Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:49

Матуриди: тамыры терең ишеним


Медербек Кадыров жана Канатбек Мурзахалилов
Медербек Кадыров жана Канатбек Мурзахалилов

“Азаттык” радиосунун “Биз жана дин” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында ханафий мазхабынын матуриди ишеними туралуу сөз кылабыз.

Имам Матуридинин өмүр таржымалы, анын ыйман илимдерине кошкон салымы да кептин учугун улайт.

Теология илиминин доктору Медербек Кадыров менен эксперт Канатбек Мурзахалилов маектешти.

- 2014-жылы алты жылга эсептелип кабыл алынган диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясында Кыргызстандагы мусулмандар исламдын сунний агымындагы ханафий мазхабын жана матуриди акыйдасын (ишенимин) карманары, мамлекет бул мазхабдын өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүлөрү жазылган. Маегибиздин башында мазхаб жана акыйда түшүнүктөрүнө кыскача токтоло кетсеңиз.

- «Мазхаб» сөзү араб тилинде «кетүү, бара турган жер, жол» деген маанилерди туюндурат. Термин катары ишеним, ибадат жана адамдардын ортосундагы мамилелер боюнча диндин негизги жана такталган эрежелеринен сырткары бири-биринен айырмаланган көз караштар менен аларды карманган кишилерди жана топторду белгилөөчү өзгөчөлүктү камтыйт.

Кайсы бир мазхаб дегенде, дин түшүнүгү жана көз караштардагы айырмачылыктардан улам пайда болгон, өзүнө таандык ишеним жана эрежелери бар топтор десек болот. Ал эми «акыйда» сөзү араб тилинде «бир нерсеге чын көңүлдөн байлануу, ишенүү» деген мааниде колдонулат. Ал эми термин катары «ишеним негиздери жана эрежелери» деп айтсак болот.

Кадыров которгон китеп
Кадыров которгон китеп


- Деги имам Матуриди өзү ким болгон? Анын ыйман илимдериндеги орду кандай?

- Абу Мансур ал-Матуриди бүгүнкү Өзбекстандын Самарканд шаарынын жанындагы Матурид деген айылда туулган. Ушундан улам аты-жөнүнө туулган жери кошулуп, ал-Матуриди ас-Самарканди деп айтылган. Ал кайсы жылы туулгандыгы боюнча так маалымат жок. Кээ бир изилдөөчүлөр IX кылымдын орто ченинде, 844-жылдары туулган деп боолголошот.

Матуриди фикх, калам, тафсир жана башка дин илимдерин терең өздөштүрүп, өз доорунун белгилүү жол баштаган аалымдарынан болгон. Ошол себептүү Имам Матуриди деп айтылат. Анын көз караштарынын негизинде Мавераннахр аймагында матуридилик мазхабы түптөлгөн. Ал 944-жылы Самаркандда дүйнөдөн кайткан.

Ханафилик-матуридилик мазхабы тууралуу маек
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:34 0:00
Түз линк



- Имам Абу Ханифа менен имам Матуридинин кандай байланыштары бар?

- Ханафилик менен матуридилик эки жарым бир бүтүн деп айтсак болот. Кээ бир классикалык булактарда ханафилик-матуридилик деп чогуу да айтылат.

Имам Матуриди ханафи мазхабынын үчүнчү муундагы аалымдарынан болуп саналат. Абу Ханифа менен имам Матуридинин ортосундагы байланышты Матуридинин устаздарын тактоо аркылуу билсек болот.

Изилдөөлөрдө имам Матуридинин устаздары тууралуу беш түрдүү маалымат бар. Бул маалыматтардын баарында тең имам Матуриди сабак алган аалымдардын чынжырчасы Абу Ханифага барып такалат. Ошондой эле кийинки муундагы кээ бир матуриди аалымдары Абу Ханифаны өздөрүнүн имамы деп көрсөтүшкөн. Алгачкы учурларда Абу Ханифанын фикхтик көз караштары кеңири таралган. Анын негизинде фикхте ханафилик мазхабы түптөлгөн. Анын акыйда боюнча көз караштарын имам Матуриди бир калыпка салып, жайылуусуна өбөлгө түзгөн.


- Матуриди ишениминин негизги көз караштары кандай? Биздин ата-бабаларыбыз эмне себептен ушул жолду карманып калышкан?

- Мухаммед пайгамбардын көзү өткөндөн кийинки мезгилдердеги кээ бир окуялар азыркы күнгө чейин келип жеткен дискуссияларга себеп болду. Мына ошол окуялар боюнча мусулмандардын ортосунда да түрдүү пикирлер пайда боло баштаган. Бул көз караштар андан ары тереңдеп ыйман, амал, чоң күнөөлөр, куфр сыяктуу ишенимге байланыштуу маселелер боюнча ар кандай көз караштар айтыла баштаган. Бул дискуссиялар азыркы күндө деле уланып келүүдө.

Имам Матуриди ишенимге, башкача айтканда акыйда маселелериндеги көз караштарында өзүнүн усулу менен айырмаланат. Ал кайсы бир маселеде пикирин билдиргенде аят-хадистер менен бирге учурдун шарттарын, тарыхый окуяларды да эске алып, акыл менен да далил келтирген. Мисалы, Алланын бар жана бир экенин боюнча акыл менен төмөнкүдөй далил келтирет: «өсүмдүктөр жамгырга жана күнгө көз каранды. Табияттагы бардык нерсе шайкештик ичинде турат. Булар Алланын бар жана бир экенин далили. Эгер бирден көп жаратуучу болсо анда табиятта шайкештик болмок эмес».

Муну «Мээримдүү Алланын жаратуусунда эч бир ирээтсиздикти көрө албайсың» деген аяты менен тастыктайт. Матуридинин ою боюнча керек болсо динден таптакыр кабарсыз калган киши да ааламдын түзүлүшүн жана тартибин карап Жаратканга ишенүүсү керек деп эсептейт.


- Имам Матуриди исламдагы белдүү окумуштуу катары белгилүү. Бирок анын жазган эмгектеринин көпчүлүгү азыркы күнгө чейин жетпей, сакталбай калган. Анын «Тавилатул-Куран» аттуу тафсир китеби менен ааламда жалгыз нускасы болгон «Китабут-тавхид» аттуу акыйда китеби гана азыркы күнгө чейин жеткен. Ушул эки китепте эмнелер камтылган? Алар ушул багыттагы башка эмгектерден эмнеси менен өзгөчөлөнөт?

- Имам Матуриди калам, мазхабдар тарыхы, тафсир, Куран илимдери, фикх жана башка багыттарда бир топ эмгектерди жазган. Ислам булактарында имам Матуридинин калемине таандык болгон 14 китеп эскерилген. Булардан башка ага таандык деп көрсөтүлгөн онго жакын эмгек эскерилет. Бирок бул маалыматтар такталган эмес. Имам Матуридинин эки гана эмгеги, «Китабут-тавхид» менен «Тавилатул-Куран» аттуу китептери бизге чейин келип жетти.

«Китабут-тавхид» – Матуридинин калам жана акыйда боюнча көз караштарын камтыйт. Муну менен бирге башка ислам мазхабдары жана кээ бир диний агымдар жөнүндө да маанилүү маалыматтар берилген. Бул китеп матуридилик мазхабынын негизги булагы болуп саналат. «Китабут-тавхиддин» жалгыз нускасы Кэмбриж университетинин китепканасында.

Ал эми «Тавилатул-Куранды» Матуриди өз колу менен жазган эмес. Анын айткандарын шакирттери жыйнап, китеп кылышкан. Бул нерсе «Тавилатул-Куран» Матуридиге таандык эмес дегенди билдирбейт. Себеби китептин ичинде орун алган маалыматтардын Матуридиге таандык экенинде шек жок.

«Тавилатул-Курандын» кыркка жакын кол жазма нускасы бар. Алардын басымдуу бөлүгү Түркияда. Ошондой эле Сирияда, Египетте, Англияда жана Германияда да бар.

Бул эмгекте Куран аяттары чечмеленген. Аяттарды чечмелеп түшүндүрүүдө учурдун шарттары, ой жүгүртүү жана бүтүндүк негиз алынган. Тафсир, калам, фикх жана фикх усулуна, ошондой эле башка мазхабдар менен диндердин көз караштары да берилген. «Тавилатул-Куран» бул багытта жазылган эмгектерге үлгү болгон.

- Ислам ой жүгүртүү тарыхына маанилүү салым кошкон имам Матуридинин ой пикир жана көз караш дүйнөсүн изилдөө, үйрөнүү жаатында Кыргызстанда бүгүнкү күндө кандай иштер жүргүзүлүүдө?

- Азыркы күндө аз да болсо бул багытта иштер жүргүзүлүп жатат. Жакында эле Ош мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесине арналган "Орто Азиянын улуу аалымы имам Матуридий жана анын окуусунун азыркы күндөгү актуалдуулугу" аттуу онлайн илимий конференция уюштурулду. Матуридилик-ханафилик боюнча аз да болсо китептер, илимий иштер жазылып, котормо китептер да жарык көрдү.

- Учурда ханафий-матуридийлик кыргыз коомчулугуна толук жеттиби? Ал кандай колдоого алынууда?

- Учурда ханафилик-матуридилик кыргыз коомчулугуна толугу менен жетти деп айтуу кыйын. Ошентсе да бул багытта иш-аракеттер уланууда. Ханафилик-матуридилик мазхабынын негизги эмгектерин, айрыкча имам Матуридинин жогоруда аты аталган эки китебин кыргыз тилине которуп, элге жеткирүү матуридиликтин таанылуусуна өбөлгө түзмөк.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG