Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июнь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 11:21

Коммунисттик атеизм доорунун цензурасы эске түшүп...


Э.Арабай уулу. Кыргыз алиппеси. Ташкен, 1924. (Мукабанын үстүңкү бөлүгү).

Коммунисттик атеисттик коомдо да диний ишеним толук ойрон болгон эмес. Бирок диний бир тараптуулукка да бөгөт болгон. Цензуранын башкы сабагы эмнеде? Тарыхчынын блогу.

Ар бир инсан өзүнүн бала чагын бейиш багында жүргөндөй эле эңсеп самай берет. Бирок бул бакта да өзүнүн жыланы (шайтаны), азгырыгы, сүйүүсү, арбалышы, асыл ой-тилеги бар киши баласы жашаган эмеспи!

Коммунисттик коомдун советтик вариантында жашоого үлгүргөн кыргыздардын бири катары ошол чакка ар дайым кылчайып келем. Ал –– балалыктын, жаштыгыбыздын, күлгүн кездин аруу доору эле.

Ошондо бийликте бир гана партия –– атеисттердин коммунисттик партиясы турган. Кийин биз көп партиялуулук, демократия үчүн күрөшкөн кезде, ошол эски чактын бир жетишкендигин сактап калуу үчүн да күрөштүк.

Бул –– эч бир динди мамлекеттик башкаруу динине айлантпай турган, диний ишенимди мамлекеттик башкаруу системасына жолотпогон айдыңдык (секулярдык, орусча “светский”) башкаруу нугу.

КДКнын антикоммунисттик саясий ачкачылыгы маалында. 1990-жылдын 23-октябры.
КДКнын антикоммунисттик саясий ачкачылыгы маалында. 1990-жылдын 23-октябры.

Албетте, атеисттер тууралуу сөз жүргөндө сабаттуу, терең билимдүү атеисттер менен сырткы көрүнүшкө азгырылган акылы тайкы үгүтчү атеисттерди айырмалоо керек.

Сабаттуу атеисттердин бири –– Карл Маркс болгон. Он тогузунчу кылымда ал “дин –– элдин апийими” деген аныктаманы жазган. Мындагы сөздү талдоо үчүн “апийим” деген зат ошол Карл Маркс доорунда “аналгин”, “пенициллин”, “аспирин” сыяктуу эле дарылык касиети бар зат катары аңдалган. Ал эми жыйырманчы кылымда болсо атеисттердин сабатсыздары бул сөздү барып турган коркунучтуу баңги зат (маселен, “героин”) сыяктуу кабыл алышпадыбы!

Бир сөз башка доордо таптакыр бир беткей колдонулуп калгандыгы СССРде далай мечиттердин, чиркөөлөрдүн, бутпарастык ыбаадатканалардын жана башка диний жайлардын кыйратылышына, молдолорду дароо эле “эл душманы” деп жарыялап, советтик концлагерлерге (ГУЛаг), сүргүнгө айдоого, алар жазган чыгармаларды ойрон кылууга алып келген.

Эң соңку окуялардын бири –– Оштогу Сулайман-Тоодо айтылуу Захир ад-Дин Бабурдун үжүрөсү (келип-кетип куран окуп, сыйынуу үчүн атайын бир бөлмөлүү жай) 1960-жылдардын башында кыйратылган учур болду.

Цензура араанын ачкан маал Кыргызстанда арап жазмасынан латынга, андан кирил жазмасына көчүү менен коштолду.

Жазманын мындайча өзгөрүшүнүн терең мааниси бар. Арап жазмасында ар кыл тилдерде жазылган динден башка да мол маалымат, тарых, философия, поэзия, математика, жаратылыш таануу жана башка багыттарда жазылган чыгармалар бир-эки муундун ичинде эле жаңы муундагылар үчүн чоочун болуп чыга келди. Жаңы “сабатсыздар” арап жазмасындагы мурастарды көрүп, аларды окубай туруп эле “зыяндуу” эсептешти.

Алардын арасында Нур Молдо, Тоголок Молдо, Талип Молдо, Молдо Кылыч, Эшенаалы Арабай уулу жазган жана ислам динине эч тийешеси жок чыгармалар бар экендиги менен эсептешип коюшпады (Тоголок Молдонун цензурага ылайык чыгармалары сакталды, андан өтпөгөндөрү орду-түбү менен жоголду).

Молдо Кылыч. Кысса-и зилзала. Казан, 1911 (арап арибинде, кыргызча).
Молдо Кылыч. Кысса-и зилзала. Казан, 1911 (арап арибинде, кыргызча).

Зияуддин Магзуни (Зиябидин Максым) деген ферганалык кыргыз тарыхчынын эмгеги Стамбулга жетип калып сакталды, болбосо Кыргызстанда калганда, балким, бул мурасты 1920-30-жылдары эле жок кылышмак (Бул чыгарманы 1992-жылы чыгыш таануучу Анвар Мокеев Стамбул университетинин китепканасынан тапкан, ферганалык тарыхчынын ата-тегин жана урпактарын Кыяс Молдокасымов аныктаган).

1980-жылдары чекисттер казалчы Казыбек Мамбетиминдин Ички Теңир-Тоодо катылып жүргөн арап жазмасындагы чыгармаларын табуу аракеттерин жасашканы белгилүү.

Эсимде, 1983––88-жылдары Өзбекстандын Илимдер академиясынын илимий китепканасында бир чоң ксерокс орнотулган эле. Ага айрым китептерди алып барып, акысын төлөп, көчүрмө чыгарып тураар элек. Ошондо өзүм колдонуп жаткан китептерден, анын ичинде орто кылымдардагы арап жана башка мусулман авторлордун таш басмадан чыккан чыгармаларынан айрым беттердеги чыгыш түрк калктары, кыргыздар жөнүндө маалыматтарды көчүртүп алуу үчүн барганымда, ксероксто иштеген айым жанымдан жаа бою качып, арап жазмасындагы эч бир адабиятты көчүрбөйм деп чыкты.

Аргасыздан ошол беттердеги тексттерди кол менен көчүрүп алууга туура келди. Мунун бир пайдасы –– текстти ого бетер жакшы аңдап калдым. Олуттуу зыяны –– убакыттан кыйла уттурдум.

Аймакчы, Кыргызстандын китепканаларында жок кылынган айрым арап тилиндеги кыргызча китептер Ташкенде Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунун кол жазмалар бөлүмүндө сакталуу.

Философ Фараби, математиктер Хорезми, Беруни, дарыгер, ойчул Ибн Сина, тарыхчылар Табари, Ибн ал-Асир, Жамал Каршы (Карши), Мырза Мухаммед Хайдар, акын жана мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагын, тилчи жана этнограф Махмуд Кашгари Барскани, дарыгер жана этнограф Тахир Марвази, сөздүкчү Йакут Хамави, астроном Улугбек, санжырачы Ахсыкенти, библиограф Катиб Челеби, ж.б. канчалаган даанышман инсандар өз чыгармаларын арап жазмасында ар кыл тилдерде жазышкан!

Атаганат, эгерде сталинизм доорунда латын жана кирил жазмасына өткөн учурларда деле арап жазмасына тыюу салынбай калганында, анда далай көркөм мурастарыбызды өзүбүздө эле сактап калмак экенбиз!..

Аттиң!... Кыргыздын арап жазмасы панисламизм, пантүркизм идеяларынын таркатуучусу катары бөөдө жерден жазаланган экен да!..

(Ал эми грузиндер менен армяндар, ошондой эле 1940-жылы гана СССРге каратылган Балтика боюнун элдери, өз улуттук жазмаларын сактап калууга мүмкүндүк алышкан).

Кыргыздын туңгуч “Эркин Тоо” гезити 1924-27-жылдары арап арибинде кыргызча жарык көргөн.
Кыргыздын туңгуч “Эркин Тоо” гезити 1924-27-жылдары арап арибинде кыргызча жарык көргөн.

Азыркы жаштарга айта кетелик, кыргыздын совет доорундагы туңгуч большевиктик гезити “Эркин Тоо” да арап жазмасында чыккан, анын алгачкы сандары Ташкендеги басмаканада басылган. Аны чыгарган далай билимдүү айдыңдарыбыз жадидчи молдолордон Өктөбүр ыңкылабына чейин эле таалим алышкан.

Кыргыз айдыңдары арап жазмасында өз эне тилинде бир катар китептерди Биринчи дүйнөлүк согушка чейин эле падышалык Орусияда жарыялоого жетишкен.

Арап жазмасы дегенде эле үркүп караган учурду Кытайга илимий сапар менен бара жатканда да байкадым. Дагы жакшы, он биринчи кылымдагы мусулман илимпоз бабабыз Махмуд Кашгари Барскани тууралуу китебимдин эң акыркы барагында анын англисче да аталышы бар болчу. Китептеги арапча тексттерди шектене караган бажы кызматкери андан соң англисче аталышты окуду да, бээжиндик илимпоздорго белек катары алып бара жаткан нусканы мага кайтарып берди.

Атеизм доорунда Кыргызстанда нооруз гана эмес, диний майрамдар да расмий белгиленчү эмес. Жарамазан айтчуларды куугунтуктаган учурлар да болгон.

Бирок калайык ого бетер өз диний ишенимин сактай берген. Чөнтөгүндө коммунисттин белети бар, бирок үйүндө куран окугандар көп болчу. Ошондон уламбы, айылдарда эски молдолор калбай калганда, мурдагы коммунисттик партиянын баштапкы уюмунун башчысы болгондор деле имам болуп калган учурлар эсте. Алар эл жокто “мусалластан” (үчтөн бирине сүт кошулган арактан) жутуп коюшчу. Муну “адалданып калды” деп ишенишчү. Бирок совет доорунда да мечиттеги чырак отун өчүрбөгөн алардын эмгеги деле зор болду го деп ойлойм.

Советтик атеисттик доордун бир жакшы жагы –– дүйнөдө ислам дини гана бар болуп чектелбестен, башка да диний ишенимдер, дүйнөлүк диндер болгондугу тууралуу кеңири маалыматты, Дарвиндин окуусун кеңири таркаткандыгы болду.

Чарлз Дарвин (1809--1882).
Чарлз Дарвин (1809--1882).

Бул советтик мектепте дурус таалим алган момундар, менимче, исламдык окууну сыртынан гана үйрөнүп, мусулман калктарынын дүйнөлүк цивилизацияга кошкон илимий, медициналык жана башка салымдары тууралуу эч кабарсыз айрым чала сабат дааватчыларга караганда исламды кыйла берилүү менен кабыл алышкан.

Бул динди башка диндегилерге каршы коюп, “каапыр” деп башкаларды өгөйлөбөө керектигин, ар бир эл жалпы адамзаттын орток өнүгүү башаттарына жана болочогуна динине карабастан бирдей эле эгедер экендигин алар коммунисттик мектепте жакшы үйрөнүшкөн.

Айрым замандаштар бул саптардын ээсин өзүнө өзү каршы чыгып жатат деп ойлошу мүмкүн. Эч кандай!..

Советтик катаал цензура маалында мусулмандар өзүнүн динине карата аялуу сезимин сактай алышты.

Эми башка бир чала сабат агымдар келип, жер жүзүндө ушул диндегилердин гана шариятка негизделген мамлекетин түзүшүбүз керек, деп ваххабийлик, салафийлик же башка идеяны таркатчу болсо, “илим-техниканын кереги жок, жалаң беш убак намазга жыгыл, ара-чолодо шейит кетүү үчүн жардыргыч заттардын курун белиңе тагынып алууну унутпа!” деген террорчу топтордун идеологиясын тымызын таркаткан болчу болсо, ошол эле совет доорунда таалим алган мусулман атуулдар өлкөбүздүн мамлекеттик көз каранды эместигин, айдыңдык (секулярдык) түзүлүшүн, көп диндүүлүктү, атуулдук жалпы ынтымакты сактоо үчүн чечкиндүү такаат бере алат деп ишенем.

Советтик атеисттик цензура –– өткөн чак болуп калды.

Эми Кыргызстанда “Куран” жана тафсирлер (анын түшүндүрмөлөрү) арап тилинде гана эмес, кыргызча бир нече варианттагы котормосунда да таркалууда.

Азыр да мусулман илимпоздору көп. Алар курулай дааватчылыкка азгырылбайт. Facebook. 2015.
Азыр да мусулман илимпоздору көп. Алар курулай дааватчылыкка азгырылбайт. Facebook. 2015.

Коңшу Кытайдагы кыргыздар арап жазмасында өз эне тилинде секулярдык адабиятты ээн-эркин жарыялап жаткандыгы, кыргыз тилинде арап жазмасында “Манас” жана башка баатырлык эпостору, тарых, адабият жана башка илим тармактары жаатындагы китептер, журналдар чыгып жаткандыгы эми пост-советтик Кыргызстан үчүн жашыруун эмес.

Демек, маселе –– жазманын түрүндө эмес, цензурада экен да!

"Ханзу тарыхый жазмаларындагы кыргыздар". Үрүмчү, 2014. Кыргыз-кытай кош тилдүү китебинин профессор Мамбеттурду Мамбетакун редакциялаган, арап жазмасында кыргызча чыккан бөлүгүнүн мукабасы.
"Ханзу тарыхый жазмаларындагы кыргыздар". Үрүмчү, 2014. Кыргыз-кытай кош тилдүү китебинин профессор Мамбеттурду Мамбетакун редакциялаган, арап жазмасында кыргызча чыккан бөлүгүнүн мукабасы.

Ошол эле учурда, айрым эскичил молдолор бийлеген мамлекеттерде Дарвиндин окуусуна тыюу салынган. Бирок тыюу салынган тема ого бетер жаштарды өзүнө арбап алаарын ал бийликтер билбесе да, советтик цензура маалында өз эркин оюн сактай алган пост-советтик кишилер таасын билишет. Иранда, маселен, Дарвиндин окуусун интернет аркылуу жашыруун окугандар көп экен.

Жыйынтыктасак, эч бир мамлекетте динге жана атеизмге тыюу салынбашы керек.

Бирок секулярдык (айдыңдык) мамлекеттердин бийликтери орто кылымдардагы эң эскичил түшүнүктөргө негизделген жана бир гана диндегилердин үстөмдүгүн орнотууну көксөгөн, демек, адамзаттын жалпы асыл-нарктарына коркунуч келтирген ар кандай зыяндуу агымдарды тизгиндөө милдетин аткарышы да ылаазым.

Эми –– башкы суроо.

Айдыңдык мамлекеттик түзүлүш демократиялык системаны сактап калуу үчүн цензура киргизиши керекпи?

Менимче, жок! Бирок секулярдык мамлекеттик бийлик тар көз караштагыларды жеңүү үчүн жана калайыктын илим-билим деңгээлин ачыктык, маалымдуулук шартында көтөрүү максатында азыркыдан миң эсе көп мээнет кылышы абзел.

Ошондо маалымат тандоо мүмкүнчүлүгү аркылуу жаш муундар ваххабийлер менен таблигчилер жолун эмес, жалпы планетабызда орток руханий асыл-нарктарды, гумандуу коомду (б.а. дин, раса, тил, партия менен чектелбеген адамгерчиликтүү коомду), улуттардын теңчилигин, илим-билимди жана өнөр жайды өөрчүтүүнү камсыз кылган жолду өз ыктыяры менен эле тандап алышат.

Коммунисттик цензуранын ачуу-таттуу сабактарынын бирин ушундайча түшүнөм.

Ал эми азыр бийлик бутактарында жана муфтиятта эскичил дааватчылардын, таблигчилердин айрым өкүлдөрү жүргөндүгү деле жашыруун эмес. Биз арабөк жолдо турабыз го деп чочуйм.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (71)

XS
SM
MD
LG