Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 6-апрель, 2020 Бишкек убактысы 21:57

Бейиштин гүлү


Иллюстрациялык сүрөт.

Пенде баласынын чыныгы жашоосу өлүм деген эмне экенин түшүнгөндөн кийин башталат.

Аким Кожоевдин “Хоспистин тургундары” аңгемесинде ажал алкымдап турган пенде баласынын соңку күндөрү тууралуу кеп болот. Андайда адам эмнени ойлойт?

“Хосписке барыңыз”

Өмүр менен өлүм жайында Аким Кожоевдин каармандары өзү көп ойлонушат, болгондо да жаш адамдар. Негизи кырчын курак адамдын өлүм жөнүндө ойлонуп отурушка чама-чактысы деле жок, жаркылдаган жашоо-турмуш алдыда. Бирок жаңы кылым менен кошо бу балакеттүү дарттардын көбү жашарып өлүм кырчын жашты карабай бир четтен алып кетүүдө. Сөзгө алынчу аңгеменин каарманы кызыктуу курагын Орусиянын суугуна берип, айыкпас дартты ал жактан илештире келген. Мына эми жапжаш дарыгерди үмүттүү карап отурат. Тиги кагаздарга үңүлүп, оор күрсүнүп, кабагы чытылганынан иштин кандай экенин айттырбай эле билди. Мындан ары жашырганда эмне, так суроосуна кыска жооп болду. Канча күндөн бери жанына тынчтык бербеген күдүк суроосу айкындалды.

Дарыгер үчүн бул өзү көнүмүш иш, жалаң үмүтү үзүлгөндөр менен кездешип, аман калуунун амал-аргасы түгөнгөндөр буга келишчү. Бу балекет айыкпас дарттын алдын алып эртелеп догдурга көрүнүп, куландай соо айыгып кеткендер канча.

Өкүнүчкө карай, андайлар кыргыздар арасында аябай эле аз, дайыма кеч, оорусу өтүшүп калганда келишет. Мына эми кыркка чейин жыйнаган дүйнөсү, минип жүргөн машинесин сатса да аңдыган ажалга каршылык кыла албайт экен. Машине жерге кирсин, артында туягы жок коколой башы ушинтип кетип калабы? Химиялык терапиясы да, акча үмтөткөндөн башканы билбеген табыптардан да даба жок экен. Дарыгер жигит анын дагы канчага жашарын да так айта албады.

“ - Мынча болду ачыгын айта бер, – дедим дале аны күнөөлөгөндөй. – Мен канча күн жашарымды так билишим керек!

- Сизди жакшы карап-баккан адамдар болсо үч-төрт айга барышыңыз мүмкүн.

- Андай адамдар болбосо бир айга жетпей өлүп каласың дегени турасыңбы? Мен эки-үч жыл жашайм го десем… Бир ай жашаган менен төрт ай жашагандын айырмасы эмне?!

- Байке, сизден жаш болсом да, көптү көрдүм. Мени бул кесип кандай гана тагдырларга туш кылбады. Керек болсо дагы бир жума, атүгүл бир күн жашасам дегендер болот. Мен андайлардын абалын көрүп туруп, өмүрдүн ар бир көз ирмеми кымбат экендигин туйдум.

Бул жигитте мени жубатар үмүттүн кымындай да учкуну жок экендигине көзүм жеткенде шарт бурулуп, сыртка жөнөдүм.

- Байке, кетпей туруңуз! – деп кыйкырды ал артымдан шашкалактап. — Сиздин ооруңуз сизди катуу кыйнап коюшу мүмкүн. Жакында шаарда сиз сыяктуу кеселге чалдыккандардын азабын жеңилдетиш үчүн хоспис дегендер ачылган. Сиз мобу визитканы алып ошондо барыңыз. Мен артыма кылчайып караганым жок. Болгону мээмде «хоспис» деген буга чейин мен эч качан укпаган бейтааныш сөз жат болуп калды.”

Хоспис - айыккыс дартка чалдыккандардын акыркы күндөрүн аз да болсо жеңилдетчү, адатта боорукер бирөөлөрдүн камкордугу менен салынган атайын жай. Бейтаптардын абалын жакшыртыш үчүн колдон келген көмөгүн көрсөтүп, өзүн да кыйнап, жакындарын да кыйнаган оорулууларга акыркы сый-урматты көрсөтчү жер. Андай жердин бар экенин аңгеменин каарманы деле билчү эмес. Катаал жашоо акыры аны ошол жерге алып барды. Кимдин эле жаш кезинде өлүп алгысы келсин! Суук кабарды угуп, аныгына жеткенден кийин ал кыйлага өзүнө келе албай, уйкусуз таңдарды атырып катуу күйгүлтүккө түштү.

Мурда бул ооруга туш келгендер кантет болду экен деп жөнеле сарсанаа тартып келсе көйгөй өз башына түшкөнү ажалдан коркуп, өлүп калсам эмне болот, деп сарсанаага батып, катуу чөктү. Баарынан да орус жеринде он жыл чогуу соода кылып, ысык-суугуна кайыл болуп келген аялы кетип, коколой жалгыз башы калганда оор ойлор үймөлөктөп, буга чейинки турмушун элегинен өткөрдү. Балалуу боло алышпай калган соң жаш келиндин багын байлап, куубаш калтыргысы келбеди. Тукумсуздук ага аскерде жүргөндө катуу суук тийгизип, аны убагында дарылатпай, тукумсуз болуп калганын кеч түшүндү. Ал эми шаарда болсо көп кабат үйлөрдүн биринде жашап, тууган-уругу менен деле катташчу эмес. Жакшы карым-катнаш болуш үчүн айылга барып туруш керек. Аңгеменин каарманы айылына барууну токтоткон. Ата-энесинен ажыраганы туугандарынан алыстап калган. Азыноолок үйүнө келип калган туугандарын аялы сүйүңкүрөбөй, ортолук мамиле сууп кеткен. Мына эми аялы да жок, коколой башы өз үйүндө, качан ажал келет деп төрт дубалды тиктеп жатмай башталды. Айыккыс дартка кабылган адамдын абалын сурап үйүнө кирип-чыгып турган кишинин жоктугу деле аны анчалык капа кылбады.

Жарыкчылыктын өзү ага оор келип, тезирээк эле жалган дүйнөнү таштап кетүүнү ойлоно баштаган. Буга чейинки башынан кечиргендеринин жакшысына караганда жаманы, кубанычына караганда кайгысы, жыргалына караганда кууралы көбүрөөк болду окшойт. Асман-жер аралашып, кара жерди топон суу каптап кетсе да кайгыра турган жөнү жок. Бир-эки айдан кийин анын бу жер үстүндө болгону белгисиз калганы жатса эмнеге боору ооруп, капаланышы керек?! Маа десе топон суу каптап кетпейби! Ушундай оор ойлор аны бута бастырбай, күн санап чөгүп баратты. Жашоо дегениң ушул экен да. Боорун жерден көтөргөнү жалаң түйшүк менен өткөрүп кеткен көр турмушу минтип эртелеп аягына чыкканы турат. Кимге жамандык кылды эле, кимдин назарын сындырды эле?

Таң атса экен

Эл катары жашоо-тирдигин жөндөп атасы көрбөгөн алыс жерден ырыскысын таап, тирилигин жүргүзүп аткан. Эми анын баары жок, алдыга койгон максаттары бырын-чырыны чыгып, буга чейин кызыгып келген нерселеринин баары тыйынга арзыбай эми артында калат. Эртелеп ашыккан экен. Оор дарты капыс башталды.

“Ошол күнү өлүп каламбы деп катуу корктум. Оору түн жарымында башталды. Алгач ичим кызып, анан бүткүл денем күйүп-жанып, оозум кургап, тилим катып калды. Оо, ошол күнү Таш-Дөбөнүн (Таш-Дөбө менин балалыгым өткөн биздин жайлоо) булагынын суусун эңсегенимди айтпа! Менин суусап азап тартканым ушунчалык болду дейсиң, калган өмүрүмдү эч кылчактабастан бир ууртам булактын суусуна алмаштырууга даяр турдум! Бактылуу балалык доорумда кана-кана жутчу булактан бир гана жолу ичсемчи! Муздагы дене бойду чыйрыктырган ошол суудан моокум канганча жутсам! Бул арманым эми орундалбай кала турган болду го!”.

Оорунун абалын сурап жанында бир киши болсо жакшы экен. Жалгыздыктын ушунчалык катуу, ташбоор экенин ал ошол ирет сезди. Таң атса, жарык жерге чачылгыча тирүү турсам экен деп жалбарды. Оору азабы кыйнаганда жакын адамдарын эстеп, алардын бирди-жарымы жанымда болсо экен самады. Тирүү кезинде катышпаган жакындары айыккыс дартка чалдыкканда жанында болушмак беле! Жалгыздык ушунчалык оор болорун ал мурда ойлогон эмес эле. Кыйын чакта адамга адам гана керек тура. Ушуну билбегенине, маани бербегенине өкүндү. Акыры күттүргөн таң да атып, от-жалын болгон денесинин табы бираз басаңдаганда “тез жардам” чакырып хосписке алып барып коюуну өтүндү. Биринчи ирет көрдү онколог дарыгер айткан хоспис дегенди. Оорукана эмес эле курорт дегидей, короо багы гүлгөн оронгон, бакка чүмкөлгөн жер экен. Баарынан да түркүн-түс гулдөрдүн көптүгүн айтыңыз, алыскы чет өлкөлөрдөн алынып келип отургузулган дарактарчы. Ээн үйдө оор ойлордон тажаган каарманга бул жер тирүүлүктүн бейиши катары сезилет. Бейиште гана өсчү гүлдөрдү карачы!

“— Сиз гүлдөрдү аябай жакшы көрөт окшойсуз? – назик үн менин көңүлүмдү буруп жиберди. Кайрылып карасам, жанымда орто бойлуу, ак саргыл, көздөрү ойлуу тарткан кыз күлүмсүрөп туруптур.

— О, бала кезде, тоодо жүргөндө гүлдөрдүн «жиндиси» элем. Жайлообуздагы ар бир гүлгө өзүнчө ат коюп, баарып таанып калган элем десем жаңылышпайм. Кийин көр тирлик, соода деп жүрүп гүлдөргө, сулуулукка да кызыкпай калбадыкпы, — дедим шуу үшкүрүп.

— Кызык, бардык гүлдөргө өзүңүз ат коюп чыктыңыз беле?

— Көпчүлүгүнө ат койгом.

— Койгон аттарыңыз азыр эсиңизде барбы?

— Андан бери көп жыл өтпөдүбү, эсте калбаптыр. Жо, бирөө али да эсимде экен. Жайлоодогу мен көргөн гүлдөрдүн ичинен укмуштай бир коозу бар эле. Мен аны Бакыт гүлү деп атачумун.

— Бакыт гүлү дейсизби?! Чын эле керемет ат экен! Кийин турмуштан… ошол гүлүңүздү… таба алдыңызбы?

— Таптымбы-таппадымбы эми баары бир эмеспи, мунун эми пайдасы канча?! –дедим үнүм буулугуп.”

Ошол керемет кооздук бу жарыкчылыктан үмүтү үзүлүп калгандардын тирүүлүктөгү соңку жайы болчу. Таза бөлмөлөрдө ооруга алдырып, сүлдөрү гана калган кары-жаштар жатышчу. Аңгеме каарманы ушул жерден айыккыс дартка чалдыккан жыйырмалардагы жапжаш жигитти көрдү.

Өмүр ушунчалык кыска экен

Анын да ат башындай арманы бар экен. Эмне үчүн сексен-токсондон ашкан адамдар өлбөй, жапжаш жигит жарыкчылыкты таштап кетиши керек? Эрте эле алып кетет экен, эмнеге Жараткан кыска өмүр берди? Дүйнөсү тарып турган жигитке ары жакта жаткан кары акыл айтып, Кудай жакшы көргөн пендесин эрте аларын айтып сооротот.

“— Мен сиздин жашыңызда болсом эч армансыз өлө берет элем, — деди кекээрдүү жаш жигит. – Сексенге кирген адамдын эмне арманы болсун!

— Илгери бир олуя алты жүз жыл жашап, өлөр алдында «эшиктен төргө өткөнчөлүк болбодум» деген экен, — деп жооп берди карыя токтоо гана. — Мен быйыл сексен экиге чыктым. Кечээ эле оюнга тойбогон бала болгондоймун, кечээ эле оттон-суудан кайра тартпаган жигит элем. Бүгүн минтип көр оозунда турам. Бирок… бирок мени жашоого, өмүргө тойду дейсиңерби? Адамга миң жыл да аздык кылат тура…”.

Хосписке келгендер бири-бири менен таанышып атын сурашпаганын каарманыбыз биринчи күнү байкап, алардын сүлдөрү гана калган кебетесине карап өзүн дегеле өлбөчүдөй, узак жашачудай сезип жанындагыларды аяп кетет. Алар менен сыр чечишип сүйлөшүп, өткөндү эскерип, бажырайып отургусу келди. Кыйла жылдардан бери ал бирөөлөр менен сыр чечишип деле сүйлөшпөптүр. Маанайы чөгүп, жарыкчылыктан биротоло үмүтү үзүлүп калган жаш жигитке ал сүйүү өлбөстүгүн айтып, себеп дегенде ал сезимдин өзү Кудай экенин, ал эми Кудай түбөлүктүү экенин айтып, өзүнчө эле толкундап, таң атса кечээ көргөн аксаргыл кыз менен сүйлөшөрүн ойлоп толкунданып, өлүмдү оюнан чыгарып койду. Ансыз күн санап сары санаага чөгө берсе дени өлүп, маанайы түшүп дарыгер айткан үч-төрт айга жетпей эле калчудай.

Өмүр суусу түгөнүп бараткан чакта адамдык касиет-наркты сактап, өлүмдү тике карап тосуп алыш оголе оор экенин, ага пенде балдарынын баары эле жарай албастыгын ал мына ушул керемет жайда сезди. Буга чейин башына түшкөн мүшкүлдү бирөөлөрдөн көрүп, өзүн жок жерден азапка кабылган жандай сезип келсе мындан ары жашоо-турмушун өзгөртүүгө астейдил кирише турган болду. Башкаларга дем берип, жакшы иштерине шыкакчы болуп, жашоо бул күрөш, болгондо да адамгерчилик менен боорукерликтин, ар бир саат-мүнөттү астейдил карап, күндө көрчү күн табияттын ага берген улуу белеги экенин аңдап, ага каниет кылып, чын дилден жашоо керектигин туйду. Буга чейин маани бербей, алаңгазар жашоо агымында урунуп-беринип көп нерседен куру калган экен. Эми антпейт, ар бир күнүн, саатын, керек болсо көз ирмемин баалап, башкалар үчүн жакшылыкты гана ойлоп, башкаларга жакшылыкты гана ыроолоп жашайт. Түбөлүк жашоонун айныксыз мыйзамы ушул болчу, аны кырк жашка чыкканда билди, аны билбей эле жашап аткандар канча?!

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG