Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-август, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 06:32

«Хизб ут-Тахрирдин» аялдарга жайган тузагы


Террорчу "ИМдин" тузагынан бошотулган айым. Камышлы, Сирия. 29.5.2019.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Нарында диний-экстремисттик уюмдарга бөгөт коюу иштеринин алкагында «Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөсү деп шек саналган алты аялды кармады.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматына караганда, Нарында кармалган алты аял Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынан «Хизб ут-Тахрир» уюмунун жигердүү мүчөлөрү деп шек саналууда.

Аялдар жашаган үйлөрдү тинтүү учурунда экстремисттик мүнөздөгү китеп, «Хизб ут-Тахрирге» үгүттөгөн материалдар жүктөлгөн планшет, ноутбуктар, телефон сим-карта жана күндөлүктөр табылган. Бул материалдар атайын экспертизага жөнөтүлдү.

Кылмышка шектүүлөр Нарындагы №24 убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Факт сотко чейинки териштирүүгө Жазык кодексинин «Экстремисттик уюм түзүү» беренесинин негизинде катталды.

УКМК бул ишти Нарын облустук ички иштер башкармалыгы менен бирге уюштурган. Бирок аталган башкармалыктын башчысы Улан Аалиев кармалган аялдар тууралуу маалымат берген жок.

Азырынча бул аялдардын өкүлдөрү менен байланышууга мүмкүндүк болгон жок.

Дин көйгөйлөрү боюнча адис Канатбек Мурзахалилов акыркы жылдары Кыргызстанда мыйзамсыз уюмдардагы аялдар канаты кызуу иш жүргүзүп жатканын белгиледи:

Канатбек Мурзахалилов.
Канатбек Мурзахалилов.

«"Хизб ут-Тахрир" уюмунда «феминизация» деген жүрүм бар. Ал уюмдун аялдар канатын түшүндүрөт. Диний адистер 6-7 жыл мурда эле бул уюмдун Кыргызстандагы системасынын аялдар канаты кызуу иштеп жатканын айткан. Бирок алардын иши акыркы жылдары солгундап кеткен эле. Пандемия учурунда алардын кайра жанданышына түшүнө албай турам. Ошентсе да, бул уюмдун аялдары жигердүү иштешет».

2019-жылы да Нарын облусунун Ат-Башы районунда «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун алты мүчөсү кармалган. Тинтүү учурунда алардын үйүнөн ок атуучу куралдар, ок-дары, аталган уюмга тиешелүү китептер, баракчалар, ноутбук, телефон жана сим-карталар алынган.

Нарын шаарынын тургуну Бакыт Рысбеков бул уюмдун мүчөлөрү Нарын облусунда ишин улантып эле жатканын байкаган.

«Дин өкүлдөрү башка элге үлгү болушу керек эле, - деди ал. - Тилекке каршы, андай болбой жатпайбы. Нарында «Хизб ут-Тахрир» уюму гана эмес, «Йакын инкар» деген да агымдын өкүлдөрү көп. Алар заманбап жашоону четке кагып, караңгы заманды кайра алып келүүгө аракет кылып жатышат».

«Хизб ут-Тахрир» уюму Кыргызстандын Жогорку сотунун токтому менен 2003-жылы экстремисттик деп таанылып, анын ишмердүүлүгүнө өлкө аймагында расмий түрдө тыюу салынган. Бул уюмдун Кыргызстандагы ишмердиги айрыкча өлкө эгемендик алган алгачкы жылдары күч алган.

...биз «Хизб ут-Тахрир» уюмунун идеологиясы туура эмес экенин элге түшүндүрдүк. Акыркы жылдары аларды ээрчигендер азайды.
Зайырбек Эргешов

2019-жылдагы маалымат боюнча Кыргызстандын түрмөлөрүндө 434 киши экстремизм менен террорчулукка байланыштуу айыпталып, ар кыл жазасын өтөп жатат.

Алар үчүн былтыр Бишкектин четиндеги Молдовановка айылындагы абактын аймагында атайын түрмө курулган. Террорчулук жана экстремизм үчүн соттолгон кишилер башка бардык абактардан ошол жакка которулган.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов «Хизб ут-Тахрир» уюмунун Кыргызстандагы иши акыркы жылдары азайганын айтты:

Зайырбек Эргешов.
Зайырбек Эргешов.

«Кыргызстандагы укук коргоо органдары, дин өкүлдөрү, жалпы коомчулук бул жаатта тынымсыз иш жүргүзүп жатканынын натыйжасы деп бааласак болот. Муну менен биз «Хизб ут-Тахрир» уюмунун идеологиясы туура эмес экенин элге түшүндүрдүк. Акыркы жылдары аларды ээрчигендер азайды».

Жазык кодекси боюнча экстремисттик баракчаларды сактап же жайылтканы үчүн биринчи жолу кармалса, анын жазасы эскертүү, акчалай айып салуу же болбосо эркинен ажыратууну карабаган жатак абакка кесүү менен чектелет. Экинчи жолу же андан көп ушундай айып менен соттолсо, анда анын жазасы күчөтүлүп, 3 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Дин иштери боюнча эксперт Замир Турсунбеков буларга токтолду:

«"Хизб ут-Тахрир" уюмуна кошулуп алгандарды бир нече фактор менен карасак болот. Биринчи кезекте, диний сабатсыздык турат. Мындан сырткары саясий, экономикалык факторлор да болушу мүмкүн. Анткени коомдо кыйынчылык жаралган мезгилде булар козу карындай болуп чыга калат. Алар кырдаалдан пайдаланышат. Бул уюмдун мүчөлөрү Кыргызстанда бар. Алар жашыруун иш жүргүзөт. Алардын идеологиясы мамлекеттик башкаруунун ишине кийлигишүү болуп саналат».

Сот тарабынан 2003-жылдан бери 21 диний бирикменин ишмердигине террорчул жана экстремисттик уюмдар катары Кыргызстандын аймагында тыюу салынган. Ага «Жабхат ан-Нусра», «Жайшу л-Махди», «Ансару л-Лах», «Хизб ут-Тахрир ал-Ислами», «Жихад тобу» жана «Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы» сыяктуу эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдар кирген.

Алардын көбү Кыргызстандагы айдыңдык (секулярдык), демократиялык, көп партиялуу мамлекеттик түзүлүштү кулатып, ордуна "шариятка негизденген эскичил халифатты" түзүүнү көздөшөт.

Бул уюмдардын атынан чыккан же аларга таандык экени аныкталган материалдардын бардыгын сот тыюу салынган диний экстремисттик адабияттардын катарына киргизген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (4)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG