Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:20

Кыргыздын душманы кыргыз


Бүгүн жарык көргөн “Айат” гезити ишмердигине тыюу салынган Мун сектасынын ишмердиги тууралуу жазса, “Учур” гезити памирлик кыргыздар тууралуу макала басты.

Бүгүн жарык көргөн “Айат” гезитине журналист жана юрист Жыргалбек Турдукожоевдин президент Алмазбек Атамбаевге жазган ачык каты жарык көрдү.

Ал жазган каты президентке жетпегенин, бирок "президент катыңыз менен тааныш" деген өңдүү башынан бери келаткан дүжүр жооп алганын айтып келип Жыргалбек Турдукожоев:

- Мен бүгүн Конституциялык укугум бузулду деп эсептеп, аны калыбына келтирүү үчүн мыйзамдуу, цивилизациялуу ыкмаларды колдонуп жатам. Ошондуктан дагы эле жаңыча штегенге көнө албай жаткан, бөрк ал десе баш алгандан кайра тартпаган, сабатсыз чиновниктериңизден соттордун менин доомду мыйзамдуу териштирүүсүнө кысым көрсөтпөөсүн өтүнүп коюшуңузду суранам. Дагы бир жолу кайталайын, мага кызмат керек эмес, акыйкаттык, мыйзамдуулук керек. Мага нечендеген курмандык менен келген азыркы бийликтин калыс, адилет, таза иш жүргүзгөнү керек.

Ушул эле “Айат” гезити “Муунду мунжу кылчулар” деген рубриканын алдында “Кыргызстан жаштар уюмунун” өкүлү Мавлян Аскарбековдун маегин басты. Мавлян Аскарбеков мун деп аталган диний секта Кыргызстанга 92-жылы келгенин, бул секта кайсыл мамлекетке келбесин адегенде эле бийлик башында турган адамдарды сатып аларын, келери менен ошол кездеги премьер-министр Турсунбек Чыңгышевди сатып алганын, 2005-жылы Бакиев бийликке келгенде анын туугандарын колго алганын, мун сектасынын бир өзгөчөлүгү секта экенин жар салбай иш жасарын, ар кандай фонддорду, тил үйрөтүү мекемелерин, коомдук уюмдарды каттоодон өткөрүп алып, өз идеологиясын ушулар аркылуу жүргүзүп турарын, буга мисал катары жаштардын башын айланткан ОсО “Крист-Клаб” аттуу корей, англис тилин үйрөтүү курстарын келтирсе болорун айтып чыкты.

Бул уюмдун жетекчиси Бакиевдин убагында мамлекеттик резиденцияны башкарып турган Кубанычбек Төрөханов деген адам болгонун, ал Ахмат Бакиевдин классташы экенин, дал ушул Төрөхановдун көмөгү менен Кореядан келген мун сектасынын өкүлдөрү мамлекеттик резиденцияда чоң чогулуш өткөрүп, ага Турсунбек Акун өңдүү чиновниктер катышканын, мун сектасы Ата Түрк паркынан 5 гектар жерди алышканын, Ли Чон Хе жана Ли Чон Кон деген сектанын ишмерлери кыргыз курулуш институтунун дипломун сатып алышканын, мун сектасынын тамыры улам жайылып отуруп, Жусупбек Бакиевдин фондуна акча которуп турганын, Нарынга мектеп салганын, Бакиевдер мун сектасын ар тараптан колдоп келгенин, айтор эгемендүүлүк келген 90-жылдан баштап акылдуу жаштардын жан дүйнөсүн талкалоо максатында ар кандай секталар иштеп келатканын зар какшап, дал ушул сектанын өкүлдөрүн коргоп келаткандар деп мурдагы өкмөт башчылары Турсунбек Чыңгышевдин, Амангелди Муралиевдин, саясатчылар Виктор Черноморецтин, Равшан Жээнбековдун, мурдагы депутат Рахатбек Ирсалиевдин, финполициянын тергөөчүсү Чыңгыз Мамбеталиевдин жана элге аты белгисиз бир топ кыргыз жарандарынын аттарын атады.

Ушул эле “Айат” гезитине депутат Камчыбек Ташиевдин “Бабанов коррупция менен күрөшпөйт, ал өзү коррупцияга баткан адам” деген маеги жарык көрүп, анысында быйылкы жаз оор болорун, себеби жаңы өкмөт саясий кырдаалды көзөмөлдөөгө кудурети жетпестигин, Бабановдун казинолорду Көл өрөөнүнө көчүрүш керек дегенине караманча каршы экендигин билдирди.

“Айaттын” ушул эле санында депутат Алтынбек Сулаймановдун: “5 миллионду коомчулукка айтарым менен соодалашуу суу сепкендей токтоду” деген аталыштагы маеги да жарык көрдү.

“Учур" гезити бүгүнкү кабарларында “Памир анклавы болсун” деген макаласын окурмандардын ой элегине салуу менен адегенде Памирдеги кыргыздар ким экендиги тууралуу кеңири баяндама берди.

Макалада эң өкүнүчтүүсү жалган чакырыкка жамынуу менен Тажикстандагы эки районду толугу менен ээлеп келаткан кыргыздардын санын азайтып жатканыбызды, ал жактагы кыргыздарды, кыргыздар ээлеп турган аймактарды сактап калуунун ордуна, көчүрүп келиш керек деген кыйкырма саясат жүргүзө берип, тажикстандык кыргыздарды кыргыз жетекчилеринин алысты көрө албган саясатынын курмандыгына айлантып алганыбызды жазды.

Журналист Зулпукар Сапановдун бул макаласы тескерсинче памирлик кыргыздарды Кыргызстанга көчүрүүнүн ордуна ошол жеринде калтыруу менен жардам берүү керек деген маселени койду.

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Калмаматовдун маеги “Абдырахманов ушакчы, аны көрөйүн деген көзүбүз жок” деген ат менен жарыяланды. Бүгүн түрмөдө жаткан үч адам - Д. Юсупов, Д. Оморов, А. Шергазиев дегендер мурдагы спикер Ахматбек Келдибековдун атына кат жазышканын айтуу менен бирге кесиптеши Өмүрбек Абдырахманов ушак менен шугулданарын, анын партиялык тизмеге киришине партиянын бүт активисттери каршы болгонун, бирок “өзү Америкада болсо да биздин партияны колдоп жүргөн” деп Текебаев өз авторитетин салып партиялык тизмеге киргизгенин, “Ата Мекен” партиясынын 1-Май райондук уюму бул кишини партиядан чыгаруу чечимин чыгарганда да төрага вето коюп сактап калганын, акыркы жарым жылдагы бул кишинин жүрүм-туруму партиянын кадыр-баркына шек келтирип, аброюн түшүрүп келатканын жер-жердеги бардык партуюмдар айтып жатканын, эми ал өзү 1-Май райондук уюмдун чечимин партиянын съездине сунуш кылганын жатканын айтып берди.
XS
SM
MD
LG