Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:12

Сауд Арабиянын бийлигин сындап жүргөн журналист киши колдуу болгон


Киши колдуу болгон оппозициячыл журналист Жамал Хашогги.
Киши колдуу болгон оппозициячыл журналист Жамал Хашогги.

Сауд Арабиянын бийлигин сындап жүргөн журналист Жамал Хашогги бул өлкөнүн Стамбулдагы консулдугунун ичинде өлтүрүлгөн.

Катардык "Ал-Жазира" телеканалы журналист жан берген маалда Сауд Арабиянын генералдык консулу окуя орун алган жерде болгонун айтып чыкты.

Сауд Арабиянын мамлекеттик прокурорунун билдирүүсүндө Хашогги аны консулдукта тосуп алган кишилер менен жаңжалдашып, мушташып кеткендиги айтылат. Сауд Арабия Падышалыгы кылмышка 18 киши шектүү деп билдирди.

Буга байланыштуу министрлер кабинетин жетектеген ханзаада Мухаммад бин Салмандын эки кеңешчиси кызматтан алынды. Алардын бири чалгындоо кызматынын төрага орун басары, генерал-майор Ахмед ал-Ассири.

Падышалыктын мамлекеттик маалымат каражаты падыша Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу Хашоггинин окуясын талкуулаганын да билдирди.

Түркиянын тергөөчүлөрүндө Сауд Арабиянын консулдугунда Хашоггини кыйнап суракка алып жатканы жазылган аудио бар экендиги белгилүү болду. Анда Стамбулга атайын учуп келген адамдар Хашоггини суракка алып, кыйнап, өлгөнчө сабап, андан соң анын денесин жиликтеп салганы угулат.

Хашоггинин өлүмү дипломатиялык жаңжалга жем таштады. Евробиримдиктин өлкөлөрү жана АКШ Сауд Арабияга каршы санкция киргизүүнү талкуулоодо. АКШнын президенти Дональд Трамп эгер журналисттин артында падышалык турганы ачыкталса, Эр-Риядды жазалоого убада берди.

XS
SM
MD
LG