Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:40

Эргешов: Теңирчиликти каттоо дин аралык кастыкка чакырат деген бүтүм чыккан (видео)


Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов «Азаттык» радиосунун «Арай көз чарай» берүүсүндөгү талкууда атайын комиссия «теңирчиликти дин катары каттоо диний кастыкка чакырат» деген жыйынтык чыгарганын билдирди:

- 2017-жылы 7-мартта Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын буйругу менен комплекстүү экспертиза дайындалган. Анда Улуттук университеттен, Ош мамлекеттик университетинен, Ички иштер министрлиги сыяктуу мамлекеттик органдардан экспертизалар келген. Ошолордун жыйынтыгынын негизинде аларды каттоодон баш тарттык. Себеби, коомдук коопсуздукка коркунучтуу, диний кастыкты чакырат деген маселе келип чыккан.

Өздөрүн «теңирчилербиз» деген адамдар Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан уюм катары каттап берүүнү маал-маалы менен суранып жатат. Расмий каттоо аркылуу алар өз ишенимдерин кеңири жайылтыкысы келерин айтышат. (TSh)

XS
SM
MD
LG