар болгон учурлар бар экендиги камтылган.

2019-жылдын январь айында “экстремисттик материалдарды” кылмыш деп табуучу мыйзам кайра каралганы белгиленген.

Мыйзам күчүнө киргенден кийин экстремизм беренеси менен камакка алынган жарандардын саны бир кыйла кыскаргандыгы айтылган.

Баяндамада дин жаатын тескеген базалык мыйзамга өзгөртүү киргизүү, учурда колдонуудагы мыйзамдын беренелерине дагы орун берилген. Мамлекеттин дин саясатын жүзөгө ашырып жаткан Дин иштери боюнча комиссиянын ишмердүүлүгү дагы талдоого алынган.

Баяндаманын англис тилиндеги толук версиясы менен бул жерден таанышууга болот.

Дин иштери боюнча комиссиянын бөлүм башчысы Каныбек Ниязбеков Кыргызстандагы дин тутуу эркиндигинин абалы тууралуу баяндамада көрсөтүлгөн фактылар боюнча буларды билдирди.

“Биринчиден, бизде адам укугу мыйзамдар менен корголуп келет. Ар бир адамдын көз карашы, тандаган дини анын укугу бар. Аны сыйлаш керек. АКШнын Мамлекеттик департаменти жарыялаган баяндамадагы “диний азчылыктар жабыр тартып, каттоодон өтө албай жатат” деген тыянактарга кошула албайбыз. Себеби, өлкөдө бардык диндерге бирдей мүмкүнчүлүк берилген”.

Ал эми философия илимдеринин доктору, дин маселелерин изилдөөчү Руслан Жалилдин пикиринде, Кыргызстандагы дүйнөбий форма башка мамлекеттерге окшобойт. Анын натыйжасында дин тутуу эркиндигинин абалы кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу алда канча жакшы.

Руслан Жалилов.
Руслан Жалилов.

"Бизде мамлекеттик деңгээлде Дин иштери боюнча комиссия бар. Бул мекеменин эң негизги функциясы диний уюмдардын, диний жааматтардын ишмердүүлүгүн улуттук мыйзамдарга каршы келбешин, мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө. Мисалы, диний уюмдардын билдирүүлөрүндө же чакырыктарында, алар ачкан же демөөрчүлүк кылган окуу жайларда мамлекеттин мыйзамдарына, башкаруу принциптерине каршы үгүттөө жокпу?

Булар ушуну көзөмөлдөйт. Диний окууларга же көз караштарга чек койбойт. Кошуна мамлекеттерде ушундай эле дин жаатын тескеген мекемелердин функциялары кеңири жана чоңураак. Мисалы, Өзбекстанда, Казакстанда, Тажикстанда мындай органдар жогоруда айтылгандай жарандардын келбетине, кийимине чейин чек коюп, көзөмөл кылышат. Медиадагы диний берүүлөргө цензура кылышат. Бул тараптан алганда Кыргызстан башка мамлекеттерден диний эркиндик маселесинде кыйла алдыда турат”.​

Дин эркиндиги жана диний карама-каршылык

Баяндамада белгиленгендей, Кыргызстандын Баш мыйзамы абийир жана дин тутуу эркиндигине кепилдик берет. Диний топторго диний кастыкты козуткан аракеттерди жасоого тыюу салат. Дин жаатындагы базалык мыйзамга ылайык, динди тутунууга бардык жарандарга бирдей шарт түзүлгөн.

Дин тутуу эркиндигин демократиялык мамлекеттин эң чоң принциптеринин бири деп сыпаттаган изилдөөчү Руслан Жалил Кыргызстан дүйнөбий түзүлүштү туура нукта түзгөндүгүн белгиледи.

Ал мамлекет диндар адамдарга көптөгөн шарттарды түзүп бергендигин кошумчалады. Кыргызстанда эгемендиктин баштапкы жылдарынан тарта эле дүйнөбий мамлекеттин өзгөчө формасы пайда болгонун айтып, аны төмөнкүчө сүрөттөдү:

"Кыргызстанда мамлекет толугу менен диний уюмдардын ишине кийлигишпейт. Мамлекеттик деп эсептелген дин жок. Мамлекет диний бирикмелердин иш-аракеттерине, алардын сыйынуу принциптерине кийлигишип, тоскоолдук жаратпайт. Учурда бизде орун алган мамлекеттин динге, диндин мамлекеттин кийгилишпөө моделин сактап, күчөтүү зарыл. Бул өлкөнүн саясий жана социалдык туруктуулугуна жардам берет. Өз салымын кошот. Динди катуу көзөмөлгө алуу - бул аша чапкандык. Ортолук принципти карманыш керек. Диний уюмдар качан гана мыйзамга каршы акцияларды же чакырыктарды жасаса гана мамлекет көзөмөлүн күчөтүш керек. Жөнөкөй мезгилде диний жашоону жана диний ишенимдерди мамлекет коомдун өзүнө, жарандарга таштап коюшу керек”.

Ал эми көп жылдан бери диний азчылыктардын укуктарын коргоп жүргөн адвокат Аскар кызы Жанара диний азчылыктарга байланышкан көйгөйлөр жарандардын диний сабатсыздыгынан улам келип чыгат деп эсептейт. ​

Жанара Аскар кызы.
Жанара Аскар кызы.

“Кыргызстанда мыйзам жүзүндө диний азчылыктардын укуктары башка диндерден айрымаланбайт жана бирдей. Тилекке каршы, айрым бийлик өкүлдөрү өзүнүн жеке көз карашын мыйзамдуулуктан жогору койбогондо, кээ бир жерлерде диндер аралык кылмыштар болмок эмес. Кыргыз Республикасында диний азчылыктарга байланышкан көйгөйлөр жарандардын диний сабатсыздыгынан улам келип чыгат. Жергиликтүү деңгээлдеги бийлик өкүлдөрү инсандык көз караштарын мыйзамдуулуктан жогору коюшат. Алар өз сезимдерине жетеленгендигинин натыйжасы диний негиздеги чыр-чатакка аттанган адамдарга колдоо болуп калууда”.

Биз Кыргызстандагы дин тутуу эркиндиги боюнча “Теңир жыйыны” аттуу машаякчылар уюмунун пастору, бул багытта лидерлердин бири катары саналган Кайырбек Маныбаевдин да пикирин уктук.

“Мыйзамдарда диний азчылыктардын укуктары башка динди кармангандар сыяктуу болгону менен бул принцип анчейин сакталбай жатат. Анткени, бийлик башында иштеген адамдар ачык болбосо деле көмүскөдө башка динге өтүп кеткендерди жектеген көз карашта”.​

Айрым диний уюмдарды каттоо: “макул” же “каршы”

Баяндамада орчундуу кемчилик катары көрсөтүлгөн диний уюмдарды каттоо жараяны Дин иштери боюнча комиссияда бир айдан бир нече жылга чейин созулганы белгиленген.

Аталган жараян диний бирикмелердин ишинде кыйынчылыктарды жаратып жатканы айтылган.

Мисалы, бир диний уюмду беш жылдык аракетинен кийин дагы Дин комиссиясы каттаган эмес. Айрым катталбаган топтор диний ишмердүүлүгүн мамлекеттин кийлигишүүсүз жүргүзгөнүн айтышкан. Булар мурда каттоодон өткөн жана жыл сайын каттоодон өтүүгө арыз берген чет элдик диний уюмдар.

Дин комиссиянын бөлүм башчысы, юрист Каныбек Ниязбаев диний уюмдарды каттоо мыйзамдардын негизинде жүргүзүлүп, эч кандай кыйынчылыктар жок экендигин билдирди.

Алымбек Бекманов.
Алымбек Бекманов.

“Кайсыл бир топ диний уюм түзүүнү кааласа, "Дин жөнүндөгү" мыйзамдын негизинде 200 адамдын демилгеси менен уюм ачып, уставын бекитиш керек. Уставды мыйзамда көрсөтүлгөн башка документтер менен кошо бизге тапшырат. Иш-кагаздардын пакети келип түшкөндөн баштап бир айдын ичинде мыйзамга ылайык же каршы келүүсү боюнча иш жүргүзөбүз. Анан арыз ээсине жооп берилет. Дин комиссиясы “каттоодон өттү, баш тартылды же каралбай кайтарылды” деген бүтүмдүн бирөөсүн чыгарат. Бул чечимдерди кабыл алуунун ар биринин себеби бар. Эгерде баары жакшы болсо, анда албетте, Дин комиссиясы уюмду эсептик каттоодон өткөрүүгө милдеттүү. Уставында же башка документтеринде жетишсиздик болсо, ал кайра кайтарылып, толуктоого жиберилет. Мыйзамда эсептик каттоого алууда негиздер дагы көрсөтүлгөн. Эгерде диний уюмдун ишмердүүлүгүндө улуттук коопсуздукка, мамлекеттин түзүлүшүнө, Баш мыйзамга каршы келе турган ченемдер болсо, анда каттоодон баш тартылат. Ар бир чечим мыйзамдардын негизинде кабыл алынат. Чечимди каалагандай чыгарууга мыйзам жол бербейт жана анын жоопкерчилиги бар”.

Баяндамада Дин комиссиясы жана башка өкмөттүк уюмдар "Жахабанын күбөлөрүнүн" жаңы жыйналыштарын каттоого жол бербөө үчүн мыйзамдын жасалма ыкмаларын колдонуп келишкендиги айтылат.

Кыргызстанда диний уюмдардын ичинен биринчи болуп "Жахабанын күбөлөрүнүн" арызын Жогорку соттун Конституциялык палатасы 2014 - жылдын 4-сентябрында канааттандырган. Бул чечимдин негизинде 2019-жылдын 13-ноябрында Жогорку Кеңеш “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү” мыйзамдын 10-беренесинин 2-пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизген.

Мындан тышкары, "Жахабанын күбөлөрү" 2016-жылы каттоо маселеси боюнча БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине да кайрылган. 2019-жылдын 27-майында аталган комитет алардын диний жамааттарын эсептик каттоодон өткөрүүдөн баш тартуу "дискриминацияга жатат" деген чечимин чыгарган. Анын натыйжасында, кыргыз өкмөтү мыйзам бузууларды жокко чыгарууга милдеттендирилген.

Бул маселе боюнча “Жахабанын күбөлөрүнүн" Кыргызстандагы диний борборунун жетектөөчү комитетинин төрагасы Алымбек Бекманов төмөнкүлөрдү билдирди:

“Учурда Бишкек шаарында жана беш облуста каттоодон өткөн 41 диний уюмубуз бар. Бул санга Кыргызстандын бүт аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзө алган диний борборубуз дагы кирет. Иштеп жаткан дин мыйзамына ылайык, 2010-жылдан тартып Кыргызстандын төрт облусунда, тактап айтканда, Ош шаары менен Ош облусу, Кадамжай шаары жана Баткен облусу, Жалал-Абад шаары жана Жалал-Абад облусу, Нарын шаары жана Нарын облустарында диний жамааттарыбызды эсептик каттоодон өткөрүү үчүн аракет кылдык. Дин комиссиясы “түзүүчүлөрдүн тизмесине жергиликтүү кеңеш тарабынан макулдук берилген жок” деген себеп менен арызыбызды канааттандыруусуз калтырган.

Маселени чечип берүүнү өтүнүп, сотторго кайрылганбыз. Соттордун баары бизге каршы чечим чыгарган. 2014-жылы Жогорку соттун Конституциялык палатасына арызданып, биздин өтүнүч канааттандырылды. Дин комиссиясына кайрадан кайрылып, жаңы төрт жамаатты эсептик каттоодон өткөрүүнү өтүндүк. 2015-жылдын 10-мартында алар өтүнүчүбүздү канааттандыруудан баш тартты. Себеби, мыйзамга тийиштүү өзгөрүүлөр киргенге чейин түзүүчүлөрдүн тизмектерине жергиликтүү кеңештин макулдугу керек деген негиз келтирилди.

2019-жылдын май айында БУУнун Адам укуктары боюнча комитети биздин пайдабызга чечим чыгарды. Кыргыз парламенти дагы өткөн жылдын аягында Конституциялык палатанын чечимине ылайык дин мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизди. Ошого карабай, Дин комиссиясы 2020-жылдын 10-февралында кайра биздин жамааттарды каттоодон баш тартты. Бул чечимге макул болбой, биз ушул жылдын 28-майында Бишкек шаарынын административдик сотуна кайрылдык. Арызыбыз боюнча иш качан каралары азырынча белгисиз. Датасы белгилене элек”.

"Жахабанын күбөлөрү" диний уюму эмне себептен катталбай жатканына Дин комиссиянын бөлүм башчысы Каныбек Ниязбеков жооп берди.

"“Жахабанын күбөлөрү" каттоодон өтүшкөн. Учурда алардын 41 уюму бар. Кыргыз Республикасы боюнча ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишет. Аларга эч ким чектөө коюп, куугунтук кылган жок. Бизге тапшырган документтери мыйзам ченемдерине туура келсе, каттоого алганга милдеттүүбүз. Ооба, бүгүнкү күндө алар сотко кайрылышкан. БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине дагы кайрылышкан. Ал комитет тиешелүү бүтүмүн чыгарган. Баткен облусунун Кадамжай шаарында алардын уюмун эсептик каттоодон өткөрүүдөн ушул жылдын февраль айында Дин комиссиясы баш тарткан. Анын себебин пикирибизди мыйзамдардын негизинде жазып, өздөрүнө тапшырганбыз. Бул боюнча сотко кайрылышкан. Эми бул маселе сотто, укуктук талаада чечилет. Ош шаарындагы уюмун каттоо боюнча дагы жогорудагы тартипте баш тартылган”.

Учурда теңирчилик ишенимин эсептик каттоодон өткөрүү боюнча дагы соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. Дин комиссиясы эксперттик топтун корутундусуна таянып, теңирчиликти дин катары каттоодон баш тарткан.

Аталган комиссиянын директору Зайырбек Эргешовдун маалыматы боюнча, экспертизанын жыйынтыгы менен теңирчиликти дин катары каттоо четке кагылган.

“2017-жылы 7-мартта Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын буйругу менен комплекстүү экспертиза дайындалган. Анда Улуттук университеттен, Ош мамлекеттик университетинен, Ички иштер министрлиги сыяктуу мамлекеттик органдардан экспертизалар келген. Ошолордун жыйынтыгынын негизинде аларды каттоодон баш тарттык. Себеби, коомдук коопсуздукка коркунучтуу, диний кастыкты чакырат деген маселе келип чыккан”.

Бирок Дин комиссиянын бөлүм башчысы Каныбек Ниязбаев Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги бар экенин белгиледи.

"Бизге кандай диний уюм келип, документтерин тапшырса ошого жараша каттала берет. Катталган уюмдардын статистикасында “эмне үчүн ислам же христан динине тиешелүү уюм көп?” деген пикир менимче радикалдуу ой же дискриминация. Биздин жарандар Баш мыйзамга ылайык кандай дин тутууну өздөрү билишет. Бүгүн мусулман, эртең христиан, бүрсүгүнү атеист болобу өз каалоосуна жараша. Аларды эч ким мажбурлабайт. Андай кылууга укугу да жок”.

Баяндамада айтылган Ахмадия мусулман жааматынын өкүлдөрү өздөрүнө тиешелүү маселе боюнча “Азаттыкка” комментарий берүүдөн баш тарткандыгын айта кетүүбүз абзел.

Учурда Дин иштери боюнча комиссияда 3348 диний уюм каттоодон өткөрүлгөн. Анын ичинен 2930 уюм исламга тиешелүү, 404 уюм христиан багытында, аларга православдык, католиктик, протестанттык бирикмелер кирет. Буддизм, иудаизмге тиешелүү бирден диний уюм, Бахаи диний жааматынын 12 коому дагы катталган.

Диний азчылыктарга байланышкан көйгөйлөр менен жетишкендиктер

Баяндамада өзгөчө көңүл диний азчылыктарга бурулган. Атап айтканда, маркумду жерге берүүдө, диний азчылык топторго кысым көрсөтүү окуялары көбүнчө кыргыздар көп жашаган чакан шаарларда жана айылдарда орун алып жатканы көрсөтүлгөн.

Мындан сырткары, диний ишеними үчүн Элдос Сатар уулунун жабыркаганы айтылган.

Адвокат Аскар кызы Жанара диний азчылыктардын башка диндер менен тең укуктуулугу мыйзамда гана бекитилбей, иш жүзүндө дагы ишке ашып жатат деген пикирде. Бүгүнкү күндө Жогорку соттун Конституциялык палатасында диний азчылыктардын укуктарын башкалар менен теңдөө тууралуу өтүнүчү каралып жатканын, канчалаган диний уюмдар каттоого алынганын айтты.

“Диний сабырсыздык айрыкча Нарын, Ысык-Көл аймактарында көбүрөөк радикалдуу. Жалал-Абад облусунда да жарандар тарабынан диний сабырсыздык көп кездешет. Бирок укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийликтин иш-аракеттеринин натыйжасында мындай көрүнүштөр бат эле жоюлат. Ал эми өткөн жылы диний азчылыктын өкүлдөрү басымга алынып, укугу корголбой калган учур болгон эмес”.​

Дин комиссиясынын маалыматы боюнча 2019-жылы Ысык-Көлдүн Ананьево айлындагы православ көрүстөнүндөгү эстеликтердин талкаланышынан башка динге байланыштуу жагымсыз окуялар болгон эмес. Мурдагы жылдардан айырмаланып, диний негиздеги чыр-чатак, протестанттык ишенимдеги адамдарга ыдык көрсөтүлгөн фактылар учураган жок.

“Теңир жыйыны” аттуу машаякчылар уюмунун пастору Кайырбек Маныбаев жергиликтүү деңгээлде Иса машаякка ишенген адамдын социалдык абалына жараша дагы мамиле жасаларына токтолду.

"Эгерде машаякчы колунан келген, өзүнө тың болсо, анда ага мамиле негизинен жакшы эле болот. Колунда жок, бирөөгө көз каранды адам болсо, аны туугандары деле, достору, кошуналары дагы ачык эле басмырлап, шылдыңдашат".

Элдос Сатар уулунун адвокаты Аскар кызы Жанара диний ишениминин негизинде ур-токмокко кабылган жабырлануучу тосмо арыз жазганын маалымдады.

"Элдосту диний көз карашына байланыштуу жергиликтүү жарандар аябай катуу сабап кетишкен. Анын жаагы сынып, тиштерин күбүлгөн. Психикалык жактан дагы жабыр тарткан. Бүгүнкү күндө Элдостун 80% тиши жок. Укук коргоо органдары иликтөө иштерин бир жактуу өткөрүшкөн, Биздин өтүнүчтөр эске алынбай, кылмышкерлерге жеңил айып угузулган. Элдос өз ишеними менен кылмышкерлерди кечирип, тосмо арыз жазып берген. Бул жагдайда кылмыш иш жабылып, өндүрүштөн кыскартылган”.

Баяндамада жазылган “Элдос Сатар уулу жана анын үй-бүлөсүнө карата жасалган коркунучтардан кийин өлкөдөн качып кеткен” деген билдирүүнү анын адвокаты Аскар кызы Жанара төгүндөдү.

“Элдос тиштерин трансплантация кылуу үчүн Украина барган. Учурда өлкөдө эле жүрөт”.

Биз пастор Кайырбек Маныбаевге ​“эмне үчүн Кыргызстанда диний азчылыктар кыйынчылыкка учуроодо?” деген собол узаттык.

“Биринчиден, элдин менталитети. Көпчүлүк “сен кыргыз болсоң, демек ислам динине ишенишиң керек” деген ойду карманышат. Экинчиден, мамлекеттик органдар жакшы иштешпейт. Калктын калың катмарында түшүндүрүү иштери, маалыматтын жоктугу ушундай окуяларга себеп болууда. Анан айыл жериндеги кишилердин диний сабатсыздыгынан улам “динди сактоо керек" деген түшүнүктөрдүн натыйжасында колунан келген басымды көрсөтүшөт.

Көп жылдан бери эле айрыкча айыл жергесинде Ыйсага ишенген кишилерге ачык басынтуу фактылары бар. Элден бөлүп, кошпой коюу, мазактоо, шылдыңдоо, сөгүү сыяктуу көрүнүштөр дагы кездешет. Мисалы, жер айдап жатканда тракторлор келбейт. Сугат учурунда сууну бербей коюушат. Эгин жыйнарда комбайн келбейт. Кээ бири ачык айтат, айрымдары көрүнгөн шылтоону айтып, бизди басымга учуратышат. Натыйжада, экономикалык жактан дагы азап чегебиз”, - деп жооп берди Кайырбек Маныбаев.

Адвокат Аскар кызы Жанара Кыргызстанда диний азчылыктардын жабыр тартканына гана баа бербей, мамлекет тарабынан колдоо тапкандарына да баа берүү зарыл деген ойду карманат.

“Мамлекеттик кызматкерлер өз сезимдерин, диний көз караштарын мыйзамдан жогору койбогон учурларда, түрдүү диний уюмдар тарабынан өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошулуп жатат. Учурда канчалаган шаарларды тазалоо, карантинде муктаж болгондорго жардам көрсөтүү, диний жана мамлекеттик кызматкерлерге өткөрүлгөн түрдүү тренингдер, калктын аярлуу катмарына жардам көрсөтүү сыяктуу коомго таасир тийгизүүчү мамлекеттик жана диний уюмдар биргелешип өткөргөн долбоорлор ишке ашууда”.​

Борбор Азиядагы дин эркиндигинин абалы изилдөөчүнүн көз карашында

Мамлекеттик департаменттин баяндамасында Борбор Азия мамлекеттериндеги дин эркиндигинин абалына дагы саресеп салынган.

Буга чейин «Азаттык» Борбор Азия мамлекеттериндеги диний кырдаалды салыштырыш үчүн бир катар суроолор менен кыргызстандык серепчилерге кайрылган. Алар «Тажикстанда, Түркмөнстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда дин эркиндиги чындап эле тиешелүү деңгээлде сакталбай жатабы? Кыргыз жарандарынын динге болгон укуктары менен эркиндиги бузулган жокпу?» деген суроолорубузга өз ойлорун билдиришкен. ​

Философия илиминин доктору Руслан Жалил Кыргызстандагы дүйнөбий формасы башка Борбордук Азиядагы өлкөлөрдөн айырмаланганын мисал келтирди.

“Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда жана Түркмөнстанда дин мамлекет тарабынан абдан чоң даражада көзөмөлдөнүп турат. Диний мекемелер кандай билим бериш керек? Дин адамдары кандай болушу зарыл деген сыяктуу көптөгөн динге байланыштуу маселелер чекке салынып, текшерилип турат. Жада калса, жөнөкөй жарандардын динге ылайык кийиниши, сакал коюшу дагы көзөмөлдөнөт. Мындай көрүнүштөр Тажикстанда, Өзбекстанда бар. Бизде жок. Мамлекет диндар адамдардын кийимине, келбетине тийишкен эмес. Биздин жарандар динде көрсөтүлгөн жараяндарды эркин аткара алышат”, - деген Руслан Жалил Кыргызстанда диний эркиндик сакталат деген ойлорго кошулду.

"Бизде теле жана радиодо көптөгөн диний көрсөтүүлөр бар. Гезиттерде, Интернетте дин жөнүндө эркин маек курулат. Дин кызматкерлери өз жамааттары менен эркин баарлашып, сабактарды өткөрө алат. Бул сабактардын темалары мамлекет тарабынан эч кандай көзөмөлгө алынбайт. Демек, Кыргызстанда диний цензура жок десек болот”.

Дүйнөдөгү диний эркиндик жөнүндө баяндама АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан 1998-жылдагы Эл аралык дин эркиндиги мыйзамына (IRFA) ылайык жарыяланып турат. Документтеги корутундуларга ылайык, АКШнын Мамлекеттик катчысы айрым өлкөлөрдү жана уюмдарды дин тутуу эркиндигин одоно бузгандардын “кара тизмесине” киргизип, аларга карата санкцияларды киргизүү боюнча сунуштарды бериши мүмкүн.

2020-жылдын 28-апрелинде АКШнын Эл аралык диний эркиндик боюнча комиссиясы (USCIRF) дүйнөдөгү диний эркиндиктин абалы жөнүндө жылдык баяндамасын жарыялаган.

Ага ылайык дин эркиндигин бузган жана бул багытта «өзгөчө тынчсызданууну жараткан» өлкөлөрдүн тизмесине Кытай, Мьянма (Бирма), Эритрея, Индия, Иран, Нигерия, Түндүк Корея, Пакистан, Орусия, Сауд Арабиясы, Сирия, Тажикстан, Түркмөнстан, Вьетнам киргизилген. Ал эми «өзгөчө байкоо салуу сунушталган» өлкөлөрдүн тизмесинде Алжир, Азербайжан, Бахрейн, Борбордук Африка Республикасы, Куба, Египет, Индонезия, Ирак, Казакстан, Малайзия, Никарагуа, Судан, Түркия жана Өзбекстан бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (13)

XS
SM
MD
LG