Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:41

Палестина ыйы качан басылат?


Палестинадагы ракеталык чабуулдар
Палестинадагы ракеталык чабуулдар

Узаган аптада дүйнөдө жарык көргөн басма сөздүн дээрлик бардыгы Палестинадагы кандуу кагылышты жана Бразилиядагы Дүйнөлүк чемпионатты талкуулады.

Газа тилкесиндеги кан төгүүлөр эл аралык басма сөздүн башкы темасына айланды. Батыш басылмалары да Израилдин чабуулдарын сындаган макалаларды жарыялады. Лондондо чыккан Evening Standard гезити шаардын батышында Палестинадагы кыргынды токтотууну талап кылган митинг болгонун кабарлайт. Анда эки кабаттуу автобустун үстүнө еврей кийимин кийген киши чыгып, Израилдин агрессиясын токтотууну талап кылган. Акцияга жүздөгөн кишилер катышты. Демонстранттар Лондондун чок ортосундагы Кенсингтон көчөсүн буушуп Газадагы ракеталык чабуулдарды токтоткула деген чакырыкты салышты деп жазат Evening Standard.

Ал эми Кашмирде жарык көргөн Kashmir Dispatch басылмасынын башкы бетинде “Палестинада көз жумган баланын ыйы” деген ат менен наристесинин сөөгүн көтөрүп, аза күтүп ыйлап турган палестин жаранынын сүрөтү басылып чыгып, окурмандардын кызуу талкуусуна түштү. Бейшемби күнү Кашмирдин көчөлөрүнө жүздөгөн студенттер чыгып, Израилди согуштук чабуулдарды токтотууга чакырган митинг өткөрдү деп кабарлайт аталган басылма. Митингге Кашмир Либералдар партиясы баштаган миңдеген кишилер катышып, полициянын кийлигишүүсү менен таркатылган.

Саясатты артка таштаган футбол

Эмнеге футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат геосаясатка караганда маанилүү деген суроону эл аралык басылмалар анализдеп көрдү. The Guardian гезити Африканын мыкты футболчулары Германия баштаган Европа өлкөлөрүнө ташылып жатканын жазып, кийинки Дүйнөлүк чемпионатка азыркы тапта тогуз жаштагы африкалык таланттуу балдар даярдана бериши керек дейт.

Ал эми AlJazeera агенттигинин аналитиги Дүйнөлүк чемпионатты ФИФА башында турган чоң спектакль деп сүрөттөдү. Бул оюндар иудаизм, христиан, ислам, индуизм, буддизм диндерин туткандарды бир талаага чогултуп, Сирияда, Израилде болуп жаткан кан төгүүлөрдү көлөкөлөп коюуда. Дүйнө эли оюндун эрежесин так билип, кынтыксыз сактайт. Саясаттагы интригаларды футбол талаасындагы үндөр басып, ар кыл диндеги ыйыктардын ордун Леонель Месси, Робин ван Перси, Луис Суарез сыяктуу топ тепкичтер ээлейт деп жазды.

The Washington Post гезити болсо «Сыйкырдуу Месси же бириккен Германиябы?» деген макалада Аргентина менен Германиянын беттешүүсүн дүйнө чыдамсыздык менен күтүп, Аргентина чабуулчусу Леонель Мессиден Бразилияны 7-1 эсеби менен ыйлата уткан Германиянын бириккен командасына карата сыйкырын күтүп жатканын жазды. Бул беттешүү миллиарддаган адамдардын көңүл борборуна айланып, дагы миңдеген кишилердин келечек тагдырын жазмакчы. Месси үчүн оюн дүйнөнүн эң кубаттуу футболчусу деген наамды алып бериши мүмкүн. Ал эми Германия үчүн бир нече жылдан бери эл аралык футболдо жоготуп алган аброюн кайтаруу мезгили деп жазды The Washington Post гезити.

“Украина жок болушу ыктымал”

Мына ушундай пикирди Украинанын президенти Петро Порошенконун жаңы кеңешчиси, Грузиянын мурдагы экономика министри Каха Бендукидзе билдирди. "Украинская правда" гезитине интервью берген Бендукидзе: “Украина азыр абдан оор абалда турат, аны дефолт деп жарыялоо өтө жеңил сүрөттөмө. Радикалдуу революция болгону менен ошондой радикалдуу өзгөрүүлөр болгон жок. Азыр Украинанын аймактык бүтүндүгүн сөз кылуу туура эмес. Анткени Крымды алдырып ийип, аймактык бүтүндүгүн сактап кала албады. Мындан ары керектүү иш-чаралар жүрбөсө бүтүндөй бир өлкө жок болуп кетүү коркунучунда”, - деди кеңешчи.

Кытайда калктын саны көбөйүүдө

Кытайда быйыл жылкы жылында жарык дүйнөгө келген наристелер көбөйүп, бала баккычтарга суроо-талап артууда деп кабарлайт China Daily гезити. Наристе төрөлгөн алгачкы айда энесине да жардам берчү кытайча “юу сао” деп аталган бала баккычтын кесиби өзгөчө популярдуу болуп, эмгек акысы да бир топ артты. Мындай жардамчыларды жалдаш үчүн төрөттөн кеминде үч ай мурда таап, келишим түзүп коюш керек. Болбосо жылкы жылында балдардын өтө көп төрөлүүсүнөн улам бала баккычтардын жетишсиздиги артууда.

Алар Шанхай сыяктуу чоң шаарларда айына 7 миңден 11 миң юанга чейин маяна алышат. Кытайлар баланы пландаганда ал төрөлчү жылга өзгөчө көңүл бурушат. Жылкы жылында төрөлгөндөр ийгиликтүү жана таланттуу болот деген ишеним бар деп жазат China Daily.

XS
SM
MD
LG