Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:06

Динге байланган чырдын беренеси өзгөрдү


Жабыркаган Элдос. 2018-жылы тартылган сүрөт.
Жабыркаган Элдос. 2018-жылы тартылган сүрөт.

Ысык-Көл районунда диний ишенимден улам ур-токмокко алынганы кабарланган жигиттин иши тергелип бүтүп, сотко өткөрүлдү.

Бирок жабырлануучунун жактоочусу тергөөнүн жүрүшүнө нааразы болуп, кылмышка шектүүлөргө жеңил берене коюлуп калганын айтып чыкты.

Былтыр октябрь айында Тамчы айылындагы тууганынын үйүндө катуу сабалган 25 жаштагы Элдостун ден соолугу эмгиче калыбына келе элек. Ур-токмоктон тиштери түшүп калгандыктан учурда Казакстанда дарыланып жаткан экен.

Элдос сабалган күндөн тартып эле «башка ишенимде болгону үчүн» ур-токмокко алынганын айтып келет. Бирок милиция факты боюнча кылмыш ишин козгогону менен «окуя диний ишенимге тиешеси жок» деп маалымдаган. Элдостун жактоочусу Жанара Аскар кызынын айтымында, тергөөчүлөр жабырлануучу тараптын бир дагы өтүнүчүн эске албай койду.

«Өтүнүчтөрдү канааттандырган жок жана эмнеге экенин түшүндүрүшкөн жок, - дейт адвокат. - Мурда «беттештирүүдө Элдостун айткандары боюнча жыйынтык чыгарабыз» дешкен. Беттештирүү болгондо Элдос баарынын бетине коюп, айтып берген. «Сен мени сабагансың, “диниңен баш тарт, келме келтир” деп ургансыңар» деп айтып бергенине карабай, тескерисинче айыпкерлердин беренелерин жеңилдетип салышты».

Адвокаттын айтымында, окуя боюнча «Ээнбаштык» беренеси «Денеге анча оор эмес залака келтирүү» беренесине алмаштырылган. Бул берене менен шектүүлөр айыппул төлөп эле чыгып кетиши мүмкүн. Ал эми Элдостун жактоочусу милициядан бул фактыны «Диний кастыкты козутуу» сыяктуу оор беренелер менен тергөөнү өтүнгөн.

Анткен менен ишти караган Ысык-Көл облустук милициясы тергөө мыйзам чегинде жүргүзүлүп, бардык тараптын пикирлери эске алынганын маалымдады. Мекеменин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов жактоочунун дооматтарына мындай жооп берди:

Сталбек Усубакунов.
Сталбек Усубакунов.

«Эгерде тергөө туура эмес жүрүп жатса, жактоочулар ички иштер башкармалыгына же прокуратурага кайрылышы керек болчу. Бирок андай кылышкан эмес. Иш прокуратура органдары тарабынан мыйзам чегинде тергелген деген жыйынтык менен соттук өндүрүшкө өткөрүлдү».

Элдосту токмоктогондор тамчылык 25 жаштагы Ислам, Заманбек, Алеш деген жигиттер экени айтылган. Алардын өзү менен да байланышууга мүмкүнчүлүк болгон. Бирок былтыр Тамчы айылына барып ал жигиттер менен жолуккан учурда күнөөсүз экенин айтып, микрофонго сүйлөп берүүдөн баш тартышкан болчу. Ал эми Элдос ур-токмоктон жаагы талкаланып, түтүк менен тамактанып, сүйлөй албай бир ай ооруканада жаткан. Ал бала Иса Машаякка ишенээрин, ал ишеними үчүн жабыркаганын кагазга жазып берген.

Бул Кыргызстанда башка диндеги жарандар кодулоого кабылган алгачкы окуя эмес. Айрыкча бөлөк ишенимдегилер каза болгондон кийин сөөгүн койдурбай койгон чуулгандуу окуялардын аягы тыйылбай келет.

Укук коргоочу Бурул Макенбаеванын пикиринде, акыркы жылдары башка динди тутунган жарандар ар кандай кысымга кабылып жатат. Мындай маселе укук коргоо органдарындагы айрым кызматкерлердин диний түшүнүктөрүнөн көз каранды.

«Көбүнчө христиан дининдегилер кысымга алынат. Анткени күч органдары да аларга туура эмес мамиле кылып жатышат. Балким кызматкерлердин өз ишенимине, түшүнүгүнө да каршы келип жактандыктан ушундай иштерге жол ачылып жатса керек. Бул албетте, туура эмес», - деди укук коргоочу.

Кыргызстанда расмий уруксат берилген эки миңден ашык диний мекеме бар. Мунун ичинде диний коомдук уюмдар, бирикмелер, фонддор, окуу жайлары, мечиттер, чиркөөлөр кирет. Алардын көпчүлүгү ислам багытында. Кыргызстанда үч жүздөн ашык уюм христиандык багытта иш жүргүзөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG