Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 19-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 11:44

«Кермекаш маймылдан чыккан эмес»


Иллюстрациялык сүрөт.

Калачы Жапаров кыска сатиралык аңгемелерди жазчу. Коомубуздагы ар кыл көрүнүштөр жазуучунун куйкум сөзүнө ширелип, көркөм өң-түс алып чыга келчү. Аны жазуучунун “Чыр айым” аңгемесинин мисалында карап көрөлү.

Энгельстин эмгеги

Социализм заманында адам маймылдан чыккандыгы тууралуу дарвиндик теория өтүмдүү болчу. Фридрих Энгельстин “Маймылдын адамга айлануу процессинде эмгектин ролу” деген эмгеги жогорку окуу жайларында окутулчу.

Бир алды кызык сезилген мына ушул божомолго айрымдар ишене бербегени менен, ал кезде адамдын маймылдан чыкканы анчалык талаш чакырбаган, илимий жактан айныксыз далилденген акыйкат катары кабылданчу. Убакты-сааты бүткөн экен, социализм ордун базар экономикасына бошотуп бергенден бери бир топ көз караш, түшүнүк, идеялар өзгөрдү. Ушул тапта кыргыз коомунда диний көз караш үстөмдүк кылып, жер үстүндөгү жан-жаныбардын баки-жогун, атүгүл космос мейкини деле улуу Жараткан күчтүн жардамы менен жаралганы жөнүндөгү көз караш айныксыз акыйкат катары айтыла баштады. Ал эми адамдын маймылдан тараганы тууралуу Дарвиндин теориясы өзүнөн өзү жарамсызга чыгарылып, унутта калып баратат.

Бирок азыр деле Дарвиндин теориясын жактагандар, анын илимий бүтүмдөрү тууралыгына ишенгендер арбын. Анын үстүнө илим өзү бардык көз караш, идея, бүтүмдөргө сынчыл мамиле кылууну талап кыларын эске алганда, бу жер үстүндө материалдык дүйнө таанымдын катарында диний көз караштын жашап турганы табигый көрүнүш. Айтса, ошол социализм заманында деле адамдын маймылдан чыкканы тууралуу көз карашты жактырбагандар, ага ишенбегендер көп болчу. Иши кылып, бул өзү укуп-чукуп чыкса чоң талашка “жем” таштай турган кызык маселе. Аны Калачы Жапаров ошо социализм заманында эле сатиралык аңгемеге айлантып, кызыктуу тема катары иштеп чыккан.

Калачы Жапаров шылдыңга алган турмуш көрүнүшү сейрек болсо да кездешчү окуя. Аялдар ортосундагы чатак жөн салды кептен эле чыгат. Колхоздун кампачысынын эрке катыны менен кимдин шырдагы кооз экен деп талашып атканда бир келин: “Сен, маймылдан чыккансың. Анан ошол түпкү атаңдан анча алыстай албапсың, адеп эле жолуккан адам сенин кайдан тараганыңды дароо байкайт” дейт.

Айылда кимдин шырдагы кооз экенин аныктоо деле оңой эмес жумуштардын бири. Шырдакчылар көп, биринен экинчиси өткөн кол өнөрчүлүктүн мыкты чыгармасын аныктоо кыйын.

Бирин мактасаң экинчиси таарынат. Ошол шырдак талашта колхоздун мал доктурунун аялы Майраш колхоз кампачысынын эркеси Кермекашты маймыл деп шылдындап атпайбы. “Маймыл” дегенди уккан жерде Кермекаш Майраштын адебин таразалап, эсебин бериши керек эле. Убагында аялдардын алдында жообун бере албай, эми үйүнө келип күйөөсүн желкелеп отурушуна жол болсун?! Кампачынын маймылга кандай тиешеси бар?

Ошондон кийин Кермекаш маймыл жаныбарды жакшылап үйрөнүүгө киришет. Колхоз эгини жыйналып, колхозчулар тиер энчисин, эмгек акысын алгандан кийин Кермекаш күйөөсүн ээрчитип шаарга келип, алты күндүн ичинде жети ирет зоопаркка каттайт. Күйөөсү андан шек деле санабады. Канаты түркүн-түс тоту кушту көрүп, сулуулукка суктанып отургандыр деп кызыккан эмес. Акча менен кийимден башкага ышкысы түшпөгөн зайыптын зоопаркка тез-тез каттап калышы күйөөсүн ойлонтушу керек эле. Бирок ойлонтподу. Кызыктын баары шаардан келгенден кийин башталды.

“Айтор, экөө үйгө жетери менен Кермекаш эшикти ичинен эки бурап бекитип:

- Экөөбүз эрди-катын, жаман-жакшы ортобузда. Ачыгын айтчы, азыркы адамдарды маймылдан чыкты дейт, чынбы ошол? - деп маселени кабыргасынан коёт.

Мүнөзүн жаттап бүткөн жарынан, өңгөсүнө кайыл эле, мындай суроо күтпөгөн кампачы карбаластап, чачы жок башын чайкап: - Анын эмнесине эшикти илесиң? Чын болбогондо! Мектептен өткөн жок белеңер?

- Билбейм. Көп ооруйт эмесминби, балким ал күнү да сасык тумоо тийип сабакка барбай калсам керек. Андай болсо…гмм… сен да маймылдан чыктың да ээ?

- Чыкпаганда. “Ары тур, бери отур” деп адамча балдырап койсо тоту куш экен деп жүрдүң беле түпкү атабызды? Дагы ошого шүгүр, эгер тоту куштан тарасак, канатыбыз калдайып эмдигиче, каркырадан жем талашып, анда кампа кайда, сен кайда-а кара кашым…

- Тамашаңды койчу ары, укканга дарамет жок. Маймыл адамга айланарда ким кармап алыптыр каруудан?

- Кайдан билдим аны кампага тиешеси жок болсо. Дарвин деген таап ачыптыр го, жаңылыкты, адам аттуунун баары маймылдан тараган деп…

- Дарвинге чейин адамдар кайдан чыгып жатыптыр?

- Баары бир маймылдан. Дарвин өзү деле ошондон тараган го демек.

- Мм… де. Кызык экен.”

Кермекаш үчүн бул жаңылык болчу. Демек ал деле маймылдан экен, тек күйөөсү айткандай, татынакай маймылдан тараган болуу керек. Сулуу болуп турбайбы. Бирок ушундай сулуулугу менен кантип маймылдан чыксын, ушу адам ишенер нерсеби? Келишкен зайыптын маймылга түспөлдөш бир да жери жок эле. Кермекаш шаарга барганда бир жума жалаң мына ушул “адам атанын” жанынан чыкпай, анын баскан-турганын кадала карап атып андан дегеле өзүнө жакын бир нерсени таба албады. Анан ал каяктан жүрүп маймылдан чыгып калат? Мал доктурдун аялынын кантип жазасын берсе болот?

Ырастама алып кел

Шаарга барып маймылды эрикпей изилдеп чыкты, анын бир да жери Кермекашка окшошпойт экен. Мал доктурдун зайыбы тастаңдап “сен маймылдан чыккансың” деп жатпайбы. Эми ал көрсөтөт ким кайдан чыкканын. Кампачы деген күйөөсү деле бир топ нерселерди билет экен. “Түшүңдө учасыңбы?” деп атпайбы. Кермекаш деле адам, кээде андай учуулар мында да боло калат. Маймыл болсо бактан-бакка, шактан-шакка секирип жан багат. Адам баласынын түшүндө учканы ошол “маймыл секириктин” уландысы имиш. Анан да адам кичине кезинде колуна тийгенин эле оозуна салат, бала энесинин этегин кармап басат – мунун баары маймылдан калган белгилер. Кампачы аны менен эле токтолбой эне-кыздын бири-биринин чачын тарап, битин карап беришкенин да мисалга тартып ийди. Санап отурса бир топ окшоштуктар чыкчудай.

“Кампачы арпа менен чардан бөлөккө дарамети жетпейт” деп жүрөт экенбиз. Мунун деле билбегени жок тура. Кермекаш күйөөсүнүн акылына чындап таң калды. Кайсы жерде нан бар, акчаны кайдан табатты жакшы билчү адамдын ушунча өнөрү барын байкабай жүргөнүн кара. Ойлогон оюн апыл-тапыл ишке ашырууну жактырган Кермекаш күйөөсүнө тапшырма берди. “Кермекаш маймылдан чыккан эмес” деген ырастама алып келишти буюрду. Ошол справканы алып мал доктурдун эрке катынынын алдында ким экенин далилдемекчи болду. Иштин эмнеден улам чыкканын билгенден кийин кампачы да ойлонуп калды. Эмнеге анын сулуу аялын маймылдан чыккансың деди экен тиги мастен. Ойлонуп отуруп сельсоветтин катчысына барып аялы айткан справканы жаздырып алмак болду. Бир машине жем, жети мүшөк ун дегенде сельсоветтин катчысы кандай ыспырапке болсо да жазып берүүгө даяр болчу. “Керимова Кермекаштын маймылдан чыкпаганы чын” деп атабы, чын болсо дал ошондой справка жазып берет. Ошентип мөөрү басылып, ак баракка:

“Берилет ушул справка Керимова Кермекашка, себеби колхоздун короо книгесинин экинчи томунун 50-бетине ылайык, бул адам чынында эле маймылдан чыккан эмес. Справка талап кылган жерге көрсөтүү үчүн берилет” деп жазылган мөөрү бар кагазды бырыштырбай учунан кармап кампачы аялына учуп жетти.

- Мына Кекинтайым, мал доктурдун аялынын оозуна керек десе жабыштырып кой. Дарвин өзү баштап текшерсе да далилдей албайт, себеби биздин колдо документ бар, докуме-е-ент. Мына жаным”.

Кермекаштын сүйүнүчүндө чек жок эле. Күткөн кагазы колуна тийгенден кийин Батыш кошунасын баш кылып бир топ аялдын үйүнө баш багып, справканы көрсөтүп чыкты. “Керимова маймылдан чыккан эмес” деген кагазы колунда туру, мөөр басылган, ушуга ишенишпесе. Бирок справканы окугандар кайра кампачынын аялы күтпөгөн жоопторду берип атышты. Баары Кермекаштын “маймылдан чыкпаганын” биринчи угушуптур. Таңкалычтуу...

Ал күнү Кермекаш айылды түрө кыдырып, справканы көрсөтүп, маймылдан чыкпаганын далилдеп чыкты. Бул сөз заматта айылга таркап, баарынын кулак түргөнү кампачынын үйү болуп калды. Шектенген кемпир-чалдар эрикпей Кермекаштын үйүнө келишип, короо-сарайына чейин шашпай карап чыгып, “жок экен” деп кетип жатышты. “Жандык мал, айбан-сайбандар” деле көрүнбөйт. Чал-кемпирлер бүтүп мадыра баш балдар кирип үйүн аңтарып-теңтерип карап, короосун жойлоп, баары эле бир нерсени издеп таба албай жатышты. Алардын издегени эмне экенин билбей Кермекаштын ачуусу келди. Баш баккандардын баарына үйүн ачып коюп, “карагыла” деп ачуусун кайда катарын билбей отурду. Балээнин баарын жасаган күйөөсү, келсинчи, Кермекаш ага көрсөтчүнү көрсөтөт. Келгендер үй ичин шашпай карап, анан мал сарай, кампаны кадала текшерип жатышты. Ачуусун кармай албай калган Кермекаш кийинки келген тестиердин кулагын жулуп коёрдо ошол чынын айтты.

- Эмне издеп жатасың биздин үйдөн?

- Эмне издемек элем эжеке, маймыл эле.

- Ыя?

Кермекаштын кулакты чапчыган колу калчылдап, тизеси титиреп, мууну бошоп, дарбазага жөлөндү:

- Кайсы маймылды?

- Кайсы болмок эле эже? Кадимки эле. Шимпанзе, горилла…

- Ким айтты сага… биздин үйдө… маймыл бар деп?..

Тестиер өзүнүн кулак-көзүнө өзү ишенбей, өңүнөн каны кетип алсыраган Кермекашты таңыркай карады:

- Айылдын аяк-башы дебей баары айтып жүрөт эже. “Маймылдан чыккан эмес” деген кагазды Кермекаш көчөдөн киши калтырбай көргөзүп калыптыр дейт, жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт эле, маймылдан чыгарын чыгып алып, анан чын болгон үчүн чычалап жүрөт, үйүндө ата-бабасынан бирөө кантип болбосун деген сөз бар. Өзүңүз уга алган жоксузбу?”

Элдин баары эми келет экен. Кермекаш эмне кылар айласын таппай кошунасынын баласынын айтканына ишенип-ишенбей отурду.

Ошентип маймыл тууралуу кеп бир айылга кыйлага айтып жүрчү шакабага айланат. Кермекаш эстүү зайып болсо мал доктурдун аялынын какшыгына учурунда катыра жооп берип, сөздү ошол жерде эле токтотмок. Күйөөсүн алып шаарга барып, канча күнүн зоопаркка коротуп, өзүнүн маймыл эместигин далилдөөгө ал оголе көп убакты-саатын сарптады. Баарынан да күйөөсүнүн кадыр-колкосун салып ага справка алып келип бергенин айтпайсызбы...

Калачы Жапаров бюрократиялык формалдуулукка баш-оту менен берилип алган коомдун ичте быккан дүйнөсүн сыртка сыйрып, анын Ахиллестин аялуу аягындай болгон бошоң жерин таамай көрсөтө алган. Адам оюна келбес абсурд окуя аркылуу пенде баласынын кимдигин, кандайлыгын таамай сүрөттөп берген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG