Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:59

Өкмөт башчы Матраимовдун маселесин көтөрдү


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Бакир Таиров менен.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Бакир Таиров менен.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) башчысы Бакир Таиров менен жолуккан учурда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү маселесин козгоду. Ал текшерүү ишин тездетип, коомчулукка объективдүү жана толук маалымат берүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

27-майда Финансы полициясы Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү иши аяктап калганын маалымдаган. Финполиция анын мүлкүн беш айдан бери текшерип жатат.

13-майда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов видеокайрылуу таратып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин дооматтарына жооп кайтарган. Анда Матраимов өзүнө жетиштүү байлыгы бар экенин жана ал эч качан мыйзамсыз иштерге барбаганын билдирген.

Райымбек Матраимов кызматтан 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен бошотулган. Өкмөт бул чечимге «Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деген жүйө келтирген.

Былтыр апрелде Матраимов иштен негизсиз кеткенин айтып, өкмөттү сотко берген. Өткөн жылы 25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Матраимов иштен мыйзамсыз алынган» деп тапкан. Кийин бул чечимди Жогорку сот күчүндө калтырган. (TSh)

XS
SM
MD
LG