Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:23

Бакиевдердин убагында уурдалган акчаны кайтаруу боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюлду


Максим Бакиев.
Максим Бакиев.

Курманбек Бакиевдин убагында уурдалган активдерди Кыргызстанга кайтарып берүү жөнүндө эки тараптуу биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Ага 25-февралда АКШнын мамкатчысынын жардамчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча биринчи орун басары Элис Уеллс менен Кыргызстандын финансы министри Бактыгүл Жээнбаева кол коюшту.

Билдирүүдө айтылгандай, мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин досу Евгений Гуревич АКШда мыйзамсыз иштери үчүн кармалып, сот тарабынан 6 млн. доллары конфискацияланган.

«Кыргыз өкмөтү АКШнын Юстиция министрлигине Максим Бакиев мамлекеттик мекемелерден жана банктардан уурдап кеткен акчаны кайтарып берүү тууралуу өтүнүч тапшырылган. 2018-жылы 4-октябрында АКШнын Юстиция министрлиги каражаттарды бошотуп берүү боюнча кайрылууну ырастап берген. Учурда 6 млн. доллардын 4,567 млн. доллары табылган. Бул каражат кыргыз өкмөтүнө кайтарылып берилсин деп табылган. Бул каражат кыргыз өкмөтүнүн эсебине түшүүгө тийиш. Калганын кайтарыш үчүн кошумча аракеттер пландаштырылууда» деп жазылган билдирүүдө.

Максим Бакиевдин досу Евгений Гуревич АКШда алдамчылык үчүн кармалып, соттолуп жазасын өтөп жатат. Ал былтыр «Азаттык» менен болгон маегинде өзү жөнүндө жана Бакиевдер өлкөдөн чыгарып кеткен 300 млн. доллар жөнүндө айтып, Бакиевдер чыгарып кеткен активдерди Кыргызстанга кайтаруу боюнча кыргыз бийлиги менен кызматташууга даяр экенин да билдирген эле.

2010-жылы өлкөдөн качып кеткен президент Курманбек Бакиев учурда үй-бүлөсү менен Минскиде, баласы Максим Бакиев Лондондон баш калка алып жашат жатышат. 2010-жылы апрель окуясынан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөт да, кийинки башкаруучулар да Бакиевдердин өздөрүн жана алар чыгарып кеткени кеп болгон акчаны кайтарып келүүгө аракет кылып, бирок майнап чыккан эмес. (EBM/ZKo)

XS
SM
MD
LG