Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-июль, 2020 жума, Бишкек убактысы 00:21

Шам жериндеги тозокко азгырган шайтан


Сирия алааматы.

Сириядагы канабайрам канча кишинин өмүрүн алганы, дагы канчанын каны төгүлөрү белгисиз.

Диний үгүтчүнүн тилине кирип кеткен уулун кан майданга чейин издеп барган ооганчы жоокердин арманы Айбек Абдылдаевдин «От кечкен отуз күн» аңгемесинде козголгон. Кыргыз аңгемесинин классикасынан учурдун талуу маселесин козгогон кызыктуу баян тууралуу кеп кылабыз.

Кайрандардын кайгысы

«Араб жазын» улай Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн согуш өртү каптай баштаганда канабайрам Кыргызстандан алыс жерде өтчүдөй сезилген. Бирок да диний дааватчылардын аракети менен согушка кыйла кыргызстандык катышты. Көбү чоочун жерде набыт болду. Эчендеген үй-бүлө кан жутуп, кайгыга батып, жакындарынан ажырап, алыс жердеги уруштун жаңырыгы бул жерге чейин жетти.

«От кечкен отуз күн» аңгемесинин каарманы Элкут согуш эмне экенин жакшы билчү. Ооган урушуна катышып, бактысы бар экен, ошол канабайрамдан аман-эсен чыккан. Дары менен түтүнгө аралашкан кан жыты кийин канча ирет түшүнө кирип, терге чыланып, кыйналып ойгонгон учурлары болду. Башынан өткөндөрүн айткысы келбегени менен жалгыз уулуна адамгерчилик, ата-бабасынын тарыхы, улуттук намыс жайында жакшы эле айтты. Бирок анысы жеткен эмес экен. Ал баласы динге тез берилди.

Жашоо-турмуш кыйындап, айылдагылардын көбү шаарга көчүп, жаштар Орусияга иш издеп агылганда да баласын жанынан чыгарбады. Айылда жумуш жок, колоктоп бош жүргөн жаштардын ойлогону - күндү кантип кеч киргизүү болчу. Ошол кезде айылга медресени жакшы бүткөн Салим келип, кары-жаш дебей анын сөзүн тыңшап, мурда ичкиликке оогондордун көбү такыба мусулманчылыкка өтүп, жалаң диний кеп-сөздөр гана сүйлөнүп калды.

«Салимдин өтө окумал, такыба киши болуп келгени тууралуу кабарды алгачкылардан болуп айылдагы катын-калач таратты. Молдо аттууга өзгөчө сый менен мамиле кылган айылдаштарына Салим тез алынды. Бара-бара айыл турмушуна кадыресе аралашып, аны менен көптүн иши болбой калды. Салим динге байланышкан аңгемелерден кеп салып, элди Кудай жолунда жүрүүгө үгүттөп, акыл айтат. Анын кебин аксакалы, көк сакалы муюп угат.

- Мындай жүргөнүбүз болбойт, туугандар. Эски адаттарыбызды таштайлы, кудайга кызмат кылалы! Бу жалган дүйнөдө бүгүн барбыз, эртең жокпуз. Кудай алдына барганда жооп бере тургандай бололу…

Илме-чалмасы көп анын сөздөрү божурап кулакка жагымдуу. Күнгө кактанып олтурган абышкалар үңкүйүп отуруп угушат. Жаштар тегеректеп алат. Катындар алыстан кулагын салып, жатарда Салимди мактап, күйөөсүнүн кулагынын кужурун алышчу.

- Такыбалыгын карачы, табышкерлигин көр. Өткөндө Өмүрбектин уулунун никесин кыйып, бир соолугун жетелетиптир. Арактан башың чыкпайт сенин!»

Дааватчы

Салим айылга жөн келбептир. Сириядагы согушка мусулмандарды үндөп, ал жакка жаңы ислам лашкерлерин жөнөтүү милдетин алган шумпай экенин айылдаштары кайдан билсин? Тогуз жашында жалгыз уулун медресеге берип ийген Ырысбек кийин арактан оңоло албай кайтыш болгондо баласына кабар деле беришкен эмес. Эми карачы, элди динге үндөгөн бакыйган дааватчы болуп алыптыр. Айылдагы бекерпоз жаштарды азгырган, баарын Сириядагы согушка үндөгөн Салим экен. Элкуттун жалгыз уулу Баймурат Салимден укканына айныксыз ишенип атасын кекете баштабадыбы.

«- Ата, кудай безерилер менен олтуруп бозо ичпе, кудайдын жолуна түш!

- Каяктагы ыпыр-сыпырга мээңди толтуруп, ата-бабаң баскан жолду чанасыңбы, иттин баласы. Алар эмнеге кудай безери болуп кылыптыр!

- Сени тозоктун жолунан кайтарышым керек. Сен шайтандын сөзүн сүйлөп жатасың, ата!

- Тт-октот! Токсобанын тукумунда сага окшогон акмак болгон эмес. Ата-бабаңдын баары ушул эле динди карманып, камыр-жумур жашабады беле, силер каяктагыны баштадыңар, келесоолор! Атасына баласы акыл үйрөтөт деген эмне! Уулу кине койгудай бул кудайдан жөө качкандардан эмес. Кудайга ишенет…

Жаратканга ишенбегенде кандай, кудай урбайбы анда. Ата-баланын ортосундагы кер-мур айтышуу күчөдү. Элкут уулу өзүнөн алыстап баратканын сезди. Бирок артка кайтарууга алы келбеди. Аны ойлогондо баары кеч болуп калган эле. Уулу «Орусиядан жумуш таптым» деп, шайланып жөнөп калганда, алдын тосо албады.

- Мейли, кагылып, согулуп, акча эмне экенин, ата-эненин кадырын билип келерсиң. Анан атаң менен айтышканыңа бир өкүнөрсүң, бала!

Бир ай өтпөй уулу Чыгыштагы согушка аралашып кеткенин кыска гана билдирүү кылып кол телефонуна жазып ийди. Тамашабы, бу эмне?! Алгач ишенбеди, ишенгенден кийин үч күн оозуна наар албай, сулк жатты. Жо-ок, сулк жатпаптыр, өлүк жатыптыр. Уулу Орусияга чыгып кеткенден так бир аптадан кийин Салим ың-жыңсыз кеткен».

Кеч болуп калган экен. Элкуттун байыркы кыпчак, токсоба урпактары дегендери Салимдин дин тууралуу айткандарынын жанында шоона эшпей калат турбайбы. Элкут ага ушу кезге чейин таң. Бу наалаты Салимге жакшы эле жүргөн уулун кантип алдатып ийди? Согуш деген эмне экенин Элкут жакшы билет го. Ооганстанда десантчылардын взводунун жарымын жок кылып койгон душмандардан өч алыш үчүн алар качып кирген кыштакты тыптыйпыл кылышканы, кийин андагы ар кыл үндөр түшүнө чейин кирип, кыйналганы эсинде го.

Казават

Шоруң каткан баласы минтип байыркы Шам – Сирияга согушка кетип атпайбы. Элкут кыпчак бабасы ат ойноткон байыркы өлкөгө кызыкчу, бабаларынын сөөгү калган жерди көргүсү келчү. Бирок минтип өрт күйүп жаткан чакта эмес. Уулун издеп келип талкаланган шаарды, кара башын калкалаган адамдарды, ислам лашкери менен качкын-бозгуну аралашып, кан менен тер, түтүн, ыш, өмүр менен өлүм аралашып кеткенин көрүп ындыны өчтү. Арак ичип бейчеки жүргүчө Салимдин тарбиясын уксун дегени чекилик болгон экен. Баймурат да бирөөлөрдүн канына забын болуп, башкаларды атып, кан кечип жүргөндүр. Аны ойлогондо заманасы куурулуп кетет. Ал жерде уулун издеп келген кишини атып деле салышмак, жашы өтсө да курал кармаганга жараган киши экен деп, колуна автомат карматышты.

«- Чал, азыр шаарда кармаш катуу. Сен буларга аралашып кетесиң, сени амириңе айттым. Эсиңде болсун, сен уулун издеген киши эмес, каапырдын канын ичем деп согушка келдиң! Устара мизиндесиң, тайсаң башын кетет,- колу менен моюнун шилеп койду. Анан кулагына шыбырады эңкейип:

- Уулуңду тапсаң, Түркиянын чегин көздөй качкыла! Ушул шаардан таап калышың мүмкүн. Бирок бир да документиң жаныңда калбайт, азыр алып коюшат. Ошон үчүн күрддөргө колго түшкүлө».

Колуна курал алганы менен Элкут биринчи эле урушта автоматын таштап, ал үчүн амирдин колунан атылып кала жаздады. Дагы ичер суусу бар экен, алыстан келген калаты кишини Салимдин өзүнө алып баралы деп аман калтырышты. Ошо Салим шумпайга кезиксе Элкут айтчусун айтат эле. Бир райондон эле Салим 50дөн ашуун жигитти бу согушка үгүттөп алып келиптир.

«Алепподон анын 33 кишиси окко учуптур. 17си ар кайда чачырап качкан жеринен колго түштү дешти.

Өзү Алеппону коргоп жатканда жок болуп калганына өкүндү. Муну Мосулга чакырып кетишкен. Эми Идлибге кайтып келди. Алепподон качкандар ушул жерге топтолушат. Мындан аркысы кыйын: ар бир шаар үчүн суудай кан төгүлөт».

Антип кабыргасы сөгүлүп сабыры суз отурган Салим уулун издеп келген Элкутту эч ойлонбой атып салмак. Салим дин жолуна түшпөй, бозо ичип, улак чаап жүргөн тоолуктардын баарын жок кылып салгысы келчү.

Айбек Абдылдаев бирин-бири аябаган эки күчтүн - диний шылтоого жамынган исламчылар менен өлкөсүнүн өз алдынчалыгы, эркиндиги үчүн күрөшкөндөрдүн аянбаган тирешин дасыккан сүрөткердей элестүү тартып берген.

«Өрткө ыргытылган ширеңкенин бир талындай болуп Элкуттун жаны көзүнө көрүнүп, кол тийсе тырс сынып кетчүдөй абалда. Чала уйкудан көзү кызарып, сакал-муруту өсүп, бөтөн экени, бүтүйгөн көзү, жалпак бети деле билинбей калды. Шаарга келип үч күндө көргөн азабынан эси эңги-деңги. Шаардан алыстаган сайын качып-бозуп бараткан топтун арасын уңулдаган ый, оор үшкүрүк аралады. Бозоргон талаанын эркин жели камгактарды туш келди учуруп, арттагы алааматтын илебин алып келүүдө. Аба ыш жыттанат.

- Беш чакырымдай жүрөбүз, анан кан жолго түшүп, лагерди көздөй кеткен унаа болсо, отурабыз, - деди топтун ичиндеги эркектердин бири арабча.

Азыр шаарга жакын аймакта кан жол менен кетүү кооптуу. Ошон үчүн качкындар бозоргон талаада камгактай калдактап, туш келди чачырап баратты».

Бир ай ичинде ит көрбөгөн азапка туш келген Элкут жалгыз уулун таба албай жерине кайтып, Баймураттын акыркы сүрөтүн коопсуздук кызматкеринин телефонунан көрдү.

«- Бул сизге таанышпы?

Уулу! Телефондогу тасмада Баймурат танкка кирип баратат. Тегерегиндеги топ кишилер кудайлап кыйкырып, өзү да ый аралаш аларды ээрчий кыйкырып, танкты алдыга булкунта айдап кетти. Кийин алыстан асманга жалын көтөрүлүп, топтошкон кишилер айгайлап кубанып жатышканы көрүнөт. Бүттү. Элкут ордунда катты.

- Бизди кечирип коюңуз, бул – уулуңуз экени ыраспы?

- Тирүүбү, айткылачы! Ал тирүүбү?!

- Кайрат кылыңыз! Биз сиз менен кайра байланышабыз. Башка ата-энелер да какшап калбасын десеңиз, сотко келип көрсөтмө бериңиз! Узатып койгула, - деди төрдө отурган офицер. Элкут бул сөздү элдир-селдир укту. «Көрүнө узатып койгула» дегендей угулду…»

Жаңы кылымда адамзат кабылган эл аралык жанкечтилик, диний түркөйлүк менен жарык жашоону каалагандардын таймашы алыскы тоолук айылда ушундай жаңырыкты жаратты.

Ушуга улай айта кетчү эки ооз сөз. Жаңы кыргыз адабиятында диний чаарбаштык, караңгылыктын туткунунда калып өмүрүн тобокелдикке салган жанкечтилер тууралуу кеп болбойт деле. Анын себеби деле белгилүү. Көркөм сөз чебери өзү күбө болгон, мыкты билген же терең изилдеген темасына көп кайрылат. Сириядагы жарандык урушка чындап жан тартып, диндешинин азап-кайгысын көрүп чыдай албай тилектештигин көрсөткөндөр деле болушу мүмкүн. А бирок диний үгүт-насаатка ишенип кан күйгөн урушка кирип кайтпай калгандар көп болду.

Согушка жалгыз өзү кетпей, үй-бүлөсүн ээрчите баргандардын трагедиясы айтып отурса узун сөз. Кыргыз коому жаңы кылымда туш келген мына ушул катаал учурду Айбек Абдылдаев карапайым үй-бүлөнүн мисалы аркылуу кемелине келтире сүрөттөп берген. Согуштун ырайымсыз жүзү аңгеменин башынан аягына чейин жаап-жашырылбай, өткөн менен бүгүнкүнүн байланышы ачыкка чыгат.

Элкут ооган жеринде согушта жүргөндө динге жамынган оголе чоң канабайрам болорун, жыйынтыгында ал миллиондорду качкын кылып, андан аз эмесин кара жер жаздантып, гүлдөгөн шаар-кыштактар талкаланып, согуш өртүн басуу өтө эле оорго турарын ойлогон деле эмес. Анын жалгыз уулум адамгерчиликтүү, акыл-эстүү адам болсун деген тилеги бар эле. Ишенген жалгызы барк-баасыз өлүмгө туш болуп, артында жаманаттысы каларын билиппи? Пенде баласынын ишенимин жанкечтиликке пайдалануу Салимге окшогон пейили, ички дүйнөсү тар шоркелдейлердин айынан канча күлгүн өмүрлөр жаңылыш жолго түшүштү экен?

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG