Грузин депутататтары талаштуу "чет элдик агент" мыйзам долбоорун 14-майда жактырды. Кыргызстандын мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев саясий реформаларды жүргүзүүдө "Грузиядан үлгү алчу нерселер көп экенин" такай айтып келген. Тбилиси кайсы маалда демократиялык багытынан тайды?
Аламүдүн райондук соту жазуучу Олжобай Шакирди беш жылга эркинен ажыратты. "Кемпир-Абад иши" боюнча айыпталып жаткан саясатчы Кеңешбек Дүйшөбаевди сотко көтөрүп алып келишти. Грузин парламенти талаштуу мыйзам долбоорун кабыл алды. Ереванда миңдеген киши нааразылыкка чыкты.
Белоусовдун Орусиянын коргоо министри болуп дайындалышы Украинадагы согушка кандай таасирин тийгизет? Путиндин жакын досу деп саналган Шойгунун тагдыры эмне болот?
Куткаруучулар Ооганстандын түндүгүндөгү сел каптаган тоолуу аймактарда аман калгандарды издөөнүү улантууда. Нөшөрлөгөн жаандан кийинки селден бери дегенде 300 киши каза тапты.
Грузиянын парламенти “чет элдик агенттер” тууралуу талаштуу мыйзам долбоорун жактырды. Тбилисиде митингге чыккандар менен полиция кагылышты, бир нече киши кармалганы кабарланды. Грузин парламентинде эң жогорку чектеги коопсуздук чаралары киргизилди.
Тергөө абагында отурган журналист Махабат Тажибек кызы камерасында сабалган делген сүрөттөр жарыяланды. Жаза аткаруу кызматы аны четке какты. Орусияда коргоо министри Сергей Шойгу кызматтан кетти. Казакстандын экс-экономика министри Куандык Бишимбаевди 24 жылга кесилди.
Украинада армияга абактагыларды тартууну караган мыйзам долбоору жактырылды. Документке ылайык, айыпкерди эч ким мажбурлабайт, ал өз ыктыяры менен барса болот. Депутаттардын эсебинде, армиянын катарын жаза мөөнөтүн өтөп жаткан миңдеген кишилер толуктайт. Алар фронтко кандай шартта жөнөтүлөт?
Орус күчтөрү Украинанын түндүк-чыгышындагы Харьков облусунда чабуулдарын күчөттү. Алар облустагы Киевдин 2022-жылдагы контрчабуулунда бошотулган шаар-кыштактарды аткылап, Украинанын коргонуу тилкесин бузуп өтүүгө аракет кылышты. Эксперттер Орусия Украинада буфердик аймак түзгүсү келерин айтышууда.
Грузиянын борборунда ишемби күнү кечинде "чет элдик агент" мыйзам долбооруна каршы ири нааразылык жүрүшү өттү. Ага 50 миңдей адам катышканын Reuters жазды. Оппозиция "Орусиядан көчүрүлдү" деп сындаган "Тышкы таасирдин ачыктыгы тууралуу" деп аталган мыйзам долбоору парламентте эки окуудан өткөн.
6-12-майда дүйнө басылмаларында жарыяланган айрым макалаларга сереп.
Дагы жүктөңүз