Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 30-март, 2020 Бишкек убактысы 15:39

Абышканын акыркы тилеги


Иллюстрациялык сүрөт.

Өмүр жашоо өр тартып, пенде баласынын тирүүлүк сапары аягына чыгып баратканда ойлогону эмне?

Жумабек Медералиевдин «Тилек» аңгемесинде жашоо маңызы, өлүмдү күткөн карынын тилеги жайында кеп болот.

Капчыгай ичиндеги жалгыз айыл

Кадимки эле тоо арасындагы айыл, күрү-күү шаардан алыс, чыгынып жолго чыккан адам таш жол менен кыйла жүрүп кыйналып-кысталып жетчү жер. Капчыгай оозунда тосот коюлган, айылга бейчеки бирди-жарымды өткөрүшпөйт. Антип сырттан кайтарууга алынганы кыштактагыларга деле жакшы. Бардык айылды антип аяк-башын тосуп, кирген-чыккан кишини текшерип отурушуптурбу! Анан да атына заты куп жарашкан жер - Таштак деп коюшкан. Таштактыктар биртике малы, анан дыйканчылык менен күн көрүшөт. Кыштактын калкы аз, жери мал бакканга, эгин эккенге ыңгайлуу. А бирок бул жерде карылар менен балдар көп, жаштардын баары шаарга кетип калган. Ошондонбу, айыл жымжырт, тыптынч, ар кимиси өз тирилиги менен алек, бири-бирине катнашы аз.

Таштактын четиндеги обочороок бир үйдө чыканактай бала, сары чийкил чал - чоң атасы небереси экөө турушат. Кемпири ноокастап ооруканага түшкөнү алардын жашоо-турмушу кыйындай баштады. Кантишмек, үйдө ак жоолук болбосо ушинтип күлала болуп кыйналып, казан менен чайнектин кара көөсүнө буланып эркек киши тез эле жүдөй түшөт экен. Башынан өткөрүштү го. Эки апта ичинде Үсөн чал менен небереси нан жаап, тамак бышырып, чай кайнатып, тынымы жок түйшүккө кептелишти. Аксакалдын кабагы чытылып, эч кимди кыртышы сүйбөй калды. Баарынан да аны аябай чочуткан түшү болду.

Көзү илинип кеткен экен, кадимки Алабашын минип баратыптыр. Кайдан-жайдан келе калган куюн калпагын учуруп, аны кармайм деп туңгуюкка кулап баратканда ойгонуп кетти. Үсөн чалдын жүрөгү түрсүлдөп, кадимкидей коркту. Калпагын жоготуп, камчысын түшүрүшү жакшы эмес. Ошондон кийин анын басса-турса кайталап айтчу тилеги кемпиринен мурун «мени алсын» болуп калды.

Ичер суусу качан түгөнөрүн пенде баласынын билиши кыйын. Кемпири тетири карап кетсе эмне кылат? Ансыз да эки жумадан бери небереси экөөнүн турмушу тирүүлөй азапка айланды.

«Үндөшпөй отуруп каткан көмөч нан менен чай ичип өзөк жалгашкан соң ооз учунан алда нелерди күбүрөй бата кылып, тизесине очорула туруп баратып, небересине кобурады:

- Эми дагы ойнойм деп жоголуп кетпей койлоруңду кара. Уйга да көз сал, сайгактап жоголбосун. Анан нан жабалы балам, наныбыз түгөнүп калган тура…

- ?!

- И-йе, атаңгөрү, бу жалганда эмнемден гана жаздым экен, карыганда сага кор кылып… Эмне унчукпайсың? Дагы айткан сөздүн баары кулагыңдын сыртынан кетип атабы?..

- И-ки, сага. Сыртынан кетпей эле, уктум… Азыр карайм…

- Ошент балам, ошенте гой садагаң. Сен эми чоң жигит болбодуңбу. Мени багасың да… Жараткан эгем пендем десе карыганда эркек кишини жесил кылбасын. О-ок, эмине деп калжырап отурам… кемпиримдин көзү тирүү турганда суук кепти оозанып… - Же небересине акыл кошкону, не өзү менен кеңешкени түшүнүксүз сүйлөнгөн Үсөн абышка эшикти карай чыга жөнөдү».

Небересине чоң атасынын кез-кез наалып калмайы көндүм, ага маани деле бербейт. А бирок күн алыс уга берчү сөздөн чочулап дасторкон четиндеги чыныларды жууп, очокто турган көөлүү кара чайнекти көтөрүп келип чай демдеп, жеңил бала эмеспи, отуруш-турушу оорлошуп калган атасынын бир топ жумушун бүткөрүп коёт. Бир жаман жери - эшикте ойноп жүргөн досторун көргөнү жылт коюп жоголмою бар. Курсагы ачып, өзөгү карайганда же балдардын баары кетип жалгыз калганда гана үйгө келбесе башка убакта оюн менен. Кээде чоң атасы артынан издеп барып ээрчитип келет. Кыйналып-кысталып жасаган тамагын ичирип, небересине бир топ ишти дайындайт. Бала аны укканы менен оюн кумарына алаксып, ыгын тапса эле көрүнбөй жылт коёт. Башка учурда эшик алдындагы биртике мал менен там аркасындагы эгинди сугаруу небересинин мойнунда.

Чалдын шаардагы жалгыз кызы кез-кез атасынан кабар алганы келет, ооруканадагы апасына барат. Кыз баланын турмушу башка экен. Чал ага үмүт деле кылбайт. Анын оюн бир гана сөз ээлеп алды. «О-оо куда-а, пендем десең карыганда байбичемдин жамандыгын көрсөтүп, балдарга түрткүнчүк кыла көрбө?!. Алдына ал, мени…»

Бир аз туруп кайра эле келмедей болуп калган ушул сөздү дагы кайталайт: «Оо, жараткан, кемпиримдин жамандыгын көрсөтпөй, алдына кетир мени…»

Сыр ачуу

Чал ошентип күбүрөп жүрчүдө кемпирин «киши болбойт» деп ооруканадан чыгарып коюшту. Ушундай да болобу: Абышкасы кемпири айыгып, мурдагыдай үйдүн түйшүгүн өзүнө алат, экөөбүз кызыл чайды ууртап, өткөн-кеткенди сүйлөшүп, кобурашып отурабыз деген. Жаман кабарды уккандан кийин чал кадимкидей өзгөрдү.

«Мурдагы алпейим, айкөлдүк адатынын, токпейил тарткан коймаарек мүнөзүнүн бири жок. Аны кудум бирөө алмаштырып койгондой. Чың тийбес, чарт-чурт. Ороң-бараң. Жатар алдында демейдегидей небересин тизесине отургузуп алып: «Айланайын, Уланым, жалгыздан калган улагым. Туягым», - деп быкыйынан жыттай, карс-карс каткырып эркелеткенин да койду. Ат болуп жонуна мингизип алып, кой-айга карабай үй ичин үч көтөрмөйүн да унутту. Көнгөн адатынча ээсине эркелеген күчүктөй шыйпаңдай калган небересин: «Ий-э, чоң жаман, эмдигиче чоңойгонуңду билбейсиң. Акылы жок эле бала болуп калдың» – деп, ныкып коймою арбыды. Анан төрдө төшөктө жаткан кемпиринин башына келип, ар нерсени кобураган болот. Аны алаксытат, жооткотот. Ага да, өзунө да кара күчкө кайрат берет:

- И-ээ байбиче… бу башка – экөөбүздүкүнө нелер келип, нелер гана кетпеди. Ушул жашка келгени экөөбүз жарым кылымдан ашуун чогуу түтүн булатыппыз… Бу түбүң түшкүр жашоонун жаманын да, жакшысын да бирге көрүп, ачуу-таттуусун бирге таттык… Денибиз башка болгон менен жаныбыз бир болуп калды… Эми… куда-а кааласа сакайып да кетерсиң…»

Кемпири анын сөзүн укпагандай, кара жаны менен алек. Ооруканадан келгени үн чыгарып сүйлөй элек, дармансыз, үлүрөйүп төшөктө жатат. Былк этпей калганда абышкасы жанына келип үмүттүү карап, анан кемпири акырын дем алып жатканын укканда жуурканын кымтыган болуп жанына отура кетет. Ошондо көптөн бери сактап келген сыр сөзүн айтат:

« – Сен ооруганча, мен оорусам эмине?.. Мага алда канча жеңил болбойт беле, атаңгөрүнүкү…

- К-хе… кх-хх-е… койсоңчу болбогон кепти… ых-хх-ы… ың-ки… Уландын атасы… ух-хх-ү… күнөөгө батпай…

- Чын сырым ушу, байбиче. Сен сүйлөйм деп кыйналба. Мени эле угуп тур. Мына айттым го, эми куда-а кааласа сакайып да каларсың. Ошондо айт, айтчу кебиңди. Азыр тек гана мени тыңда… - Үсөн абышка андан ары эмне дээрин билбей, дымый калат.

Экөөнүн арасын бир азга ыңгайсыз тымтырстык басат.

- Мен куруйун, байбиче. Кээде чалпоолук кылып, көңүлүңдү калтырып, тилим тийип, а турмак какыс-кукус кылам менен кол көтөргөн учурларым да болбодубу. А сен болсо байкушум, ошондо да жабылуу кара иңгендей калбаат калыбыңдан жазбадың го. Каш кагып, өйдө карап серпилгениң жок. Андайыңды көрбөдүм, кудай акы. Өлсөм сөөгүм ыраазы өзүңө… Мени болсо… кечирип кой. Жалган дүйнө деген ушул тура, атаңгөрүнүкү. Ойлогонуңдай болбойт экен, баары дайым эле… Эми сыркоодон айыгып кетсең, алаканыма салып бөпөлөп бакпасам элеби. Атаңгөрү… сенин азабыңды мына ушул өзүң ноокастап калган бир ай ичинде катуу тарттым. – Үсөн абышка чын ыкласын билдире, байбичесинин көкүрөгүн кымыра, күмүш саамайын сылай кебин жалгайт:

- Сенин жогуң жаман экен. Баркыңды ушул жолу анык туйдум… Бо-оу, доктурларың деле көп нерсени анык билип, айыктырыш колдорунан келе бербейт окшойт. Кудаанын көзү түз болсо айыгасың байбиче, оңолуп кетесиң. Күйүккөнүң басаңчалап, жөтөлүң да азайып калбадыбы…»

Чал-кемпир ушул саатта бирин-бири чын дилден урматтап, ортодогу ымала күчөп, ар кими өз ою менен тынчып калышат. Акыркы сааттарын күтүп аткан кемпири бир кезде «токол алам» деп оолугуп аткан чалынын минтип көңүлүн көтөрүп, дем берип атканына бир эсе ыраазы болсо, өткөн кездин айрым учурлары эсине түшкөндө таарынганы же ачуусу келгени билинбей унчукпай шыпты тиктеп жатып калат. «Токол алам» дегени чын. Аны Айсалкын байбичеси унутпаптыр. Үсөн абышка дагы кемпиринен кечирим сурап сабылып, бир кездеги оосарлыгы үчүн ушу кыйын кезеңде айыптуу болуп турду. «Тимеле бир айтылган кеп да, оосарлык да» деп, кыйладан бери сары майдай сактап келаткан тилегин кайталап ийди. «Кудайым, пендем десе өзүңдүн аркаңда калтырып жетимсиретпесе… жараткандан сураган эмки жалгыз тилегим ушу!..»

Тилек орундалды

Ал арада убакыт билинбей өтө берди. Өмүр суусу түгөнүп бараткан байбичесинин алдында өзүн күнөөлүү сезген абышкасынын жалгыз тилеги улам кайталанып, кемпир болсо алдан тайып, бу жашоонун жыргалынан үмүтү үзүлүп оор сааттар ташбакадай жылып аткан. Адамдар ушундай жылуу мамилени алдуу-күчтүү кезинде эмнеге бири-бирине айтышпайт? Кемпиринин абалын көрүп чалдын да шайы ооп, күндөн-күнгө азып, жашоо-турмуштан көңүлү калып, дем алуусу оорлошуп, көз көрүнөө солуп баратты. Басса-турса кемпиринин алдында кетүүнү тилек кылган абышканын ою орундалып, түрткүнчүк болбой бу жалганды таштап кетет окшойт.

Таң куланөөк салганда кемпиринин аягын жазданган чүкөдөй абышка жарыкты күтпөй үзүлүп кеткен болчу. Ал күнү чалдын жакындары чогулуп, жалгызынан калган небереси төркү үйдө өзүнчө жатып, шаардагы кызы апасын көргөнү келген. Күндөгүдөй нурун чачкан күндү чал көрбөгөнү менен жүзүндө ыраазылык турган, жараткан тилегин кабыл кылып кемпиринин алдында кетти. Топурап чогулган көпчүлүк аны акыркы сапарына узатышты. Төшөктө өлүү менен тирүүнүн ортосунда жаткан кемпири алдына түшүп узап кеткен чалына кошок кошо албады. А бирок да өмүрүнүн соңку күндөрү агынан төгүлүп айткан сөздөрү эсинде. Оюндан башканы ойлобогон небереси эми эжеси менен бирге болот.

Жазуучу адам өмүрүнүн ушунчалык кыскалыгын, татаалдыгын айылдык карапайым карынын мисалында ишенимдүү тартып берген. Эмнеге адамдар жаш чагында, өлүм дегенди жакшылап аңдай элек кезинде бир-бирине күйүмдүү болушпайт, сыйлашпайт?!

Ким билет, айыл четиндеги жалгыз үйдө жашаган кары байбичеси айыкпас дартка чалдыкпаганда баркын билбей калышы да мүмкүн болчу. Байбичеси жок жашоонун кандай оор экенине көзү жеткенден кийин Үсөн абышка басса-турса өлүмдү ойлоп ага өзүн даярдап келди. Акыры тилегине да жетти. Кыска аралыкта ал өмүр бою тушүнө албай келаткан бир акыйкатты чындап андады. Көрсө карылык белден басып, жашоо-күнүң түгөнүп баратканда сени менен өмүр арабасын арыдым-талыдым дебей кошо тартышып келаткан жарың гана түшүнүп, ошол гана сага бекем таяныч, сени түшүнгөн жакын адамың болот экен. Ансыз жашоонун маани-маңызы бөксө болуп калат тура.

«Тилек» аңгемесинин сюжетинен сыгылып чыккан негизги көркөм ой ушундай.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG