Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-июнь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 05:36

250 жашка чыгып жашаган тибеттик кыргыздар –– фантазия өнүмү


Бүбүкадича Абдысамат, кыргыз окуучу кыз. Санжу өзөнүнүн жээги, Кең-Кыя, Хотан, ШУАР, КЭР. 27.7.2015.

Тибетте кыргыздар мурда тарыхта болсо болгондур, бирок азыр жок. Азыркы КЭРдин Каракорум тоолуу өрөөнүндөгү Шайдылда-Базар айылынын жана ага шерик Кең-Кыя кыштагынын кыргыздары Тибетке эмес, ШУАРдын Хотан дубанына карайт. Тарыхчынын блогу.

ИЗДЕНҮҮНҮН ООШ-КЫЙЫШ ЖАГЫ БАР

Тибеттеги кыргыздар тууралуу улам жаңы айың кепти окуган сайын, атаганат, саякатчылар алар тууралуу даректүү видео тасма жарыялашса, алда канча ишеничтүү болоор эле деп өкүттө калам.

Маселен, “түпкү тегибиз кыргыз болчу” деген далай башкыр уруулары 2010-жылдардын ичинде өздөрү тууралуу YouTube барагында жарыялашканын жамы журт билет.

Мен деле алыскы өлкөлөрдө жана чөлкөмдөрдө кыргыздардын дайыны чыгып калса экен деп самап келген этнографтардын биримин. Ал түгүл 1990-жылы ыраматылык Бейше Урстанбеков (Үрүстөмбеков) агайым менен биргелешип жазып, Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы тарабынан жарыяланган “Кыргыз тарыхы” китебинде иорданиялык кыргыздар тууралуу макала да киргизип жибергенбиз. Көрсө, Иордания падышалыгындагы черкестер менен чаташтырып жазылган маалыматка ишенген экенбиз.

Маркум Токтобай Мүлкүбатов агайыбыз 1980-жылдары “Индияда 2 миллион кыргыз бар экен” деп жазып чыкканда, анын маалыматын колдонгон жокпуз. Токтобай агай өзү “кыргыздардын көңүлү көтөрүлүп калсын” дебедимби, миллиардга жакындап барган индиялыктар үчүн 2 миллионун кыргызга чегериш кеппи!” деп азил сөз айтып кутулганы эсте.

Теория жүзүндө, Индияда деле он чакты же жүздөй кыргыз болушу мүмкүн эле. Анткени СССР менен Сталинди колдогон Кытайдын Шинжаң аймагындагы бийликтерден 1920––30-жылдары түштүккө жана түштүк-чыгышка карай качкан далай кыргыздар Улуу Британиянын карамагындагы Кашмир аймагына өтүүгө аргасыз болгон учурлар бар. Алардын айрымдары Пакистанда азыр да байырлашат. Балким, ошондогу бозгун кыргыздардын Индия жагындагы өкүлдөрү топтошуп жашабастан, жөн гана жуурулушуп кетишкендир? (Индия менен Пакистан 1947-жылы гана Улуу Британиядан көз каранды эместикти алышкан эмеспи).

Тибетте деле орто кылымдарда кыргыздар жашагандыгынын ыктымалдыгы четке кагылбашы керек. Энесай Кыргыз каганатынан Тибетке элчиликке кетип, кайтпай калган элчи тууралуу маалымат руна сымал жазмабызда бар. Ал эми Тарбагатайдагы ламачыл бутпарас кыргыздардын өкүлдөрү диний окуу үчүн XVIII––XIX кылымдарда Тибетке кетпеди деп ким кепилдик берет?

Тарбагатайлык кыргыз аял темир комуз кагууда.
Тарбагатайлык кыргыз аял темир комуз кагууда.


Бул жаатта этнографиялык иликтөөгө эч тоскоол болбошубуз керек. Ылайым “байыркы тибет тилин өздөштүрүп, тибет жазма булактарын казам” деп талаптанган жаш адистер суурулуп чыкса экен!..

Бирок биз бир нерсени баалабай жатабыз.

Ал –– космосту иликтөөдө, жаңы технологияларды өздөштүрүүдө Батыш жана Жапония менен атаандашып жаткан Кытай Эл Республикасындагы этнографиялык илимдин жогорку деңгээлде өнүгүүсү.

Акыркы 40 жылда эле Кытайдын өзүндө кытайча мыкты билген кыргыз тектүү окумуштуулардан тышкары профессорлор Лаң Йиң айым, Мухаммед Ху Чжэнхуа, Ли Цзинсю сыяктуу кытайлык аалымдар жүздөгөн кыргыз таануучу адистерди даярдашты.

Мухаммед Ху Чжэнхуа өзү биз эч нерсени биле элек кезибизде 1950-жылдары Манчжуриядагы фу-йү кыргыздарынын дайынын үйрөнүп, анан ыраматылык Эдгам Тенишевге ошол топ тууралуу этнографиялык жана тилдик маалыматтарды берип, дүйнө жүзүнүн илим чөйрөсүнө фу-йү кыргыздары тууралуу кабардаган.

КЭРдин Үрүмчү шаарындагы Шинжаң педагогикалык университетинде 2015-жылдын 24-25-октябрында өткөрүлгөн “Манас” жана кыргыз салты” аттуу эл аралык илимий жыйынга катышкан Хэйлуңжаң вилайетинин Фу-Йү үйөзүндөгү Хэйлуңжаң кыргыздарын изилдөө борборунун жетекчиси Ву Жанжу мырза. 24.10.2015.
КЭРдин Үрүмчү шаарындагы Шинжаң педагогикалык университетинде 2015-жылдын 24-25-октябрында өткөрүлгөн “Манас” жана кыргыз салты” аттуу эл аралык илимий жыйынга катышкан Хэйлуңжаң вилайетинин Фу-Йү үйөзүндөгү Хэйлуңжаң кыргыздарын изилдөө борборунун жетекчиси Ву Жанжу мырза. 24.10.2015.

Эгерде “Тибетте да кыргыздар бар экен” деген каңшаарды укчу болсо, анда алар өздөрүнө Адыл Жуматурду, Жаркын Турсун, Мамбеттурду Мамбетакун, Ысакбек Бейшенбек сыяктуу шакирттерин кошуп алып, эчак эле Тибетке карай илимий сапарга ашыгышмак да! Аларга өлкөсүнүн ичинде саякат үчүн виза алыштын да кереги жок эмеспи...

Ал эми “тибеттик кыргыздар 250 жылга чейин жашайт экен, алардын өкүлүнүн фото сүрөтү мына бул” деп Асыкбек Оморов аксакал улам сыналгыдан чыгып сүйлөгөнү менен (КТРКнын “Улутман” берүүсү; 25.4.2014; тасмада 08:15 мүнөттөн кийин), иш жүзүндө, анын бир дагы видео далили жок экен.

Асыкбек аксакал өзү “тибеттик кыргыздар” деген элди, негедир, дээрлик жапайы кылып сыпаттаган. Алар өлгөн кишинин сөөгүн кой сойгондой жиликтеп салышат имиш (тасмада 12:40 мүнөт).

Баарынан кызыгы, азыркы тапта Кытай менен Индиянын чектеш аймактар жаатында талаш-тартышы бар (маселен, Аксай-Чин бийик тоолуу өрөөнү). Мындай шартта чек арадан чычкан да оңой менен жорголоп өтө албайт.

Ал эми Асыкбек Оморов агай "тибеттик кыргыздарды" ээн-эркин эле Кашмирдин Индияга таандык бөлүгүнө байлап, индиялык “базарга кездиртип” койгон. Анан Кытай жоокерлери кол салаарда бул “тибеттик кыргыздар” жай таш менен дубалоо аркылуу кытай аскерлеринин жолун бөгөт кылып салышат имиш (тасмада 13:40 мүнөт). Кызык, Тибет автоном району (аны кытайлык кыргыздар “Шызаң” дешет) толугу менен азыркы КЭРдин аймагында экенин саякатчы агабыз кантип унутту экен?

Эгерде Асыкбек Оморов аксакал өзгөчө бийик тоолуу жана калкы өзгөчө сейрек Чангтан өрөөнүнүн түштүк-батыш (индиялык) жагын эске алып жатса, анда мындагы көчмөн этностун аталышы –– чангпа (Changpa). Алар түрк тилдүү калктарга, кыргыздарга таптакыр караандабайт жана тили жагынан тибет тил тобуна таандык. Алар топоз, кой, эчки багышат жана эчкинин айтылуу кашмир тыбытын өндүрүшөт. Чангпа элинин бир бөлүгү КЭРдин Тибет автоном районуна таандык аймакта жашашат. Дини –– бутпарас дининин ламаизм тарыкаты.

А.Оморовдун жөө жомогу тууралуу аны менен Тибетке чейин сапардаш болгон мурдагы Жогорку Кеңештин спикерлеринин бири Алмамбет Матубраимов агай тарыхчы Кыяс Молдокасымов экөөбүзгө: “Асыкбек бир тибеттик жигит менен эле жолуккан, ал кыргызча ныпым сөз билбейт, өзүн тибеттик эле деп санайт экен”, –– деп айтканын кантип жашырабыз?

2011––2017-жылдардын аралыгында Кыргызстан менен Кытайдын этнограф, фолклор таануучу, тарыхчы, тилчи, адабиятчы окумуштууларынын кызматташтыгы өзгөчө жемиштүү болду.

КЭРдин Коомдук илимдер академиясынын Тарых институтунун илимпоздору Нарын облусунун Кочкор районундагы Көк-Таш жергесиндеги карахандык күмбөздүн жанында жергиликтүү тарыхчылар менен. 14.6.2019.
КЭРдин Коомдук илимдер академиясынын Тарых институтунун илимпоздору Нарын облусунун Кочкор районундагы Көк-Таш жергесиндеги карахандык күмбөздүн жанында жергиликтүү тарыхчылар менен. 14.6.2019.

Албетте, ошол маалда ар кандай жайсаңчылар, фолк-хистори өкүлдөрү да ат тезегин кургатпай Кытайды көздөй сапарга чыгып жатышты. Бири "Кытайдан беш Бээжинди таптым, Манас бабабыздын миң жылдай мурдагы сүрөтү бар экен", деп (иш жүзүндө манчжур өкүмдарынын сүрөтүн фотомонтаж аркылуу жасалма жол менен “кыргыздаштырып”) чыкса, башка бири “Кайлас деген ыйык тоонун жанынан кыргыз таптым” деп шардана кылды.

Бул дагы –– бүгүнкү изденүү доорундагы мозаикалык көрүнүш. Илимпоздор тарыхый факт иликтешсе, фолк-хистори өкүлдөрү –– кооз уламыштарды издөө жана ойлоп табуу менен убара.

Кытайдагы кыргыздарды бир нече жыл бою изилдеген Абылабек Асанканов, Азиза Турдуева, Чолпон Субакожоева, Гүлзада Абдалиева сыяктуу тарыхчылардын, Үрүмчүдө жашап келген этнограф жана фолклор таануучу Сулайман Кайыповдун, ж.б. эмгектери илимий чөйрөдөгү жайында эле кала берүүдө. Демек, бул тарыхчылар да “Фейсбук”, “Инстаграм” сыяктуу интернет тармактарында жигердүү маалымат таркатышы зарыл болуп турат.

Биз 2009, 2012-, 2014––2015-жылдары бир нече ирет Кытайдын ар кыл аймактарын кыдырдык.

Ошонун ичинде 2015-жылы өтө байсалдуу сапарларыбыздын бирин Кызылсуу Кыргыз автоном облусунан тышкары Таш-Коргон Тажик автоном аймагына (кытайлык кыргыздар айткан “Ак-Тоо”, б.а. Чыгыш Памир аймагына) жана Хотан жергесине ж.б. уюштурдук.

Ошол 2015-жылкы сапарыбызда кыргызстандык белгилүү тарыхчылар, профессорлор Аалыбек Акунов менен Нарынбек Алымкулов, ШУАРдагы кыргыздардын бир катар өкүлдөрү ар дайым жанымда болду.

ШАЙДЫЛДА-БАЗАР жана КЕҢ-КЫЯ

Айтмакчы, Тибет, Тибет эле дейбиз, ага жеткенге чейин эбегейсиз кеңирсиген тоолуу аймак бар. Анда кайберендер, бүркүттөр, анан... кыргыздар гана байырлашат. Бул –– айтылуу Каракорум тоолору.

Айтылуу орус саякатчысы, сүрөтчү жана гуманист Николай Константинович Рерих (1874––1947) жана анын тун уулу, саякатчы, чыгыш таануучу, тибет таануучу Юрий Николаевич Рерих (1902––1960) өздөрүнүн Борбордук Азия саякаты маалында, 1925-жылы, дал ушул тоолорду байырлаган кыргыздардын конуштары аркылуу кезишкен. (Юрий Рерихтин баалуу маалыматы тууралуу төмөндө кененирээк кайрылабыз).

Борбордук Азиядагы эң бийик чокулардын айрымдары камтылган бул бийик тоолуу Каракорум өрөөнүнүн түштүк-чыгышында Гималай тоо кыркасы, түндүк-чыгышында Куэнлун (Күнлүн) тоо кыркасы, түндүк-батышында Чыгыш Памир (Ак-Тоо), ал эми түштүк-батышында –– Гиндукуш тоо кыркасы жайгашкан. Демек, бул өрөөндөн ары ар кыл мамлекеттерге чыгууга болот.

ШУАРдын Каргалык шаары менен Тибеттин борбору Лхаса шаарын байланыштырган G219 автоунаа кан жолунун картасы. КЭР.
ШУАРдын Каргалык шаары менен Тибеттин борбору Лхаса шаарын байланыштырган G219 автоунаа кан жолунун картасы. КЭР.

Кытайдын Шинжаң, Тибет чөлкөмдөрүн байланыштырган жана Каракорум тоолуу өрөөнү аркылуу тепчип өткөн, узундугу 2 миң чакырымдан ашкан заманбап G219 автоунаа жолу 2006-жылы ишке берилген. 1951-жылы курулушу башталган бул кан жол 2013-жылы толук асфалтталып бүткөн.

Дал ушул Каракорум өрөөнүндө жайгашкан бирден-бир кыштак –– Шайдылда Базар (англисче Xaidulla) – азыркы Кытай Эл Республикасынын Хотан аймагына таандык кыргыз кыштагы.

Бул кыштак болжол менен деңиз деңгээлинен 3,646 метр бийиктикте жайгашкан.

(Салыштырсак, Кыргызстанда Чоң-Алайдын борбору Дароот-Коргон кыштагы деңиз деңгээлинен 2,468 метр бийиктикте, ал эми Нарын облусундагы жайыты кенен Ак-Сай өрөөнү деңиз деңгээлинен 2,900-3,800 метр бийиктикте жайгашкан).

Шайдылда Базар кыштагы акимдик башкаруу жагынан 1984-жылдан тартып КЭРдин Шинжаң-Уйгур автоном районуна караштуу Хотан дубанындагы (уйгурча: “Хотен вилэйити”) Гума (кытайча Пишан) ооданына баш ийген Кең-Кыя (Кең-Кыр) Кыргыз автоном кыштагына байланган.

Шайдылда-Базар менен Кең-Кыянын ортосун ат менен төө аркылуу гана ашып өтчү бийик Санжу бели бөлүп турат. (Автоунаа менен барууга туура келсе, анда айланып, оболу батышка жөнөп, алиги G219 кан жолуна түшүп, кайра чыгышка карай жүрүү керек.

Шайдылда Базар кыштагы Каракаш дарыясынын башатында, Тарим өрөөнүнөн Тибетке жана Индияга карай кетчү байыркы тоо жолунун таманында, Каракорум ашуусунан түндүгүрөөктө жайгашкан.

Бул кыштактан 25 км батышыраакта Мазар жергеси жана 139 км чыгышыраакта Базар Дара жергеси жайгашкан.

Биз Шайдылда-Базарда туулуп-өскөн, учурда Кең-Кыя кыштагында жашап жаткан кыргыз Абдысамат Нуракун уулу 2015-жылдын 27-июлунда дарыя жээгинде кенен маек курдук. (Жогорудагы тасма).

Бул жана башка маектерден Абдысамат Нуракун уулу мырза жана башка хотандык кыргыздар ара-чолодо уйгурча сөздөрдү кошконун жаземдебестен билсек болот.

Алар орто мектепте кыргызча эмес, уйгурча окушат, бирок үй-бүлөсү кыргызча сүйлөөгө далаалат кылышат.

Алар менен баарлашканда жайыраак сүйлөп, кээде уйгурча, чагатайча, ал түгүл түркчө терминдерди да аралаштырып, сөздүн ар башка маанилештерин терип сүйлөөгө далаалат кылдык. Ошондуктан суроону таптап жай-баракат берүүгө туура келгени түшүнүктүү (өзүмдүн уйгур тилиндеги арап жазмасындагы адабиятты эркин окуй алгандыгым жакшы мүмкүнчүлүк берди).

Кең-Кыя айылындагы 9 жылдык мектеп. Гума ооданы, Хотан дубаны, КЭР. 27.7.2015.
Кең-Кыя айылындагы 9 жылдык мектеп. Гума ооданы, Хотан дубаны, КЭР. 27.7.2015.

Айтмакчы, 2015-жылдын 26-июлундагы Хотандын чөлкөмүн кезгендеги үч башка кыска маекти да бул жакка кыстара кетким келет.

Оболу, Баскак деген чакан кыштакта кыска убакытка токтоп, кыштактын чордонундагы бир жаш айымдын кыргызча чалыштатып сүйлөгөнүн кулагым чалып калды да, аны менен тааныша кеттим.

Бул тасмада Кытайдагы Хотан дубанынын Пишан (Гума) ооданына караштуу Баскак кыштагында жашаган кыргыз тектүү Майрам Нисамет Токто айым менен кыска маек камтылган.

Баарынан кызыгы, менин “урууң ким?” деген суроомду ал тартакыр түшүнбөй калгандыгын кийин гана тасманы жашпай көрүп жатып аңдадым. Майрам карындаш болсо “токсун”, “кыргызмын” дей берди. Кийин кыргыз урууларынын айрымдарын санаганымда гана, ал түшүнө калып, “уругум бостон” деп айтты...

Бул да болсо ал таалим алган уйгур мектебинде эч качан уруусун сурашпагандыгын, өздөрү үй-бүлөсүндө кыргыз экенин гана билээрин көрсөтөт. Сөз арасында Майрам Кең-Кыяда Надыр Жолдош деген санжырачы акебиз бар, деди (ал аксакал менен да жакындан баарлаштык).

Андан ары 35 чакырымдай басып өтүп, Кең-Кыя кыштагына жеттик.

Жолдо тоо таянып келе жатып, Кең-Кыя Кыргыз автоном кыштагында орто мектепте тарых мугалими болуп иштеген Турсунай Нааман айым менен кездешип калдык. Анын теги кыргыз экен. 15 жылдык педагогдук тажрыйбасы бар экен. Күйөөсү Өмөржан Номет Токто – хотандык уйгур жигит; ал да жаныбызда турду (Өмөржан мектепте физика сабагынан берет экен). Алардын орто мектепте Рамиля деген кызы бар экен.

Профессор Аалыбек Акунов экөөбүз кезектешип суроо жаадырдык.

“Сабатыңыз барбы?” деген суроого Турсунай карындаш бир окуу жайды бүткөнүн кытайча айтып жооп берди эле, жаныбызда коштоп жүргөндөр анын Үрүмчүдө педагогикалык университетти аяктаганын айтып беришти.

Турсунай Нааман кызы Кең-Кыя Кыргыз улуттук айылы деген макам 1984-жылы алынгандыгын тастыктады.

Кыргыз тили сабагы мектебибизде мурда окутулчу, бирок кыргыз окуучуларынын саны азайып кеткендиктен, ал сабак токтотулду, деди Турсунай.

Анын айтымында, айылда 1700дөй тургун жашайт, анын 900дөйү кыргыз, калганы – уйгурлар. Оболу мен нын сөзүн түшүнбөй, 900 үй-бүлө деп аңдап алыптырмын.

Аалыбек: “Анда 400–5000 болуп кетпейби?” деп сурады эле, жаныбыздагы Абдысамат Нуракун уулу: “Жалпысынан 700дөй кыргыз, анын ичинде Кең-Кыя айылында 400дөй кыргыз, ал эми Шайдылда-Базар айылында 300дөй кыргыз бар”, –– деп тактады.

Турсунай кыргызча “Кең-Кыя” аталышы уйгурча “Кең-Кыр” деп аталаарын да кошумчалады.

Ошол күнү кечинде чөл жана өрөөн шаар-кыштактары аркылуу кезип, чарчаган саякатчылар Кең-Кыя айылына жетип, жергиликтүү кыргыз туугандар жайган дасторкон четинде отуруп, меймандостугуна ыраазы болдук.

Атайын чакырылып, төргө отургузулган айылдык кадырман карыя –– Турсун Ыбырайым аксакал эле. Ал, конок ээси Надыр Жолдош агабыздай эле, азганактай кыргыздардын башын бириктирип, насаат кеп айтып турат экен.

Турсун аксакал рухий очоктун отун өчүрбөй, кээде өз айылдаштарына “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү айтып берип тураарын угуп, дароо эле бир аз үзүндү айтуусун өтүндүк.

Тээ алыскы тоолуу аймакта аз санда болсо да өз өнөрүнүн жетишинча улуу мурасты унуткартпай айта жүргөн Турсун аксакалга миң мертебе ыраазы болдук.

Ал эми Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунда, Ак-Тоо, Текесте кыргыздардын саны алда канча көп айылдар бар. Ал аймактарда манасчылык өнөрү барларга Кытай өкмөтү атайын стипендия да берип турат.

Хотан аймагы, албетте, Шинжаңдын түндүк-батышындагы кыргыз аймактарынан өтө узак жайгашкан эмеспи.

Каракорум тоолорундагы Шайдылда-Базар жергеси жана ага жакын чөлкөмдөр. Шинжаң, Кытай. Француз аскер картасы. 1906.
Каракорум тоолорундагы Шайдылда-Базар жергеси жана ага жакын чөлкөмдөр. Шинжаң, Кытай. Француз аскер картасы. 1906.

ШЫЗАҢДА КЫРГЫЗ ДИАСПОРАСЫ ЖОК

Бул талаш-тартыш жараткан маселенин олуттуулугун эске алып, биз 2020-жылдын 5-январында жарыяланган макалабыздан да үзүндү бере кетүүнү эп көрдүк.

...Шайдылда-базардык кыргыздар бизге Тибетке («Шызаң») соода-сатык үчүн 1,5 миң чакырым жолду басып барышарын, котормочунун көмөгү менен же жаңсашып соода кылышаарын, тибеттиктер соодада так калк келээрин, алардан кээде топоз сатып алышаарын айтып беришти. «Тибетте кыргыздар барбы?» деген суроого «Жок!» деген гана жообун узатышты.

Айтмакчы, Каракорум тоолорундагы кыргыздардын айрымдарына замандашыбыз Айбек Байымбетов да жолуккан. Бул тууралуу ал 2012-жылы шардана кылган, анын маалыматы орус тилине да которулган.

Айбек Байымбетовдун айтуусунда:

«Эми биздин маалыматыбыз боюнча тибеттик кыргыздар (биз баса белгиледик. –– Т.Ч.) түндүк-батыш Шизаңда (Тибет. –– Т.Ч.) Куэнь-Лунь тоолорунун түштүк этегинен Раскем дарыясы (биз баса белгиледик. –– Т.Ч.) агып өткөн өрөөнгө чейин чачырап жайгашкан. Тибеттин бул бөлүгүнүн (биз баса белгиледик. –– Т.Ч.) климаты катаал жана бийик келет, бул жердеги тоолуу ландшафт катып калгандай, кээ бир жерлерде таптакыр эч нерсе өспөйт. Биз жолуктурган кыргыздар Шиңжандагы Каргалык шаарынан Тибетти көздөй 360-400 км. аралыкта (биз баса белгиледик. –– Т.Ч.) турак алышкан. G 219-чу трасса боюнча Каргалыктан чыгып Куэнь-Лунь тоолорунан Аккез даван ашуусу аркылуу өтүп, андан Чыраксалды (5012 м) ашуусун ашкан соң, Раскем дарыясынын өрөөнүндө жана ага жакын тоо бийиктиктеринде кыргыздар бүгүнкү күнгө чейин малын жайып, оокат кылып келишет. Биз таанышкан жергиликтүү шизаңдык кыргыз Абдлызкабыл (туурасы: Абдулазил Кабыл. –– Т.Ч.) байкенин айтымында, бул жердеги кыргыздар Кызыл-Суудан келген эмес, алар илгертен бери ата-бабаларынын жери катары ушул аймакта жашап келе жатышкандыгын белгиледи....»

Булак: Байымбетов, Айбек. Бабалар байырлаган жерге сапар // «24.kg» MA, 20.06.2012.

Айбек мырзанын Абдулазил Кабыл менен жолугушканында эч күмөнүбүз жок. Мындагы кыргыздар КЭРдин Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагына акимдик (администрациялык) башкаруу жагынан эч тиешеси жок кыргыздар экенин да эч танбайбыз (бирок алар Хотан, Ак-Тоо, Кашкар, Артыштагы кыргыздардын эле бир ажырагыс бөлүгү).

Тээ 1925-жылы саякатчы Юрий Николаевич Рерих Каракорумдагы дал ушул кыргыздардын бийик тоолуу өрөөнүн «Тоолуу Кыргыз жергеси» –– «Горная Киргизия» деп атаган.

«Сегиз сааттай жол жүргөн соң, биз кеңирсиген таштак өрөөндөгү Көк-Жар менен Санжу багыттарына кетчү жолдун ажырашаар кесилишине жеттик; бул өрөөн түндүк тарабынан мөңгү баскан чокулары бар эбегейсиз зор тоо кыркасы менен жээктелип турду. Бул тоо кыркасынын артында тоолуу Кыргыз жергесинин жайлоолору жайгашкан болчу».

«...Через восемь часов пути мы достигли места пересечения путей на Кокьяр и Санджу на широкой каменистой равнине, окаймленной с севера могучей горной грядой со снежными вершинами. За ней находились летние пастбища горной Киргизии».

(Булак: Рерих Ю.Н. По тропам Срединной Азии. Самара: Издательство "Агни", 1994. –– Раздел: Из Леха в Хотан. Великий Каракорумский путь).

«Чордондук Азиянын чыйырлары менен» («По тропам Срединной Азии»; 1933) деген китебинде Ю.Н.Рерих каракорумдук кыргыздар жылкыны жакшы караарын, жылкынын бутунун сыныгын дарылоодо өзгөчө чебердигин көрсөтүшкөнүн эскерген.

Бирок... (А.Байымбетовдун сөзүн оңдосок), Раскем дарыясы Тибеттен эмес, Каракорум тоолорунан башат алат жана батышка карай төмөндөп агып келе берип, Жаркен (Йаркенд, азыркы уйгурча Йэкен) дарыясы аталып калат. Акыры бул дарыя андан да ири Тарим дарыясына куят...

Каргалык шаарынан Тибетти көздөй 360-400 км. аралыкта гана жайгашкан тоолуу өрөөн –– бул акимдик башкаруу жагынан чыгыштагы Тибетке эмес, түндүктөгү ШУАРдын Хотан дубанына таандык тоолуу аймак экенин дагы бир жолу белгилеп өтөлүк.

Тибеттин жана анын чар тарабындагы чөлкөмдөрдүн картасы.
Тибеттин жана анын чар тарабындагы чөлкөмдөрдүн картасы.

Мындагы каракорумдук кыргыздарды дүйнөлүк этнографиялык илимде, анын ичинде кытайлык этнографиялык илимде «хотандык жана каракорумдук кыргыздар» деп гана эсептешет.

Албетте, хотандык жана каракорумдук кыргыздарды эми “Тибеттен эмес экен” деп жеригенсип, үстүрт мамиле кылбастан, алардын сактап келген көөнөргүс маданиятын, фольклорун, санжырасын, диалектилик өзгөчөлүктөрүн жакынкы болочокто астейдил изилдөө –– заманбап кыргыз таануунун орчун көйгөйлөрүнүн бири.

Кең-Кыя кыштагынын кыргыз тургундары Кыргызстандан келген тарыхчылар менен. Санжу дарыясынын бою. 27.7.2015.
Кең-Кыя кыштагынын кыргыз тургундары Кыргызстандан келген тарыхчылар менен. Санжу дарыясынын бою. 27.7.2015.

Чакан адабият тизмеси

Абдырахманов, Т.А., Абдалиева, Г. Эркиндик, теңдик, эгемендүүлүк күрөштөрү жана Үркүндөр: Биринчи китеп / Жооптуу ред. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: ЖИ “Сарыбаев Т.Т.” басмаканасы, 2016. – 364 б., сүрөт. – ISBN 978-9967-04-759-4.

Асанканов А. Жунго Шинжаң кыргыздары (Монография) / Сунуштуу редактор Макелек Өмүрбай; жооптуу редактор Токтосун Карыбек уулу. –– Артыш: Кызылсуу Кыргыз басмасы, 2013. - ISBN 978-7-5374-1355-8. - 2+2+1+307 б., сүрөттөр.

Жусуп Мамай (1918--2014): Дастанда калган өмүр: Кытайлык залкар кыргыз манасчысы Жусуп Мамайдын чыгармачыл мурасы тууралуу илимий баяндамалардын ж-а макалалардын топтому / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (төрага), А. Эркебаев, ж.б.; “Мурас” фонду. - Бишкек: “Maxprint”, 2015. –– 232+iv б., сүрөт. –– ISBN – 978-9967-12-486-8.

Мамбетакун М. «Манас» эпосунун варианттары жана манасчылык / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (төрага), М. А. Карыбаева, ж.б.; Баш сөзүн жазган жана басмага даярдаган илимий редактор Ч. Субакожоева. - Бишкек: “Нур-Ас” басмасы, 2014. - 319 б. - “Мурас” коомдук фонду. – ISBN 978-9967-12-428-8.

“Эл аралык Евразия таануу журналынын” 2019-жылдагы №9 санынын мукабасы. Мында профессор Ю Тайшандын көөнө кыргыз этноними тууралуу макаласы бар.
“Эл аралык Евразия таануу журналынын” 2019-жылдагы №9 санынын мукабасы. Мында профессор Ю Тайшандын көөнө кыргыз этноними тууралуу макаласы бар.

Субакожоева, Ч.Т. Кытай кыргыздарындагы «Манас» эпосунун сакталуу жана өнүгүү тарыхы (Кызыл-Суу кыргыздарынын мисалында) / Илимий ред. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: Оптима Текноложис, 2015. – 216 б. –– ISBN 978-9967-04-633-7.

Турдуева А.С. Кытайдагы кыргыздардын социалдык абалы (1950–1990-жж.). / Ред. Э.Маанаев. – Бишкек, 2001. – 173 б. –– ISBN 9967-506-98-9.

Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. –– Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1990. –– ISBN 5-89750-028-2. – 288 б.

Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин). – Бишкек, 2000. – 160 б. –– ISBN 9967-00-001-5.

Шанхай Кызматташтык Уюмунун өнүгүү тарыхынын маселелерин комплекстүү изилдөө. – Бишкек: “MaxPrint”, 2014. -–– 124 б., сүрөт. - ISBN 978-9967-02-990-2.

Ысак кызы, Токтобүбү, Жуматурду уулу, Адыл. Залкар Манасчы Жүсүп Мамай / Редколлегия: Т.К.Чоротегин (төрага), А.Акматалиев, ж.б.; илимий редактору Гүлзада Абдалиева. – Б.: “Принт Экспресс”, 2014. – 328 б. -- ISBN 978-9967-12-401-1.

Yu Taishan, A Note On The Geographical Location Of Jiankun // International Journal of Eurasian Studies, Beijing, 2019, No. 9. – pp. 1––5.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (40)

XS
SM
MD
LG