Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Хашоггинин сөөгү табыла элек


Саудиялык журналист Жамал Хашогги.
Саудиялык журналист Жамал Хашогги.

Сауд Арабиясынын бийлиги журналист Жамал Хашогги Стамбулдагы консулдукта өлтүрүлгөнүн ырастаганы менен анын сөөгү кайда экенин ачык айта элек. Түркия саудиялык журналисттин кантип өлгөнүн толук ачыкка чыгарууга убада берди.

Расмий Эр-Рияд саудиялык журналист Жамал Хашогги (Хашогжи) Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугундагы мушташ учурунда өлтүрүлгөнүн, ага мураскер ханзаада Мухаммед бин Салмандын эч тиешеси жок экенин билдирип жатат.

Өткөн аптанын соңундагы расмий билдирүүдөн көп өтпөй Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Адел аль-Жубейр америкалык “Фокс-Ньюс” каналы менен болгон маегинде журналисттин өлүмүн өзүм билемдикке жол берген адамдардын кылганы катары мүнөздөдү:

Адел аль-Жубейр. БУУнун Башкы ассамблеясы, 28-сентябрь 2018-жыл.
Адел аль-Жубейр. БУУнун Башкы ассамблеясы, 28-сентябрь 2018-жыл.

- Мураскер ханзаада муну четке кагат. Анын маалыматы болгон эмес. Керек болсо атайын кызматыбыздын жетекчилери да билишкен эмес. Бул өзүм билемдик менен жүргүзүлгөн операция болгон. Бул операцияда айрым адамдар өз бийлигинен жана жоопкерчилигинен аша чабышкан. Алар Жамал Хашоггини өлтүрүп ката кетиришкен жана аны жаап-жашырууга аракет кылышкан.

Бул окуя боюнча саудиялык 18 киши кармалганы белгилүү болду. Бирок расмий Эр-Рияд журналисттин сөөгү кайда экенин ачык айта элек.

Кийинки кездерде АКШда жашап, “The Washington Post” гезитине сауд падышалыгын сындаган макалаларын жарыялап келген Жамал Хашогги 2-октябрда Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугуна кирген боюнча дайынсыз жоголгон. Алгач расмий Эр-Рияд журналист дипломатиялык өкүлчүлүктөн чыгып кеткенин билдирген болчу.

Саудиянын Стамбулдагы консулдугундагы тинтүү. 18-октябрь, 2018-жыл.
Саудиянын Стамбулдагы консулдугундагы тинтүү. 18-октябрь, 2018-жыл.

Түрк басылмалары Хашоггини Саудиядан атайын келген 15 агент өлтүргөнүн, журналисттин сөөгү мүчөлөнгөнүн укук коргоо органдарына шилтеме кылып жазып чыгышкан.

Түрк полициясы Стамбулдагы консулдукту жана саудиялык консул жашаган үйдү тинтип чыкты. Хашоггинин сөөгү Стамбулдун чет жагындагы Белград токоюнан да изделип жатканы кабарланды.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган "бул окуяга байланыштуу бардык жагдайлар ачыкка чыгат" деп убада берип жатат:

Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

- Себеби биз акыйкатты издеп жатабыз. Бардыгы ачыкка чыгат. Анча-мынча катардагы кадамдар менен чектелбейт. 15 киши эмнеге келди? 18 киши эмне үчүн кармалды? Булардын чоо-жайы айтылышы керек.

Британия, Франция жана Германия биргелешкен билдирүүсүндө журналисттин өлүмү боюнча толук түшүндүрмө талап кылышты. Немис канцлери Ангела Меркел маселенин түйүнү чечилмейинче Сауд Арабиясына курал экспорттоого уруксат бербей турганын айтты. Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо "Эр-Рияд менен коргонуу тармагындагы бир нече миллиард долларлык келишимдерди токтотуп коебуз" деп эскертти.

Ошол эле учурда Сауд Арабиясынын чөлкөмдөгү Кувейт, Египет сыяктуу өнөктөштөрү Эр-Риядды колдогон билдирүү таратышты.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган апта соңундагы телефондук сүйлөшүүсүндө журналист Жамал Хашоггинин кандайча каза тапканын толук аныктоо зарыл экенин белгилешти.

Президент Трамп ишемби күнү Эр-Рияддын түшүндүрмөсүнө толук канааттанбай турганын билдирген. Бирок ал Сауд Арабиясы менен түзүлгөн ири курал-жарак келишимин жокко чыгаруу туура эмес болоорун белгилеген эле: ​

Дональд Трамп Хашогги тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берип жаткан учур. Невада, 20-октябрь, 2018-жыл.
Дональд Трамп Хашогги тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берип жаткан учур. Невада, 20-октябрь, 2018-жыл.

- Жок, жоопту тапкыча мен канааттанбайм. Бирок бул алгачкы чоң кадам болду. Бул биринчи жакшы кадам болду. Бирок мен жооп алгым келет. Бизде 450 миллиард долларлык келишим бар. Анын 110 миллиарды аскердик буюртма. Менимче, бул миллиондой жумуш орундары деген сөз. Мындай келишимди токтотуп коюу пайдалуу эмес. Аларга караганда бизге эле терс таасирин тийгизет. Бирок санкциялар сыяктуу жасала турган башка иштер деле бар.

Кезинде Саудиянын бийлик өкүлдөрү менен жакын мамиледе болгон журналист Жамал Хашогги 2017-жылы АКШга чыгып кеткен. Ал Сауд Арабиясынын падышалыгын сындап, реформа керек экенин белгилеп келген. Хашогги Саудиянын Стамбулдагы консулдугуна түрк жараны Хатиже Жеңгизге үйлөнүш үчүн документтерин тууралоо максатында барган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG