Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:48

Фу-йү кыргыздары: “Бизди Манас тирилтти, Манас жандандырды”


Сулайман Кайыпов
Сулайман Кайыпов

Ушул тапта Кытайдын ШУАРынын борбору Үрүмчү шаарындагы Педагогикалык университетте дарс окуп жаткан фолклорчу, этнограф, профессор Сулайман Кайыпов чет жактагы кыргыздарды иликтөө жаатында "Азаттык" үналгысына маек курду.

Белгилүү илимпоз, тарых илимдеринин доктору, филология илимдеринин кандидаты, профессор Сулайман Турду уулу Кайыпов 1952-жылы 15-июлда Кыргызстандын Ош (азыркы Жалал-Абат) облусуна караштуу Сузак районундагы Ак-Тоок айылында туулган. Ал бир катар жылдары Кыргыз-Түрк Манас университетинин ректору болгон. Ал чыгармачыл чыйырынын орчун бөлүгүн Памир кыргыздарынын көркөм мурасын жана этнографиясын изилдөөгө арнап келе жаткан таанымал адис. Анын бул жаатта жазган эмгектери четинен жарыкка чыгып, көбү жарыялана элек.

Илимпоздун пикиринде, Памирде жашаган кыргыздардын рухий маданиятын жандантып, аларды кылымдардан кылымдарга сактап келген көөнө адат-салттарын кайтарууга көмөк көрсөтүү керек. Мындай иш-аракет Улуу тоодо жашаган кыргыздардын сакталып калышына өбөлгө түзмөкчү

Сулайман Кайыпов "Азаттык" үналгысы үчүн курган маегинде келечек иш-планында Кытайдагы фу-йү кыргыздарынын жашоо-турмушун көрүп келүү, Памирдин чыгыш тарабындагы кыргыздардын маданиятын андан ары иликтөө сыяктуу иш-чаралар бардыгын ырастады.

“Азаттык”: Сулайман ага, кыйла жылдардан бери Памир кыргыздарынын маданиятын изилдеп келатасыз. Кийинки кездери Кытайдын Үрүмчү шаарында иштеп жатасыз. Буга чейин маалымдалгандай, сиздин 25 томдон ашуун Памир кыргыздарынын маданиятына арналган эмгектериңиз мүмкүнчүлүктүн жогунан чыкпай жатты эле. Ошолордун айрымдары чыга баштаптыр. Кепти ушундан баштасак. Бул иш кандайча башталып калды, качан баштадыңыз, эми кандай иштерди баштаганы турасыз?

Кайыпов: Мен өзүм фолклор боюнча адис болуп, даярдыкты ошого жараша көргөм да. Бала кезден. Анан кишинин өзүнүн бир эңсөөсү болот экен. 1978-жылдын аягында Ооганстандан Рахманкул хандын тобу Пакистанга көчтү дегенди угуп, мен анда Москвада болчумун, илимий иште элем, ошондо, “атаңгөрү, ушулардын арасында он жыл болуп калсам" деп бир эки-үч күн эңсеп жүрдүм да. Анан кийин ошол эңсөөм ишке ашып 1997-жылы Түркиядагы Ванга барып иштеп калдым. 1997–2007-жылдары так он жыл Вандагы Жүзүнчү университетте иштедим. Ошондо жума сайын барып Вандагы Памир кыргыздарынан фолклору, этнографиясы, тили боюнча материалдарды жыйнап алдым. Он жыл бою жыйнадым. Ошол он жылым менин өмүрүмдөгү эң бактылуу жылдардан болду. Иш жагынан алганда көңүлүмдөгүдөй иштерди жасап алдым.

Эми ал канча том, канча эмгек болорун биле албайм. Себеби аны кичинерээк эле баштадым эле, кийин чоңоюп кетти. Улам бир нерсеси чыкты. Мен фолклорун эле пландаштыргам. Кийин этнографиясы чыкты, этнографиясы менен тил чыкты, анан этно-философиясы чыкты. Ошентип тармакталып кете берет экен. Анан кийин планым өзгөрүлүп кетти. Уккан кулак ишенбей турган цифралар айтыла баштады. Өзүмүн көңүлүмдө деле ошондой, бизден ошол калат да. Ошон үчүн өмүрдүн аягына чейин Памир кыргыздарынын чыгармачылыгын изилдей бермей.

Немис этнографы Гундула Салк (ортодо) КЭРдеги кыргыз илимпозу Мамбеттурду Мамбетакун жана анын жубайы Гүлсайра Йасын менен. Үрүмчү ш. 1996.
Немис этнографы Гундула Салк (ортодо) КЭРдеги кыргыз илимпозу Мамбеттурду Мамбетакун жана анын жубайы Гүлсайра Йасын менен. Үрүмчү ш. 1996.

Кийинки кездери мен Үрүмчүдө жаңы “Манас” изилдөө борбору бар экен, ошол борбордо иштеп жатам. Ал жердеги максатым деле - Памирдин Кытай тарабындагы кыргыздардын этнографиясын, тилин, фолклорун изилдөө. Азыр дале экспедицияга барып, бара албай калган жерден кишилерди чакырып алып, өзүмдүн, студенттердин, аспиранттардын күчү менен ушу жерде жыйнаганга аракет кылып жатам. Менин эми мындан кийинки өмүрүм ушул ичкилик кыргыздарынын же Памир кыргыздарынын этнография, фолклор, тили боюнча болот окшойт деп калдым.

“Азаттык”: Сиз доктордук диссертацияңызды Памир кыргыздарынын тамак-аш маданияты боюнча жактадыңыз. Бул илимде жаңы сөз болду. Сиздин ырасташыңызча, Памирдеги кыргыздардын тамак-ашынын түрү эле 800дөн ашуун экен. Биздин алатоолук кыргыздарда анчалык тамак-аш оюбузга деле келбесе керек. Себеп дегенде, кандай улуттук тамак-ашыбыз бар экенин беш манжа менен эле санап келе жатабыз. Бул жаңылыкты кандайча ачып калдыңыз?

Кайыпов: Эми 800 эмес, өзү 300дөн ашыгыраак. 800 түшүнүк бар, термин, жаңы түшүнүк бар. Мен адегенде этнографиясын изилдейм деп ойлогон эмесмин. Фолклор өзү этнография менен тыгыз байланыштуу.

Фолклордук чыгарманы этнографиясыз изилдөөгө болбойт. Ошондо тамак-ашыңар кандай деп, оюмда алар эт менен сүттөн эле жеп жүрүштү деп ойлодум. Анан кийин сурай баштасам эле, мен укпаган сөздөр, мен билбеген тамактын түрлөрү, аны кантип жейт, кайсы убакта жейт, ким жейт, ушуга окшогон суроолорду сурап отуруп абдан кызыгып кеттим да, ошого үч жылымды арнадым.

Ар бир унутулуп кеткен тамактарынан бери чукуп таап, сүттөн, эттен эмне жасашчу эле, дан эгиндеринен өсүмдүктөрдөн эмнени колдончу эле, анан жалпы эле тамак ичүү системасы, тамак ичүү этикети, рациону – ушулардын бардыгын изилдөөгө туура келди. Кайрадан дүйнөлүк этнография боюнча изилдөөлөрдү окуп чыгып, алар тамак-ашка кандай мамиле жасайт экен, кыскасы кайрадан иштеп чыктым.

Ошентип жүрүп отуруп өзүм сүйгөн, башыма коюп жата турган эмгек колума тийди.Анан элдик оюндары бар, булар да шумдук. Ага да көп жыл коротуп жазгам, бирок азырынча чыга элек. Муну жакын арада басмага берейин деп ойлоп атам.

“Азаттык”: Тамак-аш демекчи. Памир кыргыздарынын тамак-ашын изилдеп атканда негиздүү бир маселеге көп көңүл бурупсуз. Тамактын ысык-суук деп бөлүнүшүнө. Эмне үчүн памирликтер буга өзгөчө маани берип калышкан?

Сулайман Кайыповдун эмгектери
Сулайман Кайыповдун эмгектери

Кайыпов: Катаал шартта жашагандан кийин адам тирүү калыш үчүн адамдын денесинин негизги жашоосун билиш керек экен. Анан булар турмуштук тажрыйбадан улам адам денесинде энергетикалык баланс болушу керектигин билишиптир. Ысык-суук деп. Мына жапондордо, кытайларда, Чыгышта инь-янь деп атпайбы, ысык-суук, кургак-нымдуулук дегендей түшүнүктөрдүн биримдигинен турат экен. Ал жерде кыргыздар муну төрткө бөлүп койгон. Себеби андай кылдат болбосо Памирдин шартында жашоо кыйын. Ысык-суук, мүжаз, анан чалгурт деп коёт экен.

Төрткө бөлөт да ошого ылайыктап тамак жасап берет. Эгер ага ылайыктап тамак жасап бербесе киши майып болуп калат. Эгер ысыкчан киши барып калса ага ысык таптуу тамак берип койсо, эртең менен оозуна кан толуп майып болуп калат экен. Ошон үчүн “табыңыз кандай эле” деп же өздөрү эле билип туруп, анан ошого ылайыктап конокторго тамак жасап берген.

“Азаттык”: “Мүжөз” дегениңиз “мүйөз”, “мүнөз” тамак да?

Кайыпов: Ошо, кыргызча “мүнөз” деп коёт. Кээ бир диалекттерде, түштүктө “мүжаз” дегени да бар. “Мүйөз”, “мүнөз” деп да айтышат. Ал эми “чалгурт” дегени аралашып калганы экен. Кээ бир кыргыз айылдарында “чарбысын” деп да коёт, аралашып кеткени.

“Азаттык”: Памир кыргыздарынын дүйнө таанымын терең изилдеп эмгек жаздыңыз. Элдик оюндары деп атасыз, анын бийик тоолуу шарттагы өзгөчөлүгү эмнеде экен? Алар жүрөк-кан тамырдын иштешине зыян келбегидей бекен же кыргыздын салттуу оюндарына окшош бекен?

Кайыпов: Азыркы окумуштуулар колдонгон экосистема деген түшүнүк бар. Адамдар материалдык-рухий байлыгы, маданияты менен ошол экосистеманын бир бөлүгү болуп эсептелинет. Жаратылыш, табият кандай болсо ошол элдин оюну, тамагы, өмүрү – бардыгы ошого ылайыкташат. Мисалы, кыргыздын ордо деген оюну бар. Ал жерде ордону тынбай ойнойт. Себеби ал жерде, антпесе болбойт.

Ордону ойноо – өмүрдү узартуу, ошону менен бирге эле эс-тутумдуу жаңылоо сыяктуу нерсе. Себеби анын ар бир жасаган кыймыл-аракети, ошол жердеги түшүнүктөр – мунун баары бир коддор сыяктуу. Мисалы, “мынабу сызыкты жаза баспа” деген түшүнүктүн өзү эле, “ханды” – “ханпаанайы” деп коёт ал жерде. Ханды кайсы жерден ат дегенди көрсөтүп бергендин өзү эле мамлекетке, мамлекеттин башындагыга же куралдуу күчтөргө кандай мамиле керек дегендин бардыгын ичкертен жаңылап отурат.

Алардын ордосу башкачараак. Аны мен түркчө жазган элем, кийин кыргызча да жаздым. Өтө кызык нерселер да.

Анан кийин оюндары дайыма кыймылда болот. Түндөсү, жарыкта, кышта, жазда, сууда, кургак жерде, талаада, тоодо ойной турган оюндары бар. Ал оюндарды такай ойноп турбаса адамдар кара күч, рухий жактан калыптана албайт. Себеби ал оюндар муктаждыктан келип чыккан. Сөзсүз ойнош керек, анан ошол Памирге ылайыкталган тамактарды жеш керек. Ошондо гана адам толук кандуу өмүр сүрө алат.

Ушулардын баарынан ажырап калганда деградация башталат. Мисалы азыр Памир кыргыздары азайгандан азайып баратат. Аларды “тамак аз болуп атат, тиги-бу” деп атышпайбы. Жок, мен алардын тамак-ашын жазып, 3 том китеп чыгарбадымбы. Андан мурда мына бул үч китепти чыгаргам. Тамакты абдан кылдат ичишкен. Алардын тамак ичүү маданияты терең жана тамыры бар. Анан ар бир нерсеси турмуш менен далилденген.

Ошолордон тайып кеткенден кийин жана башка элдер колдонгон тамеки жана башка нерселерди чегип калгандан кийин, анан өздөрүнүн салттуу азык затынан ажырап калгандан кийин ушундай болуп атат. Мен Тажыбай деген кишиден Вандан сүйүү ырын жазып алганда ал киши 106 жашта болчу. Мына ошол киши Памирде туулган. Мен барганча каза болуп калган Бараканбек деген киши 114 жашта өтүптүр. Ал дагы Кичи Памирде туулуп, өмүрү ошол жерде өткөн киши.

Андан кийин булар Пакистанга келип азапты тартып, андан Ванга келип көнгүчө кыйла азап көрүп, өмүрү кыскарып калган кишилер. Бирөө 114 жашта, бирөө 106 жашта.

Рахманкул хан Жапаркул уулу (Haci Rahman Kul Kutlu; 1913-1990).
Рахманкул хан Жапаркул уулу (Haci Rahman Kul Kutlu; 1913-1990).

Рахманкул хан деле жаш өтүп кеткен делип эсептелет. 1913-жылы туулган, 1990-жылы 6-августта өтүп атат. Ошондо канча жаш болуп калат? 77. Жаш эле да. Азыр эми ооган кыргыздарында орточо өмүрү кырктан ашпай калыптыр, аларды көчүрүп келиш керек, тиги-бу дегендер – мунун баары болбогон кептер. Анын ордуна аларды мурдагы турмушуна кайтарып келсе, кайра ошолорду эсине салса, анда алардын ден соолугу да мыкты, рухий чыгармачылыгы да мыкты болот.

Кээде Памир кыргыздарында сүйүү жок деп журналисттер жазып жибербедиби. Айтып да ийишти. Сүйүү ырларын мына ушул Памир кыргыздары ырдашкан. Быйыл анын бир томун чыгарганы жатам.

Мына бул кошоктор, бир китеп болду, макал-лакаптары ушунча китеп болду, эми сүйүү ырлары мындан чоң китеп болот. Тамак-ашы анча китеп болду.

Эми ушул сүйүү ырларын уккандан кийин бул дүйнөдө аялзатынын мынчалык сулуулугун, кереметин ушул Памир кыргыздары эле билген экен деп, эч бир адабиятта табылбаган саптар мына ошолордо бар.

Рахманкул хандын уулу, aйкелчи Акбар Кутлу. 2013.
Рахманкул хандын уулу, aйкелчи Акбар Кутлу. 2013.

Ошондой толук кандуу турмушта жашап, Рахманкул хан - буларда хан болуп турганда башкалар көрүп таң калып, таңыркап, башка улуттар кыргыздар менен көрүшкөнүнө сыймыктанып, керек болсо кыргыздардын арасына келип, аларга сиңишип кеткен элдер да болгон. Мына азыр Ван кыргыздарынын арасында антропологиялык жактан кыргыздарга окшобогон кишилер бар. Көрсө алардын чоң аталары эле вахылар экен. Бирок аларды кыргыз эмессиң дей албайсың.

Ошол кыргыздардын социалдык активдүүлүгүнөн улам алар кыргыздарга келип кошулуп, алар менен кошулуп жашоо сыймыкка айланып, өздөрү да кыргыз болуп кетүүгө ыраазы болуп, тилди үйрөнүп, ислам динин кабыл алып, азыр кыргыздын ырын ырдап, тамагын ошолор эң мыкты жасайт, ырын ошолор эң мыкты ырдайт, динин да ошолор эң мыкты тутат, мына ошондой күчкө ээ болгон.

Азыр болсо ал жакта шарт башка экен. Баягы жылы барып да көргөнбүз.

“Азаттык”: Сиз ошол “Манас”университетинин ректору кезиңизде атайын делегациянын курамында бардыңыз. Ошондо эмнени байкадыңыз? Вандагы кыргыздар сактап келаткан салттуу маданият аларда деле бар бекен же улут өзүнөн-өзү жоголуу коркунучуна туш келип калыппы?

Кайыпов: Булардын заттык-рухий маданияты өзгөрүүгө, трансформацияга туш келгени ошол жерде эле көрүнүп турду. Алар башка элдерге көбүрөөк көз каранды болуп калганы сезилип турду. Ошол жерге келгендер менен сүйлөшүп отурганда “мурдагыдай болбой калдык” деген сөздөрдү айтып атышты.

Мурдагыдай болбой калдык деген эмне? Мурдагыдай активдүү болбой калган, социалдык жигердүү болбой калган. Мурда аштыкка баруу деген чоң иш, жумуш болгон. Атка минип жүрө ала турган, билегинде күчү барлардын бардыгы атка, өгүзгө, топозго минип алып, айлап жол жүрүп, шаарларга барып ошол жерге жей турган азыктарынын эң мыктыларын жүктөп келишчү экен.

Ошол ар бир үйдө болбосо да көбүндө болгон. Мисалы, тыттын түрлөрүн бизден жакшы билишет. Мен билбеген жемиштин түрлөрү бар. “Биз “чилан” жечү элек” десе мен таң калгам. Чилан деген эмне? “Кандай болот” десем, “Кичине мөмө болот, ичинде жалгыз сөөгү болот” дейт. “Ал жийде эмеспи” десем. “Жок, ал жийде эмес, жийденин мындай түрлөрү бар” деп биз билбеген, биз көрбөгөн түрлөрүн айтат.

Көрсө “чилан” деген мен кийин Кытайдан көрдүм, атайын плантацияларда өстүрүлөт экен. Атайын кан тазалоочу касиетке ээ, кишинин денесине оң таасирин тийгизе турган азык экен. Кытайдын ар бир кишиси аны тамагына колдонот экен. Ошону биз билбейбиз, бирок Памирдин 4500 метр бийиктигинде жашаган ошол элдер билмек турсун жеген.

“Азаттык”: Мына сиз азыр Кытайда Памирдин чыгышында жашаган кыргыздардын маданиятын иликтеп илимий темаңызды улантып атыпсыз. Бир эле эл, бирок чек арадан бөлүнүп эки жерде жашаган кыргыздардын - ооган памирлик менен кытайлык памирлик кыргыздарынын айырмачылык, жалпылыктарын байкай алдыңызбы?

Кайыпов: Салттуу маданияты жагынан жалпылыгы бар. А бирок азыркы социалдык-экономикалык жагынан өтө чоң айырма бар. Памирдин Кытай тарабында жашагандар экономикалык жактан жакшы. Кытай өлкөсү кыргыздарга автономия берген экен. Ошонун чегинде, мыйзам чегинде алар эч нерсеге муктаж болбой эле жашап жатышат. Канчалык бийик болсо да үй-жайы жакшы, жолу жакшы. Жолдорунун баары курулуп, эң акыркылары асфальтталып бүттү деп айтып жатышат. Электр, газ бар, турмуш шарты жакшы.

Тасма. Вандагы памир кыргыздарынын өнөрпозу Турган Ырайым кызы: "Бийдин уулу келгиче, өмүр өтүп баратат".

"Бийдин уулу келгиче, өмүр өтүп баратат"
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:02 0:00

Берки жагы болсо бөлүнүп калган жер болуп атпайбы. Анан өздөрүнүн активдүүлүгүн жоготуп ийгенден кийин ошол кордукка туш болуп атышат.

А бирок салттуу маданияты, мисалы үчүн фолклору, фолклорунун тили ошол эле боюнча. Колдонуп жаткан тилинде өзгөчөлүк бар. Күндө колдонгон тил жешилип, ага улам жаңы сөздөр кире берет. Ал эми фолклордук тил – калыптанып калган тил, анда айырмачылык деле жоктой.

Мына мисал үчүн, “Көроглу” – “Көр уулу” деп айтат. Памирде айтылганын мен Ванда жазып алгам, китеп кылып чыгаргам. Аларда да ушул “Көр уулу” айтылат. Бирок, тексти, тили түркмөнчөгө аралаш, ошондой эле айтылат.

Демек Памир кыргыздары Ооганстан жактагы, Кытай тарабындагы, Кыргызстан, Тажикстан тарабындагы Памирде өзүнчө субкультура дейбизби, өзүнчө бир калыптанып калган маданиятка ээ. Аларда жалпылык өтө көп. Ошону, анан эски көөнө адамдар табият менен өтө жакын болгон кезде, аны менен эриш-аркак жашап аткан кезден бери калган түшүнүктөр ушу кезге чейин өзүнүн жүзүн сактаган.

Алар мезгил, мейкиндик, өмүр, өлүм деген эмне экенин – булардын баарын билет. Ал эмес мурдагы дүйнөнүн – параллелдүү дүйнө деп атпайбы, ошолор менен алектенип, аларды турмуштук факты катары баяндап айткандар бар. Экосистема деген өзү кызык.

“Азаттык: Параллелдүү дүйнө дегенден улам менде дагы бир суроо пайда болуп калды. Сиз Кытайда жүргөндө биздин Кыргызстанда кыйладан бери кеп болуп келаткан бир маселе бар. Ошо Кытайдын Тибетинде эч ким көрбөгөн, эч ким барбаган өзүнчө бир аймакта кыргыздар жашайт экен. Алар өзүнчө, башкалар менен мамилеси негизи жок деле экен. Бул дүйнө менен гармония болуп, эриш-аркак болуп, абдан сонун жашайт экен деген “жарымы жалган жарымы чын, жанында болгон киши жок” дегендей, азыраак мифтешип калган түшүнүк пайда болуп жатат. Кытайдан ушул жөнүндө уга алдыңызбы, биле алдыңызбы?

Кайыпов: Ал жөнүндө уктум, бирок өзүм көрбөгөндөн кийин Тибетте кыргыздар бар дегенге ишенген жокмун. Бирок андайдын азыр бар экенине мен ишене албайм. Себеби адамдар табияттын сырларын жакшы билген. Ошол эле ташты кантип колдонуш керек. Таштын таасирин. Биз үчүн ал муздак эле табияттын бир бөлүгү болуп турбайбы. Анын, көрсө, рухий башка күчтөрү болот экен. Ошол ташты деле колдонуп, жамгыр жаадырып, адамдардын ден соолугуна оң же тескери таасир этип ийген учурлар болгон, ошолор бар.

Эми азыр тоодон өтүп кетип аркасынан күн жаадырып, эч ким өтө албай турган кылып деп айтып атышпайбы. Булардын баары "мифология" деп ойлойм, мифологиялык аңгемелер. Кээ бир адамдарга ошондойлор азыр да бар сыяктуу көрүнүп кетиши мүмкүн. Бар сыяктуу туюлушу мүмкүн.

Абдысамат Нуракун, Каракорум тоолорундагы Шайдылда Базар айылында туулган кыргыз. Хотан, КЭР. 26.7.2015.
Абдысамат Нуракун, Каракорум тоолорундагы Шайдылда Базар айылында туулган кыргыз. Хотан, КЭР. 26.7.2015.

Тибет жактагы Раскем деген айылда кыргыздар жашай тургандыгы тууралуу маалыматым бар. Барайын деп жүрөм, Кудай буюрса быйыл болбосо да эмдиги жылдардан ошол Тибет жакка барып, ошол айтылгандардын төгүн-чынын билип келейин деп атам.

Ал жерге барыш кыйын, бирок чын-бышыгын билсе болот го. Мен аны далилденбей турган чындык го деп ойлойм. Себеби андайдын азыр болуп калышы мүмкүн эмес. Анан алар кыргызча сүйлөйт деп атпайбы. Кыргызча сүйлөбөйт.

Накта кыргыздын өзү болгондо деле биз түшүнө турган кыргызча сүйлөшү мүмкүн эмес.

КЭРдин Хэйлуңжаң вилайетинин Фу-Йү үйөзүндөгү Хэйлуңжаң кыргыздарынын өкүлү Ву Жанжу. Үрүмчү. 24.10.2015.
КЭРдин Хэйлуңжаң вилайетинин Фу-Йү үйөзүндөгү Хэйлуңжаң кыргыздарынын өкүлү Ву Жанжу. Үрүмчү. 24.10.2015.

Мисалы, мен Фу-йү кыргыздарын көрдүм. 1800 киши экен. Ошолордун өкүлдөрүн көрдүм. Азыр Манас деп, “Бизди Манас тирилтти, Манас жандандырды” деп, “Биз “кыргыз” деген сөздү билчү элек, “айран” деген эле сөздү билчү элек, азыр биз жанданып кеттик. Биз кыргызбыз!” - деп ушу 1800 киши өзүн тим эле бир миллиард кишидей көрөт. Алардын бийик руху ошондой.

Кыргызбыз дейт, кыргызча билбейт, кыргызча сүйлөй албайт. Айылында эски кыргызчаны билген эки-үч эле киши бар экен. Алардын деле көзү өтүп кеткен болуш керек.

Ичинен чыккан патриоттор бар экен. “Манас” музейин түзүп коюптур. Кыргызстанда “Манас” музейи барбы? “Манас аллеясы” барбы?

“Азаттык”: Бар, Таласта “Манастын” күмбөзүнүн жанында. “Манас айылы” бар. “Манас аллеясы” ошол музейдин жанында, Таласта бар.

Профессорлор Жылдыз Орозобекова, Лаң Йиң жана Сулайман Кайыпов. Үрүмчү. 2015.
Профессорлор Жылдыз Орозобекова, Лаң Йиң жана Сулайман Кайыпов. Үрүмчү. 2015.

Кайыпов: “Манастын аллеясын” куруптур. Анан ошонун баарын куруп, эми дагы бирдемелерди курам деп жүгүрүп жүрөт.

“Манас бизди тирилтти, Манас деген башка” деп эле, себеби окуптур, котормосунан окуса керек. Себеби өзү кыргызча билбейт. Анын жанында "мен кыргызмын" деп айтыш саал кыйыныраак болот, ал - өтө нукура кыргыз экен.

“Азаттык”: Сулайман ага, Фу-йү кыргыздары боюнча ушул ишти улантуу ниетиңизде барбы?

Кайыпов: Фу-йү кыргыздарына барып, изилдөөлөр жасалган. Мен аларга барайын деп жүрөм. Бирок ал жерден чоң бир эмгек чыгара алаарыма ишенбейм.

Анын үстүнө мен Памир кыргыздарына көңүлүмдү буруп, ошолорго тагдырымды байлап койдум да. Себеби ал жерден көп нерсени таап чыкса болот. Миң жылдык, түбөлүк рухий азык боло турган казынаны ошол Памир кыргыздарынан тапса болот экен. Менден ошол калсын деп, калган өмүрдү ошолорго арнап атам.

“Азаттык”: Сиз айтып аткан патриоттук шык-жөндөм, сезим ойгонуп атса, Фу-йү кыргыздарынын тилди үйрөнүп алышы оңой эле болсо керек. Себеп дегенде, ички каалоо-тилек болсо өлүп калган тилин жандантып, өлүп калган тилин калыбына келтирген тажрыйба дүйнөдө бар. Анан сизге окшогон кыргыз деп күйгөн азаматтар барып колдоп, жок дегенде сөзү менен, аракет, мамилеси менен көтөрүп койсо жакшы иш болот болуш керек. Эми сиздин угармандарга айтчу каалоо-тилегиңиз.

Кайыпов: Угармандарга эмне дейин?

Кийинки кездери кыргыз жаштары, улуу муун интеллигенттери болсун, илимден алыстап, көбүнчө эле күнүмдүк саясий сөздөрдү сүйлөп, кайда барсаң эле ошону талкуулап калганын көрүп бир аз өкүнөм.

Мындай түбөлүктүү нерселерге көбүрөөк көңүл бурса, анан бүгүн бар, эртең жок нерселер, ал деле турмуш, ошону менен эле өмүр бүтүп калбаса деп ойлойм. Себеби кыргыз эли бүткүл адамзатка таасир этчү рухий казынаны жараткан эл. Ошондой кыргыздын келечеги күнүмдүк оокат менен алек болбой, түбөлүктүү нерселерди да туу тутуп жүрсө деген пикирим бар. Мына муну окусун деп жазып атпайбызбы. Буларды эч ким окубайт.

"Памирдеги көпүрө". Малик Кутлу тарткан сүрөт.
"Памирдеги көпүрө". Малик Кутлу тарткан сүрөт.

Кечирип койгула, айрым журналисттер азыр Памир кыргыздары жөнүндө оюна келгенин жазып атат. Анда мен мына бул 12 китепти эмнеге жаздым деп ойлойм. Булар карабайт. Ушул жерде этногенези, тарыхы, этнографиясы, тили бар. Аны карабайт. Жөн эле болжолдоп туруп, алар "Памирге 1930-жылдары качып барган" деп жазгандар да бар.

А Памир кыргыздары - ошол жердеги түбөлүктүү эл. Памир кыргыздары - ошол жердин жергиликтүү калкы. Памирди биринчи адам жашай турган ахывалга алып келген ошол тоолук кыргыздар. Аны билбей, көрүнгөн сөздү жазып киргенде, адам "эмнеге жашап жүрөм, эмнеге жазып атам, эмне үчүн өмүрдү коротуп атам?" деген ойлорго да келет экен. Кыргыз элинин табиятынын өзү ошондой. Түбөлүктүү, бийик нерселерди эстен чыгарбай жүрсөк деп ойлойм.

“Азаттык”: Ырахмат, чыгармачыл ишиңизди ийгилик жылоолосун!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG