Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:30

ВАН КЫРГЫЗДАРЫН ТҮЙШӨЛТКӨН ОЙЛОР


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Кыргыз жергесинде Ван кыргыздары, алардын чыгааны Рахманкул Хан тууралуу укпагандар аз чыгаар. Рахманкул Хан көз жумбаса, быйыл 90дун кырына чыккан карыя болмок. Ал 1913-жылы Памирде туулуп, 1990-жылы Ванда дүйнөдөн кайткан. Анын 90 жылдыгы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы жана дүйнө кыргыздарынын Экинчи курултайы менен тогошуп келиши Ван кыргыздарын артыкча ойго салууда. Ушул маселелердин тегерегинде 4-5 жылдан бери Кыргызстандан барып Вандагы Жүзүнчү жыл университетинде эмгектенип жаткан профессор Сулайман КАЙЫПОВ ой жүгүртөт.

- Сулайман мырза, мына сиз төрт-беш жылдан бери Ван шаарындагы Жүзүнчү жыл университетинде иштөө менен бирге, Ван ооданына караштуу Улуупамир айылында жашаган кыргыздардын маданиятын, оозеки чыгармачылыгын, тилин, тарыхын изилдеп жүрөсүз. Улуупамир айылынын тургундары Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы, август айында өтүүчү дүйнө кыргыздарынын Экинчи курултайы тууралуу кабарды кандай кабыл алышты?

С. Кайыпов: -Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгынын дүйнөлүк масштабда белгилениши, дүйнө кыргыздарынын Экинчи курултайын өткөрүү идеясы алардын бүйрүн артыкча кызыткан жаңылыктардан. Баамымда, быйылкы жай улуупамирликтер үчүн өзгөчө жай боло тургандай. Бир жагынан, Памирде калган кандаштарын көрүп келүү мүмкүнчүлүгүн издеп, кызуу даярдык көрүп жаткандар; экинчи жагынан, «Түп мекенибиз Кыргызстандын куттуу топурагынан шүйкүм кылып келсем» деп оолуккандар быйыл, негедир, жылдагыдан арбын.

Анан да, эң башкысы, үстүбүздөгү жылы бул кыргыз диаспорасын кыргыз бойдон сактап келген, айтылуу Ажы Рахманкул Хан Жапаркул уулунун туулганына токсон жыл толгону жатпайбы. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы белгиленип, Курултай өткөрүлө тургандыгы тууралуу жардыктарды уккандар ого бетер: «Бул курултайда биздин ордубуз кандай болот? Өкүлдөрүбүз катышабы? Биздин лидерибиз, кыргыз калыкынын улуу уулу Ажы Рахманкул Хан Жапаркул уулунун атын түбөлүк калтыруу боюнча чаралар көрүлөбү? Биздин коротпой сактап келген маданиятыбызды таанытуу боюнча нелер жасалат?» деген суроолордун тегерегинде кызуулана ой жоруган болушат. «Же, көздөн алыс болгон көңүлдөн да алыс болот» дегендей, ар кимиси өз көмөчүнө күл тартып кетип, көз жаздымда кала беребизби?» деп кооптонгондор да табылат.

Мен күбө болгон сүйлөшүүлөргө караганда, Рахманкул Хандын 90 жылдыгын Кыргызстанда белгилөөнүн чекене болсо да планын түзүп, Ыйгарымдуу Элчинин жана Кыргызстан жетекчилеринин атына өтүнүч кат түрүндө жөнөтүүгө камынып жатышкандай. Өздөрүнүн чамасы чектелүү. Ой жеткенге кол жетпейт дегендей, Кыргызстан, Ооганстан, Түркия өлкөлөрүнө кеңири маалымдап, Рахманкул ханды тааныгандарды «Балли!» дедиртип, тааныбагандарга таанытып, чоң маареке өткөрсө боло тургандыгын жакшы билишсе да, аны уюштуруу үчүн жумшала турган каражатка келгенде колдору байланып отурбайбы!

- Маареке өткөрүү өтө машакаттуу, ар бир эле инсанга ыроолоно бербей турган иш эмеспи? Изилдөөчү, сырттан аралашкан окумуштуу катары Рахманкул Хандын кандай өзгөчө касиеттерин байкай алдыңыз?

С. Кайыпов: - Бул сурооңо жооп берүүнү кыскача кириш сөздөн баштоону туура көрүп турам.
Улуупамирликтерди түйшөлткөн маселелерди мамлекет тарабынан чече тургандар тууралуу эч нерсе дей албайм. Бирок, өзүң айткандай, беш жылдан бери бул кыргыз диаспорасынын салттуу маданиятын, тилин, тарыхын өз демилгеси менен изилдеп келе жаткан адам катары, ушул эфир толкунунан пайдаланып, сөз болгон маселелердин бирөө жөнүндө гана пикир билдире кетүүнү атуулдук да, изилдөөчүлүк да парзым деп эсептейм. Ал Ажы Рахманкул Хан Жапаркул уулунун тарыхый мартабасы, анын 90 жылдык мааракесин жалпы улуттук масштабда өткөрүүгө татыктуу инсан жөнүндөгү маселе болуп саналат.

Түздөн түз кесибим тарыхчы болбосо да, колумда бир топ материалдары бар, көп жылдан бери байкоо жүргүзгөн изилдөөчү катары айтарым: Ажы Рахманкул Хан Жапаркул уулу – жалпы кыргыз масштабында таанытылууга татыктуу, тарыхый инсан. Рахманкул хандык мартабаны атадан мурас катары алган эмес, көптөгөн талапкерлердин ичинен «аксакалдар кеңеши» тарабынан иргелип, тандалып алынган, учурубуздагы термин менен айтсак, шайланган.

Ажы Рахманкул Хан бийликке келгенден кийин Ооганстан мамлекетинин башчысы Закир Шах менен көрүшүп, кыргыздарды ар кандай салык төлөөлөрдөн жана кыргыз эркек балдарын аскер кызматын өтөө милдетинен бошоткон. Ооганстан – Кытай, Ооганстан – Пакистан чек араларындагы талашуу маселелерди чечүүгө да зор роль ойногон. Өлкөсүнө өтөгөн адал кызматынан улам Рахманкул Хан Ооган Шахынын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон жана Шах өзү ага «Пасыбани Памир» - «Памирдин сакчысы» деген расмий наам берип, жетекчилик укугун кеңиткен. 1965-жылы Ооганстандын 4-даражадагы Мамлекеттик Жылдыз медалы менен сыйланган. Медаль баракчасындагы тексттин кыргызчасы төмөндөгүчө: «Алланын жардамы менен Ооганстандын өкүмдары болгон Падышага берилгендиги, аянбагандыгы жана Ооганстанга кылган кызматтары үчүн Памирдин Ханы Рахманкул-хан мамлекеттин жогорку нышанасы болгон 4-даражадагы Мамлекеттик Жылдыз Медалына Падыша Закир-шах тарабынан ылайык көрүлдү.

“Падыша Мухаммед Закир Шах. 1347-Шамси. 23.11.1347”.

Ажы Рахманкул Хан Пакистанга көчкөндөн кийин Ооганстан менен Кытайдын ортосундагы Акзоо деген чокуга Рахманкул Хан ысымынын берилгендиги тууралуу маалыматтар да бар.

Рахманкул Хандын таасири Кичипамир гана эмес, коңшулаш аймактарга да тийген. Жүрүп отуруп, Кичипамирден Кабулга чейинки тоолуу аймакта жашаган калктардын баарына таанылган жана алардын да өз ханы катары, «Хан сайип» деп кайрылууларына татыган. Улутуна, динине карабай, адамдар ар кыл маселелерин Ажы Рахманкул Хан аркылуу чечүүгө далалаттанышкан.

Ажы Рахманкул Хандын шоораты, Ооган мамлекетинин башчылары менен үзөңгүлөш болушу, сан жагынан канчалык аз болсо да, Памирде жашаган кыргыздардын зоболосун аябагандай көтөргөн. Кээде сан жагынан оголе көп калк өкүлдөрүнүн кыргыздар арасына келип отурукташып, кыргыз тилин, салтын үйрөнүп, башкача айтканда, кыргыздашып кетишине да шарттар түзүлгөн. Памирде кыргыз болуу, кыргызмын деш бара-бара сыймыкка айланган. Мына ушунун бары катардагы пенденин колунан келе турган иш эмес эле.

Кошумча катары айтарым, улуупамирликтердин Ажы Рахманкул Хандын 90 жылдыгын белгилөө жөнүндөгү, азырынча ачыкка чыга элек болсо да, мен чет- бучкагын туюп калган сунуш-пикирлеринин табигий жана объективдүү экендигине кымындай да шегим жок.

- Рахманкул Хан Ооганстандагы улар жайлаган Улуу Памир тоолорунда жашагандыгына карабай, өтө сабаттуу адам болгон дейт. Аңызга айланган мындай сөздөрдүн канчалык чындыгы бар?

С. Кайыпов:- Памир кыргыздарынын сабатын ачуу, саясат, илим-билим жана өнөрдөн кабардар болуусун ойлоп, Ажы Рахманкул Хан өзү мугалимдик кылган, атайын молдолор жалдап, балдарды окуттурган. Жаштарга ар түрдүү кесиптер жөнүндө маалыматтар берген.

Ажы Рахманкул Хан кыйла сабаттуу адам болгон. Фарсыча гана эмес, Чыгыш тилдеринин көбүн жакшы билген. Айрыкча, Абдурахман Жами, Рудаки, Бедил сыяктуу Иран классикалык адабиятынын чыгармаларын сүйүп окуган. Окумалдык анын жетекчилик мүнөзүнүн калыптанышына да таасир этпей койгон эмес. Ал Орто кылымдардагыдай, кара күч, зордук-зомбулук менен журт башкарган бий, уруу төбөлү эмес, табигый жетекчилик жөндөмү бар, өз чөйрөсүнө караганда алда канча билимдүү, эч апыртпай туруп айтканда, эл аралык дипломатияны жакшы билген, дүйнөлүк саясаттан кабардар, таланттуу адам болгон.

- Сөзүңүзгө аралжы, Рахманкул хандын Памирден козголуусу, Пакистанга келиши жана акырында Ванга келип жерлешиши уюшкандык менен ишке ашырылган саясий аракетпи, же көчмөн уруунун боло жүргөн стихиялуу журт которуусубу?

С. Кайыпов: - Жок, анын баары аң-сезимдүү, пландуу түрдө жасалган иштерден. Дүйнөлүк саясаттан кабардар Ажы Рахманкул Хан 1978-жылы социализм эпкиндеринин Ооганстанга ура башташынан улам Гилгитке көчкөн. Пакистан менен Англия өлкөлөрүнүн колдоосун алып турган. Килгитинин мээ кайнаткан ысыктыгы элге жакпагандыктан, Рахманкул Хан Түркия менен Америка Кошмо Штаттарынын мамлекет башчыларына отурукташуу үчүн жер сурап каттар жазган. Эки өлкөдөн тең оң жооп алган Рахманкул Хан, акырында Түркияга жердешүүнү туура тапкан. 1980-жылы өзүнүн жетекчилиги менен кыргыздар Пакистандан Түркияга келип отурукташкан. Мына ушунун баары Рахманкул Хандын лидерлиги менен, эл аралык мамилелердин нормаларына жана талаптарына ылайык аткарылган. Айтканга оңой, кылганга кыйын бул иштердин өтөсүнө чыныгы сабаттуу, көзөм адам гана чыга алат эмеспи.

Ушул кыскача баяндан көрүнгөндөй, Рахманкул Хан – кайда туулуп кайда жашабасын, кыргыз улутунун чыгаан уулдарынын бири. Памир жайлоолорун жердеген, дүйнөлүк маданияттан эң узак жашаган кыргыз диаспорасынан чыгып, дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө саясий лидер катары таанылгандыгы жана көптөгөн мамлекеттик, саясий ишмерлер менен алакалаш болгондугу эле маселенин чыныгы жүзүн көрсөтүп турат.

- Сулайман мырза, эл оозунда элек жок эмеспи, айрым жарандар Рахманкулдун хандык мартабасына шектенүү менен карашат. Бир айыл элди башкарган адам кантип эле хан болуп калсын дешет. Мындай көз караштарга карата сиздин пикириңиз кандай?

С. Кайыпов:- Андай көз карашты Орто Азия жана көпчүлүк чыгыш элдеринин биргелешип, уюмдашып, ураандашып жашоо өзгөчөлүктөрүн; улут жана мамлекет категориясынын жаралыш, калыптаныш закон ченемин, анын ичинде хандыктардын курулуш тарыхын жана улутташуудагы маанисин жакшы билбегендер гана айтат. Же болбосо, Рахманкул Хандын ишмердиги жана инсандыгы тууралуу жеткиликтүү маалыматы болбогондор айтышы мүмкүн. Мындай күдүк сөздөрдүн чыгышына кыргыз тарыхын изилдеген илимпоздордун ыкшоолугу көбүрөөк себепкер десем болот. Ажы Рахманкул Хан Жапаркул уулунун саясий ишмердиги, инсандыгы, агартуучулугу, Памир аймагындагы кыргыздарды жана башка калктарды башкарууда колдонгон жетекчилик усулу жана системасы, эл аралык мамилелерди жөнгө салуудагы дипломаттык ишмердиги жөнүндө кыргыз коомчулугу өтө аз билет. Күндөлүк басма сөз беттерине жамырата жарыялаган макалалар эмоцияга толгон, бир жактуу, көбүнчө «Памир ханы» аталган улутташынын зоболосун көтөрүү арзусунан гана келип чыккан, тайыз, тайкы материалдар десе болот.

Ажы Рахманкул Хандын ишмердиги жана инсандыгы атайын академиялык изилдөөлөргө бута боло алат. Лидердин өзү сактап жүрүп, балдарына мурастаган каттары, сүрөттөрү; Ооганстан, Кытай, Пакистан жана Түркия архивдериндеги маалыматтар; Европа өлкөлөрүнө жана Америка Кошмо Штаттарынын жетекчилерине жазган кайрылуулары; ар кайсы өлкөлөрдүн адистери тарабынан тартылган документалдуу кинотасмалар; англис, француз, жана немис тилдеринде жазылган илимий изилдөөлөр кыргыз тарыхчылары тарабынан бир системага келтирилип, алда качан кыргыз окурмандарына жана илимпоздоруна таанытылышы абзел эле. Тилекке каршы, бу күнгө чейин бу жагдайда батыл адамдар табылбады. Рахманкул Хан жана ал бийлеген Памир тууралуу билгилер али тайкы бойдон калып келет. Анын үстүнө, хандык дегенде эле биздикилер Осмон императорлугу же Алтын Ордо мамлекети сыяктуу бир нерсени элестетишет окшобойбу.

- Андай болсо, хан жана хандык терминдери тууралуу өз пикирлериңизди да бөлүшө кетсеңиз?

С. Кайыпов:- Менин пикирим дебейин, тарыхтан белгилүү болгондой, хан жана хандык деген түшүнүктөр, көктөн түшкөн бир шумурай шумдуктар эмес да. Хандык биздин аймактарда уруулардын бир ураан, байрак алдында баш кошуусунун эң жогорку формасы гана болгон. Хандыктар кичине, чоң болгонуна карабай, сөзсүз түрдө мамлекеттик түзүлүштүн элементтерин алып жүргөн; этностук, экономикалык принциптер негизинде курулган; биргелешип жашоого, коргонууга, керек учурда башкаларга каршы аттанууга жарамдуу биримдик болгон. Уруулардын бир байрак алдында биригиши, бир, орток максатты көздөшү, алардын капиталисттик түзүлүштө жашабай туруп эле, акырындык менен улуттук консолидация процесстерине киришин шарттаган.

Бүгүн, айрым интеллигенттерибиз нигилисттик көз менен караган бул кичинекей хандыктардын шарапаты менен кыргыздар уруулар конгломератынан улут болуу жолуна түшкөн. Памир кыргыздары болсо, ошол Орто кылым мезгилин ХХ кылымдын экинчи жарымына чейин узата жашап келген эл. Алардын уюму, бир лидердин айланасында топтолушу байыркы жана Орто кылымдардагы түрк уруулары түзгөн борбордошуулардын тарыхый уландысы болуп саналат.

Хандар башкарган ал этностук бирикмелерди, албетте, азыркы маанисиндеги мамлекет дешке болбойт. Бирок, жогоруда айтылгандай, мамлекеттик түзүлүш принцибинде курулуп жана башкарылып келгендиги анык. Мисалга Рахманкул Хандын бийлеген аймагын эле алалы. Анын өкүмү сүргөн аймакта ХАН – эң жогорку мансап болгон. Хан АК САКАЛДАР ТОБУ (кеңеши десе да болот) тарабынан ачык добуш менен иргелген (шайланат десе да болот). Ал саясатын аксакалдар тобу аркылуу жүргүзгөн. Хан жана аксакалдар тарабынан жактырылган иш БЕКТЕР тарабынан уруу жана уруктар арасында ишке ашырылган.

Хандын тегерегинде кеңешчилери жана кат-кабар жазган мырзалары, кызматкерлери болгон. Ар кандай иште уруулар арасындагы тең салмактуулук сакталган. Бүткүл аймактагы маселелер шарыятка, элдин жакшы салттарына, Ооганстандын мыйзамдарына ылайыкталып, алардын ортосунда карама каршылыктар болбой турган бычымда чечилген. Мына ушул өзгөчөлүктөрдүн өзү эле Рахманкул Хан жана анын өкүмүнө баш ийген аймак, топтун эмне экенин көрсөтүп турат.

- Маегибиздин соңуна чыгып баратып, жыйынтык катары нелерди айтар элеңиз?

С. Кайыпов:- Жыйынтык катары айтсам, Ажы Рахманкул Хан Жапаркул уулу бир уруунун же өрөөндүн төбөлү эмес. Ал – жогоруда айтылгандай, саясий сабаты бар, эл аралык алакалаштык нормаларынан кабардар, лидерлиги жана хандык мартабасы Ооган мамлекети тарабынан таанылган, жалаң Памир кыргыздары эмес, коңшулаш башка улуттарды да эмири алдында туткан чыныгы жетекчи; анан да кайда барса, өзүнүн кыргыз экенин баса көрсөтүп, улутунун зоболосун туу туткан, чыныгы лидер.


Сөзүмдүн акырын Америка Кошмо Штаттарындагы Индиана университетинин профессору, Ажы Рахманкул Хан менен көп жылдар тыкыс байланышта болгон жана анын башкаруу системасын изилдеген белгилүү окумуштуу-антрополог Назиф Шахранинин пикирин стилдик жактан бир аз өзгөртүп айтуу менен аяктоону туура көрөм. Анын ишениминде: «Кичи Памир чын эле хандык болгон. Аны башкарган Ажы Рахманкул Хан сөздүн чыныгы маанисиндеги хан болгон».


Калганы айтпаса да түшүнүктүү эмеспи. Буйруса, Улуупамир калкын түйшөлткөн ойлорду тең бөлүшүп, алардын айткан пикирлерин колдогон, мүдөөлөрүн орундаткан, жигери бүтүн адамдар ордолуу кыргыз жергесинен табылып калар деген үмүттөмүн.
XS
SM
MD
LG