Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 19-январь, 2020 Бишкек убактысы 11:59

Этнографиялык жана диалектилик өзгөчөлүктөр - орток байлык


Кытайлык кыргыз манасчысы Жусуп Мамай (1918--2014) жердештери менен. Ак-Чий, КЭР.

Кыргыз элинин кылымдар карыткан тарыхынын жүрүшүндө Евразияга чачыраган кыргыз топторунун ар биринин тилин, фолклорун, каада-салтын, этнографиясын жаңыча изилдөө көп тилдерди өздөштүрүүнү да талап кылат. Тарыхчынын кезектеги блогу.

Тил чындыгы...

Бир ирет Бишкектеги кадыр-барктуу деген университеттин тиешелүү факультетинде тилчилер менен адабиятчылардын кытайлык кыргыз окумуштуусунун бир чыгармасын талдаган жыйынына катышып калдым.

Талкууда сүйлөгөн урматтуу окумуштуулардын бири бишкектик «акцент» менен сүйлөп (башкача айтканда, орусча сөздөрдү ыгы келбесе да ээн-эркин кошуп), артыштык калемгердин жазганын сындап калды:

- Таптакыр сабатсыз жазылыптыр! Адабий тил дегенди, понимаешь («билесизби» маанисинде. - Т.Ч.), бул автор эч өздөштүрбөптүр! Бизде адабий тилдин өз закону (мыйзамы. - Т.Ч.) бар да, жамандыр-жакшыдыр орфографиялык правиласы (эрежеси. - Т.Ч.) бар! Значит (демек. - Т.Ч.), бул чыгарманы адабий тилибизге кайрадан которуп чыгууга туура келет!

Ушул окумуштуу сыяктуу далай инсандарыбыз кыргыздын адабий тили элибиздин Чүй, Ысык-Көл, Нарын жергелериндеги чакан диалектилик (аны «айтым» - «говор» термини менен ого бетер чакан кылып сыпаттап келишет) варианттарына гана байланышы керек деп азыр да баса көрсөтүп келишет.

Эгерим бул варианттардан жарым кадам четтечү болсоң - «атыласың», б.а. нукура кыргыз тилинде эмес, чет тилде сүйлөп жатат деген баага кабылган болосуң!

Балким, Мидил Жамгырчинов, Бөрү Ахмедов сыяктуу устаттарым мени чыгыш таануу тармагына тартпаганда, айрым түрк тилдерин (анын ичинде учурда латын арибин колдонуп жаткан түркиялык түрк тилин) үйрөнбөгөнүмдө, кыргыздын араб жазма салтын өздөштүрбөгөнүмдө, чагатай жазмасын колдонгон бабаларыбыздын жазма мурасын, араб жана фарсы тарыхый булактарын иликтөөгө шакирттеримди тартпаганымда, албетте, мен деле таптаза кыргыз тили - азыркы тапта Чүй, Ысык-Көл, Нарын жергелеринде жашаган гана кыргыздардын тили деп чектелип калмакмын.

Турмуш чындыгы мындай түшүнүк чектелүү экенин айгинеледи. Ошол эле Нарын менен Ысык-Көл тепчип турган аймактан чыккан залкар манасчы Сагынбай Орозбак уулунун (анын устаты - нарындык Тыныбек Жапый уулу) лексикалык кору бүгүнкү күнү Ферганадагы жана Кытайдагы ичкилик кыргыздар кең-кесири колдонуп жаткан далай арабизмдерди арбын колдонгон «Манас» варианты экени фолклор таануучулар үчүн айдан ачык.

Чагатай жазма маданиятынын бир өзгөчөлүгү - араб жана фарсы сөздөрүн түрк тилдүү текстке эч бузбастан киргизип колдонгонунда болгон.

Ал эми «Жаңы усул» ("Усул-и жадид») реформачыл кыймылынын өкүлдөрү - айтылуу жадитчилер - XX кылымдын башында мусулман түрк элдеринде араб алфавити аркылуу ар тыбышты чагылдыруу ыкмасын киргизе башташты. Бул ыкма совет доорунда бизде да кыргыз жазма маданиятында толук үстөмдүк кыла баштады.

Кийинчерээк советтик Кыргызстандагы түпкү эл латын алфавитине көчтү (1928-1940), андан соң 1940-жылдан тартып кирилл жазмасына өттү. Жөн гана кирилл жазмасы таңууланбастан, Ё, Щ, Ь, Ъ, Ц сыяктуу тамгалар таңууланып, каткалаң Қ, Ғ тамгалары киргизилбей калды. Орус тилиндеги сөздөр орустар жазгандай гана колдонулушу керек деген эреже таңууланды.

Бара-бара Кыргызстанда кыргыздар жалаң гана Кыргызстанда жашашат, нагыз адабий тилде сүйлөөчү калайык, жогоруда айтылгандай, Чүй, Көл, Нарында байырлашат деген пикир үстөмдүк кылып кирди.

«Таза кыргыз» демекчи...

Фу-йү кыргызы Ву Жанжу (Wu Janju). Үрүмчү шаары. 24-октябрь, 2015-ж.
Фу-йү кыргызы Ву Жанжу (Wu Janju). Үрүмчү шаары. 24-октябрь, 2015-ж.

Тээ Ыраакы Чыгыштагы тарыхый Манчжурияда (азыркы КЭРдин Хейлуңжаң вилайетиндеги Фу-Йү ж.б. үйөздөрүндө) жашаган кыргыздар шибердик кыргыз тилинин архаикалык вариантын сакташкан; алар да өздөрүн «таза кыргыз» эсептешет.

Тарбагатайда калмактардын таасири астында бутпарас (буддизм) дининин лама тарыкатын кабыл алган кыргыздар бар; алар да өздөрүн «таза кыргыз» санашат.

Ооганстанда, Кытайдын Ак-Тоо (Чыгыш Памир) аймагында, Тажикстанда, Таримдин түштүгүндөгү Хотан жергесинен түштүктөгү Индияга чектеш Каракорум тоолорунда, Пакистанда ж.б. жашаган кыргыздар да, Чүй, Көл, Нарындагы кыргыздардан айырмалуу диалекттерде сүйлөшсө да, өздөрүн «таза кыргыз» эсептешет.

Тарбагатайлык кыргыз аял темир комуз кагууда.
Тарбагатайлык кыргыз аял темир комуз кагууда.

Ар бир диалект баалуу

Ушул тапта кыргызстандык илимпоздор (тилчи, диалект таануучу, этнограф, фолклор таануучу ж.б. адистер) этнологиялык бир чындыкты таанышы кажет - Чүй, Көл, Нарын жактагы кыргыздардын тили жалпы кыргыздардын ири дарыясындагы чакан гана өзөн болуп саналат.

Кыргыз таанууну телегейи тегиз өрчүтүш үчүн ала-тоолук окумуштуулар кыргыздардын бардык топтору көздүн карегиндей сактап келген диалекттерди жана жазма маданиятынын мурастарын башка түркологдор менен орток изилдеши керек.

Профессор Сулайман Кайыпов.
Профессор Сулайман Кайыпов.

Башкыр улутунун, кырымдык жана эдилдик ногойлордун, Түндүк Кавказдагы жана башка аймактардагы кыпчактардан жиктелген кумук, балкар сыяктуу элдердин, алтай, шор, хакас, тыва, саха ж.б. шиберлик элдердин, сары уйгурлар менен лоптуктардын гана эмес, ал түгүл монгол тилдүү бурят, калмак, халха монголдордун, сарыг-йугурлардын арасында калган кыргыздардын топторунун арасында да изилдөө жүргүзүү абзел.

Кейиштүүсү, азыркы тапта вандык, памирлик кыргыздардын диалектилик өзгөчөлүктөрүн, фолклордук мурасын изилдөө жаатында Кыргызстанда - Сулайман Кайыпов, ак-тоолук кыргыздардын фолклорун изилдөө жаатында Кытайда - Мамбеттурду Мамбетакун сыяктуу өп-чап гана кыргыз аалымдарынын жарыяланган илимий эмгектери бар экенин мойнубузга алышыбыз абзел (мында биз Реми Дор, Назиф Шахрани сыяктуу Батыштагы аалымдарды айтып отурган жокпуз).

Кытайлык кыргыз санжырачысы Төлөк Төрөкан (оңдо) менен Т.Чоротегин жана Мамбеттурду Мамбетакун (солдо) баарлашууда. 13.7.2014.
Кытайлык кыргыз санжырачысы Төлөк Төрөкан (оңдо) менен Т.Чоротегин жана Мамбеттурду Мамбетакун (солдо) баарлашууда. 13.7.2014.

Чет өлкөлөрдөгү кыргыздардын этнографиясын жеринен изилдеген адистерибиз да аз (Кытайдагы кыргыздарды Абылабек Асанканов, Азиза Турдуева, Чолпон Субакожоева, Гүлзада Абдалиева сыяктуу азганактай гана тарыхчылар КЭРге ырааттуу барып изилдешти).

Моюнга алышыбыз керек: сырткаркы кыргыздарды изилдеген адистерибиз аз болуп жаткан чакта боштукту жалган тарыхчылар, жалган этнографтар ээлешүүдө.

Алардын айрымдары Тибетте тим эле Штирлиц сыяктуу «Өздөрүн жашырып байырлап жаткан кыргыздар бар экен!» деп калпты чын кылып жазып чыгышты.

Кээлери болсо манчжур өкүмдары чагылдырылган чийме сүрөттү Манастын Кытайда сакталган орто кылымдардагы боёк сүрөтү катары жалган маалымат таркатышты.

Тибетте кыргыз барбы?

Ал эми кыргыз этнографтары жана тарыхчылары Тибетке жакын бийик тоолуу Каракорум тоолорун, андагы Шайдылда Базар деген чек ара бекетин байырлаган кыргыздар акимдик башкаруу жагынан Хотандагы Кең-Кыр айылына таандык экенин жазып чыгышкан. Бирок алардын илимий тексттери калың журтка кеңири таркабаган китептерде гана сыйдырылган.

Тасма. Тибеттен түндүк-батыштагы Шайдылда Базар кыштагында туулуп-өскөн, учурда Кең-Кыр айылында жашап жаткан Абдысамат Нуракун уулу менен маек. Хотан аймагы, КЭР. Т.Чоротегин. 27.7.2015.

Айтмакчы, Каракорумдагы Шайдылда Базарда байырлаган дал ушул кыргыздардын бир өкүлү Абдысамат Нуракун уулуна ушул саптардын ээси да Кытайдагы Кең-Кыр кыштагында жолуккан.

Бул кыргыз өкүлү ичкилик диалектинде сүйлөйт; анын кебинен илгерки чагатай жазмасынын жана уйгур тилинин таасирин сездик. Бирок ал да өзүн «нагыз кыргыз» деп санайт. Жазганда ал Кытайдагы кыргыздардын араб жазмасын колдонот.

Бүбүкадича Абдысамат, кыргыз окуучу кыз. Санжу өзөнүнүн жээги, Кең-Кыр, Хотан, ШУАР, КЭР. 27.7.2015.
Бүбүкадича Абдысамат, кыргыз окуучу кыз. Санжу өзөнүнүн жээги, Кең-Кыр, Хотан, ШУАР, КЭР. 27.7.2015.

Шайдылда-базардык кыргыздар бизге Тибетке («Шызаң») соода-сатык үчүн 1,5 миң чакырым жолду басып барышарын, котормочунун көмөгү менен же жаңсашып соода кылышаарын, тибеттиктер соодада так калк келээрин, алардан кээде топоз сатып алышаарын айтып беришти. «Тибетте кыргыздар барбы?» деген суроого «Жок!» деген гана жообун узатышты.

Айтмакчы, Каракорум тоолорундагы кыргыздардын айрымдарына замандашыбыз Айбек Байымбетов да жолуккан. Бул тууралуу ал 2012-жылы шардана кылган, анын маалыматы орус тилине да которулган.

Айбек Байымбетовдун айтуусунда:

«Эми биздин маалыматыбыз боюнча тибеттик кыргыздар (биз баса белгиледик. –– Т.Ч.) түндүк-батыш Шизаңда (Тибет. –– Т.Ч.) Куэнь-Лунь тоолорунун түштүк этегинен Раскем дарыясы (биз баса белгиледик. –– Т.Ч.) агып өткөн өрөөнгө чейин чачырап жайгашкан. Тибеттин бул бөлүгүнүн (биз баса белгиледик. –– Т.Ч.) климаты катаал жана бийик келет, бул жердеги тоолуу ландшафт катып калгандай, кээ бир жерлерде таптакыр эч нерсе өспөйт. Биз жолуктурган кыргыздар Шиңжандагы Каргалык шаарынан Тибетти көздөй 360-400 км. аралыкта (биз баса белгиледик. –– Т.Ч.) турак алышкан. G 219-чу трасса боюнча Каргалыктан чыгып Куэнь-Лунь тоолорунан Аккез даван ашуусу аркылуу өтүп, андан Чыраксалды (5012 м) ашуусун ашкан соң, Раскем дарыясынын өрөөнүндө жана ага жакын тоо бийиктиктеринде кыргыздар бүгүнкү күнгө чейин малын жайып, оокат кылып келишет. Биз таанышкан жергиликтүү шизаңдык кыргыз Абдлызкабыл (туурасы: Абдулазил Кабыл. –– Т.Ч.) байкенин айтымында, бул жердеги кыргыздар Кызыл-Суудан келген эмес, алар илгертен бери ата-бабаларынын жери катары ушул аймакта жашап келе жатышкандыгын белгиледи....»

Булак: Байымбетов, Айбек. Бабалар байырлаган жерге сапар //«24.kg» MA, 20.06.2012. URL: https://kmb3.kloop.asia/2012/06/20/babalar-bajy-rlagan-zherge-sapar/

Айбек мырзанын Абдулазил Кабыл менен жолугушканында эч күмөнүбүз жок. Мындагы кыргыздар КЭРдин Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагына акимдик (администрациялык) башкаруу жагынан эч тиешеси жок кыргыздар экенин да эч танбайбыз (бирок алар Хотан, Ак-Тоо, Кашкар, Артыштагы кыргыздардын эле бир ажырагыс бөлүгү).

Шайдылда-Базар менен Кең-Кыр (Кең-Кыя) кыштактары 1984-жылдан тартып биригип, Хотандагы кыргыз автономиялык айыл аймагын түзүшөт.

Тээ 1925-жылы Каракорумдагы дал ушул кыргыздарды учураткан соң, айтылуу саякатчы Юрий Николаевич Рерих бул тоолорду «Тоолуу Кыргыз жергеси» –– «Горная Киргизия» деп атаган эмеспи!

«Сегиз сааттай жол жүргөн соң, биз кеңирсиген таштак өрөөндөгү Көк-Жар менен Санжу багыттарына кетчү жолдун ажырашаар кесилишине жеттик; бул өрөөн түндүк тарабынан мөңгү баскан чокулары бар эбегейсиз зор тоо кыркасы менен жээктелип турду. Бул тоо кыркасынын артында тоолуу Кыргыз жергесинин жайлоолору жайгашкан болчу».

«...Через восемь часов пути мы достигли места пересечения путей на Кокьяр и Санджу на широкой каменистой равнине, окаймленной с севера могучей горной грядой со снежными вершинами. За ней находились летние пастбища горной Киргизии».

(Булак: Рерих Ю.Н. По тропам Срединной Азии. Самара: Издательство "Агни", 1994. –– Раздел: Из Леха в Хотан. Великий Каракорумский путь. –– URL:http://www.centre.smr.ru/win/books/po_tropam/text/02.htm)

«Чордондук Азиянын чыйырлары менен» («По тропам Срединной Азии»; 1933) деген китебинде Ю.Н.Рерих каракорумдук кыргыздар жылкыны жакшы караарын, жылкынын бутунун сыныгын дарылоодо өзгөчө чебердигин көрсөтүшкөнүн эскерген.

(Булак: Чоротегин Т. Тибетке карай кетчү канжолдогу кыргыз журту: Шайдылда Базар // Азаттык үналгысы. –– 23.8.2015. –– https://www.azattyk.org/a/china_kyrgyz_xaidulla_tibet_hotan/27203352.html)

Бирок... Раскем дарыясы Тибеттен эмес, Каракорум тоолорунан башат алат жана төмөндөп ашып келе берип, Жаркен (Йаркенд, азыркы уйгурча Йэкен) дарыясы аталып калат. Акыры бул дарыя андан да ири Тарим дарыясына куят...

Каргалык шаарынан Тибетти көздөй 360-400 км. аралыкта гана жайгашкан аймак - бул Тибетке эмес, Хотанга таандык болуп саналган тоолуу аймак.

Мындагы каракорумдук кыргыздарды дүйнөлүк этнографиялык илимде, анын ичинде кытайлык этнографиялык илимде «хотандык жана каракорумдук кыргыздар» деп гана эсептешет.

Балким, чын эле Тибетте кыргыздар болгондур? Орто кылымдарда Энесай Кыргыз каганатынан Тибетке элчи катары сапарга аттанып, атажуртуна кайтпай калгандар болгон...

Бирок ушул заманда «тибеттик кыргыздар» катары Раскем (Жаркен) дарыясынын башатын жердеген каракорумдук кыргыздарды санап өтүү - жалганды чындай баяндаган «фолк хисторинин» өкүлүнүн гана колунан келчү иш. Салыштырып айтсак, бул - Бухарадагы өзбектерди «коженттик өзбек деп эсептейличи» дегенге тете.

Болочок илимпоздордун кулагына күмүш сырга

Жаңы доорубузда кыргызстандык тилчилер, фолклор таануучулар жана этнографтар кыргыздардын чет өлкөлөрдөгү топторун изилдеш үчүн акырындап илимий саякаттарды уюштурары ажеп эмес.

Эгерде бийлик мындай саякатты уюштурчу болсо, анда айрым «жаңы байлар» уюштурган саякаттардагы катачылыктарга эч жол койбошу керек. Ошондой чириген байлардын каржылык көмөгүн алып алып, өздөрү саякат кылган жерлерде фото сүрөткө түшүү («фото сессия») менен гана алектенген мыкчегерлер тууралуу далай укканбыз.

Ошондой «фолк хистори» өкүлдөрүнүн бири кайсы бир тибеттик жигит менен фото сүрөткө түшө калып, анан Кыргызстанга келип: «Мен Тибеттеги бир кыргыз менен сүрөткө түштүм» деп сыналгыда калпты чындай куюлуштуруп айтканын аны менен чогуу Тибетте кыска саякатта жүрүп келген мурдагы парламенттин бир үйүнүн төрагасы Алмамбет Матубраимов агай тарыхчыларга айтып күлгөнү эсте.

Болочок илимий саякаттар узак мөөнөткө созулушу керек.

Эң башкысы эмнеде?

Биз жогоруда бир кыргыз тилчисинин сөздөрүндөгү айрым орусча терминдерди (понимаешь; закон; правила; значит) жөн жеринен мисал келтирген жокпуз. Ал адис үйүндө деле, той-тороподо деле, коомдук жыйындарда деле орусча сөздөрдү чалды-куйду колдоно берери табигый эле нерседир.

Башка өлкөлөрдө деле карапайым калайык (өзгөчө, окумуштуу эместердин арасында) өздөрү жашаган аймактагы негизги тилдердеги терминдерди эрен-төрөн кылбастан колдонору айдан ачык. Аларды изилдешщ үчүн алар чогуу байырлаган тарыхый коңшуларынын тилин жана маданиятын да алдын-ала иликтөө зарыл.

Маселен, Пакистандагы кыргыздардын тилин, этнографиясын изилдөө үчүн жиберилчү адис араб жазмасын гана эмес, урду, пушту, араб, орто кылымдык чагатай тилдерин да билсе, албетте, иши натыйжалуу аяктайт.

Башкырлардын арасындагы кыргыздарды изилдеш үчүн жибериле турган адис башкыр, татар, орус тилдерин жана орто кылымдык кыпчак жазма мурасын, башкыр санжырасын өздөштүрүп алса анын иши майнаптуу аяктайт.

Фу-Йү кыргыздарын изилдеш үчүн кыргыз, хакас, шор, саха, тыва тилдеринен тышкары кытай, монгол тилдерин да билген адисти алдын-ала таптоо зарыл.

Мындай адистерибиз барбы?

Албетте, азырынча андай адистер бизде жок!

Бирок Мажарстанда мажар тилин башка тилдерге айкалыштыра мыкты билген чыгыш таануучуларды даярдагандай эле, бизде да чыгыш таануу жана кыргыз таануу багыттарын айкалыштырган көп жылдык илимий долбоорлор зарыл. Аларга жаш адистерди өң тааныштык жолу менен эмес, калыс сынак аркылуу тартуу керек.

Өлкөдөгү түркологдор, «Манас» таануучулар, маселен, чыгыш таануучу катары да кошумча тарбияланып, кошумча тилдерди үйрөнүшсө, акырындап көп тарамдуу кыргыз таануучу катары калыптанышаар эле. Аларга булак таануу, руна сымал жазма, ар кыл алфавиттер жаатында таалим берүү абзел.

Чет жерлердеги ар бир кыргыз тобунун жана кыргыздардан жиктелип кеткен этностук топтордун диалектисинин, ар башка алфавиттердеги жазма мурасынын, ар башка жанрларды камтыган фольклорунун өзгөчөлүктөрү - жалпы улутубуз үчүн көөнөргүс байлык катары изилдениши керек.

Бул көп жылдык аракетти баштоодон алдын илимий жана саясий жетекчилигибиз бир жагдайды унутпашы кажет: чыгыш таануу, тил жана тарых адистиктерин айкалыштырган заманбап кыргыз таануу адистигин эгемен Кыргызстанда гана ар тараптуу өнүктүрө алабыз.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (31)

XS
SM
MD
LG