Линктер

дүйшөмбү, 26-август, 2019 Бишкек убактысы 11:44

Өтүкчүнүн уулу


Эшбай Султанбеков - алгачкы муун кыргыз интеллигенциясынын өкүлү. Комсомолдук-партиялык кызматтарда иштеген, республикада басма сөздү уюштурууга катышкан.

Жаңы коомду курууга кызуу киришип, бала кезинен тарыхтын азап-тозогун башынан кечирип, жаңы турмуштун ысык-суугуна күйүп турган кезинде жок кылышкан. Сөөгү 1991-жылы Чоң-Ташта табылып, мамлекеттик сый-урмат менен «Ата-Бейитте» көмүлгөн.

Колхоз аңыз кеби

Эшбай, расмий документтерде Ешбай Бабекович Султанбеков, Бообек уулу Эшбай Ысык-Көлдүн тескейиндеги Жети-Өгүздүн Чоң-Кызыл-Суу айылында 1908-жылы жарык дүйнөгө келген. Дагы бир маалыматта анын туулган жери катары Бозбешик айылы көрсөтүлгөн. Өз колу менен толтурган өмүр баянында Эшбай Султанбеков атасы Бообек колунда жок кедей адам болгондугун, кийин айылдагы элдин маасы-чокоюн оңдогон, ултарган өтүкчү болгонун белгилеген. Ал кезде бут кийим оголе олуттуу маселе болгон. Булгаары же кайыштан өтүк ултаруу, маасы тигүү, чокой-чарыктарды жамап-жаскоо элет жеринде өзгөчө барктуу өнөр болгон. Жетишпеген турмуш колу эптүү, керектүү буюм жасоого маш адамдарды мына ушул пайдалуу өнөргө түрткөн. Ээр чаап, жыгач кесе, идиш-аяк жасаган аякчы же ээрчи сыяктуу эле өтүкчү да өтүмдүү өнөрлөрдүн бири болуп эсептелген.

Султанбектин беш уулунун улуусу Бообек төрт инисине каралашып, алардын баары мурда дыйканчылык, малчылык менен шугулданып келишсе, колхоз чыкканы биринчилерден болуп мүчөлүккө өткөнүн Эшбай Султанбеков өмүр баянында белгилеген. Орусиялык колониялык заманда абаларынын бирден ую менен жалгыз атынан башка эч нерсеси жок, атасынын дагы эки жакын тууган бар экенин, алар деле кедей экенин, колхоз чыкканы кенелип, Бообектин бир туугандары колхоз мүчөлүгүнө өтүп жашап жатышканын жазган.

Кечээки кедейлердин совет заманында жыргалдуу заманга жетип колхозчу болуп калышканын баса көрсөтүү отузунчу жылдардагы өзүнчө бир саясий жөрөлгөгө айланып кеткен. Совет бийлиги колунда бар оокаттуу чарбаларды жок кылып, алардын мал-мүлкүн тартып алып коллективдүү чарбаларды уюштурган. Бирок да коммунисттик чарбалардын иши жүрүшпөй, СССРдин бир топ жерлерин ачарчылык каптаган. Боо түшүп кырылган калктын үшүн биротоло алыш үчүн колхозго каршы чыккандардын текши баарын жок кылып же сүргүнгө айдап, айылдагы карапайым калкты жазалоо өнөктүгү күчөгөн. Идеологиялык кызматкерлерге колхоздун артыкчылыгын даңазалоо, колхозчулардын жыргал жашоосун көкөлөтүү милдети жүктөлүп, реалдуу турмушка кыпындай да коошпогон мактоо өнөктүгү өрүш алган. Ошон үчүн Эшбай Султанбеков «туугандарымдын бир да бирөө куугунтукка кабылган жок, баары жакшы жашап жатышат, чет жерде бир да тууганыбыз, таанышыбыз жок, ак падышанын аскеринде кызмат кылган, аларга жан тарткан бирөө да болгон жок» деп жазып жатпайбы.

Сыртынан баам таштаган адамга Эшбай Султанбековдун өмүр баяны ошол кездеги саясий калып, канондорго кынтыксыз ширелгендей сезилиши ыктымал. Кедей үй-бүлөдөн чыккан азамат, туугандары бүт колхозчу, анда эмнеге сталиндик репрессияга туш келип жок кылынган? Ушундай суроо чыгары күмөнсүз.

Репрессия кыргыз интеллигенциясынын эң мыктыларын жок кылган. Алардын көбү совет бийлигинин дайыны жок кезде эле өз киндигин өздөрү кесип, эртелеп билим алып, мамлекеттик иштерге азыноолак аралашып калган учурда бай менен кедейди, эзүүчү менен эзилүүчүнү айкын ажыратып, «тап күрөшү» деген, кыргыз түшүнүгү анча жете бербеген, тикенек ширелген таягын ала келди. Кылымдап келаткан жашоо ыңгайы, түшүнүк, каада-салттар заматтын ортосунда бузулуп, башаламан заман башталды.

Эшбай башталгыч билимди Каракол мектеп-интернатынан алган. Ал кезде бир классты бир жылда аягына чыгуу жөрөлгөсү жок, сабакты мыкты өздөштүрүп, парталаштарынан алдыга озуп кеткендер тез эле иргелип, үч-төрт жылда сабаты ачылган улан мектепти бүтүп калчу. Эшбай Султанбеков да ошондой алдыңкы окуучулардын катарына кошулуп калса керек, мектепти аяктагандан кийин аны алыскы Москвага окууга жөнөтүшкөн. Совет бийлигине мектепти тың бүткөн, атайын орто билим алууга жетишкен жаш кадрлар аябай керек эле. Москвадагы рабфактын үчүнчү курсунун биринчи семестрин аяктагандан кийин Эшбай Султанбеков Кыргызстанга кайтып келген.

«Атайын мектепти аяктаган эмесмин, атайын адистикке да ээ эмесмин, редакцияда иштеп жүрүп журналисттик кесипке ээ болгом, мындан башка кесибим жок. Атам инилери менен падышанын аскер алуу тууралуу жарлыгына каршы чыккан 1916-жылкы көтөрүлүшкө жигердүү катышкан. Каршы чыккан эл жеңилип калганда мен да туугандарым менен Кытайды көздөй качканбыз, Шиңжан аймагына чейин барганбыз. Ал жерде бир жылдан ашуун туруп 1917-жылы жерибизге кайтып келдик. Өктөбүр революциясына катыша албай калдым, ал кезде кичинекей бала элем.

ВКП(б) партиясына кандидат болуп Кыргызстандын Аламүдүн райкомунда өткөм. 1930-жылы 17-майда ВКП(б) партиясына мүчө болуп Омбу шаардык партия комитетинде өттүм. Партияга каршы оппозициялык иштерге катышпадым, партиянын башкы багытына ишенбөөчүлүк менде болбоду. Менин партияга өтүшүмө Кожобеков менен Өскөмбаев жолдоштор ырастама беришкен. Өскөмбаев 1933-жылы кайтыш болуп кетти. ВЛКСМ канткомунун башчысы Орузбаев жолдош да менин партияга өтүшүмө ырастама берген.

Партия катарынан бир да жолу чыкканым жок, бир да партиялык жазага кириптер болбодум. Партияга каршы уюшулган топтордун бирөөнө да кирбедим».

Эшбай Султанбековдун эмгек жолу 14 жашынан башталган. 1922-жылы мектеп-интернатты аяктагандан кийин айылда кара жумушта иштеп, бир жылдан кийин Караколдогу Ибрагимов деген жеке ишкердин булгаары заводунда кайыш ултаргыч устанын жардамчысы болуп иштеген экен. Андан кийин апийим өстүргөн кишилердин талаасында кара жумуш кылган. 1924-жылы айылына келип орус мужуктары жашаган Полтавка айылында бал челекчиге жардамчы болуп, 1925-жылы Караколдогу Кыргызсырьедо бир жылга жакын тери чогулткучтун ишин аткарган. 1926-1927-жылдары жаш пионерлердин кантондук бюросунун башчысы болуп шайланган.

Эшбай Султанбековдун саясий кызматы эң төмөнтөн - пионерлер уюмунун жетекчилигинен башталган. Көл кылаасында пионердик кыймылдын жайылышына салым кошкон жаш активисттин аракетин баалашып 1927-жылдын августунда аны Омбуга окууга жөнөтүшкөн. Ал жерде кандидаттык мөөнөтү бүтүп ВКП(б) катарына алынган, партиялык ишке тартылышына жол ачылган. Омбудан Эшбай Султанбековду Москвага 1-Москва мамлекеттик университетине караштуу жумушчу факультетине жөнөтүшкөн. Москвада Эшбай Султанбеков үч жыл окуган. Ошентип 1924-жылдан 1932-жылга чейин Эшбай Султанбеков пионердик, комсомолдук, анан маданий-агартуу иштеринде жооптуу кызматтарды аркалаган. Атап айтканда, 1926-жылы комсомолдун округдук комитетинин үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы, 1926-жылы комсомолдун Аламүдүн райондук комитетинин биринчи катчысы, 1930 – 1932-жылдары «Ленинчил жаш» гезитинин редактору, 1932-жылы Кыргыз облустук партия комитетинин маданий-үгүт насаат бөлүмүнүн башчысы, 1933-жылы «Кызыл Кыргызстан» гезитинин редакторунун орун басары, андан соң бир жылга жакын ВКП(б) райондук комитетинин уюштуруу, үгүт-насаат, маданият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1934-жылы августтан тартып партиянын Талас райондук комитетинин биринчи катчысы, 1937-жылдын апрелинен тарта партиянын Каракол райондук комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген. 1937-жылы эки айга чукул партиянын кыргыз обкомунун басма сөз бөлүмүнүн башчысы, «Коммунист» журналынын башкы редакторунун орун басары болгон. Ушул эле жылдын 16-июнунда Кыргызстан компартиясынын Борбордук комитетинин мүчөсү болуп шайланып, 10-октябрда Кыргызстан КП(б) Борбордук комитетинин 3-катчысы болуп дайындалган. 1938-жылдын 24-февралында камакка алынган, ошол эле жылдын ноябрында атылган.

Басма сөздөгү чыйыры

Ошентип пионердик, комсомолдук, соңунда партиялык жооптуу кызматтарга дайындалып, ошол кездеги саясий үгүт-насаат иштеринин жолго коюлушуна олуттуу салым кошкон жаш ишмердин өмүр жолу кырчын кезинде кыйылган. Эшбай Султанбеков кыргыз журналистикасынын түптөлүшүнө, республикада басма сөз ишинин жанданышына ири салым кошкон ишмер болчу. Сталиндик репрессия күч алганга чейин «Ленинчил жаш», «Эркин тоо» гезиттери кыйла эркин эле.

«Эркин тоо» басылмасы «Кызыл Кыргызстан» атына көчкөндөн кийин, айрыкча 1937-1938-жылдары «эл душмандарын» аеосуз ашкерелеген, сталинчилерге каршы троцкийчи, бухаринчилерди жок кылууга чакырган материалдарды арбын басып, өлкөдө бирин-бири ишенбестикти, саясий ызы-чууну күчөтүп, канабайрамды басма бетине алып чыккан. Репрессия күчөгөн чакта заматтын ортосунда душман болуп чыга келген Эшбай Султанбеков сындуу ишмерлер алгач басма сөз аркылуу ашкереленип, душман катарына кошулуп, катаал сынга туш келишкен. Эшбай Султанбеков партиялык тапшырма менен жасалган иштерин сыймык менен белгилеген. Өмүрүн арнаган иши кийин минтип өзүнө каршы чыгып, аны душман кылып коёрун, атын биротоло тарыхтан өчүрүүгө киришерин күтпөсө деле керек.

«1932-жылдан тартып партиялык иштерди аткарып келе жатам, - деп жазган Эшбай Султанбеков. – ВКП(б) облустук комитетинин басма сөз секторунун башчысы, «Кызыл Кыргызстан» гезитинин редакторунун орун басары, ВКП(б) райондук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, партиянын райондук комитетинин катчысы болуп иштедим.

Сот жоопкерчилигине тартылган эмесмин. Актардын аскеринде кызмат кылган эмесмин, актардын өкмөтүндө иштеген эмесмин.

Өмүр баянымда жазылгандардын тууралыгын Камбаров, Хамзамулин, Сарманов жана башка жооптуу кызматта иштеген жолдоштор ырастап бере алышат.

Аялым - Башкыр Республикасынын Белебей районундагы жумушчунун кызы. Ага мен ушул Фрунзеден эле таанышып үйлөнгөм, ал кезде медициналык техникумдун студенти эле. Мен дагы окушум керек деп эсептейм, жогорку окуу жайларында окугум келет».

Бирок анын бул тилеги ишке ашкан жок. Эшбай Султанбековдун сөөгү Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы Чоң-Таш айылындагы кыш бышырчу чуңкурдан 1991-жылы табылып, атылып кеткен 138 кайрандардын катарында мамлекеттик сый-урмат менен кайрадан жерге берилди. Социализм тактыдан жылмышып түшпөсө совет заманындагы канабайрамдын изи сууп, ал тууралуу ачык кеп айтылбай эле калмак. Демократия шарданы менен кошо келген айкындуулуктун шартында өткөн тарыхтын мурда жабылып-жашырылып келген барактары кайрадан ачылууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG