Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:22

Батукаевдин иши боюнча сот жабык өтөт


Азиз Батукаев.
Азиз Батукаев.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу сот мындан ары жабык өтөт. Мындай чечимди бүгүн, 16-октябрда ишти карап жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Кайыпов чыгарды. Бул тууралуу «Азаттыкка» мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

-Сот отуруму башынан аягына чейин жабык өткөнү калды. Бул туура эмес. Анткени болгону «27-том мамлекеттик купуя сырды камтыган том» деп таанылган. Калган 26 том эч кандай сырды камтыбайт. Ошондуктан сотту ачык өткөрүш керек болчу. 27 томдо бир да купуя сыр болбосо да сот бир гана томго таянып сотту толугу менен жабык өткөрүүнү максат кылган, - деди Жоошев.

Батукаевдин иши боюнча бардык соттук отурум жабык өтөрүн райондук соттун басма сөз кызматы да ырастады. Мекеменин расмий өкүлү иштин 27-тому тергөө органы тарабынан «купуя сыр» деп келгенин, ошонун негизинде сот жабык өтөрүн айтты.

Кылмыш иши жалпысынан 27 томдон турат. «Купуя сыр» делген 27-томдо экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетовдун көрсөтмөсү бар.

Маалыматка караганда, Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча райондук соттогу баштапкы соттук жыйын аяктады. Иштин өзүн кароо 15-ноябрга белгиленди.

Баштапкы соттук угуу 15-октябрда башталган. Ага айыпталуучулардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев келүүдөн баш тартканы үчүн катышкан эмес.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, андан ары "Манас" эл аралык аэропортунан Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Учурда бул иш боюнча «Коррупция» беренеси менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов айыпталуучу катары өтүүдө. (BTo)

XS
SM
MD
LG