Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 10-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 04:08

Кыштак менен коштошкон каркыралар


Иллюстрациялык сүрөт.

Насирдин Байтемировдун калеминен оголе көп чыгармалар чыккан. Окурман журтуна ал романчы, драматург, акын катары таанымал.

Кыргыз аңгемесинин классикасынан даркан сүрөткердин “Эне күрп эмне үчүн ыйлады?” баянын чогуу окуйбуз.

Балтанын аңгемеси

Насирдин Байтемировду дүйнөгө таанымал каламдашы Чыңгыз Айтматов улут адабиятынын тегирменчиси деп атаган. Акыйкатта да Насирдин Байтемиров ыр, кара сөз, драма жагына кайрылып, көлөмдүү чыгармаларды көп жазды.

Жазгандары ал кездеги республиканын башкалаасы Фрунзеде же чоң борбор Москвадан үзгүлтүксүз чыгып турду. Сөз “жемин” тынымсыз күйшөп турган мээнеткеч каламдашын даркан жазуучу ошондон улам тегирменчиге салыштырса керек.

Насирдин Байтемиров элибиздин өткөнү жана азыркы турмушуна арналган бир топ романдарын, махабат темасында узун ырларын, казалдарын жарыялады. Өмүрүнүн соңунда орто кылымдардын ойчулу Юсуф Баласагунинин азан чакырган атын кыргызчалап Жусуп Баласагын деп, анысы кыргыз тилине байырлап, ушу тапта энчилүү ысымга айланып кетти. Иши кылып, Насирдин Байтемировдун чыгармачылыгы, пенделик жашоо-турмушу кыйла кызыктуу өткөн. Аны улут адабиятынын тарыхын изилдегендер баалап алышар. Бул ирет биз жазуучунун “Эне күрп эмне үчүн ыйлады?” деген аңгемеси жайында кеп кылганы отурабыз.

Аңгеме автордун кадимки Адикуга арналган кыска баяндарынын катарында учурунда жарыкка чыккан. Сюжети чоң атасынын небересине айтып берген кызыктуу баяндарынын бири. Мына ушул эки муундун ортосундагы мамиле-катыш аркылуу өткөн учур менен азыркы кез, тарыхтын карама-каршылыктуу барактары ачылат. Ошол баарын билгиси келген Адику эмне үчүн күрптүн ыйлаганын айтып бермекчи болгон атасынын жанын койбойт. Күрп да ыйлайбы? Көрсө мына ушул канаты болгону менен учууну унутуп калган үй жаныбарынын деле көзүнөн жаш чыгат, демек кайгы-муңду сезет шекилдүү. Адику чоң атасынын эки күрпүнүн бири сатылып кеткенин көргөндөн кийин суроосун жоопсуз калтыруу мүмкүн болбой калды.

“Мекиянын кечээ күнү базарга алып барып сатып жиберишкен. Ошондон бери корозу эшик астынан кетпей койду. Башын көк таштай кылып ары басат күпшүйүп, бери басат күпшүйүп. Кээде канаттарын какырата жерге сүйрөйт, өзүнчө ачууланат, өзүнчө сурданат. Ошону көргөн Адикунун эсине баягы атанын сөзү түштү. Дагы сурады:

- Ушу күрп ыйлады беле? Кантип ыйлады эле? Айтып берчи күрптүн ыйлаганын, - деди күрптүн аягына бир чыгып, биягына бир чыгып. Күрп ансайын канаттарын какыратып жерге сүйрөдү. Ансыз да учтары кырылып калган канаттарын аяган жок”.

Чоң атасынын аңгемесине кезек келген экен. Балта аксакал шашпай небересин ээрчитип шагы ийилген алма бактын көлөкөсүнө олтуруп узун кептин учугун чубады. Көрсө окуя анын бала кезинде болуптур. Жазында Кең-Булуңга малды көктөтүп, анан жогорулап тоону көздөп көчө беришчү. Жакада калган киши аз, бай-кедейи дебей салкынга качырып, ак булут оронгон ак кар, көк муз тоону этектей конушуп, жайлоонун ыракатына батышчу.

Токмоктун жанындагы саз

Токмоктун батышы ал кезде калың камыш баскан ээн жер. Ат бастырсаң чөп арасынан кыргоолдор учуп, камыш түбүндө жылтыраган суу астынан балыктын башы көрүнүп, каз-өрдөктөр жайнап. Суудан булт этип башын чыгарган суксур, тынч турган сууну чайпалтпай сүзгөн чүрөктөр, кыскасы бир укмуш дүйнө эле. Саздын арасындагы кургак жердин чөбүн оттогон эликтер элтеңдеп чочуп, аң издеген бөрүлөр, баткакты байырлаган камандар коркулдап, бийик камыш арасы жандуу эле. Каркыра-турна Токмоктон Кең-Булуңга чейин созулган камыш арасында жайкысын уялап, кеч күзгө чукул келген жерине учуп кетишчү. Балта бала кезинде айылы Кең-Булуңдун жогору жагында жайгашканын небересине айтып олтурат.

“Биздин эки күрпүбүз бар эле. Бири – мекиян, бири – короз. Жазда ал кезде үзүмчүлүк болчу. Азыркыдай жыргал турмуш кайда, эл нан түгүл талканга араң жетчү. Күрптүн тууган жумурткаларынын баарысын жеп койгонбуз. Күрптүн мекияны күрп болор кези жетип калганын да байкабаппыз. Сууга салсак да болбой койду. Уясынан турбай жатып алды көзүн жылтыратып. Айла түгөндү. Бир күнү атайы талаа кыдырып чыктым. О-о, аябай кыйналып жатып каркыранын уясын таптым. Эки жумуртка бар экен. Апкелип күрптүн астына салдым. Күрп сүйүнүп кетти. Кукулдап бооруна басты. Мен анын басарын билген эмесмин. Жөн эле арга түгөнгөндө каркыранын жумурткасын салып көрөйүн дегем. Ыраазы эле болор бекен деген үмүттө болгом. Ыраазы болмок түгүл … и-и, антсе да болот тура. Ал тургай, бир күнү карасам, экөөнү тең чегип салыптыр. Мына кызык десе!”.

Кичинекей Балтаны мына ушул окуя аябай таңдантат. Табият маалы келгенде жаныбарды деле жаратмандык сезимге чулгап салат көрүнөт, дене ысыгы менен кош жумуртканы басып чыгарган үндүк болгонуна каниет кылып, тирдигин улантат. Басып чыгарганы каркыра экени, канаты жетилсе ал эртең эле башка жакка учуп кетери дегеле капарына келбей, балапандарына өз баласындай мамиле кылып, калкалап чоңойтот. Экөөнү канатынын үстүнө отургузуп алып, күнөскө алып чыгып эркелеткеничи.

“Каркыранын каркыралыгы деле унутулуп күрптүн тилин билип алышты. Энесинин сөзүн түшүнөт. Ал каркыра балапандарына эмне дебесин тилин алышат. Экөө тең абдан элпек. Такыр кыйыктанбайт. Артынан ээрчип алат буттарын тарталаңдатып. Талаага ээрчитип кетет. Өзү эмне жесе, аларды да ошону жегенге үйрөттү. Чегиртке көп болчу ал жерде. Кармап алып жедирип жатканын өз көзүм менен көрүп жүрдүм. Не бир жесе боло турган чөптүн бүрүн кантип жешти да үйрөттү. Балапандары бат чоңойду. Короз күрп, мекиян күрп, анан эки каркыра болуп ээрчишип баратса, өзүнчө оркестр өңдүү жараша түшөт. Үйдөн анчалык алыс кетишпейт. Ошо жерден оттошсо деле бир жемсөө тоюнат. Жайылып, жайылып, анан кечке жакын үйгө кайтышат. Мен аларга атайлап үй жасап салгам. Боз карагандан апкелип эң сонун үй жасагам. Мекиян эки балапаны менен ошо үй ичинде, короз күрп болсо үйдүн үстүнө түнөйт. Ал кызык. Каяктан шамал соксо, төшүн ошо жакка тосот. Күндүн мурду жерге текши жайылганда тигилерди ойготот. Тиягына бир чыгып, биягына бир чыгып алып жөнөйт жайытка”.

Ал жылы күз, кыш келип каркыралар жетилип, энеси менен үй канаттуусу болуп жазга жетишти. Жаз келгени экөө асманга көтөрүлүп башка жерлерге катташчу болушту. Кайдан жемсөөсүн толтуруп келгени кыштактагыларга кызык эле. Кечке жуук айылга кайтканда алар айылды бир нече ирет айланып, анан көнгөн үйүнүн жанына конушат. Аларды жетилткен энесин эсинен чыгарбай, айыл элине үйүр, чоңойгон сайын кооз куш болуп чыга келишти. Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде каркыралардын бирөө бутунан жараланып кайтты. Айылдагылар аны “Бучук мерген атты” деп айтышты. Бир-экөө барып мергенди урушуп да келиптир, Тиги болсо моюнга албаптыр. Бирок анын атканын көргөн киши айткандан кийин ал шум мерген экинчи үй канаттуусун атпаска убада кылып, касам ичип, ошону менен чатак бас-бас болот. Бутун ок талкалап кеткен кушту дарылоо милдетин айылдагы Осмонаалы деген саятчы өзүнө алып, бир айдан ашуун жарадар каркыраны багат. Бир жарым ай дегенде анын жарааты бүтүп, буту басууга жарады. Жанындагысы жаралангандан кийин экинчиси учпай, каралап калган, айыккандан кийин экөө тең учпай коюшат.

Кийинки жылы жазында эки каркыра уя салууга киришет. Ургаачысы эки балапан басып, аларын чоңойтуп, кийин төртөө асманга уча турган болушат. Убакыт өтүп күз келгени кечинде үйгө кайтышчу каркыралар кээде келбей калышчу болду. Айылдагылар баягы балакеттүү Бучук мерген атып койгонбу деп шек санай баштаганда төртөө кайтадан айыл үстүн айланып калышат. Жалгыз Балта эмес, бүт айыл каркыраларга кызыгып жатканда үй куш болуп калгандардын ысык жакка кайтчу кези келип, төртөө беш күн айылдан анча алыстабай, акыры каны тартып, алыска уччу каркыралар катарына кошулушат. Ал күнү асман чайыттай ачык эле.

“Каркыралар өзүнчө эле дүрбөлөңгө түшүп, өзүнчө эле күндөгүдөн башкача каркылдашып, асмандан көз албай турушкан. Бул эмне болду дегенбиз. Баарыбыз эле байкаганбыз, бүгүн бир башкача түрдө экенин.Анан, бир маалда тигил чулу жактан, и-ий, сандаган каркыра көккө көтөрүлдү. Алар уламдан-улам өр талаша, тоо талаша учуп жөнөштү. Дал биздин кыштакка жакындап келатышты. Кыштактын аягына жеткенде биздин төрт каркыра учуп чыгышты. Асты менен терек башына көтөрүлүп, анан биздин үйдүн үстүнө бир топ жолу айланды, андан кыштак үстүнө ары-бери айланды. Ошентип отуруп тиги калың каркырага кошулушту. Алардын эң артына тизилишти. Биз даана көрүп турдук. Экөө тияк учуна, экөө бияк учуна турушту. Каркыралардын канаттары жарк-журк этип асманды эритти, асманды жаңылады. Алардын куркулдаган үндөрү тээ-э бийиктен төмөнгө, жерге себилди”.

Эки жыл эне-бала болуп калган күрп менен каркыралар ошентип ажырашты. Көнүгүшүп калган балапандары белгисиз жакка канат кергенин көргөн короз менен мекиян күрптөр асманга моюн созушуп, каркыралардын чындап эле учуп кеткенине ишене алышпай көздөрүн жашылдантып карап турушту, - дейт Балта карыя.

Бир кездеги асман бетинде тизилген келгин куштар жыл санап азайып, алар ээн-жайкын мекен кылчу саз жоголуп, токой суюлуп, шаар кеңейип, айыл өсүп, эгин талаасына айланган ушу түз жер бир кезде жапайы куштардын жайлуу мекени болгону азыр эч кимдин эсине деле келбес. Небересине чоң атасы айтып берген окуя кийинки муунга жомок катары сезилери бышык. Убакыт өткөн сайын жер өзгөрүп, эл жаңыланып, кечээги көргөн бүгүн жок калып атпайбы.

Жазуучу муундар ортосундагы байланыш аркылуу эски менен жаңынын, кары менен баланын, биринен экинчисине өтүп келаткан адеп-ыймандык маселелердин аңытын ачып берген. Бул жагынан алганда Балта кары менен небереси Адикунун, каркыраны чоңойткон күрптүн ортосундагы байланышты, муундар алмашуусу маалы келгенде өтө бере турганын эки жыл мекендеген айылын таштап алыскы жерлерге сапар алган каркыралардын учуп кетиши аркылуу ырастаган.

Мезгили келгенде Адику да канат кагып атасынын уясынан учуп чыгып, татаал турмуш жолунан өзүнө ылайык жерди табуу аракетине киришет.

Каркыралар кырсыкка учураганда жардамга колун сунган адамдардын боорукердигине жооп кылып эки жыл өз үйү болуп калган айыл менен узакка коштошуп, ыраазылыгын билдирет. Жазуучу адам баласы табият менен мамыр-жумур жашаган кезде ага этият мамиле кылганын, колго багылган каркыраларды оор заманда жашаган адамдар жок кылышпаганы аркылуу адамгерчилик баарынан бийик турарын эскертет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG