Линктер

жекшемби, 17-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:57

Агностиктердин кыргыз коомундагы орду


Иллюстрациялык сүрөт. Макалада аты аталган кишилерге тиешеси жок.

Кыргызстанда жаштар арасында динге ыктагандар менен катар агностикалык көз карашка оогондор да көбөйгөнү байкалууда.

Улуттук статистикада азырынча агностиктердин эсеп-көрсөткүчү жок. Өлкөдө агностицизмге байкоо жүргүзгөн эксперттерди да табуу кыйын.

Агностицизм деген эмне, агностик деген ким?

«Агностицизм» термининин көптөгөн академиялык түшүнүктөрү бар. Жөнөкөйлөтүп, бир сөз менен айтканда, агностицизм - кудайдын бар экендигин тастыктабаган да, аны төгүндөбөгөн да философиялык концепция. Бул термин XIX кылымдын аягында британиялык окумуштуу Томас Гексли тарабынан колдонула баштаган. Ал жекече дүйнө таанымдык позициясын белгилеш үчүн «агностик» деген сөздү пайдаланган.

Гексли өзүнүн «Агностицизм» деген китебинде: «Качан мен интеллектуалдык жактан жетилгенде, өзүмө «Мен киммин?» деп суроо бере баштадым – атеистпи, теистпи же пантеистпи, материалистпи же идеалистпи, Ыйсанын жолун жолдогон машаякчымынбы же эркин ойлонгон адамбы? Акыркы айтылган сөздөн башка мага эч кайсы түшүнүк туура келген жок деген бүтүмгө келдим», деп жазган.

Гекслинин аныктоосу боюнча, агностик - кудайдын бар экендигин танбаган, кайсы бир динге же диний ишенимге шек саноо менен мамиле кылган адам.

Адистердин тыянагына таянсак, агностиктер кудайдын же жогорку Абсолюттук күч/Трансцендент бар экендигинен күмөн санап, аны түшүнүү мүмкүн эмес деген көз карашты карманышат. «Кудайды түшүнүүдө диндер толук чындыкка ээ эмес» деген пикирде болушат. Алардын кээ бирлери кудайга жан дүйнөсүндө, акылында сыйына тургандыгын айтышат. Ал эми айрым агностиктер «чындык жок, биз өз көз карашыбызды эркин билдирүүгө укугубуз бар» деп эсептеп, «кудайга ишенбейбиз, бирок кудайдын кээ бир мыйзамдарына ишенип, баш ийебиз» деген пикирде болушат.

Баянды бул жерден угуңуз:

Агностиктердин кыргыз коомундагы орду
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:20 0:00

Адистердин талдоосу

Вита Титаренко, Украинанын Илимдер академиясынын дин таануу бөлүмүнүн улук илимий кызматкери, философия илимдеринин доктору агностиктердин атеисттерден айырмасы менен жалпылыгын мындайча түшүндүрдү:

Вита Титаренко.
Вита Титаренко.

«Атеизм – бул жогорку күчтүн бар экендигин толук тануу, адам таануунун эң татаал бөлүмдөрүнүн бири болуп эсептелет. Ал эми агностицизм - атеизмдин интеллектуалдуу чынчыл формасы. Атеисттердин «кудай жок» деп ырасташканы - алар үчүн талашсыз чындык болуп, өздөрүнүн ким экенин тастыктай турган мүмкүнчүлүк. Агностиктер болсо «кудайдын бар экендиги далилденбейт жана четке да кагылбайт» деп айтышкандыктан, биз анын бар же жок экендигин билбейбиз. Бул жагынан алганда, балким, алар туура айтышат. Тажрыйбанын, түздөн-түз байкоо жүргүзүүнүн, изилдөөнүн негизинде да кудайдын бар же жок экендиги далилденбейт, ал четке да кагылбайт.

Агностиктер - атеисттер эмес. Алар атеисттер менен динчил адамдардын ортосундагы көз карашты карманышат. Социологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө да агностиктерге мүнөздүү же аларга тиешелүү болгон өзгөчөлүктөргө ээ болгон адамдарды табыш кыйын. Ал үчүн жок эле дегенде агностиктер ким экенин билиш керек. Жалпылап айтканда, ар бир адам агностик болуп калышы мүмкүн. Тарыхтан көптөгөн агностиктердин ысымдарын таба алабыз. Эйнштейн, Бертран Рассел, Кант, Дарвин... Алар ар башка адамдар, бирок аларды чыгарган чечимдери менен өз пикирлерине бекем болгондугу бириктирген».

Михаил Ситников, орусиялык публицист, «Религиополис» дин таануу изилдөө борборунун интернет-ресурсунун башкы редактору:

«Агностик «кудайдын бар же жок экендигин билбейм, бирок бардык эле акыл-эстүү адамдар сыяктуу, кудай менин аң-сезимимден сыртта болгондуктан, балким ал бар болушу мүмкүн» деген түшүнүктү карманат. Атеисттерден айырмаланып, агностиктер чынчыл болушат. Себеби, атеисттердин арасында татыктуу жана жакшы кишилер көп экенине карабастан, тилекке каршы, алар билип туруп эле же болбосо эч кандай далил келтирбей эле «кудай жок» деп айтышат.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Агностиктер дайыма жашоонун маңызын издөөнүн үстүндө жүрүшөт. Алар бардык нерселерден күмөн санап, дайыма өзү үчүн жаңы нерселерди билүүгө аракет кылышат. Бүтүн бир мааниде алып караганда, агностиктерди өз динин тараткан миссионерлер үчүн кандайдыр бир «сыноо полигону» деп да эсептесек болот. Бул ислам миссионерлерине, христиан миссионерлерине, бутпарас миссионерлерине тиешелүү. Агностиктерди алар үчүн өз динине тартууга боло турган негизги олжо катары сыпаттасак да болот. Жыйынтыктап айтканда, агностиктерге коомчулук сабырдуулук менен бир кылка эле мамиле кылат».

Агностиктер арасында жаштар көп

Кыргызстанда Улуттук статистикалык комитет жүргүзгөн изилдөөлөрдө эреже катары атеисттердин саны гана эсепке алынат, ал эми агностиктер бөлүнүп көрсөтүлгөн учуру жок.

Мындан тышкары, жарандардын кайсы динге тиешелүү экендигин аныктоо боюнча жалпы мамлекеттик масштабда социологиялык изилдөөлөр бүгүнкү күнгө чейин жүргүзүлө элек. Байкоо көрсөткөндөй, учурда агностикалык көз карашты кармангандардын басымдуу көпчүлүгүн жаштар түзөт.

Алена Кистанова, Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин студенти:

- Жогорку окуу жайына тапшыргандан баштап дүйнөдөгү түрдүү элдердин диндерин терең окуй баштадым. Анан мен бардык диндердин башаты бирдей экен деген жыйынтыкка келдим. Диндер кайсы жерде, кандайдыр бир нерселердин таасири аркылуу пайда болгонуна жараша өзүнчө мыйзамдары, сыйынуу жөрөлгөлөрү, эрежелери менен айрымаланат деп түшүндүм. Ошондуктан мен кудай бар, бирок диндердеги мыйзамдар менен эрежелерди адамдар ыңгайына жараша, өзүн-өзү сооротуу максатында түзүп алган деп эсептейм.

Асан Талгатов, Бишкек шаарынын тургуну:

- Агностик айлана-чөйрөдө кандайдыр бир диний негиз бар экендигин танбайт, бирок жетиштүү далилдер жок болгондуктан, аны шексиз чындык катары кабыл алууга даяр эмес. Ошондуктан «Адамдын жашоосунун маңызы эмнеде?» деген суроого жооп издеп, мен акылдуу деп эсептеген, өзүм ишенген адамдарга кайрылдым. Кээ бирлеринин пикирине каршы болдум. Акырында ушул жашоо философиясына токтолуп, өзүмдү ээн-эркин сезе баштадым.

Коомдо агностиктерди жектөө байкалбайт

XX кылымдын 90-жылдарынан тартып Кыргызстан эгемендикке жеткенден кийин СССР мезгилиндеги мамлекеттик идеологиянын негизин түзгөн атеисттик көз караштар бир топ солгундап, диний куугунтук токтотулган. Өлкөдө дин эркиндиги, диний көп түрдүүлүк менен диний плюрализм орун алды. Анын натыйжасында учурда кыргыз коому динге ишенгендерден, дүйнөбий принциптерди кармангандардан, атеисттерден жана радикализмди жактагандардан турат.

Түрдүү диндердин сыйынуучу жайларынын элестери.
Түрдүү диндердин сыйынуучу жайларынын элестери.

Учурда өлкөдө үстөмдүк кылган дүйнөбий мамлекет принциптеринен улам диний системанын ажырагыс бөлүгү катары каралып жаткан агностицизм феномени жөнүндө маалыматтын жетишсиздиги, агностикалык көз карашты карманган мекендештерибиз үчүн бир кыйла ыңгайлуу шарт түзүп жатканын белгилей кетсек болот. Кыргыз коомчулугунун агностиктерге болгон мамилеси бир типтүү болуп, эч кандай жектөө же сабырсыздык менен мамиле кылган учурлары практика жүзүндө байкала элек.

Алена Кистанова, Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин студенти:

- Агностикалык көз карашты түшүнгөн кишилер бул нерсеге кадыресе көрүнүш катары карашат. Бирок биздин коомдо агностицизмге байланышкан маселе бар. Сенин агностик экенинди угуп же билип калган адамдар сени туура эмес түшүнүп, атеизм менен алмаштырып алышат. Көпчүлүк кишилер агностиктер менен атеисттер эки башка адамдар экендигин билишпейт. Учурда Кыргызстандагы жаштардын көпчүлүгү кандайдыр бир деңгээлде бизди түшүнөт. Улуу муундун өкүлдөрү бизден чочулап турушат.

Асан Талгатов, Бишкек шаарынын тургуну:

- Менин айланамдагы адамдар, эң ириде ата-энем башында мени түшүнбөй жүрүштү. Азыр болсо жакын саналааш досторумдун дээрлик баары агностиктер. Ал эми коомдун бизге болгон мамилеси ар түрдүү. Кээ бир диний фанаттар бизди «караңгылыкка жетелеген» кишилер дешсе, шаардагы жаштардын басымдуу бөлүгү бизге түшүнүү менен мамиле кылышат.

Жыйынтыктап айтканда, коомчулуктагы диний, улут аралык жана башка себептерге байланыштуу түрдүү терс түшүнүктөрдөн агностиктер да четте калбайт. Алар үчүн ыӊгайсыздык көбүнчө үй-бүлөсү менен тегерегиндеги адамдардын арасында болот.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (54)

XS
SM
MD
LG