Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:38

Трамп менен Эрдоган Хашоггинин өлүмүн талкуулашты


Дональд Трамп менен Режеп Тайып Эрдоган.
Дональд Трамп менен Режеп Тайып Эрдоган.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө журналист Жамал Хашоггинин Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугунун ичинде кандайча каза тапканын толук аныктоо зарыл экенин белгилешти.

Түркиянын “Анадолу” маалымат агенттигинин президенттин басма сөз кызматына шилтеме кылып кабарлаганы боюнча, Эрдоган менен Трамп Хашоггинин иши “ар тараптуу тергелүүгө тийиш” экенин айтышкан.

Буга чейин Эрдоган диссидент журналисттин өлүмү боюнча “бардык чындыкты” ачыкка чыгарып сала турганын маалымдаган.

Сауд Арабиясынын бийлигин кескин сындап келген журналист Жамал Хашогги 2-октябрда Стамбулдагы Саудиянын консулдугуна кирип кеткен бойдон чыккан эмес. Анкарадагы бир катар бийлик өкүлдөрү "Хашоггини Саудиянын бийлик өкүлдөрү өлтүрүп коюшу мүмкүн" деп эсептесе, Эр-Рияд адегенде мындай дооматтарды четке кагып, журналист имараттан чыккандан кийин жоголгонун билдирип келген. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн алдынан күтүп турган жубайы Хатиже Женгиз күйөөсү имараттан чыкпаганын айткан.

Хашогги Сауд Арабиясынын консулдугунда каза тапканын Эр-Рияд 20-октябрда гана мойнуна алган. Сауд Арабиясынын мамлекеттик маалымат каражаты 60 жаштагы журналист 2-октябрда консулдуктун имаратындагы “мушташта” көз жумганын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG