Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Кудайга айкөлдүктүн булагы катары карайлы...


Калайыкты өз динине тартуу үчүн жалган маалыматты курал катары колдонууга мүмкүнбү? Адеп-ахлакты кантебиз? Дин таануу жана философия менен алектенген жаш илимпоз Элмура Кочкор уулунун кезектеги блогу.

Алгы сөз

2003-жылдары, апасы Куран окуп жатканына карабастан, музыканын дабышын катуу чыгарып угуп, апасына жолтоо болуп, апасы дабышын азайтып алуусун суранган учурда кыжырданып, ыйык Куран китепти тепсеп салгандыгынан улам, Кудайдын каарына калып, бир бейбаш кыз маймыл сыяктуу макулукка айланып калгандыгы тууралуу бир сүрөт Кыргызстанда колдон-колго, айылдан айылга таркаган.

Тасма. Түркияда таркалган үгүт видеосунан үзүндү. 2009.

Мындайча айтканда, дааватчылар муну менен Кудайдын буйруктарына одоно мамиле кылгандыгынын айынан анын каарына калган учурда эмне балээ-балакет болуп кетиши ыктымалдыгын көрсөткүлөрү келген го, чамамда.

Ал кезди эстейм, жаш бала болчумун. Ошол жылдары электен өтпөгөн диний сезимдер кеңири жайылып, көпчүлүктүн аң-сезиминде салмагын сала баштаган эле. Мындан улам, өтө көп адамдын, өзгөчө, жаш балдардын психологиясы мындай сүрөттөн терс таасир алганы шексиз.

«Демек, Кудай кези келгенде ушунчалык мыкаачы болуп кете берет экен да?» деп санааркап ойлоп калган элем.

Себеби бул сүрөт камтылган дисктин ичинде намаз окубаган баланын кыйналып жан бергени, дагы башка намаз окубай өткөн жаш баланын сөөгү көрүнө киргизилээри менен жанчыла башталгандыгы, чачынын дароо агарып кеткендиги тууралуу тири шумдук видео материалдар бар эле.

Өзү таптакыр түрү суук видео заттарды жүктөгөнү аз келгенсип, буга Курандын айрым аяттарынын арапча окулушун кошуп монтаждашкан экен...

Пэтрисия Пиччинининин “Булгаары пейзажы” эмгегин бурмалаган арапча үгүт маалыматы. 2005.
Пэтрисия Пиччинининин “Булгаары пейзажы” эмгегин бурмалаган арапча үгүт маалыматы. 2005.

Бул тири шумдук видеолордун таасиринде бир канча жыл көңүлүм чөгүп жүрдүм.

Кийин атайын диниятчылык билимим тереңдеген сайын, мындай тири укмуш окуялардын динге таптакыр тиешелүү болбогондугун аңдай баштадым.

Мен билгенден азыр деле өлкөбүздө Кудай ушундай, тил албаган пендесине аябай мыкаачылык көрсөтөт деп коркутуп-үркүткөн түшүнүктү жайылтуудан арыла албаган «дин күрөшчүлөрү», алардын маалыматын көрүп чочуп калган абдан көп эже-карындаштарыбыз, ага-инилерибиз бар.

Балким, аларга пайдасы тийип калаар деп ой бөлүшүп жатам.

Мындай материалдарды камтыган дисктер, чамамда, жок эле дегенде оң миңдеп сатылган.

Жалпысынан алганда, «Намаз окуу, Куран окуу сыяктуу бир канча жөрөлгөлөрдү аткарбаган пенде мына ушундай каарга калат», –– деген түшүнүктү алар табити начар, ыплас, түркөй материалдар аркылуу таңуулап кеткен.

Албетте, ал учурда «Деги, намаз окубаган же ыйык Куран китебин тепсеген кишиге мынча каардуу мамиле кылган Кудай, элдин акысын жеп, милиондогон доллардарды жумуруна салгандарга, акыйкатсыз чечими менен далай момунду какшаткандарга неге анчалык каарын көргөзбөйт, анда?» деген сыяктуу суроолор корккондон ойго деле келбептир.

Аныгында, Куранда мусулманга намаз окууну буюрган аят да бар, башка бирөөнүн акысын жебөөнү да буюрган ага теңдеш аят да бар.

Ал тургай, намазга караганда бирөөнүн акысына аяр мамиле кылуу керектигин эскерген аяттардын саны көп да чыгышы мүмкүн, эсептеп келгенде...

Чын-чынында, ыйык Куранды тепсегендер –– мына ушул жемкор жана залимдер эле го!?

Окуянын чоо жайы

Кыскасы бул маймылга айланды делген кыздын окуясынын чоо жайы жок экенин диниятчылык билимиме таянып айтып жүргөн элем. Мындан сырткары, өткөндө бул окуянын чоо жайына тиешелүү абдан кызык маалыматка туш болдум.

Айтылуу сүрөттөгү маймылга окшоп калган бейбаш кыз дегенибиз –– австралиялык заманбап көркөм өнөр чебери Пэтрисия Пиччинини (Patricia Piccinini) айым тарабынан таптакыр башка темага байланыштуу жасалган айкел болуп чыкты.

Пэтрисия Пиччинини айымдын 2003-жылы уюштурулган көргөзмөгө коюлган “Булгаары пейзажы” (The Leather Landscape) эмгеги. Жалпы көрүнүш.
Пэтрисия Пиччинини айымдын 2003-жылы уюштурулган көргөзмөгө коюлган “Булгаары пейзажы” (The Leather Landscape) эмгеги. Жалпы көрүнүш.

Дини жагынан эч мусулман болбогон Пиччинини айым био-этикалык көйгөйлөрдү көркөм өнөр кубаты аркылуу өзгөчөлөнтүп чагылдырганды жактырган сүрөткер экен.

Кыскасы, «эгерде киши баласы өзүнүн киши катары сыймыгына, ардактуу милдетине шайкеш келбеген мамилеге кабыла берсе, башкача айтканда, био-этика эрежелери сакталбай калса, анда бара-бара адамзаттын тукуму да, башка жаныбарлардын тукуму да мутацияга учурап кетиши мүмкүн. Андыктан ушулар тууралуу эмитеден ой жүгүртүп, акыл калчап, кишиге карата да, ар кандай макулуктарга карата да жасалчу жырткычтык мамилеге каршы туралы», деген маанини берейин деп, 2003-жылы уюштурулган көргөзмөгө “Булгаары пейзажы” (The Leather Landscape) деген таң каларлык аталышы бар ушул чыгармасын койгон экен.

Түп нускада мен макулук менен наристенин ортосундагы өз ара тартылууну чагылдыргым келген болчу. Ал эми исламдаштырылган уламыш сымалда бул макулук кандайдыр-бир жийиркентчүдөй кылынып сыпатталыптыр.
Пэтрисия Пиччинини

Аны исламдагы айрым түркөй дин үгүтчүлөрү башка да түркөй жамаатты корутуп-үркүтүү аркылуу намаз окууга тартуу максатында сүрөттүн авторунан уруксат да сурап отурбастан ар кыл тилдерде өз алдынча таркатып салышкан экен.

Чыгарманы мындай бурмалоонун натыйжасында пайда болгон кудай түшүнүгүнүн азырга чейин кишинин аң-сезимин жазалоочу катары терс маанайда уулап келгенине, мындай кийин да уулай беришине, натыйжада санааркоого кабылып, акыл-эси жабыркаган кишинин эркин ой жүгүртүүдөн, эркин ырахаттанып жашоодон кол жууп калуусуна ким жооп берет?

Мындан кабары болгон соң, автор, Пэтрисия Пиччинини айым, абдан капа болгондугун, мусулман дүйнөсүндөгү айрым түркөй үгүтчүлөр бул эмгектин маанисин таптакыр бурмалап, Йеменде (башка вариантта: Оманда ж.б.) бир арап кызын “поп-музыканы угуп жатканы үчүн кудай ушинтип жазалады” деп колдонуп салышкандыгын да өз учурунда кейип жазыптыр:

Чынында да бул жорук менин намысыма тийди, анткени ал мен айтайын деген ойдун теңирден тетирисин бериптир. Түп нускада мен макулук менен наристенин ортосундагы өз ара тартылууну чагылдыргым келген болчу. Ал эми исламдаштырылган уламыш сымалда бул макулук кандайдыр-бир жийиркентчүдөй кылынып сыпатталыптыр. Сүйүүгө төнгөн карым-катнаш, бул иштин маңызы, таптакыр ойрондолгон экен”.

Кыскасы, келечектеги дистопия (эбегейсиз зор мүшкүлдүн азабын чеккен коом же кырдаал) тууралуу сарсанааларды визуалдаштырган, оор учурда да сүйүүнү, адамгерчиликти унутпагыла дегендей маани жараткысы келген жана аны айрыкча ыкма менен шөкөттөгүсү келген сүрөткердин айтайын дегенин такыр түшүнбөстөн, өзүн диний үгүтчүмүн деп санагандар автордук укукту гана тебелеп-тепсебестен, “бээ” дечү жерде “төө” деп каратып туруп алдап жазып, өз абийирин да жоготушкан экен.

Көрсө, мындай үгүтчүлөр үчүн кишинин ар-намысына шек келтирбөө керектигин туу туткан түшүнүктүн ордуна, сүрөт маңызын жана келип чыгышын бурмалоо аркылуу коркуп-үркүп намаз окуп калган, караңгы аң-сезимге тушалган пенденин оор акыбалын таңуулоо маанилүүрөөк болгон экен.

Караңыздарчы, илим-билимден жана чындыктан узак калууга чакыруу бурмалоого даяр кишини эмнелерге гана алып барып кептебейт?!.

Айтмакчы, дааватчылар таркаткан бул жалган маалыматты сынга алып чыккан макалалар Түркияда да жарык көрүүдө.

Артык кылам деп тыртык кылбайлы

«Кандай болсо да, жыйынтыгында көп киши намаз окуп калды го. Мунун эмнеси жаман?» деген күдүк ой деле пайда болушу мүмкүн. Бул жалган чүргөмөнү атайын соода-сатыктык максатка колдонуп, каймагын капчыгына урган шылуундар мусулман жамы журтунун ичинен дароо эле ишене берчү айрым ишенчээк жана түркөй катмарынын тайкы түшүнүгүнөн пайдаланды го чиркин!..

Кудай пенделеринин аң-сезимдүү түрдө сыйынуусун каалайт. Кудай эч бир учурда андан кандайдыр бир жырткыч жаныбардан корккон сыяктуу коркуубузду каалабайт. Коркууга таянган мамилени такыр эле каалабайт, түркөйлүккө негизденген мүңкүрөөнү талап кылбайт, адилет болууга, чынчыл болууга чакырат.

Кызыгы, мындай бурмалоочу мазмундагы видео жана сүрөт материалдар эч суюлбастан, кийинки жылдары да чыгып турду.

Жамы журттун кайсы бир катмары эч ылгабай ишене бергендиктенби, айтор, таптакыр окшошпогон нерселерге деле диний маңыз кийирип тарата беришти.

Алсак, дагы бир кезеңде, ажыга барып келген бир кемпир «Барып Каабаны тегеренип жылан сыяктуу сойлоп келдик» деп койгондугу үчүн ташка айланып калды» деп таштан жасалган жыландын айкелинин сүрөтү жайылтылган.

«Алла» деп арапча жазылган аарынын уясы, помидордун уруктары, австралиялык (же африкалык; айтор, далилдегенге алысыраак жактагы) козунун терисиндеги арапча «Алла» сөзүнө окшогон так сыяктууларды таркаткан жалганчылардын «үгүт баракчаларын» байма бай эле көрүп калдык.

Илимден алыс үгүтчү тууралуу азил сүрөт. 2015.
Илимден алыс үгүтчү тууралуу азил сүрөт. 2015.

Булардын бардыгы Кудайдын өзүн-өзү эстетип жаткан пенделерине эскертип, коркутуучу кадамдары катары бааланып жиберилди.

Курандын негизиндеги Кудайдын табиятына караганда, Кудай мындай жосунсуз кадамдарга таптакыр барбайт. Мындайча айтканда, Кудай күнөөкөрдү жазалоону, сооптуу кишини сыйлоону акыреттик сот күнүнө гана калтырган. Болбосо, азыр эле коомчулуктун, медианын, ал түгүл бийликтин эч алы келбей жаткан кылмышкер, жемкор, «мыйзамдагы ууру», паракор, жана башка жексурларды, оор учурда дарыны он эсе кымбаттаткандарды жана башкаларды көз алдыбызда эле Кудай чыңыртып алып кетип турбайт беле!

Мындан сырткары, кудай тууралуу ар башка диндердеги ар кыл түшүнүктөрдү баамдасак, биз, пенделери, Жаратканды таанып билсин деп табыятты жаратты...

Эң эле жөнөкөй мисал катары, адамдын организминдеги укмуштарды, табияттын кынтыксыз кызмат кылып жаткандыгын карап туруп эле Кудайдын бар экендиги тыянагын чыгарууга болот. Ошол эле кубулуштарды эволюциялык жол менен табигый түрдө келип чыкты деген пикирди таркаткан окумуштуулар бакыбаттыкта 100гө чыгып каза болуп жатканын да айта кетели.

Көз алдыбызда турган кереметтерди көрбөй, Кудайдын аарынын уясына өз изин, өз ысымын арап тилинде калтырганга аргасыз болгонуна ынанып кала турганчалык аң-сезими мокогон пендеден анык Жараткандын деле анчейин үмүтү болбосо керек го дейм...

Андыктан мындай окуяларды Кудайдын каардануусу, анын өзгөчө кадамы катары баалаганга эч кандай илимий негиз жоктугун жаш муундарга тынымсыз айтуу абзел.

Элмурат Кочкор уулу.
Элмурат Кочкор уулу.

Келиңиздер, өзгөчө жаш балдардын диний аң-сезимин калыптандырууда жети өлчөп, бир кесели. Мындай коркунучтуу, эч кандай илимий негизи жок түшүнүктөрдү балдардан оолак туталы.

Кудайды коркуунун эмес сүйүүнүн, айкөлдүктүн булагы катары кароо гана туура болот.

Эң башкысы, бардык жаатта болгондой эле, диний жаатта да жазылгандын, айтылгандын бардыгы туура боло бербестигин, ошондой бир беткей маалыматты таркаткан үгүтчүнүн өзүнүн билим деңгээли кандай экендигин калыс баалай жүрсөк...

Элмурат Кочкор уулу,

Түркия.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG