Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:48

Матраимовдор фондуна Түркиядан 2,3 миллион доллар которулганы белгилүү болду


Райымбек Матраимов. 1-майда Кара-Суу районунда бир тууган Матраимовдор өткөргөн иш-чарада тартылган сүрөт.
Райымбек Матраимов. 1-майда Кара-Суу районунда бир тууган Матраимовдор өткөргөн иш-чарада тартылган сүрөт.

«Азаттыкка» келип түшкөн документтер бир нече жыл ичинде Кыргызстандан кеминде 250 миллион доллар чыгарылып кеткенин көрсөттү.

Бул сумманын бир бөлүгү чет өлкөлүк жарандардын атына которулганы белгилүү болду. Ишенимдүү булактарыбыз 2011-2017-жылдар аралыгында Ош шаарындагы бир нече банктар аркылуу кеминде 700 миллион доллар сыртка которулганын билдиришти. Мындай сумма кайдан табылганын «Азаттык» дагы иликтеп жатат.

Редакциянын колуна тийген банк дүмүрчөктөрү акчаны Айэркин Саймаити аттуу уйгур улутундагы Кытайдын жараны которгонун ырастады. Жүз миллиондогон доллар Түркия, Британия, Бириккен Араб Эмирлиги, Германия, Орусия, Кытай баштаган 13 өлкөгө которулган.

Ушул эле Саймаитинин жана анын аялы Вуфули Бумаилиамунун атынан 2015-2017-жылдар аралыгында Түркиядан Кыргызстандагы Исмаил Матраимов атындагы кайрымдуулук фондуна 2 338 700 доллар которулган. Аталган фондго Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, «Раим миллион» атыккан Райымбек Матраимовдун бир тууган иниси Русланбек Матраимов ээлик кылат. Ал Саимаити менен Бумаилиамуну тааныбай турганын айтып, алардан акча келгени тууралуу маалыматты четке какты.

Иликтөөдөгү маалыматтар жөнүндө бийлик азырынча үн ката элек.

Исмаил Матраимов атындагы фонд бир нече жылдан бери спорттук иш-чараларды өткөрүп, ага жогорку мамлекеттик кызматкерлер катышып турат. Быйыл 1-майдагы иш-чарага спикер Дастан Жумабеков, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, парламент депутаттары, облус жетекчилери, элчи жана башка саясатчылар катышканы коомдо катуу сынга алынган.

Бир тууган Матраимовдор өз дарегине айтылгандарды четке кагып келет. 13-майда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов видеокайрылуу таратып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин дооматтарына жооп кайтарган. Анда Матраимов өзүнө жетиштүү байлыгы бар экенин жана мыйзамсыз иштерге барбаганын айткан.

Райымбек Матраимов кызматтан 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен бошотулган. Өкмөт бул чечимге «Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деген жүйө келтирген.

Былтыр апрелде Матраимов иштен негизсиз кеткенин айтып, өкмөттү сотко берген. Өткөн жылы 25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Матраимов иштен мыйзамсыз алынган» деп тапкан. Кийин бул чечимди Жогорку сот күчүндө калтырган.

Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү иши аяктап калганын маалымдаган. Мекеме анын мүлкүн беш айдан бери текшерүүдө. Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө караганда, Матраимов боюнча иш Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине быйыл 1-февралда катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. Ишти Финансы полициясы реестрге 323-берене («Мыйзамсыз баюу») менен каттаган.

Ушул аптанын башында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ишти тергеп жаткан Финансы полициясынын башчысы Бакир Таировго Матраимовдун мүлкүн текшерүү ишин тездетип, коомчулукка объективдүү жана толук маалымат берүүнү тапшырган.

XS
SM
MD
LG