Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:03

Баптизмдин тамыры жана өзөгү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Биз жана дин» түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында протестант агымынын эң ири багыттарынын бири болгон евангелдик-христиан баптисттер жөнүндө кеп кылабыз.

Канатбек Мурзахалилов макаланы бир канча тарыхый булактардан алынган маалыматтардын негизинде даярдады.

Баптизм XVII кылымдын башында Батыш Европада пайда болгон. Анын негиздөөчүсү англичан дин кызматкери Жон Смит.

Христиан динин кабыл алып жатканда “аң-сезими жетиле элек болгон” деген жүйө менен айрым реформаторлор мурда чөмүлтүлгөн (крещение) адамдарды кайрадан табынуудан өткөрүшкөн. Смит да бул идеяны өзүнүн окуусунун башкы эрежесине айландырган. Ал 1609-жылы 36 жактоочусу менен бирге Амстердамда жаңы чиркөөнү түзгөн. Бул датаны баптизм окуусу пайда болгон жыл деп атаса болот.

Баптизм окуусунун негиздери

XVII кылымда Голландияда, Англияда, Батыш Европанын башка өлкөлөрүндө жана Америкада кеңири жайылган баптизм ар түрдүү протестанттык идеялардын таасирине кабылуу менен ар кандай багыттарга бөлүнө баштаган.

1905-жылы Лондондо өткөрүлгөн Бүткүл дүйнөлүк христиан баптисттеринин 1-съездинде баптизмдин окуусунун негизи катары апостолдук ишенимдин символдору бекитилген. Ал жети принциптен турат. Алардын башкысы - Инжил.

Инжил күнүмдүк жашоонун жана ишеним маселелеринде негиз болуп берүүчү бирден бир булак катары каралат. Анда бирдиктүү дүйнөлүк чиркөө, чөмүлтүү, жамааттык руханий жана практикалык маселелердеги өз алдынчалык, алардын тең укуктуулугу, жалпыга бирдей ыйыктыгы айтылат. Мындан сырткары динге ишенгендер жана ишенбегендер үчүн абийир эркиндиги, чиркөөнүн мамлекеттен бөлүнүшү тууралуу да эреже бар.

Баптисттер Кудайдын Үчилтиктигине, Ыйса Машаяктын адамдык табиятына, анын адамдарды куткаруу үчүн курмандыкка баруусуна, тирилүүсүнө, асманга көтөрүүлүсүнө жана кайра келүүсүнө ишенишет. Адамдардын күнөө менен жаралышына, өлгөндөн кийинки жашоого, тозок жана бейиш бар экендигине ынанышат. Алар адам жана Кудайдын ортосунда эч кандай ортомчу болбошу керек деп санашат.

Ыйык Жазуу баптисттер үчүн ишенимдин бирден-бир булагы. Көпчүлүк баптисттер Ыйса Машаяктын курмандыкка баруусу “адамдардын чектелген бөлүгү үчүн гана жүргүзүлгөн” деген кальвинисттик доктринаны таанышат. Баптисттер адам руханий жактан эркин болуу менен өзүнүн акыл-эсине жараша Инжилди чечмелөөгө акылуу деп эсептешет.

Баптизмдин диний практикасы

Көптөгөн протестанттык уюмдар сыяктуу эле баптизмдин негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири - адамдын акыл-эси толук жетилген мезгилде чөмүлтүү. Дагы бир маанилүү жөрөлгө - тазалоо (причащение). Адатта ал айына бир жолу жүргүзүлөт. Көпчүлүк жамааттарда тазалоого баптизмди кабыл ала элек адамдар да катыша берет.

Баптизмде сырдуулук жок. Чөмүлтүү ишенимдин символу болсо, тазалоо Ыйса Машаяктын шакирттери менен бирге акыркы жолу кечки тамактануусун, анын азап тартуусун, өлүмүн символикалуу эскерүү болуп саналат. Чөмүлтүү адам диндин негизги жоболору менен таанышкан соң, аны кабыл алууга даяр болгон мезгилде сууга толугу менен чумкуу аркылуу жүргүзүлөт.


Баптисттик жамааттарда никеге туруу жана сөөк коюу жөрөлгөлөрү жүргүзүлөт. Баптисттердин жыйындары өткөрүлгөн аудиторияларда Ыйык Жазууну окууга, диний үгүттөргө өзгөчө көңүл бөлүнөт. Сыйынуу учурунда музыкалык аспаптар колдонулат.

Баптисттик чиркөөлөрдүн ички жасалгасы өтө жөнөкөй болот. Ал диний насааттарды айтууга арналган кафедрадан, нанды бөлүштүрүү үчүн коюлган столдордон, чөмүлтүүчү баптистериялардан жана сыйынуучулар отуруучу орундуктардан турат. Кээ бир чиркөөлөрдө альтарлар, айкаш жыгачтар, дубалдардагы сүрөттөр да бар. Дин кызматкерлери, хордо ырдоочулар өзгөчө кийимдерди кийишет. Сыйынуулар жана жыйын учурунда шамдар жагылат.

XIX к. чейин баптисттик чиркөөлөрдө Ыйса Машаяктын туулган күнү менен Пасха белгиленген эмес. Кийинчерээк алар майрамдала баштаган.

Чиркөөнүн түзүлүшү

Баптист дин кызматкерлеринин сакралдык жана бийлик жүргүзүүчү ыйгарым укуктары жок. Алар пастордук жана диакондук кызматтарга шайлоо жолу менен келишет. Диний жамааттарды дин кызматкерлери эмес, жөнөкөй адамдар жетектешет. Ар бир жамаат чиркөө кызматына аялдарды аралаштырууну өздөрү чечишет. Алар өз алдынча, көз каранды эмес автономдуу уюм болуп саналышат.

Көпчүлүк баптисттик уюмдар региондун, өлкөнүн же өлкөлөрдүн тобун бириктирген бирикмелерге киришет. Бүгүнкү күндө баптисттердин көптөгөн чиркөө кеңештери бар. Бул уюмдар миссионердик, агартуучулук, кайрымдуулук ишмердүүлүгүн бирдикте жүргүзүшөт.

Дүйнө боюнча баптисттердин жалпы саны 35 – 41 миллион адамды түзөт. Бирок формалдуу түрдө баптисттик уюмдардын мүчөлөрү болуп саналбаган балдарын кошкондо 100 миллион адамга жакын деп айтылат. Анткени баптисттерде балдар чиркөөнүн мүчөсү катары каралбайт. Адатта динди кабыл алуу баптизмде 12-14 жаштан башталат. Баптисттердин 3/2 бөлүгү АКШда жашашат. Алар АКШ калкынын 19% жакынын түзүшөт.

Кыргызстандын аймагындагы баптизм

Баптизм Кыргызстанда 1882-жылдан баштап Орус империясында жашаган немис улутундагы баптист – меннониттердин көчүп келүүсүнөн улам пайда болгон. Алгач алар Чүй жана Талас өрөөндөрүндө өзүнчө кыштактарда жашашкан. 1905-жылы Орус империясында дин эркиндиги боюнча декреттин кабыл алынышы менен баптисттер миссионердик ишмердүүлүгүн жандандыра башташкан. Мындай абал Совет бийлигинин алгачкы жылдарында сакталган. Кийинчерээк Совет Союзунда бардык диндерге тыюу салынган.

1930-жылдары баптисттик уюмдар расмий түрдө ишмердүүлүгүн токтотушкан. Ачык чогулуштар өткөрүлбөй калганы менен чакан топтор үйдө сыйынууларды уланта беришкен.

1944-жылы протестанттык чиркөөлөрдүн ичинен жалгыз гана баптисттер расмий катталып, мыйзамдуу ишмердүүлүк жүргүзүүгө укук алышкан. Евангелдик-христиан баптисттеринин кеңеши түзүлүп, ага башка протестанттык агымдардын өкүлдөрү да киришкен.


1980-жылдын аягында Фрунзе шаарындагы баптисттердин чиркөөсүндө 2 миңге жакын сыйынуучу болгон. Алардын үчтөн экисин орустар, калганын немис улутундагылар түзүшкөн. Кант менен Токмок шаарларындагы чиркөөлөргө миңге жакын адам келип, алардын басымдуу бөлүгү немистер болгон.

Кыргызстандагы Евангелдик-христиан баптисттер кеңешинин төрагасы Александр Шумилин буларды айтты:

“Учурда Кыргызстандагы баптисттердин башын бириктирген Евангелдик-христиан баптисттердин кеңеши өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Анын курамына өлкөнүн бардык аймактарында иш жүргүзгөн, Дин иштери боюнча комиссиядан каттоодон өткөн кырктан ашуун чиркөө, “Үмүт нуру” боорукердик миссиясы, Бишкек Инжил коллежи кирет.

Александр Шумилин
Александр Шумилин

Кыргызстандын ар бир калктуу конушунда жамааттарыбыз бар. Баптисттик уюмдардын мүчөлөрү жыйырмадан ашуун улуттун өкүлдөрүнөн турат. Чиркөөлөрдөгү сыйынууларга пасторлор жетекчилик кылышат. Ал эми диакондор диний жөрөлгөлөрдү аткарууга көмөктөшөт. Сыйынууларда жалпы ырдоо, топтук ырдоо, кудайдан христиандар үчүн тиленүү жүргүзүлөт. Башка динди тутунгандар менен баптисттер ар дайым тынчтыкта жана ынтымакта жашоону каалап келишкен.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда евангелдик-христиан чиркөөлөрүнүн ассоциациясы бар. Ал жети протестант багытындагы кеңештерден турат. Бул кеңешке 300гө жакын түрдүү диний уюмдар кирет. Мындан тышкары мамлекеттин алкагында Дин комиссиясынын платформасында түзүлгөн Дин аралык кеңештин курамына башка көптөгөн диний бирикмелер катары мүчөбүз. Учурда өлкөдөгү диний багыттардын бири-бири менен алакасы тынчтык жана түшүнүү жолунда”.

Белгилей кетсек, баптисттердин сыйынуу үйлөрүндөгү жөрөлгөлөр эки тилде: эртең менен орусча, түштө кыргызча жүргүзүлөт. Ал эми өлкөнүн түштүгүндө өзбек тили да колдонулат. Баптисттик уюмга жаңы мүчөлөрдү тартуунун негизги жолдору - Инжилди жайылтуу жана кайрымдуулук иштери.

Өздөрүнүн диний окуусун жайылтууга баптисттердин бардыгы милдеттүү. Анын негизинде 2000-жылдын башынан бери баптисттерге байланыштуу диний негиздеги чыр-чатактар өлкөнүн бардык аймактарында катталып келе жатат.


Диний ишмердүүлүктөн тышкары баптист жааматтары кайрымдуулук иштерин аткарышат. Алар балдар үчүн жайкы лагерлерди уюштуруп, орус жана кыргыз тилдериндеги адабияттарды таркатып, чет жактагы райондорго гуманитардык жардам жеткирип турушат.

Жүргүзүлүп жаткан долбоорлорду ишке ашырууда уюмдун мүчөлөрүнөн чогултулган каражаттар менен жардам жетишсиздик кылат. Ошондуктан баптисттердин жергиликтүү уюму сырттан, АКШдагы жана Батыш Европа өлкөлөрүндөгү баптисттик жамааттардын эсебинен да каржыланат. Чет элдик миссионерлер да жергиликтүү уюмга донорлук кылып келишет. Диний үгүт жүргүзүүчүлөр Германиядан, АКШдан, Англиядан, Канададан, Австриядан, Голландиядан келип турушат.

Кыргызстандагы евангелдик-христиан баптисттер кеңеши Евразиялык евангелдик-христиан баптисттер кеңешинин федерациясынын курамына киришет. Дүйнөлүк баптисттердин альянсы жана Европа баптисттик федерациясы сыяктуу уюмдарга мүчө эмес.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG