Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:45

КОТОРМО: Тилден дилге көпүрө салалы


Профессорлор Такао Нишиваки (солдо) менен Карл Райхл "Манас" эпосунун варианттарын жапон, немис, англис тилдерине которгондордун бири. Бээжин, КЭР. 19.10.2015.
Профессорлор Такао Нишиваки (солдо) менен Карл Райхл "Манас" эпосунун варианттарын жапон, немис, англис тилдерине которгондордун бири. Бээжин, КЭР. 19.10.2015.

"Маданий сапарды пассивдүүлүктөн активдүүлүккө которуу” урааны азыркы айдыңдар үчүн өзгөчө ургаалдуу. Публицист Элмурат Кочкор уулунун кезектеги блогу.

Маданий сапарды пассивдүүлүктөн активдүүлүккө которуу

Өткөндө Бишкекке барып калып бир китеп дүкөнүнө кире кетейин дедим. Узак убакыттан бери кыргыз агартуучуларынын өмүр баяндарын жана ишмердүүлүктөрүн жакшылап чагылдырып, топтоштуруп берген бир китеп алып окугум келип жүргөн эле... Мамлекет болуп калыптанып калышыбыздын купуя алптарын ушул күнгө келип кыйратып тааныбагандыгым үчүн уялам. Кыязы, «Ишеналы Арабаев ким болгон?» деген суроого «Белгилүү адам болгон. Интеллигент болгон. Бир университет анын атына коюлган...» деп жооп бергим келбейт.

Кыскасы андай китеп таппадым... Бардык жаатта кыргыз тилинде китептер жарыяланып турса кана деңиздерчи, бирок кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн алтын ысымдары тууралуу китеп таба албагандыгым өтө кейиштүү болду.

Негизи кыргыз тилинде бир эле бул жаатта эмес, бир топ жаатта жетиштүү материал жок экендиги аянычтуу. Бул жетишсиздик окуу материалдарында болгондой эле, калктын калың катмарына арналган, адамдын маданий деңгээлин өнүктүргөн маңыздагы китептерде да байкалат.

Мисалы, мен университетте окуп жүргөндө, философиядан сабак берген эжекебиздин дептерине жазып алган конспекти бар эле. Ошол дептер тытылып, жаны араң калганынан бир топ жылдан бери ошол дептердегини жаздырып, кайталатып келатканын түшүнгөм.

Окуу китеби катары кыргызча бир китеп бар болчу. Бирок философиянын табиятынан аны түшүнүүдө бир кыйналсак, ал китептин «кыргызчасын» түшүнүүдө дагы бир жолу кыйналчубуз.

Китеп которуу доминосу

Өзгөчө гуманитардык тармакта биз үчүн артыкчылыктуу деп эсептелген кыргызча китептерди жаратуунун эки жолу бар. Биринчиси, өзүбүздүн адистерге атайын тапшырма берип эмгек жаздыртуу. Экинчиси, учурда дүйнөлүк классикага айланган, сапаттуу эмгектердин тизмесин түзүп, аларды кыргызчалаштыруу.

Биринчи жол бир аз максатка ылайык болбой калышы турган кеп. Анткени соңку бир топ жылда жазылган, өлкөбүздөгү унивеситеттердеги гуманитардык тармактардагы дипломдук иштердин (менимче) 80-90 пайызы бири-биринин көчүрмөсү же интернет булактардан уурдалган маалыматтар менен толо. Албетте, майын чыгарып илим жолун улап жүргөн агай-эжелерибиздин орду башка. Бирок көпчүлүк эмне жазганын билбей, жетекчиси аны окубай эле дипломду кучактап калгандарды жашырганда эмне. Кыскасы, бул жол менен ийгиликке жетүү бир кыйла машакаттуу болчудай.

Экинчи жол аябай практикалуу болгондой сезилип турат. Анткени, так ушул жол менен дүйнөлүк илимий агымга кыргызча эшик ачып берүү мүмкүн болобу деп турам. Эң керектүү деп тандалган жааттардын ар биринен киришүү маңызындагы бир канча зарыл эмгектерди кыргызчалаштыруу аркылуу, кыргыз тилдүү окурмандарга бир топ пайдалуу өрнөк сунушталмак.

Кандай пайдалары болмок?

1. Кыргыз тилин өнүктүрөлү деп президентибиз баш болуп көкүрөк кагып келе жатабыз. Бирок, кыргыз тилин «кызыктуу тил» кылууга жетиштүү кам көрүлбөй келет. Тактап айтканда, кыргыз тилинде кызыктуу китептер, макалалар, интеллектуалдык маңыздагы материалдар, теле берүүлөр, жаштарды бир жерге чогулткан платформалар жетишсиз. Так ошол себептүү кыргызча үйрөнүү жаңы муунга кызыксыз.

Котормо жолу аркылуу бир топ сапаттуу эмгектин кыргызчалаштырылышы маданий маңыздагы иш-чаралардын деңгээлинин көтөрүлүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизет. Бул болсо кыргыз тилин кызыктуу тил катары сактап калууга, анын ургаалдуу колдонулушуна өбөлгө түзөт.

2. Орус тилин билүү өлкөбүздө маанилүү. Анткени бул тил бизде, совет доорунан бери, дүйнөлүк агымдардан кабардар кылып турган биринчи чет тил болуп калды окшойт. Муну үйрөнө алгандарда бир аз да болсо дүйнөдө эмне болуп жатканынан кабардар болууга, интеллектуалдык жагын бир аз өркүндөтүүгө өбөлгө жаралып жатат.

Бирок кыштактан чыккан балдар үчүн бул агым менен тең жарышып окуп кетүү бир топ кыйын жана убакыт жоготууга себеп болуп жатат. Натыйжада, чала орусча билген таза кыргызды тек эле теңи көрө албай, коомдо ажырым чоңоюп келе жаткандыгы да маалым. Андыктан, айтылуу котормолорду орусчадан башка чет тилдерден тикелей которуп, сунуштоо аркылуу башталгычта кыргыз тили аркылуу деле орто деңгээлде интеллектуал болуу мүмкүн экендигине шарт түзүүнү улантуу -- бул ажырымды азайтат деп ойлойм.

3. Бул материалдар, балким, башталгычта, азырынча чет тил үйрөнбөгөн, бирок аракеттенсе, дурус илимпоз чыга турган жаштар үчүн да өтө маанилүү факторго айланмак. Илим-билимдин даамын бир аз татып алган киши, анын артынан чечкиндүү түрдө түшө алат. Бул жолдо тил үйрөнүүгө, тереңдөөгө аң-сезимдүү түрдө аракеттене алат.

ЮНЕСКО байыркы Баласагынды тааныды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:28 0:00

Тарыхтан сабак алалы

Багдат (Аббасийлик халифаттын ордо шаары кезинде) IX-X кылымдарда илимдин, маданияттын, цивилизациянын шаары болгондугу тарыхтан маалым. Албетте мунун бир топ себеби бар.

Бирок мен бул жерде эң маанилүү себебине токтоло кетейин.

Багдатты айтылуу даңазага жана айбаттуулукка ээ кылган эң маанилүү фактор -- бул котормо иш-аракеттери болгон. Аббасийлер доорунда халиф Мансур тарабынан борбор деп белгиленген Багдатта, бир топ өңүттөрдө жана тармактарда котормо иш-аракеттери кеңири алып барылган. Ага чейин жеке демилгелер менен бирин-серин уланып келген котормо иш-аракеттери андан кийин мамлекеттик маанилүү саясат катары жогорку деңгээлде улантылган.

Натыйжада инди (санскрит) тилинен, персчеден, арамей, жөөт жана мурдараак грекчеден пехлевичеге которулган эмгектер арапчага которулган.

Тийиштүү доордун таасирдүү академияларынан Жундишапур академиясынын тилмечтери халиф Мансурдун жана Харун ар-Рашиддин сунушу менен Багдатка алынып келинген.

Борбордук азиялык аалым Мухаммед Хорезми болсо санскрит тилиндеги математикалык ачылыштарды окуп, нөл (арапча "сыфр" - "жок", "бош сан") саны дагы кирген ондук санак системасын халифатка жайылткан.

Махмуд Кашгари Барскани (11-кылым). Сүрөтчү И.Бакировдун эмгеги. 2020.
Махмуд Кашгари Барскани (11-кылым). Сүрөтчү И.Бакировдун эмгеги. 2020.

Бабабыз Махмуд Кашгари Барскани өзүнүн "Дивану лугати т-түрк" ("Түрк тилдеринин сөз жыйнагы" 1072--1077) эмгегин да арапча жазып, анда түрк, кыргыз жана башка фольклорлук кереметтерин арап тилдүү окурманга тааныштырган жана бул эмгегин Багдаттагы халифке тартуу кылуу ниетин билдирген.

Натыйжада, грекче, пехлевиче, санскритче, ас-сирия тилиндеги (арамей тилинин батыш диалекти) эмгектер арап тилине тикелей же башка ортомчу тилден которулган. Ушундайча эллинисттик философия, индиялык жана сасанийлик ой мурасы арап тилине которулган (Караңыз: İslam Ansklopedisi, Tercüme Hareketleri; автору -- Muhittin Macit).

762-жылы халифаттын борбор болуп тандалган Багдат котормо иш-аракеттери аркылуу кыска убакыттын ичинде, IX-X кылымда, илимдин жана бай маданияттын шаарына айланган. Котормочуларга айлык 500 динар (дээрлик 26 000 АКШ доллар) маяна төлөп, илимпоздорго көрсөтүлгөн сый-урматтын жообу арап тилдүү бир залкар цивилизация болуп кайтып келээрин ошол учурдун аткаминерлери алдын-ала түшүндү бекен?

Котормого күч жана каражат коротконго даярбызбы?

Элдин деңгээлин жогорулатуу аркылуу мамлекеттин абалын жакшыртууга кызыкдар адам катары ушуга окшогон долбоорду ишке ашырууну сунуштайт элем.

Алгач өлкөнүн Билим берүү министрлигинин жетекчилигинде философия, логика, тарых, психология, социология, педагогика сыяктуу тармактарда киришүү маңызындагы классикага айланып калган бир канча эмгекти которо баштаса болот.

Бул жерде эң маанилүүсү - эң керектүү тармактарды тактап, ошол жаатта калың катмар окуганда түшүнө турган, сапаттуу эмгектерди тандоо болуп эсептелет. Бул ишти кылдаттык менен, жоопкерчиликтүү жана ыкластуу түрдө мамлекеттик бир саясат катары колго алууга толугу менен негиз бар деп ойлойм.

Мисалга, тандалган китептерди сапаттуу кылып которуп, басып чыккан соң атайын коомдук резонанс жаратып, алардын бир канчасы тууралуу телепрограмма же радио уктурууларды жасоо аркылуу көп кишиге окутса, айырманы сезе турганчалык өнүгүүнү байкайт элек.

Башта биз үчүн маанилүү деп эсептелген (мисалга) 30 эле китепти тандап, которуу ишин баштай алсак, мунун уландысы эсеби жүздөгөн эмгектерге жетип, илим дөңгөлөгүбүздү айландырып, күүлөп алат белек деген ой. Өзгөчө жаштарды китеп окууга шыктандыруу максатында ошол эле министрлик аркылуу котормо жаатында жарыштарды уюштуруу мүмкүн.

Котормочуга халиф Мансур төлөп берген маянадан коркууга кажет жок ко дейм. Анткени, башында цивилизация курууга талапкер болбой турсак деле мейли... Биз бул иш-чара аркылуу бир эле учурда элдин билим жана маданий деңгээлин жакшыртып алууну жана болочок илимпоздорго (өзгөчө элеттиктерге) илим-билимдин даамын таттырып алууну максат кылсак жетиштүү.

«Ааламга кеткен жол айылдан башталат» дегендей, котормолор аркылуу домино таасири сыяктуу өзгөчө элеттик балдардын жүрөгүндөгү илим-билимге болгон кызыгуусун ойготуп коюу -- элетке, элге зор кызмат болоор эле.

Мен атайын кызыгып эсептеп көрдүм. Баштапкы кадам катары 30 китептин которулушу, редактордон өтүп басмага даяр абалга келиши -- ашып барса жаңы 3 бөлмөлүү бир батирдин акчасы экен. Жүздөгөн долларларды ЖЭБдеги кычкачка, отургучка короткон мамлекет, эл-журттун жана эртеңки Кыргызстандын маданий деңгээли, келечеги үчүн жок дегенде бир канча батирдин акчасын садака чаба алса керек деп ойлойм. Котормонун акысын алгандар деле тиричилик кылуу үчүн Кыргызстандын чарбасына салым кошот эмеспи.

Элмурат Кочкор уулу.
Элмурат Кочкор уулу.

Айталы, бул идея мамлекеттик колдоого алынбады деп көрөлү.

Анда, жок дегенде, илгерки Австор-Венгриянын курамындагы Чехия сыяктуу эле, бийликке тиешеси болбогон жеке ишмер, саясатчы же бир аз чөнтөгү дөң ишкер сыяктуу ынтызар тараптарды топтоп, Кыргызстандын маданий тагдырын котормо ишин жолго коюу аркылуу жакшыга бурууга салым кошуу да мүмкүн.

Кыскасы, кандай жол менен болбосун, бул иштин ийгиликтүү жүзөөгө ашырылышы -- көпчүлүккө, тилибизге, дилибизге келечек тартууламак...

Элмурат Кочкор уулу,

Түркия.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG