Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:11

Эркин Саматпы же Айеркен Саймаитиби?


Эркин Самат (Айеркен Саймаити).
Эркин Самат (Айеркен Саймаити).

Бул блогдо Кыргызстандагы жемкорлук чатагына байланыштуу ысымы улам эскерилген Эркин Саматтын (Айеркен Саймаити) атын кыргызча туура жазуу жана башка заманбап ономастикалык көйгөйлөр талкууга алынат.

2019-жылы 10-ноябрда Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык уйгур жигиттин ысымын кыргызча туура жазуу маселеси жаатында азыноолак ой бөлүшкүм келет.

Анын кылмыштуу чөйрөлөргө, Кыргызстандагы жемкорлукка тиешеси бары тууралуу азыр дүйнөдө ар кыл жоромолдор арбын айтылып жатат, мен бул маселеге кайрылып отурбайм.

Назарыңыздарга анын азан чакыргандагы ысымы тууралуу жана ханзу эмес этностун өкүлүнүн ысымын кыргыз басма сөзүндө кантип чагылдырган алгылыктуу экендиги жөнүндө болмокчу.

Ал Кытай Эл Республикасынын жараны Айеркен Саймаити экендиги анык.

Берегиде ал Түркияда алган айдоочулук күбөлүктө да ысымы Aierken деп, тегаты болсо Saimaiti деп, туулган датасы катары 14.01.1982 көрсөтүлгөн. Туулган жери катары Шинжаң (Xinjiang) көрсөтүлгөн. Ушул эле айдоочу күбөлүгүндө №7 пунктта араб арибинде уйгур тилинде “Эркин” (ٸہ ركىن) деп жазылып турат.

Эркин Саматтын Түркияда алган айдоочулук күбөлүгү.
Эркин Саматтын Түркияда алган айдоочулук күбөлүгү.

Бул инсан Кыргызстандагы шылуундардын жардамы менен Кыргыз Республикасынын жараны катары өзүн “тастыктап”, 1982-жылы туулган “Эркин Салимович Самятов” деген ысымдуу кыргыз паспортун алууга үлгүргөн. ​(Булак: elgezit.kg/ky/2019/11/13/)

Демек, бул жалган документте да, айдоочулук күбөлүгүндө да маркум өз ысымын “Эркин” деп тастыктап жатат. Ал эми “Саймаити” деген тегаты (фамилиясы) деле анын чоң атасы “Самат” экенине ишаара кылып турат. Жасалма паспортто да ал өзүн “Самятов” деп көрсөтүптүр (орусча “-ов” дегенди алып таштасак, “Самят” сөзү калып жатат).

Кытайлар Михаил Горбачевдун тек атын өз иероглифи аркылуу “Го-ли-ба-чо-ву” деп транскрипциялап жазышат жана айтышат. Мындан улам Орусиядагылар бул мамлекеттик ишмерди орус адабиятында “Голибачову” деп жазып калышкан жок да.

Өз эне тилибизди сыйласак, түрк тилдүү этностордун өкүлдөрүнүн ысымдарын башка чоочун тилде транскрипциялап жазбастан, тектеш элдердин өкүлү катары баалап, азан чакыргандагыдай ысымын колдонгонубуз туура болмок.

Демек, маркум Эркин Самат анын көзү өткөн соң кылмышы миң ирет далилденгенине же башка жагдайга карабастан, биз үчүн ал Айеркен Саймаити (же Саймаити) эмес, Эркин Самат деп эле жазылууга тийиш. Анын ысымын койгондо ата-энеси “Эркин” деп эле атаган деп толук ишенем. (Мурда “Азаттыкта” иштеген теги уйгур Эркин Алптекин 1992-жылы Кыргызстанга келгенде жолукканым эсимде. Бул “эркин” деген сөз кыргызда да, уйгурда да бирдей эле мааниге ээ сөз).

Сауд Арабиянын чыгаан журналисттеринин бири, бул өлкөнүн Түркиядагы элчилигинин Стамбулдагы башкы консулдугунун имаратында кыйнап өлтүрүлгөн Жемал Кашыкчы мырзаны анын тарыхый ата журту Түркияда Жемал Кашыкчы (Cemal Kaşıkçı) деп эле жазып жатышат (булак: bbc.com/turkce/haberler-dunya-49878363), анын жакын туугандары Түркияда азыркы тапта да “Кашыкчы” (Kaşıkçı) тек аты менен жашап келишет.

Ал эми Кыргызстандагы басма сөз каражаттары анын ысымын арабчадан англисчеге Jamal Khashoggi деген түрдө транскрипциялашканына негиздеп, “Жамал Хашогги” деген түрдө жазып жана окуп келишти.

“Жок дегенде “Хашогжи” дегилечи, анткени арапчасында анын тегаты “ха” жана “алиф” менен башталып, андан соң šqji (شقجي) делет экен, демек, анын арапча жазылган тек атындагы акыркы тамгалары каткалаң “каф”, “жим” жана “йа” тамгалары экен”, – деп да айтып көрдүм, бирок журналисттерибиздин көбү ынанган жок, анын тегатын “Хашогги” деп жазып, “чоң агым” менен эле кете берүүнү эп көрүштү.

Менимче, бул маркум журналисттин тек атын түркиялыктардай эле “Кашыкчы” деп окусак, анда Сауд Арабиясында түрк тилдүү калктардын өкүлдөрү да жашаары да кыйыр маалымдалмак (1992-жылы августта Бишкектеги кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк курултайына Сауд Арабиясынан да кыргыздардын өкүлү келип катышып, сөз сүйлөгөндүгү азыр да эсимде).

Ушунча болду, айта кетелик. Тээ 1930-жылдары сталиндик террор маалында жазыксыз жерден жайран болгон жана көп жылдар бою ГУЛАГга кесилген чыгаан тилчи окумуштуулардын кайгылуу тагдырын көрүп, 1940–50-жылдары далай тилчилердин жүрөгү үшүгөн көрүнбөйбү. Ошондуктан ошол өткөөл муундагы тилчилерибиз “орус тилинде кандай айтылса, сөз ошондой айтылып жана окулсун” деген орфографиялык эрежени таңуулап салышкан.

(Бир мисал келтирелик: боордош казактар Москва шаарын “Мәскеу” дешет, андан улам расмий Кремль казактарды жазалап жиберген жок; бизде элетте “Маскөө” дешет, орфографиялык эреже боюнча “Москва” түрү кыргыз тилине таңууланган).

Эгерде Касым Тыныстанов сыяктуу залкарлар атылбаса, Кусейин Карасаев, Тазабек Саманчин, ж.б. залкарларыбыз ГУЛАГга кетпесе, анда кыргыз тилине таандык үндөшүү жана башка салттык көрүнүштөр ырааттуу сакталмак.

Албетте, тектеш элдер кандай айтса, аларды толук ээрчүү да жарабайт. Мисалы, казактар Муктар Ауэзовдун ысымын жана тегатын “Мұхтар Әуезов” дешет, биз анын тегатынын орусчалатылган “Ауэзов” түрүн албастан, кыргызча “Муктар Абазов”, же “Муктар Авазов” деп алсак деле туура болмок (атайын машыкпасаңыз, кыргыз тилинде удаа келген а-у-э тыбыштарын шыдыр айтуу өтө кыйын).

Өзбектер менен тажиктер арабча созулма АА болгон тыбыштарды О тыбышына алмаштырат. Мисалы, биз “аалым” десек, алар “олим” дешет. Бизде “Аман” делген ысымды өзбектер менен тажиктер “Омон” деп жазышат. Бизде Надыр делген кыргызча ысымды алар “Нодир” деп өзгөртүп алышат.

Байкасаңыздар, биз “Чыңгыз” десек, өзбек менен тажиктер “Чингиз” деп аташат, казактар болсо “Шыңгыс” деп келишет. Алар, демек, кыргызча ысымды жана башка аталыштарды өз тилдерине ылайыкташтырып оңдоп алышат.

Биз болсо ысымдарды Ауэзов, Олимбек, Омон, Балбан Шолак, Джордж, Джон деп (туурасы – Авазов, Алымбек, Аман, Чолок балбан, Жорж, Жон, ж.б.), топонимдерди Афины (Афина десек эле туура), Душанбе (Дүйшөмбү деш керек эле), Пекин (Бээжин деш керек эле), Хужанда (Кожент деш керек эле), Андижон (Анжыян деш керек эле), Урумчи (Үрүмчү деш керек эле) сыяктуу түрдө айтып жана жазып, ээрчимелигибизди көрсөтүп келебиз.

Эми “Саймаити” түрүн Кыргызстандагы басма сөздө неге жактырып жатышат? Ушуга түшүнүүгө аракеттенелик.

Дегинкиси, кылмышкердин улуту болбойт (кылмышы тастыкталса, ал өз тегине карабастан жазага тартылат). Эркин Самат жасалма паспорт жасатып алгандыгы үчүн эле кылмыш жообуна тартылышы керек болгон (анын Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунда катталган автоунааны ээн-эркин колдонгондугу жөнүндө тиешелүү жайларда сөз болуп жатат, термин жаатын козгогон чакан макалабызда ага кайрылып отурбайлык).

Балким, Кыргызстандагы медиа жана бийлик өкүлдөрү Түркияда өлтүрүлгөн уйгур жигиттин ысымын “Айеркен Саймайти” же “Айеркен Саймаити” деп баса белгилөө аркылуу анын кыргызстандык эмес экендигин кыйыр көрсөткүсү келип жатышабы? Анын ысымын эне тилибизде “Эркин Самат” деп атап салсак, элде чаташуу болобу?

Кылмышкер катары издөөдөгү ысымдардан, маселен, “Азиз Батукаев”, “Данияр Үсөнов” (эми “Урицкий”), “Максим Бакиев” деген аттарды укканда, алардын теги жагынан эч чаташпаган эл кантип эле “Эркин Самат” дегенде анын кайсы өлкөдөн жана теги ким экени тууралуу чаташып калсын?

Биздин пикирибизде, ар бир улут үчүн эне тилдин баа жеткис кадыры болот, ага камкордук кылуунун чоң жүгү да болот.

Балким, сабаттуулуктун жаңы сересине көтөрүлүп, атайын термин комиссиясынын ишин жандантып, ага полиглотторду жана эне тил тагдырына кайдыгер эмес ар кыл кесип ээлерин да тартып, башка элдердин ысымдарын жана башка ономастикалык казынасын кыргыз тилинде чагылдыруунун заманбап жол-жобосун иштеп чыгуу керектир?

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG