Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Иудаизмдин тарыхы жана өзгөчөлүктөрү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Азаттык» радиосунун «Биз жана дин» түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында монотесттик диндердин бири болуп саналган, еврей элине гана таандык болгон иудаизм жөнүндө сөз кылабыз.

Иудаизм окуусунун пайда болушун, анын диний жөрөлгөлөрүн, дүйнө жүзүнө таралышын, бүгүнкү күндөгү Кыргызстандагы абалын иликтейбиз.

Дүйнөдөгү монотеисттик диндердин ичинен иудаизм - б.з.ч. эки миң жылдыкта пайда болуп, олуттуу өзгөрүүлөргө учурабастан сакталып келе жаткан диндердин бири.

Иудаизм термини еврей элинин ичиндеги иуда бирикмесинин атынан алынган. Тар мааниде алганда, иудаизм еврей урууларынын арасында пайда болгон динди түшүндүрөт жана еврей элине гана таандык улуттук дин катары эсептелет. Кененирээк мааниде болсо иудаизм – бул миңдеген жылдар бою еврей элинин жашоо турмушун аныктап келген укуктук, моралдык-этикалык, философиялык, диний түшүнүктөрдүн комплекси.

Иудаизм ишениминин пайда болушу

Диний уламыштарга ылайык, «жаратуучу еврей элине өз окуусун жиберүү менен аларга улуу миссияны – жалпы адамзатка үлгү болууну ыйгарган» деп айтылат. Еврейлердин кудай тарабынан тандалып алынгандыгы жөнүндөгү идея алардын ортосундагы келишимге ылайыкталган. Тагыраак айтканда, башка элдер көптөгөн кудайларга, башка ишенимдерге сыйынып жүргөндө еврейлер биринчи жолу жалгыз кудайдын жолуна түшкөн жана монотеисттик ишенимди негиздешкен. Бул элдин тарыхын чагылдырган бирден-бир маалымат булагы болуп Инжил эсептелет.

Москвадагы синагога.
Москвадагы синагога.

Инжилдеги диний маалыматтар боюнча, иудаизмди негиздеген Ибрагим пайгамбар биринчи жолу кудай менен «ыйык келишим» («брит») түзгөн. Ага ылайык, еврейлер кудайдын осуяттарын кынтыксыз аткарууга («мицвот») милдеттенген. Ал эми кудай Ибрагим пайгамбардын тукумдарын коргоого убада берүү менен аларга Ханаан жерин (Палестина) ыйгарган.

Иудаизм дининдеги түшүнүккө ылайык, «бриттин» мезгилинде еврейлер алдын-ала айтылган олуялыктар жана белгилер боюнча Египетте 400 жыл кулдукка туш болушкан. Ал жактан б.з.ч. XIII кылымда Муса пайгамбардын жетекчилиги астында Ханаан жерине кайтып келишкен. Кайтуу 40 жылга созулуп, көптөгөн азаптар менен коштолгон. Ал эми Израил жерине болсо «эркин адамдар» гана жеткен. Жолдон, Синай тоосунан Кудай (Яхве) еврей элине Муса пайгамбар аркылуу «Тооратты» (мыйзам) же Мусанын «Беш китебин» тартуулаган.

«Синай ачылышы» деп аталган акт еврей элинин толук бойдон иудаизмге өтүшүнүн жана анын дин катары калыптанышынын башаты болуп калган.

Тарыхый маалыматтар боюнча б.з.ч. XI кылымдын аягында Сулайман падыша Иерусалимде Яхвеге арнап храм курдурган. Бул храм иудаизмдин башкы храмы жана еврей элинин улуттук баалуулугу болуп калган.

Иудаизм ишениминин негизги принциптери

Өзүнүн баштапкы калыптануу мезгилинде эле иудаизм руханий чөйрөнүн чегинен ашып түшүп, коомдук-саясий жашоого жигердүү аралаша баштаган. Ошол учурда эле иудаизмдин негизги жети элементи калыптанган. Аларга кудай, аалам жана адамдын маңызы жөнүндөгү окуу, Израил калкынын кудай тарабынан тандалганы жөнүндөгү концепция, «Ыйык жазуу», дүйнөбий укук тармагын камтыган диний мыйзамдардын топтому, диний жөрөлгөлөрдүн эрежеси, диний институттардын системасы, моралдык-нравалык мамилелердин кодекси кирет.

Иудаизмдин окуусунун башкы булактары болуп «Ыйык Жазуу» (Инжилдеги Эски осуят) же «Танах» саналат. Ага «Тоорат» же «Беш китеп» (Муса пайгамбарга таандык бөлүм), «Невиим» (Пайгамбарлар), «Кетувим» (Жазуу) деп аталган түрдүү диний жанрды камтыган китептер кирет.

Мындан сырткары, «Талмуд» (окутуу, окуу) деген иудаизмдин укуктук, диний - этикалык көп томдукту түзгөн жобосу бар. Талмудда көптөгөн мифологиялык сюжеттер, элдик ишенимдер, тарыхый, медициналык жана магиялык тексттер камтылган.

Жазуу түрүндө китептердин кабыл алынышына байланыштуу иудей жамаатындагы эркектер үчүн окууну жана жазууну өздөштүрүү милдеттендирилген.

Белгилей кетсек, «Эски осуят» христиан дининдеги Инжилдин биринчи бөлүгүн түзөт.

Иудаизм ишениминин негизин, Синай тоосунда кудай тарабынан Муса пайгамбарга берилген деп саналган төмөнкү он принцип түзөт:

  1. Дүйнөнү жараткан, жападан жалгыз Яхведен башка кудай жоктугуна ыйман келтирүү.
  2. Асмандагы, жердеги, суудагы, жер алдындагы нерселердин элесин кудай катары санабоо, аларга баш ийбөө жана кызмат кылбоо.
  3. Кудайыңдын атын жөндөн-жөн кайталабоо.
  4. Эс алуу күнүн ыйык күн катары өткөрүү, ал күндү кудайга арноо.
  5. Жакшы жашоо үчүн ата-энеңди урматтоо.
  6. Киши өлтүрбөө.
  7. Зына кылбоо (түгөйүнүн көзүнө чөп салбоо).
  8. Уурулук кылбоо.
  9. Бирөөгө жалаа жаап, күбөлүккө өтпөө.
  10. Өз жакындарынын үйүнө, аялына, кулуна, жаныбарларына, дегеле ага таандык болгон нерселерге көз артпоо.

Башка диндер сыяктуу иудаизмде дагы ички бөлүнүү пайда болгон. Алардын арасында эң кеңири тарагандары садукийлик, фарзийлик, эссанийлик, хасидийлик, караим, реформачы, консерватив өңдүү агымдар эсептелинет.

Иудаизмдин диний жөрөлгөлөрү

Иудаизмде ибадат таң, бешим жана шам маалында жасалуучу күндөлүк жана ишемби күнү синагогада болуп өтө турган апталык ибадат түрлөрүнө бөлүнөт. Синагогадагы ибадаттар кеминде он эрезеге жеткен эркек киши чогулганда өткөрүлөт.

Апталык ибадат (Шабат-Сабт) жума күнү күндүн батышы менен башталып, ишемби күнү аягына чыгат. Ишемби күнү от жагууга, иштөөгө, атүгүл транспортту пайдаланууга да тыюу салынат.

Дубалардын эң маанилүүсү болуп саналган 16сы тик турган абалда айтылат. Башкаларын окуп жатканда чөгөлөп, денени термелтип туруу өңдүү кыймылдар аркылуу ишке ашат.

Еврейлер синагогада гана эмес, үйдө да ибадат кылышат

Иудаизмде тамак-ашты колдонууда көп сандаган тыюулар бар. Аларга төөнүн, чочконун, сойлоп жүрүүчүлөрдүн, айрым канаттуулардын этин жана кээ бир азык-түлүктөрдү пайдаланууга уруксат берилбейт. Бул тыюулардын көпчүлүгү азыркы учурдагы чарба ишмердүүлүгүнө эч кандай байланышы жок жана диний гана мүнөзгө ээ.

Байыркы мезгилдерден калган тыюулардын бири - канды тамак-ашка колдонбоо. Ошондуктан иудаизмде мууздалбаган (каны агызылбаган) малдын этин жегенге болбойт.

Жаңы төрөлгөн балдарды сүннөткө отургузуу үрп-адаты - иудаизмдин ажырагыс бир бөлүгү. Инжил боюнча, ал Ибрагим пайгамбардан башталган. Бул жөрөлгөнү аткарууга ага кудай тарабынан буйрук берилген.

Еврейлер бак-дарактарды, тоолорду, булактарды жана ыйык мамыларды (ашер) ыйык санашат.

Иудаизмде Рош Ашона, Ём Кипур, Песах, Шавуот, Суккот, Симха Тора, Пурим, Ханукка сыяктуу диний жана улуттук майрамдар бар.

Дүйнөдөгү азыркы мезгилдеги иудаизм

Учурда иудаизм бүткүл дүйнөгө тараган. Ага табынган кишилердин дээрлик баары еврей улутундагылар.

Иудаизмде активдүү прозелитизм жана миссионердик ишмердүүлүк жокко эсе. Башка диндегилердин иудей жамаатына кошулушуна («гиюр») уруксат берилгени менен ал татаал жараян.

Прозелиттер («гера») атайын жөрөлгөлөрдү аткарган соң гана еврей болуп калышат. Бирок аларга еврей эмес экендиги жөнүндө сөз кылууга тыюу салынат. Ошентсе да еврейлерден айырмаланып тургандыгын ачык көрсөтүп келишкен бир катар топтор да бар. Аларга караимдерди, самаритиандарды жана Африкадагы (Эфиопия, Замбия, Либерия), Түштүк-Чыгыш Азиядагы (Мьянма, Индия, Жапония), АКШдагы чакан топторду кошууга болот.

Иудейлердин азыркы учурдагы саны боюнча статистикалык маалыматтар так эмес. Дүйнө жүзү боюнча алардын саны 15 миллиондон ашуун адамды түзөт. Бул көрсөткүч Экинчи дүйнөлүк согуштун алдындагы көрсөткүчкө барабар. Холокост убагында фашисттик концентрациялык лагерлерде еврейлердин дээрлик үчтөн бири жок кылынганы белгилүү.

Иудейлердин жамааттары дүйнөнүн 80ден ашуун өлкөсүндө бар. Азыркы убакта еврейлердин басымдуу бөлүгү АКШда, Израилде жашашат. Мындан сырткары Орусияда, Францияда, Украинада, Канадада, Улуу Британияда, Аргентинада, Бразилияда, Түштүк Африка Республикасында, Австралияда, Венгрияда еврейлердин ири топтору бар.

Кыргызстандагы иудаизм

Азыркы Кыргызстандын аймагында еврейлердин биринчи жолу качан пайда болгону жөнүндө так маалыматтар жок.

Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы «Манас» эпосунда еврейлер (жөөттөр) жөнүндө маалыматтар кездешет. Араб авторлорунун эмгектеринде жергиликтүү соодагер еврейлер Ош, Баласагын, Өзгөн жана Улуу Жибек жолунун боюндагы башка шаарларда соода жүргүзүп келгени эскерилет.

Кыргызстандагы азыркы еврей диаспорасы XIX кылымдын экинчи жарымында Орто Азиянын Орусия империясына бириктирилишинен кийин калыптана баштаган.

Учурда Кыргызстанда жалгыз иудаизм диний уюму ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Бишкек шаарында анын бир синагогасы бар.

Орусиянын Калининград шаарындагы синагога.
Орусиянын Калининград шаарындагы синагога.

Раввин Арье Райман өлкөдөгү иудаизмдин ишмердүүлүгү, алардын сандык курамы, диний жөрөлгөлөрү, башка диндер менен болгон байланыштары тууралуу мындай маалымат берди:

«Еврей жааматы Кыргызстанда ондогон жылдар мурда пайда болгон. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Кыргызстанга эваукацияланган калктардын арасында еврейлердин чоң тобу болгон.

Ошол убактан баштап республикада еврей коому уюмдашып, диний жашоосу кайрадан жанданган. Учурда Кыргызстанда болжол менен миңге жакын еврей жашайт. Өлкөдөгү еврейлер салттуу иудаизмди, башка айтканда ортодоксалдуу иудаизмди карманышат.

Диний жөрөлгөлөрүбүз еврей элине тиешелүү салт-санааларда – төрөлгөндөгү, сүнөтткө отургузгандагы, үйлөнүү үлпөтүндөгү, бой жеткендеги жана башка диний ырасымдарды өткөрүүдө белгиленет.

Мындан тышкары көптөгөн диний жөрөлгөлөрүбүздү сыйынуу мезгилинде аткарабыз. Жалпысынан мамлекеттин дин жаатындагы саясатынын алкагында зарыл болгон учурда башка диний бирикмелер менен кызматташабыз.

Еврейлердин диний уюмун мамлекет расмий каттоого алган. Ошондуктан мезгил-мезгили менен түрдүү диндердин катышуусунда өткөн иш-чараларга катышабыз. 20 жылдан ашуун убакыттан бери раввиндик кызматты аркалап, өлкөдөгү иудаизм уюмун жетектеп келем».

«Иудаизм» диний уюму Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан 1996-жылы эсепттик каттоодон өткөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG