Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

Кыргыз тарыхы: Макелек Өмүрбайдын “илимий” жоромолдору: 1-макала


Тарых – тактыгы менен айырмаланган илим. Тарыхнаамалык түрмөктө бул ирет КЭРдеги калемгер Макелек Өмүрбайдын илимий чындыкка коошпогон айрым жоромолдору жөнүндө кеп козголот. Биринчи бөлүм.

“Платон досум – бирок...”

Илим чөйрөсү улам жаңы маалыматтар, улам жаңы табылгалар аркылуу байып турат. Кыргыз тарыхы деле так ушундай тармак. Кыргыз тарыхына таандык жаңы маалымат делген нерселер улам талданып жатканы демейдеги эле көрүнүш. Албетте, “жаңы” делген кээ бир маалыматтар салыштырма изилденип келгенде “фолк-хисториге” таандык, б.а. эч кандай фактологиялык негизи жок эле ойдон чыккан жоромолго негизделген “кооз баяндарга” таандык болуп чыккан учурлар да кезигет.

Мындай учурда тарыхчылар кээде ошондой жалган маалыматка таянган жоромолдордун ээлеринин көөнүн оорутуп сын айтууга мажбур. Ойчул Арстотелдин “Платон – досум, бирок акыйкаттык андан да артык” деген сөзү гана мындай учурда илимпозду коргой алат.

Бул макалада биз тохар канзаадасынын айкелинин Макелек Өмүрбай тарабынан кыргыз каганынын айкели катары бурмалангандыгы, айрым кыргыз кагандарынын ысымдары деген фактыга негизделбеген жоромолдорду жазгандыгы жана башка өксүктөрү тууралуу токтолобуз. Оболу анын дарегине жылуу сөз айта кетелик...

Макелек Өмүрбайдын мыкты ишмердиги

Кытайдагы кыргыздардын арасынан “маданий ыңкылаптан” кийинки он жылдыкта суурулуп чыккан белсемдүү айдыңдардын алдыңкы сабында ардактуу Макелек Өмүрбай агай турат десек жаңылышпайбыз.

Макелек Өмүрбай.
Макелек Өмүрбай.

Атпай журтка таанымал бул журналист, публицист жана илимпоз 1956-жылы жалган куран (март) айынын 10унда КЭРдин Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусуна караштуу Улуу-Чат ооданындагы Улуу-Чат айылынын Чоң-Терек-Суу кыштагында жарык дүйнөгө келген. Анын балалык чагы жана күлгүн курагы 1966-76-жылдардагы каргашалуу “маданий ыңкылап” дооруна туш келди.

Ал 1980-жылы Үрүмчү шаарындагы Шинжаң университетинин география факултетин аяктаган соң, 1982-жылдан тартып КЭРдин борбору Бээжин шаарына келди. Мында ал Борбордук улуттар институтунда кыргыз тили жана адабияты адистиги боюнча таалим алып, улуттар аралык тил жазуу кызматы комитетинде кыргыз тилин, кыргыз жазуусун изилдөө жаатында эмгектенет.

1982-жылдан азырга чейин Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунун (ШУАР) борбору Үрүмчү шаарында жергиликтүү этностордун тилин жана маданиятын иликтөө мекемесинде (“Улуттар тил-жазуу кыяматы комитетинде”) кыргыз тилин жана жазуусун изилдөө багытында иш жүргүзүп келди.

“Тил жана котормо” журналынын 3-санынын мукабасы. 1993.
“Тил жана котормо” журналынын 3-санынын мукабасы. 1993.

Эң башкысы, башка коомдук-чыгармачыл милдеттерден тышкары, ал 1985-жылдан тартып азыркы маалга чейин кыргыз тилинде арап арибинде жарык көргөн «Тил жана котормо» журналынын башкы редактору кызматын аркалап келди. Дал ушул журнал Кытайдагы “маданий ыңкылаптан” кийинки доордогу нечендеген кыргыз калемгерлеринин жана илимпоздорунун тушоосун кескен өтө натыйжалуу иш-аракетти ырааттуу аткарды. Ушул кызматы үчүн эле Макелек агай жалпы кыргыз таанууга опол тоодой салым кошту деп айтсак болот.

Ал кыргыз тили, адабияты, дастандары, фолклордук мурасы, этнографиясы, тарыхы жаатында чыгармаларды ырааттуу жарыялап келди. Макелек Өмүрбай уулу Кытайдын ШУАР аймагынын «орошон салым кошкон алдыңкы адиси (озот маманы)» наамын алган.

Анын эмгеги Кытайда жогорку баага арзыган. Маселен, ал КЭРдин өкмөтүнүн өзгөчө каржы менен сыйланган илимпоздорунун катарына кошулган, ШУАРда “орошон салым кошкон мыкты адис” наамын алган. Кыргызстанда “Манас” орденине татыды, Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин «Маданиятка салым кошкон» төш белгисинин ээси, И.Арабаев атындагы КМУнун ардактуу профессору наамынын ээси болду.

Анын илимдеги жана маданияттагы орчун салымдары тууралуу байма-бай айтылып келет.

Бирок...

Бирок биз азыр сунуштап жаткан макалада урматтуу Макелек агайдын “фолк-хисторинин” тегирменине суу бурган айрым бүдөмүктөнгөн жоромолдоруна гана кайрылмакчыбыз.

Бул макаланы жазуу менен катар Макелек Өмүрбай агабызга карата жекече урматтообуз кемейбей тургандыгын, тек гана анын айрым тарыхый фактыларга төп болбогон жоромолдору Кыргызстандагы тарых окуу китептерине жана башка адабиятка “тастыкталган маалымат” катары кирип кетпөөсүнүн алдын алып жазылып жаткандыгын эскерте кетмекчибиз.

Макелек Өмүрбайдын жоктон бар кылган “сенсациялык” жоромолдору

Оболу, жалпы окурмандарга сын бутасы түшүнүктүү болсун үчүн, Макелек агайдын айрым “ачылыштарын” анын сөзү менен баяндайлык.

(Булак: Кытайдан табылган кыргыз ажосунун айкели // «Кѳк асаба» коомдук-руханий гезити. — 27.12.2015;

Макелек агайдын жаңы китеби: Өмүрбай, Макелек. Kыргыздын мамлекеттүүлүгү жазма булактарда / Редактору Ж.Кадыров. — Бишкек: Улуу Тоолор, 2016. – 260 б. — ISBN 978-9967-470-43-9).

Макелек Өмүрбай:

“...Ооба, ушул күндөгү кыргыздын байыркы тарыхын баяндаган эмгектерде, кыргыз бийлигинин баш кишисинен бир-эки гана адамды, атап айтканда, Барсбек жана Жаглакар ханды айтып тим болгонубуз, кыргыздын бийлик тарыхын түкшүмөлгө түшүрүп келе жатканын туюнганыбыз абзел.

Макелек Өмүрбай КЭРдин Шэнси вилайетиндеги Цяньлин (Чиаң-лиң) көрүстөнүндө айкелдин жанында.
Макелек Өмүрбай КЭРдин Шэнси вилайетиндеги Цяньлин (Чиаң-лиң) көрүстөнүндө айкелдин жанында.

...Кыргыздын 8-кылымдагы ажоосу Жетисан Бекбай Багачор ажоонун өмүр баянын жана анын айкелин кытайдын таң падышалыгы доорунда астана шаар болуп турган «Чаң Ан ордосунан» (азыркы Шаншы провинцыясынын Ши-Ан шаарынан) таап алууга жетиштик.

...Эмесе, кыргыздын улут болуп калыптанган тарыхынын узун экенин айтууну коё туралы да, кыргыз бийлик тарыхынын килитин ача турган баяндарга, анын ичинде, өз көзүм менен көрүп, колум менен сылап келген, Жетисан Бекбай Багачор ажоонун Ши-Андагы айкелинен сөздү баштап, кыргыз бийлигинин тарыхынын түптүү экенин тарыхый бийлигинде тактыда олтурган ажоолорунун (хагандарынын) тизмегин көрсөтүүгө далалат жасайлы.

8-кылымдагы кыргыз ажоосунун таштан сомдолгон айкели, ушул күндө, Кытай эл респубиликасынын Шан-Ши провинциясы Шаняң шаары Чаншыян район борборунан алты километир алыста Лаңшан тоо этегиндеги «Чыянлың» аталган падыша көрүстөнүнө коюлган «61 чет элдик баш кишилердин башы жок айкели» деген айкелдер тобунун ичинде турат. Ал падышалык күмбөз Кытайдын таң падышалыгынын 3-падышасы Таң Гавзоң (650-жылдан 684-жылга чейин тактыда) менен анын жубайы, Таң падышалыгынын 6-падышасы, Кытайдын биринчи аял падышасы Ву Зытыяндын (684-70-жылга чейин тактыда) көрүстөнү болуп, кытайда «Чыянлың күмбөзү» деп аталат да, ошол падышалык күмбөздүн эки капталына бир жагына 32 кишинин, дагы бир капталына 29 кишинин төрттөн катар тизилип турган айкели коюлган.

...«Чыянлың» падышалык көрүстөнүнө барып 61 таш айкелди көргөндө, эки гана айкел башы менен турганын, калгандарынын бардыгы мойнунан, ал тургай көкүрөгүнөн өйдөсү жок экенин көрүшөт. Ал башы менен турган айкелдин бирөө жылаңбаш, тармал чач, муруттуу, кадиресе, тонун сол жагынан кумтуланган айкелди учуратат. Бул кытай тарыхый жазмаларында, ошол эле «Чаң Ан санжыргасында» жазылып калган кыргыздын 8-кылымдагы ажоосу Жетисан Бекбай Багачордун айкели экени ырасталды”.

(Шилтеменин соңу).

Ушул саптардын ээси Макелек Өмүрбай агай өзү даңазалаган айкелдин сүрөтүн 2016-жылы чыккан китебинин мукабасында да жайгаштырган:

Макелек Өмүрбайдын 2016-жылы Бишкекте чыккан китебинин мукабасы.
Макелек Өмүрбайдын 2016-жылы Бишкекте чыккан китебинин мукабасы.

Ушул эле китептин 65-бетинде Макелек Өмүрбай бул айкел Кытайдын Тан сулалеси доорунда бийликте болгон императорлордун айрымдарынын Чиаң-лиң падышалык көрүстөнүндө жайгашканы жана аны б.з. 705-жылы тургузушканы тууралуу өз жоромолун жазат.

Макелек Өмүрбайдын оюнча, № 1 сүрөттөгү мурутчан кишинин айкели — кыргыз каганы (аны ал “кыргыз ажоосу” деп берет) Жетисан Бекбай Багачорго таандык имиш. Бул каган 693-708-жылдары бийлик кылган имиш. Анда анын эстелигинде 705-жылы ал өзү тирүү кезинде эле бул кагандын элесин шарттуу түрдө чагылдырышкан го деп болжолдойлу.

Макелек Өмүрбайдын 2016-жылы Бишкекте чыккан китебинин 65-бети.
Макелек Өмүрбайдын 2016-жылы Бишкекте чыккан китебинин 65-бети.

Макелек Өмүрбай бул мурутчан, чачы тармал жана кыргыздардыкына окшобогон чапан кийген кишинин сөлөкөтүн ишенимдүү түрдө кыргыз каганы деп атагандыгы — чоң чечкиндүүлүк.

Бирок дароо эле сүйүнүчүбүзгө суу бүркүшүбүз керек болуп турат.

Себеби бул мурутчан кишинин айкели кыргыз өкүмдарына таандык эмес. Анткени айкелде анын кимге таандык экендиги тууралуу эч кандай белги жок.

(Караңыз: Liu Xiangyang. Emperors’ Mausoleums in the Tang Dynasty. —​ Sanqin Publishing House, 2003, p. 107).

Сырткы кийими, муруту жана тармал чачы аркылуу аны кыргыз эмес эле, Ички Азиядагы таптакыр башка этностун өкүлү катары жоромол кылууга да болот.

Макелек агай жонунан сүрөткө тарткан дагы бир айкел да кызыгуу туудурат.

Тохар канзаадасынын айкелинин жонундагы жазуу.
Тохар канзаадасынын айкелинин жонундагы жазуу.

Сүрөттүн астында Макелек агай “Сүрөттөгү айкелдин жонунда кыргыз ажосунун ысымы, мансабы жазылган” деген текст түшүндүрмөсүн тиркеп жазган.

Бирок, чыгыш таануучу, синолог Жаркын Турсундун тастыкташынча, бул айкелдин жонунда кытай иероглифтери менен “Тохар канзаадасы Чжие Да Цзян Тегин” (Жие Да Чиан Тегин) деп жазылган.

Айкелдин жонундагы кытайча иероглифтер:

“吐火羅王子特勤羯達健 (англисче: Prince of the Tukhara Jie Da Jian Tegin)”.

Демек, бул айкел Чыгыш Теңир-Тоого жакын Тарим оазисинде же Хэси өткөөлүндө байырлагандыгы божомол кылынган тохар элинин кайсы бир тобунун өкүлү болгон канзаадага таандык деп жоромол кыла алабыз. Мындагы индоевропалык тилдерде сүйлөгөн тохарлар кийинчерээк акырындап түрк жана башка элдерге жуурулушуп кеткен.

“Чыянлың” (“Цяньлин”) падышалык көрүстөнүндөгү таш балбалдын бет маңдай жагы.
“Чыянлың” (“Цяньлин”) падышалык көрүстөнүндөгү таш балбалдын бет маңдай жагы.

Дал ушул айкелдин жанында (жогоруда) Макелек Өмүрбай агай сүрөткө түшүп, аны кыргыз каганынын айкели катары сунуштаган, бирок бул айкелдин арка жагында анын кыргыз каганына же дагы башка бир төбөлгө таандыктыгы тууралуу эч кандай иероглифтик маалымат жок.

“Чыянлың” (“Цяньлин”)” көрүстөнүндөгү мурутчан таш балбалдын арка жагы.
“Чыянлың” (“Цяньлин”)” көрүстөнүндөгү мурутчан таш балбалдын арка жагы.

Макелек Өмүрбайдын ушул айкелди бурмалап сыпаттагандыгын тастыктаган адабиятты жана булактарды табууга жана бир катар башка бурмалоолорду да жокко чыгарууга көмөктөшкөн бээжиндик синолог Жаркын Турсун айымга ыраазычылык билдирем.

Тохардын канзаадасын кыргыз каганы кылып көрсөтүү далаалаты башка бир замандашыбыз — өзүн “жайсаңчылардын бири” санаган журналист Темирбек Токтогазиевдин XVII кылымдын алгачкы чейрегиндеги манчжур ханы Нурхачинин чийме сүрөтүн фотоаппаратка тартып алып, андан соң фотошоп сыяктуу усулдар аркылуу кооздоп-шөкөттөп, орто кылымдардагы кыргыз ханы Манастын сүрөтү катары сунуштоо далаалатын да эске салат.

(Т.Токтогазиевдин сүрөт бурмалаган далаалатына карата сын жөнүндө толугураак төмөнкү шилтемени караңыз: Чоротегин Т. Тарых жана "Манас": Манчжурду кыргыз кылып бурмалаган сүрөт // azattyk.org. — 21.3.2018).

Ал эми Тохар төбөлүнүн ысымы камтылган иероглифтик антропонимди дагы бир ирет таразаласак, демек, иш жүзүндө, жогорудагы фото сүрөттөгү эстеликтин жонундагы иероглифтер бул айкел кыргыз каганына эмес, тохар канзаадасына таандык экендигин тастыктап турат.

Айтмакчы, интернеттеги сүрөт, үн, текст, видео да камтылган эркин пикир алмашуу барактарын кытайлык кыргыздар “үнкат” деп атап, ал эми интернеттик шеринени “үнкат тобу” деп атап коюшат.

WeChat ж.б. интернет түйүндөрүнүн ичинде негизделген бул “үнкат тобунда” ханзу тилин мыкты билген кытайлык кыргыз илимпоздору 2015-жылдан тартып эле Макелек Өмүрбай агабыздын айрым жалган маалыматтарын сынга алып чыгышкан. Кыргыздын арап тамгасын билбеген жана кытайлык кыргыздардын интернеттеги шеринелерин окубаган ала-тоолуктар үчүн бул ачуу жана калыс сындар айтылган талкуулар тээ алыскы Марс планетасында жүрүп жаткан талкуу сыяктуу эле белгисиз калды.

Ал эми Жетисан Бекбай Багачор деген каганды кайсы доорго жайгаштырабыз? Чаташуунун бардыгы мына дал ушунда.

Жогоруда айтылгандай, Макелек агайдын оюнча, бул инсан Кыргыз мамлекетин 693—708-жылдары бийлеп турган имиш. Анда кытай жазмаларында айтылбаган, бирок Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгынын Орхондогу руна сымал жазмаларында жана Кыргыз каганатынын маалында Эне-Сайдагы Алтын-Көл жергесинде ишмердиги таасын чагылдырылган Барсбек каган 693—708-жылдары саясий аренада жок беле?

Ички жана Борбордук Азияда, ошондой эле Шиберде жана кийинчерээк “Кыпчак талаа” деп аталган Эдил-Орол, Кырым, Түндүк Кавказга чейин созулган ири аймакта орто кылымдардагы түрк калктары руна сымал жазманы өнүктүргөн. Бул Батыш Европада жана Скандинавияда таркалган руна жазмаларынан таптакыр көз каранды эмес, өз алдынча түзүлгөн алфавитте түрк калктары өз тарыхый тагдыры, саясий окуялар, дүйнө таанымы менен байланыштуу олуттуу маалыматтарды калтырышкан.

Өзгөчө VII кылымдын акыры — IX кылымдын ортосу менен байланыштуу көптөгөн окуялар жана тарыхый инсандар руна сымал жазмаларда эскерилип калган.

Биз Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгы жана ага таймашып, эл аралык коалиция түзүүгө умтулган Кыргыз кагандыгы доорундагы руна сымал жазмалардан VII кылымдын акыры — VIII кылымдын башына карата Барсбек каган жөнүндө гана маалымат таба алабыз.

Маселен, Орхондогу Көл-тегинге арналган руна сымал жазма эстеликте:

“...барс бег эрти. каган ат бунта биз биртимиз, сиңлим кончойуг биртимиз. өзи йаңылты. каганы өлти, бодуны күң-кул болты”, — деген маалымат бар.

Котормосу:

“[Кыргыздардын каганы] Барсбек эле. Каган даражасын биз берген элек. Карындашым (“сиңлим”) — бекбийкени (“кончой”) ага берген элек. Өзү жаңылды. Каганы өлдү, эли кул-күң болду”. (Чоң жазуу, 20-21-саптар).

С.Е.Маловдун орусча котормосу:

“...был Барс-бег; мы в то время (или: при тех обстоятельствах) даровали (ему) титул кагана и дали (ему в супружество) мою младшую сестру — княжну. (Но) сам он провинился, (а потому) каган умер (т.е. он сам был убит), а народ его стал рабынями и рабами...”

(Булак: Малов С.Е. Памятники древнетюркской письменности: Тексты и исследования. — М.-Л.: 1951. — 451 с. — С. 38-39.)

Ал эми Макелек Өмүрбай ысымын “Жетисан Бекбай Багачор” катары сунуштап жаткан кыргыз каганы эч бир тарыхый жазмаларда жок.

Ал “693—708-жылдары бийлик кылган” деген маалымат да булакка таянылбаган жоромол. Бул маалыматтар – Макелек агайдын фантазиясынан гана жаралган.

Ал эми Тан сулалесинин үчүнчү императору Гаоцзун (Гавзоң; Gāozōng; 650—683-жж. тактыга отурган) бийлеп турган чакта, болжол менен 662-683-жылдар аралыгында Кыргыз каганатын бийлеген кагандардын биринин ысымы — Кел Оң Чжан (?) Бег Бөгү Багатур (Kel Ong Jan (?) Beg Bögü Bagatur). (Суроо белгисин койгонубуз — Jan деген ысымды бир беткей чечмелөө азырынча эрте дегенди туюнтат).

Кытайдын азыркы Шэнси вилайетине караштуу Цянсян (Чаншыян) үйөзүндө, б.а. мурдагы Чан-ан, азыркы Шиан (Сиан) шаарынан 85 чакырымдай түндүк-батышта Вэй дарыясынын түндүк жээгинде Ляң тоосунда жайгашкан Цяньлин (Чиаң-лиң; Qianling) көрүстөнү — учурда туристтер көптөп агылган саякат жайлардын бири.

Ляң тоосунда жайгашкан Цяньлин (Чиаң-лиң) көрүстөнүнүн калыбы.
Ляң тоосунда жайгашкан Цяньлин (Чиаң-лиң) көрүстөнүнүн калыбы.

Бул көрүстөн оболу 683-жылы өлгөн Гаоцзундун күмбөзүнө байланыштуу 684-жылы курула баштаган. 705-жылы өлгөн каныша У Цзэтяндын (Ву Зытыян; Wu Zetian) күмбөзү да кошулуп, бул көрүстөндүн курулушу 706-жылы алардын уулу, падыша Чжун-цзундун (Zhong zong) маалында курулуп бүткөрүлгөн.

Кыргыз каганы Кел Оң Чжан (?) Бег Бөгү Багатур (Kel Ong Jan (?) Beg Bögü Bagatur) бийлеп тургандыгы жоромол кылынган заманда кыргыз өкүмдары Чан-андагы кытайлык ак сарайга мыкты аргымактарды (болжол менен 675-676-жж.) тартуу кылып жиберген жана Кытай менен дурус ымаласы үчүн шарттуу түрдө “Сол канат ардактуу кароолдун Башкы колбашчысы” деген аскер даражасын алган.

Айтмакчы, Тан сулалесинин императорунун атынан 843-жылы кыргыз каганына Ли Дейү жазган катта дээрлик эки кылымдай илгери, 647-648-жылы кыргыз өкүмдары Чан-анга келип, кытай императорунан “колбашчы” наамын алгандыгы тууралуу маалымат бар.

Бирок бул сыяктуу маалыматтарды сын көз менен караган илимпоздордун бири, америкалык синолог Майкл Дромпп кыргыз өлкөсүнүн Тан сулалесине “баш ийип” калгандыгын “бери дегенде кытайлык көз менен караганда” (at least in Chinese eyes) деп сыпаттайт.

(Караңыз: Drompp, Michael Robert. Tang China and the collapse of the Uighur Empire: a documentary history. — 2005. — Brill's Inner Asian library. 13. Brill. — ISBN 9004141294. — p. 126.).

Албетте, Тан сулалесинин императору тарабынан ыйгарылган бул даража – номиналдуу (сөз жүзүндө гана) болгон жана бул даражаны алуу Кыргыз каганаты Кытайга чындап баш ийип калды дегенди туюнтпайт.

Тан сулалеси доорундагы жазмалар камтыган бул дипломатиялык ишааранын (даражаны чет өлкөлүк өкүмдарга шарттуу ыйгаруунун) тарых китебинде катталышынын негизинде кыргыздар өз чөлкөмүндө компакттуу жана коңшуларынан өз алдынча жашап жатканын, Кытай менен соода жана элчилик алакаларын жүргүзгөнүн биле алабыз, анткени бул эки мамлекеттин ортосунда башка буфердик эгемен мамлекеттер да болгон.

Дал ушул Кел Оң Чжан Бег Бөгү Багатур деген кыргыз каганынын ысымы Тан сулалесинин императору Гаоцзундун (Гавзоң; Gāozōng) жана анын жубайы, каныша У Цзэтяндын (Ву Зытыян; Wu Zetian) мүрзөлөрүнүн маңдайындагы 61 айкелдин биринин жонуна алгачкы жолу бул айкелдер тургузулганда чегилген экен. Бирок кылымдар өтүп, айкелдердин жонундагы ысымдар жана мансап аталыштары чегилген жазуулар окулбай калган.

Цяньлин (Чиаң-лиң) көрүстөнүндөгү айкелдер.
Цяньлин (Чиаң-лиң) көрүстөнүндөгү айкелдер.

Кийинчерээк, Түндүк Суң сулалеси маалында (болжол менен 1086—1094-жылдары) бул 61 айкелдин жонундагы тамгалардын изи алынып, анын негизинде башка бир төрт таш устунга бул ысымдар тизмеленип коюлган. Төрт таш устундун бири кийинчерээк, Чыңгыз хандын урпактары негиздеген Юан сулалеси маалында (1271—1388) жоголуп кеткен.

Сакталып калган үч таш устундагы ысымдардын тизмесинен 36 гана чет өлкөлүктүн ысымы аныкталды, алардын арасында кыргыз каганынын ысымы мындайча жазылган: 結黌蠶匐膚莫賀咄 (латынча болжолдуу транскрипциясы: Kel Ong Jan (?) Beg Bügü Bagatur).

(Караңыз: Cheng Guocan (陈国灿), “Studies on Stone Statues of Foreigners of the Tang Dynasty in Qian Ling and the Titles of These Foreigners”, in Cultural Relics, vol. 2, 1980; also see his revised edition in: Collections of Treatise on History of the Turks and the Uyghurs, Zhonghua Shuju, 1987, pp. 375-407; Жаркын Турсундун жарык көргөнү жаткан англисче макаласы).

Бул ысымдагы “Багатур” окулушу дагы кызыгуу жаратат. Негизи, Кытайдын Суй сулалеси (589-619) доорунда эле түрк калктарында “багатур” титулу болгондугу маалым.

(Караңыз: Fleischer C. Bahādor // Encyclopaedia Iranica, Vol. III, Fasc. 4, pp. 436-437.)

Бирок бул ысымды оңой-олтоң бурмалап “Жетисан Бекбай Багачор” деп жазууга жана ал 707-жылга чейин Кыргыз кагандыгында бийлик кылган деп көрсөтүүгө эч мүмкүн эмес.

Мындай ысым жакында гана Кытайда ханзу жана кыргыз тилдеринде чыккан булак таануучулук жыйнакта да учурабайт.

(Караңыз: Ханзу тарыхый жазмаларындагы кыргыздар / Башкы түзүүчү Мамбеттурду Мамбетакун уулу; Жооптуу редактору Маметкары Абдыкерим уулу, Ойингова. — Үрүмчү: Шинжаң эл баш басмасы; Шинжаң эл басмасы, 2014. — Улуттук жазуудагы басылмаларды атайын колдоо корунун көмөк түрү. — 670 бет (кыргызча арап алфавитинде) +349 бет (ханзуча, иероглифте). — ISBN 978-7-228-18127-8.).

Ханзу тарыхый жазмаларындагы кыргыздар. - Үрүмчү, 2014.
Ханзу тарыхый жазмаларындагы кыргыздар. - Үрүмчү, 2014.

Макелек Өмүрбай Кармыштегиндин “жоктон бар кылып”, тарыхта болбогон кишилерди “кыргыз каганы” катары сунуштаганы 2016-жылы “Улуу Тоолор” басмасында белгилүү "жайсаңчы" Ж.Кадыровдун редакторлугу астында жарык көргөн китебиндеги жана айрым макаларындагы башка мисалдардан да айгинеленүүдө...

(Уландысы бар).

XS
SM
MD
LG