Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:16

Кыргызстан Мун сектасынын ишин чектөөнү көздөөдө


Тартип коргоо органдары Мун диний агымынын Кыргызстандагы өкүлдөрү деп шектелип жаткан корей жарандарын өлкөдөн чыгарууну максат кылууда.

Алардын жүйөлөрү боюнча, Түштүк Кореянын жарандары Кыргызстанда мыйзамсыз диний ишмердүүлүк жүргүзүп, ошондой эле кылмыштуу иштерге да барышкан. Ал эми айыпталып жаткан корей жарандарынын өкүлдөрү айыптарды четке кагууда.

Мундан жабыркагандар

Бишкек шаарынын тургуну Сайракан Бобушованын айтымында, анын уулу 2008-жылдары Түштүк Кореянын жараны Ли Чонг Конун Бишкектеги “Ю ти ай глобал” жана “Ю ти ай интернейшнл” деген компанияларында иштечү. Ошол учурда аны компаниянын жетекчилиги Мун чиркөөсүнө тартууга аракет кылат.

- Менин уулумду "эмнеге Мун сектасына кирбейсиң, биздин идеябызды колдобойсуң" деп кыйнашкан. Бардык тартип коргоо органдарын сатып алышып, акча менен баарын чечип келген.

“Ю ти ай глобал” компаниясынын ээси, Түштүк Кореянын жараны Ли Чонг Ко Кара-Балта шаарынын тургуну Индира Жумагулованы машина менен сүзүп кетип, өлтүрүп койгон деп да шектелүүдө.

- Кызды тебелеп кеткен. Анда да министрден бери сатып алышып, “эч нерсе кыла албайсыңар, билгениңерди жасагыла” дешкен. Булар жазасын албай, каалагандай жүрүшөт.

Ал эми анын бир тууган агасы Ли Чонг У учурда 90 жашка таяп калган, түбү кореялык Сан Мён Мун негиздеген “Бүткүл дүйнөгө тынчтык” федерациясынын, же болбосо “Бириктирүү чиркөөсүнүн” Кыргызстандагы өкүлү деп саналат. Улуттук коопсуздук кызматынын билдиришинче, ал федерация кайрымдуулук уюму катары 1996-жылдары Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, бирок иш жүзүндө диний ишмердүүлүк жүргүзүп келген.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Бакыт Осмонов:

- Ислам, христиан жана иудаизм сыяктуу салттуу дүйнөлүк чоң диндер буларды тоталитардык секта деп табышкан. Булар эч качан ачык чыкпайт. “Бүткүл дүйнөгө тынчтык” федерациясы коомдук уюму, “Ю ти ай глобал” жана “Ю ти ай интернейшнл” коммерциялык уюмдарына жашынып иштеп келишет.

Диний эмес, кайрымдулук уюм

УКМК келип түшкөн арыздардын жана оперативдик иштердин негизинде, Мун агымынын диний ишмердүүлүгүнө чек коюу, Корея жарандарын өлкөдөн чыгаруу сунушу менен Башкы прокуратурага кайрылган. Ага ылайык, Башкы прокуратура Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотуна доо арыз берген.

Бирок жума күнү болгон сот отурумунда корей жарандарынын адвокаты коюлган айыптардын баарын четке какты. Адвокат Юлия Булатованын айтымында, “Бүткүл дүйнөгө тынчтык” федерациясы кайрымдуулук менен гана алектенген уюм.

- Бул коомдук биримдик 1996-жылы уюштурулуп, мезгил-мезгили менен Юстиция министрлигинен каттодон өтүп турган. Кооомдук биримдик же федерация тарабынан кайрымдуулук иштер жүргүзүлүп, балдар үйлөрүнө кийим-кече, оюнчуктар жана таттуулар таратылган. Федерация диний жөрөлгөлөрдү жасабайт. Ал эми Ли Чонг Унун жеке ынанымы федерацияга эч кандай таасир этпейт. Федерация тарабынан диний жөрөлгө жасалгандыгы эч кайда тастыкталган жок.

Бул корей жарандарына байланышкан маселе, ай башында парламенттин Коргоо жана коопсуздук комитетинде да чоң талкууну жаратып, депутаттар бул ишти тартип коргоо органдарына катуу табыштаган. Ошондон уламбы, сот отурумуна прокуратурадан тышкары, Улуттук коопсуздук кызматынын, Юстиция министрлигинин жана дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү катышып, корей жарандары боюнча бир пикирди карманышты.
XS
SM
MD
LG