Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Тажикстан: көлөч менен хижабга каршы сунуш


Улуттук кийим кийген тажик кыздары
Улуттук кийим кийген тажик кыздары

Өзбекстанда курулган жаңы темир жол бутагы Орусия менен Казакстанга жүк ташууну көбөйтөт. Кытай Казакстанда шамал жана күн электр станцияларын курат. Тажикстанда беш жаштан кичине балдардын 20 пайыздан ашууну жетиштүү тамактанбайт. Орусиялык басылмалардын материалдарына сереп.

"EurAsia Daily" Өзбекстанда курулган жаңы темир жол бутагы Орусия менен Казакстанга жүк ташууну көбөйтүүгө мүмкүндүк берерин жазды. Бухара-Мискен темир жол бутагы Ташкенттен өлкөнүн батышына карай созулган ички каттамдарды эки саатка кыскартат.

Жаңы темир жол бутагы менен Ташкенттен Саратовго, Волгоградга жана Алматыга каттачу поезддер да жүрөт. Макалада жаңы маршрут Казакстан менен Орусияга жүк ташууну тездетери баяндалат. Темир жол бутагы эки жылдан бери курулуп жаткан.

Басылмада эми Бухара-Мискен маршрутунда ыкчам жүрүүчү "Afrosiyob" поезддери каттап, бул туризмди өнүктүрүүгө да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачаары белгиленет.

Кытайдын казак энергетикасына салымы

"EurAsia Daily" Кытай Казакстанда шамал жана күн электр станцияларын кураарына токтолот.

Кытайдагы шамал генераторлору.
Кытайдагы шамал генераторлору.

Түштүк Казакстандын Кентау шаарында электр станцияны "Zhenfa Holdings Group Co.Ltd" компаниясы августта кура баштайт. Долбоор 154,5 миллион долларга бааланган. Бул кытайлык компаниянын Кытайда 40 электр станциясы бар. Басылмада жазылганга караганда, алар өлкөдөгү күн электр станциялар рыногунун 10 пайызын камсыз кылат.

Ачыккан балдар

"Регнум" агенттиги "Тажикстанда ар бир бешинчи бала ачка" деген макала жарыялады. Анда өлкөдө беш жаштан кичине балдардын 20 пайыздан ашууну жетиштүү тамактанбай тургандыгы айтылат.

Макалада таза суу менен камсыз болбогон, жетишерлик тамактанбаган үй-бүлөлөрдө чоңоюп жаткан балдардын боюнун өспөй калуу коркунучу бар экени белгиленет.

Хатлон, Согдий жана Тоолуу Бадахшан облустарынын айылдарындагы балдар пайдалуу азыктарды көп жебей турганы катталган. Агенттик макаласында Дүйнөлүк банктын изилдөөсүнө таянат.

БУУнун изилдөөсү боюнча да Тажикстанда калктын 30,1 пайызы - 2,6 миллион адам ачкачылыкта жашайт. Агенттиктин эсебинде, бул Борбор Азиядагы эң начар көрсөткүч.

Тажикстан: көлөч аялдын көркүн бузат

РБК Тажикстандын Маданият министрлиги аялдарга хижаб менен көлөч кийбөөнү сунуш кылганын жазды.

Дүйшөмбү шаарындагы хижабчан аялдар. 5-май, 2015-жыл.
Дүйшөмбү шаарындагы хижабчан аялдар. 5-май, 2015-жыл.

Министрлик тажикстандык кыз-келиндерге ишке, тойго, майрамдарда жана коомдук жайларда кийим кийүүнүн үлгүлөрүн көрсөткөн атайын китеп басып чыгарган.

Китепте үлгүлөр сүрөттөрү менен көрсөтүлүп, кара чүмбөттөнүп, ошондой эле этек-жеңи кыска, төшү ачык көйнөк кийүүгө тыюу салынган. Буга кошумча коомдук жайларда көлөч жана тапичке кийүү туура эмес экени айтылган.

Мындай китеп азырынча 300 нуска менен чыгарылды. Басылма Тажикстанда тойлор менен мааракелерди өткөрүү тууралуу мыйзам кабыл алынгандан кийин адамдардын кийимине көңүл бурула баштаганын белгилейт. Жакында эле ал мыйзамга колуктуга ЗАГСка хижаб кийип келүүгө чектөө койгон өзгөртүү киргизилген.

Түркмөн президентинин жаңы ыры

Ал эми түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов 80- жылдардын шлягер ырын гитара менен ырдап чыкканын "Московский комсомолец", "РИА Новости" баш болгон бир топ орусиялык басылмалар жазып чыгышты. «Каракум» - советтик «Круг» тобунун белгилүү ыры. Түркмөнстандын президенти ырды 8-марттагы аялдар күнүнө арнаган. Бирок видеоклип улуттук телеканалда он күндөн кийин гана көрсөтүлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG