Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 11:26

ТАРЫХ: Махмуд Кашгари Барсканини кандайча элестетесиз?


И.Бакиров өзү тарткан Махмуд Кашгари Барсканинин сүрөтү менен. 24.5.2020.

Карахандар каганаты доорунда, мындан он кылымдай илгери жашаган даанышман илимпоз бабабыз, түрколог Махмуд Кашгари Барсканинин таанымал сүрөтчү жана бедизчи Ибрагим Бакиров тарткан шарттуу сүрөтү тууралуу тарыхчынын блогу.

Даңазалуу бабаларыбыздын, тарыхый инсандардын шарттуу сүрөтү зарыл экендиги шексиз. Албетте, фото сүрөт тартуу мүмкүнчүлүгү болбогон доорлордо айрым коомдордо айкел, боёк жана чийме сүрөт аркылуу чагылдырылып калган баа жеткис элестер калтырылган.

Бирок көптөгөн мусулман калктарында орто кылымдардын кыйла мезгилинде мындайча мүмкүнчүлүк болгон эмес.

Учурда Белгиянын ордосу Брүссел шаарында байырлап жаткан кыргыздын белгилүү сүрөтчүсү жана айкелчиси Ибрагим Бакиров агабызга Махмуд Кашгари Барскани бабабыздын шарттуу элесин сүрөттө чагылдыруусун өтүнгөн элем.

Чыңгыз Айтматов (1928--2008) менен Ибрагим Бакиров. Брүссел ш.
Чыңгыз Айтматов (1928--2008) менен Ибрагим Бакиров. Брүссел ш.

Ибрагим агабыз көпкө изденди. Ошол доордун кийим-кечесинен тартып, Теңир-Тоонун чыгыш-батышында жана ага чектеш оазистерде байыркы жана орто кылымдарда байырлаган этностордун келбети, турпаты тууралуу да салыштырма маалымат чогултуп жүрдү.

Сүрөтчү агабызга мен мындайча маалыматты да айттым: 1072––1077-жылдар аралыгында арап тилинде “Дивану лугати т-түрк” (“Түрк тилдеринин сөз жыйнагы”; кыскача “Диван”) деп аталган энциклопедиялык эмгекти жараткан бабабыз жаш эле болгон.

Профессор О. Прицак (Omeljan Pritsak) менен Т.Чоротегин. Киев. 1995.
Профессор О. Прицак (Omeljan Pritsak) менен Т.Чоротегин. Киев. 1995.

Чыгаан украин илимпозу, чыгыш таануучу Омелян Прицактын жоромолунда, ал Ысык-Көл аймагынын беги, Барскан шаарында отурган Хусейин Мухаммед уулунун тектүү канзаадалык үй-бүлөсүндө 1029––1038-жылдардын ичинде жарык дүйнөгө келген.

Биздин "Барскани" деп да ныспасын кошумча айтып жатканыбыздын себеби, оболу профессор Омелян Прицак (украинче Омелян Йосипович Пріцак, Omeljan Pritsak; 07.4.1919 –– 29.5.2006), петербургдук татар тектүү арабист Анас Бакиевич Халидов (25.02.1929 –– 01.12.2001), америкалык Роберт Данкофф жана башка окумуштуулар Махмуд Хусейин уулу Мухаммед небересинин туулган жери Кашкар эмес, Ысык-Көлдүн жанындагы Барскоон шаары экенин бизден мурда жазышкан. Биз ошол жоромолду андан ары тастыктап келдик. (Атаганат, Бишкектеги бабабыздын ысымын алып жүргөн Чыгыш университети кайра атын өзгөртүп, жөн гана Кыргыз-Кувейт университети болуп калгандыгы өкүндүрөт).

Демек, 1077-жылы, Махмуд Кашгари Барскани “мусулмандык кайра жаралуу” доорундагы түркологиялык бермет чыгарма болгон “Диванды” аяктаганда, 39 жана 48 жаштын ортосунда, чыгармачыл жактан гана эмес, дене турпаты деле толукшуп турган болчу. Ал “Диванында” өзүнүн ак сөөк тектүү экенин, тили чечен гана болбостон, аскердик өнөрдү да мыкты өздөштүргөнүн (“найзасы таамай эптүүсү”) белгилегени бар.

Махмуд Кашгари Барсканинин элесинин шарттуу боёк сүрөтү. Автор –– Ибрагим Бакиров. 24.5.2020.
Махмуд Кашгари Барсканинин элесинин шарттуу боёк сүрөтү. Автор –– Ибрагим Бакиров. 24.5.2020.

Мындан улам Махмуд Кашгари Барскани өлөсөлүү чал катары эмес, азыркы тил менен айтканда, дене мүчөсү спортчулардыкына окшогон, шайдоот, ачык айрым, акылы жүзүнөн төгүлгөн, билими да ажарланткан инсан болууга тийиш.

Дагы бир жагы –– маркум профессор Өмүркул Караев (15.10.1930 –– 18.09.2002) жазгандай, Махмуд Хусейин уулу Мухаммед небереси этностук теги боюнча Кашгари Барскани да таандык болгон Карахандар каганатынын бийлөөчү сулалеси (династиясы) теңир-тоолук көчмөн чигилдерге таандык эле.

Карахандар доорундагы чигилдер Энесайдын түштүгү менен Алтайдан Теңир-Тоого чейин көчүп келген чик элинин өкүлдөрү деп санайбыз. Акырындап ысык-көлдүк чигилдер кыргыздарга жуурулушкан. Мисалы үчүн бугу уруусунун төбөлдөрүнүн бири –– Боронбай Меңмурат уулу деген манап орус саякатчысы Пётр Петрович Семёнов-Тянь-Шаньский (1827—1914) менен жолугушуу маалында “биздин бабаларыбыздын байыркы тектеринин бири — чигилдер” деп айтканы бар. (Муну маркум этнограф Сабыр Аттокуров эмгегинде өзгөчө белгилеген).

Арийне, чигилдер кыргыздарга гана эмес, чөлкөмдөгү башка коңшу түрк калктарына да бара-бара жуурулушкан.

Демек, залкар сөздүкчү, түрколог, энциклопедист Махмуд Кашгари Барскани бабабыздын жүзү бир эле учурда Борбордук Азиядагы бир нече түрк эли өз бабасы катары кабыл алгандай орток элес тартуулашы абзел.

Менимче, Ибрагим Бакиров агабыз бул жаатта акыйкат көркөм элес жарата алды.

Сүрөтчү Ибрагим Бакиров чыгаан илимпоз Махмуд Кашгари Барсканинин өзү чийип тарткан шарттуу сүрөтүнүн жанында. 24.5.2020.
Сүрөтчү Ибрагим Бакиров чыгаан илимпоз Махмуд Кашгари Барсканинин өзү чийип тарткан шарттуу сүрөтүнүн жанында. 24.5.2020.

Бабабыз Махмуд Кашгари Барскани чийген дүйнө картасынын сүрөтүн ушул чакан макалабызга дагы кыстарып баяндай кетелик.

Бул арап тилиндеги оригиналдуу картада Жердин чордонунда Арабстан жарым аралы, Меке, Медина шаарлары эмес –– Ысык-Көл көлү, Барскан шаары көрсөтүлгөн. Ысык-Көлдөн тоо кыркаларын ашып Баласагын, Кочкор-Башы, Кашкар сыяктуу теңир-тоолук шаарларга жетүүгө болоору картада даана көрүнүп турат (Теңир-Тоо кыркалары кызыл түстө чийилген).

Махмуд Кашгари Барскани чийген тегерек дүйнө картасынын чордонундаТеңир-Тоо кыркалары жана Ысык-Көл жайгаштырылган. 1072–1077-жж.
Махмуд Кашгари Барскани чийген тегерек дүйнө картасынын чордонундаТеңир-Тоо кыркалары жана Ысык-Көл жайгаштырылган. 1072–1077-жж.

Махмуд Кашгари Барскани түзгөн картада Теңир-Тоонун борбордук бөлүгү, Ысык-Көл өрөөнүнүн атырабы өзгөчө реалисттик ыкмада таамай бөлүнгөнүн кыргыздын залкар географы, тарыхый география изилдөөчүсү Садыбакас Өмүрзаков өз учурунда баса белгилеген болчу.

Махмуд Кашгари Барсканинин «Дивану лугати т-түрк» (1072-1077) эмгегиндеги картанын чордондук жана чыгыш бөлүгүнүн котормосу.
Махмуд Кашгари Барсканинин «Дивану лугати т-түрк» (1072-1077) эмгегиндеги картанын чордондук жана чыгыш бөлүгүнүн котормосу.

Сүрөткер Ибрагим Бакиров өз чыгармасына прототип катары кызмат аткарган элестердин бирин, албетте, ысык-көлдүк кыргыз жигитинин сүрөтүнөн да алды, ага кашкардык жана ферганалык түрк тилдүү калктардын элестерин да чеберчилик менен жуурулуштурду.

Кызык, азыр да кыргыздарда чап жаак, ирандыктарга жана көөнө согдулуктар менен тохардыктарга окшогондор, энесайлык көк көз, сары чач кыргыздардын генин алып жүргөндөр, кара кытай, монгол тилдүүү калктардан монгол сымак түспөлдү мурастагандар, түрк калктарынын айрым контакттык расага таандык топторунун өкүлдөрү болгондор арбын учурайт. Бул –– 3000 жылдык этностук тарыхыбыздын татаал жүрүмдөрүнүн изи.

Дегиңкиси, тарыхый инсандын шарттуу сүрөтүн жаратуу да оюнчук эмес. Маселен, айтылуу молдо Ыскак Асан уулу (Полот хан; 1844-ж. Маргалаң уезди, Охна кыштагы –– 1876, Жаңы Маргалаң шаары) болгону 32 жашында гана орусиялык оторчулар тарабынан өлүм жазасына тартылган. Ал эми кээ бир сүрөттөрдө ал таптакыр эле орто жаштан ооп калган, залим, каардуу, кабагын чытыган инсан катары тартылганын көрүп жүрөбүз.

Кыргыздын кыргыз-кыпчак уруусунан чыккан мамлекеттик ишмер Алымкул аталык (Алымкул Асан бий уулу; 1829-жылы же 1831-жылы туулган –– 1865-жылы май айында Ташкенди падышалык оторчулардан коргоо маалында ок жаңылып, жарааттан өлгөн) деле 34–36 жаштардын ичинде набыт болгон. Аны да карыя кылып элестеткендер жок эмес.

Айтылуу Жусуп Баласагын деле 1069––1070-жылы “Кутадгу билиг” чыгармасын жазып бүткөндө 54 жаштан улуу болгон эмес. Анын шарттуу сүрөтү да айрым учурларда өтө карып калган кишилердей элес калтырат.

(Дагы салыштырсак, 35 жашында дүйнөдөн кайткан Алыкул Осмоновдун шарттуу сүрөтү катары Жамбыл Жабай уулунун 90 жаштан өткөндөгүсүндөй элести таңууласак эмне болмок?)

Жусуп Баласагындын шарттуу сүрөтү Кыргызстандын 1000 сомдук акчасына түшүрүлгөн.
Жусуп Баласагындын шарттуу сүрөтү Кыргызстандын 1000 сомдук акчасына түшүрүлгөн.

Дароо кыстарып айта кетсек, Жусуп Баласагындын да, Махмуд Кашгари Барсканинин да өлгөн жылы жана көмүлгөн жайы белгисиз. Учурда Кашкарда жана Ополдо белгиленип жүргөн жана аларга таандык делген күмбөздөр, биздин оюбузча, “фолк-хистори” ыкмасы менен эле бурмаланып таңууланган маалыматтарга негизделген.

Демек, алардын шарттуу элеси тууралуу сөз кылганда, сүрөткерлер менен бедизчилер бул даанышмандар кайсы жылы жана канча жашында чыгарма жаратканын иликтеп туруп көркөм элес сунушташы абзел. Башка тарыхый инсандардын доору да кылдат изилдениши абзел. Маселен, даңазалуу Барсбек каган көзү көк, чачы сары элестетилгени дурус. (Биздеги кеңири таркалган шарттуу вариантта негедир Барсбек мурдагы президент Аскар Акаевдикиндей калың кашы бар, бети тегерек, кара торуга жакын болуп кабыл алынып калган).

Жыйынтыктасак, биз мындан ары Махмуд Кашгари Барсканинин көркөм элеси катары сүрөткер Ибрагим Бакиров жараткан чыгармадагы сүрөттү колдонмокчубуз. Буюрса, Ибрагим агабыз бул элести айкел бетинде да чагылдырмакчы.

Анын ишин уланта турган шакирттери да тарыхый инсандын шарттуу элесин сунуштоодо кылдат болушу, тарыхчы, этнограф, фолклорчу, булак таануучу жана башка адистер менен кеңешип алуусу абзел.

Кыл калемиңизге, бедиз жасаган керкиңизге береке, Ибрагим байке!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (29)

XS
SM
MD
LG