Линктер

дүйшөмбү, 21-май, 2018 Бишкек убактысы 03:36

Түркмөнстан Кувейтти ТАПИ долбооруна кошулууга чакырды. Өзбекстан Тажикстанга газды эки эсе арзандатып сатат. Орусия менен Тажикстандын ортосунда аба каттамдары боюнча чыр башталды. Орус маалымат каражаттарында Борбор Азия өлкөлөрүндөгү окуялар тууралуу чыккан макалаларга баяндама.

"Регнум" "Түркмөнстан Кувейтти ТАПИ долбооруна кошулууга чакырды" деп жазат. Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов Перс булуңуна барганда Кувейттин эмири Сабах ал-Ахмед ал-Жабер ас-Сабах менен кездешип, Түрмөнстан-Ооганстан-Пакистан-Индия газ жолун курууга чакырган.

Агенттик түркмөнбашы бир топтон бери 8 миллиард долларлык долбоорду ишке ашырууга инвестор издеп жүргөнүн белгилейт.

Узундугу 1800 чакырымды түзгөн бул куур жылына 33 миллиард куб метр газ өткөрүшү керек. Каракум чөлүндөгү Галкыныш кенинде 16 триллион куб метр газ кору бар деп айтылып келет.

"Ритм Евразии" Өзбекстан Тажикстанга газды эки эсе арзандатып сатаарын баяндайт. Ташкент быйыл Дүйшөмбүгө 126 миллион кубометр жаратылыш газын 15,1 миллион долларга сатат. Дүйнөлүк рынокто 1 миң кубометр газ 277 долларга бааланса, коңшулар аны 120 долларга макулдашкан.

Басылма Ташкент алты жыл мурун маркум президент Ислам Каримовдун маалында ортодогу келишпестиктерден улам Дүйшөмбүгө газ берүүнү токтотуп койгонун кошумчалайт. Анда Тажикстандагы мамлекеттик ири компаниялар өндүрүшүн газдан таш көмүргө өткөрүүгө мажбур болгону эскерилет. Эми Дүйшөмбү жооп иретинде Ташкентке электр энергиясын экспорттой баштайт.

"Сentrasia" Москва менен Дүйшөмбү аба каттамдары боюнча кайрадан чырдаша баштаганын жазып чыкты. Тажик өкмөтү орусиялык «Уральские авиалинии» компаниясынын бир катар аба каттамдарына уруксат бербей койгон.

Макалада 12-марттан бери Пермь, Краснодар, Челябинск шаарларынан жана Москвадагы "Жуковский" аэропортунан «Уральские авиалинии» компаниясынын учактары Тажикстанга уча албай жатышканы баяндалат. Буга Орусиянын Транспорт министрлиги теригип, жооп катары өзүнө жараша чара көрүлөөрүн эскерткен. Алар тажик кызматташтарын аба каттамдары боюнча эки тараптуу жана эл аралык келишимдердин талаптарын сактоого чакырган.

"EurAsia Daily басылмасы" Тажикстандын Жарандык авиация агенттигинин жетекчисинин орун басары Азиз Набизода «Москва тажик авиакомпанияларына чектөө киргизсе, Дүйшөмбү да жөн турбайт» дегенин белгилейт.

Орусия менен Тажикстандын ортосунда аба жолу боюнча чыр эки жылдан бери уланып келет. Бир катар сүйлөшүүлөрдөн кийин былтыр майда аба каттамдары жанданып, эки тарап бир чечимге келген. Чыр тажик тарап Москванын алдындагы “Жуковский” аэропортун аймактык эмес, шаардык катары таанууну, аба каттамдарынын тең укуктуулугун талап кылганда башталган. Анда Москва “Сомон Эйр” тажик авиакомпаниясынын орус аймактарына учушуна тыюу салып койгон.

"Правда.ру" Астанада Путинсиз өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин президенттердин жолугушуусуна токтолду. Ташкент Дүйшөмбү менен Рогун ГЭСин, Бишкек менен Кытайга чейин темир жол курууну, Ашхабад менен Каспийдеги мунай кенин иштетүүнү макулдашканы баяндалып, чөлкөмдөгү бул долбоорлорду ким каржылай тургандыгы жөнүндө суроо койгон.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиеев Борбор Азияда бул масштабдуу интеграциялык долбоорлорду ишке ашырууга Кытайга ыктаганы белгиленет. Мирзиёев былтыр Бээжинге барганда 23 миллиард долларга бааланган 105 келишим түзүлгөнү эскертилет. Мирзиеев Кытай президенти Си Цзиньпинге «Улуу Жибек жолун» курууга жардамдашууга убада бергени эске салынат. Бээжиндин "Жибек жолу" Москванын Евразия Экономикалык Биримдигине атаандаштык кылаары белгиленген. Автор Ташкент менен Дүйшөмбү Кремлдин долбооруна кошулбай жатканын да ушуну менен түшүндүрөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

XS
SM
MD
LG